Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

"Визарандын" жокко чыкканы чет элдиктерге кандай таасир этет?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстан аймагында жүрүү тартиби боюнча жаңы эрежелер ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына дагы тиешелүү экенин эскертти. Башкача айтканда, буга чейин иштеген “кирди-чыкты” системасы ("визаран" деп аталган уруксат) жокко чыгарылды.

"Визаран" жокко чыгарылды. Ал кандай система эле?

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби боюнча жаңы эрежелер 21-октябрдан тартып иштей баштаганын билдирди.

Мекеме Орусиянын айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына “Кыргызстанда орус жарандары үчүн “визаран” системасы жоюлганы” тууралуу жаңылыктар чыкканын кабарлап, ага түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматында, жаңы тартип Кыргызстандын аймагында андан ары жүрүүгө укук берген документтерди толтурбаган чет элдиктерге тиешелүү. Буга чейин бир топ мамлекеттердин жарандары Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүп, ал бүткөндөн кийин чек арадан чыгып, кайра кирсе дагы 30 күн ээн-эркин жүрө берчү. Жаңы эрежеге ылайык, чет элдиктер 90 күн каттоосуз жүрө алат. Бирок ал мөөнөт аяктагандан кийин каттоого турушу зарыл же, өлкөдөн чыгып кетиши керек. Каттоосуз жүрүш үчүн кайра 90 күндөн кийин гана Кыргызстанга кире алат.

ТИМ жаңы эрежени коопсуздук менен байланыштырды.

Орус бозгундарына багытталганбы?

Орусия Украинага согуш ачкан өткөн жылдын февраль айынан бери Кыргызстанда жашап жаткан орусиялык Иьля Кузнецов орус жарандарынын көпчүлүгү Бишкекте каттоого турарын, жаңы эреженин аларга тиешеси жок экени айтууда.

Бирок ал “кирди-чыкты” же "визаран" системасынын жокко чыгарылышы таасири этиши мүмкүн экенин билдирди.

Иьля Кузнецов.
Иьля Кузнецов.

“Эмнеге мындай кылганы азырынча белгисиз. Бирок Путиндин Кыргызстанга сапарына байланыштуу экенин түшүнүктүү. Биздин байкообузда, Орусия Казакстанга саясий жактан анча таасирдүү эместей. Ал эми Кыргызстанга таасирдүү эле десек болот. Казакстан дагы ушундай эреже киргизип, ал өлкө миграциялык агымды башкаруусун жакшыртууга багыттаган. Бул Орусиядагы мобилизациянын жаңы толкунунун белгисиби, билбейм. Анткени Орусия бийлигинин чечимдери түшүнүксүз, кандайдыр бир ырааттуу же логика менен кабыл алынбайт”, - деди Кузнецов.

Калкты тейлөө борборундагы 119 сурап-билүү кызматындагы оператордун айтымында, мурда орус жарандары каттоосу жок 30 күн Кыргызстанда жүрө алчу. Бирок анда “кирди-чыкты” системасы иштечү. Каттоого турса, алты ай жашай алат.

Кыргызстандык ишкер Антон Иванов чет өлкөлүк жарандардын документ иштерине жардам берет. Ал учурда Бишкектеги орусиялыктар тынчсызданып жатканын айтып берди.

Антон Иванов
Антон Иванов

“Кардарларымда абдан көп суроолор пайда болду. Көбүнчө 90 күндөн ашык жүргүсү келсе кандай документ толтурабыз деп жатышат. Орусиядан келгендер көп. Алар кантип жашап, иштери түшүнүксүз болууда”, - деди Иванов.

The Moscow Times басылмасы Владимир Путин 12-13-октябрдагы Бишкек сапарынан кийин "визаран" системасы жокко чыгарылганына көңүл бурду.

Путин Бишкектеги сапарында орусиялык журналисттерге маалымат жыйын куруп, жарандары орус мыйзамдарын бузса, кайда гана болбосун жооп берерин билдирген.

“Суроо ал адамдын жүрүм-турумуна, аракеттерине байланыштуу. Эгерде Орусиянын мыйзамдарын бузган болсо, ар бири, кайда болбосун жооп берет. Бул жактабы же чет өлкөдөбү - айрымасы жок. Бул биринчиден. Экинчиси, ал өлкөсүнө кайтып келгенде эмне болот? Ал дагы анын жүрүм-турумуна байланыштуу болот", - деген Путин.

Орус бийлигин сындап же согуштан качкан активисттер Кыргызстанда кармалып, өткөрүлүп берген учурлар дагы бар.

2022-жылы Украинада согуш башталганда жана 21-сентябрдан кийин мобилизация жарыяланганда айрым орусиялыктар Борбор Азияга, тагыраагы, Кыргызстан жана Казакстанга качкан. 27-январдан тартып Казакстан дагы "визаран" системасын жокко чыгарган.

Ал ортодо The Moscow Times Орус парламентинин Федерация кеңешинин мүчөсү Андрей Клишас Кыргызстан орус жарандары үчүн "визаран" системасын жокко чыгарганын сындаганын жазды. Анда Клишас Орусиядагы кыргызстандыктарга дагы ушундай система киргизүүнү сунуштаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG