Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Назарбаев аялуу катмарга каарын төктү


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Мурдагы казак президенти, «Нур Отандын» төрагасы Нурсултан Назарбаев партия жыйынында социалдык жардам талап кылган көп балалуу энелерди сындады.

Казакстанды отуз жыл башкарып, быйыл мартта президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда токтоткон, 79 жаштагы Нурсултан Назабаев өзү жетектеген «Нур Отан» партиясынын саясий кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү. Ал бийлик партиясын саясий майданда басмырлоодон сактап калуу зарыл экенин да кошумчалады. Ал Казакстанда бийликке нааразылык күчөп турган чакта коомго туруктуулук менен тынчтык маанилүү экенин бир канча жолу кайталады.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев бийликтеги «Нур Отан» партиясынын саясий кеңешинин 21-августта өткөн жыйынында, мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жаткан жарандарды сынга алып, жемелеп өттү.

"Алар "Менин балам көп, айлыгым аз, мага жардам бер" деген отуз жыл мурдагы ураандарды көтөрүп жүрүшөт. Сен эмнени ойлодуң? Бул сенин маселең да?! Сен буга чейин мамлекет менен кеңештиң беле? Жумушуң жок болсо чакан насыя ал, эки уй сатып алып өзүңдү бак. Сүтүн сатып акча тап. Огородуңду айдап, өзүң жеп, калганын базарга алып барып сат. Билим алып, иште. Силерге дагы эмне керек? Биз жасап жаткан мындай нерселер дүйнөдө бир да жерде жок".

Назарбаев 21-августтагы жыйынында мамлекеттен көмөк сураган кайрылмандарды да сынап, өкмөттөн чет элден келген казактарга түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү керектигин айтты.

"1 миллион (чет элдик казакты) чакырдык. Мындайда бир да өлкө жасаган жок. Аларга балдарыңар үйлөнсүн, өссүн десек, мага бер деп акча сурайт. Жумуш жасагыла! Жумуш жасабаса эч нерсе болбойт".

Быйыл февралда Астананын четинде үй өрттөнүп, беш бир тууган кыз мерт болгон. Ошондон бери үй-жайдан кыйналган көп балалуу жана жалгыз бой энелер бийликтен социалдык колдоону күчөтүүнү, турак жай маселесин чечип, жөлөк пулду көтөрүүнү талап кылып, маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

"Мурда Нурсултан Назарбаев 2020-жылы абалыбыз абдан жакшы болот деп айткан. Азыр абалыбыз абдан төмөн болуп кетти. Көбүнүн үйү жок, канча миңдеген эл көчөдө батирлеп жүрөт. Азыр абал оор. Анын үстүнө айтып жаткандары болсо бул", - деди нааразы болгон энелердин бири Фриза Абизова.

Казакстандык дагы бир көп балалуу эне Айгүл Абылкайыр буларга токтолду:

"Абалыбыз жакшы, мамлекет башчылары айткандай, ар бирибизде 250 миң теңге айлык болсо, биз келип, алардын алдында чуулдап, убактысын алып жүрбөйт болчубуз. Ак ордонун алдына отуруп алып ачкачылык жарыяламак эмеспиз".

«Нур Отан» партиясынын төрагасы Нурсултан Назарбаев 21-августтагы сөзүндө Батыш менен Казакстандын демократиясын салыштырып жатып, “Казакстан сыяктуу жаш өлкөгө америкалык калпакты кийүү жарашпайт” деп айтты.

Ал мамлекетке туруктуулук керектигин бир канча жолу кайталап, бирөөлөр келип, бирөөлөр кетип жатканда эмне боло турганын айланабыздагы мамлекеттерден көрүп жатабыз деди. Назарбаев бул сөзүн кайсы өлкө тууралуу айтканы белгисиз. Бирок, ал өзү президент болуп турган кезде Кыргызстанды мисал кылган учурлары болгон.

"Саясат биринчи орунга коюлуп, салттарды, өлкөнүн чыныгы өнүгүүсүн эске албастан саясий революция жасай башташса, коомдо бөлүнүп-жарылуу болбой койбойт. Бул аймакты, ал түгүл эгемендикти жоготууга чейин алып барышы мүмкүн. Эгер мен азыр биздин алыскы жана жакынкы кошуналарды санап баштасам, дагы бирөө таарынышы мүмкүн. Ошондуктан айтпай эле коёюн. Силер баарыңар билимдүүсүңөр, биз өткөргөн оош-кыйыш учурда аларда эмне болуп жатканын билесиңер. Бизге болбойт. Биздин коом жана өлкө аны көтөрө албайт. Биз колубуздагы бар нерсени жоготуп алабыз".

Назарбаев өлкөдө бийликтин жумушуна жалаа жапкандарды жазалоону күчөтүү керектигин айтып, маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевге тапшырма берди. Ошондой эле ал мамлекеттеги бардык шайлоо процесстери Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөттө өтө турганын катуу эскертип, парламенттик шайлоону эрте өткөрүүнү сунуштап, чуулдап жүргөндөрдүн сөзүнө жооп берүүгө чакырды.

“Нур Отан” партиясы 1999-жылы түзүлгөн. Ошол кезден бери партияны Нурсултан Назарбаев башкарат. Мажислистеги 98 орундун 84ү бийлик партиясына таандык. Өлкөдөгү министрлер, акимдер, мамлекеттик кызматкерлердин баары “Нур Отан” партиясына мүчө. Серепчилер “Нур Отанды” бийликти колунан чыгаргысы келбей отурган партия деп эсептешет.

Казакстанды отуз жыл башкарган 79 жаштагы тажрыйбалуу Нурсултан Назабаев быйыл мартта президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, аны мурдатан берки саясий өнөктөшү, Сенаттын төрагасы Касым-Жоомарт Токаевге өткөрүп берген.

Ал эми быйыл 9-июнда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо, Касым-Жоомарт Токаев элдин 70 пайыздан ашык добушун алып, өлкөнүн президенти болуп шайланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG