«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.
Бишкек
Толкун Рахматова – Бишкектин чет жакасындагы жалгыз фельдшер. Оорукчан күйөөсү жакында пневмония жугуп, каза болду. Аны дарылатуу үчүн үй-бүлөнүн тапкан акчасынын баары кеткен. Эми төрт балалуу жесир келин темир контейнерде күн кечирүүгө аргасыз.
Пандемия башталганы кош бойлуулар үчүн Бишкекте атайын №2 төрөт үйү обсервацияга айланды. Вирус күч алган сайын кош бойлуулар, жаш төрөгөндөр арасында да жоготуулар катталып жатат.
Кош бойлуу кезде коронавирустан коргонуу үчүн эмне кылыш керек? Мамлекет боюнда бар аялдарга кандай кам көрүүдө?
Бишкек мэриясы коронавирус курмандыктарын шам жагып, эскерүү акциясын өткөрүү боюнча демилге көтөрдү. 6-августта борбор шаардын «Твиттердеги» баракчасы аркылуу төмөнкү билдирүү таратылды:
«Урматтуу шаардыктар! 29-августта COVID-19дан жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган «Эскерүү шамы» акциясына чакырабыз. Саат 21:30да үйдөгү жарыкты өчүрүп, терезени ачып, шам жагып, каза болгондорду эскерели».
Бишкекте 7-августта Үркүндүн курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Үй куруучулар» кыймылынын төрагасы Бейшенбек Абдразаков кабарлады.
Анын айтымында, шаардын «Түштүк дарбазасынын» жанында орнотулган эстелик таштын жанында 30дай киши чогулуп, куран окулду.
Ош
Бүгүн Ош шаарында мектептин алдыңкы окуучулары сыйланды. 2019-2020-окуу жылында мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн олимпиадада биринчи орун алгандарды жана жалпы республикалык тесттен алтын сертификат алгандарды калаа мэри Таалайбек Сарыбашов куттуктады.
Ош облустук инфекциялык ооруканасы Кара-Суу районуна курулат
Жаңы салына турган облустук инфекциялык оорукана Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында эски кесиптик лицейдин ордуна курулат. Учурда лицейдин имаратын бейтапканага ылайыкташтыруу иштери 80% аяктады.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекованын «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, оорукананын курулушу күзгө чейин аяктап, пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.
Ошто Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүүчү курулуш иштери башталды
Ош шаарындагы Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоору ишке кирди. Курулушту баштоо иш-чарасына шаардын жетекчилери жана тургундары катышты.
Нарын
Нарын шаарындагы 1983- жылкы бүтүрүүчүлөр (калаадагы жети мектептин бүтүрүүчүлөрү) Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 337 500 сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясы "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
Ысык-Көл
Ысык-Көлдө пансионаттар жана эс алуу жайлары текшериле баштады.
Ысык-Көлдө пансионаттар, конок үйлөр жана эс алуу жайлары текшериле баштады. Бул тууралуу райондук администрацияга таянуу менен "Турмуш" басылмасы жазды. Эпидемиологиялык абалга ылайык бул жайларда эс алуучулардын саны 50% ашпай, санитардык эрежелер сакталууга тийиш. Ошондой эле пляждар дезинфекцияланып, эс алуучулардын ортосунда аралык сакталышы керек.
Коронавирус илдети менен күрөшүүгө чет жердеги журтташтар жардам көрсөтүүнү улантууда. Лос-Анжелестеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жөнөткөн медициналык каражаттар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ооруканасына тапшырылды.
Медакадемияда кошумча бюджеттик орундар бөлүндү
Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен 2020-2021- окуу жылында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана Ош мамлекеттик университетинде кошумча бюджеттик орундар бөлүндү.
Бул тууралуу министрликтин өкүлү Айгүл Бообекова 7-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, жаңы окуу жылында Медакадемияда «Дарылоо иши» адистиги - 210 орунга, «Медициналык – профилактикалык иши» адистиги - 60, «Педиатрия» адистиги - 40, «Медайымдык иш» адистиги 10 орунга көбөйтүлдү.
Ал эми Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ординатурасын аяктаган 169 адис Кыргызстандын алыскы региондорун медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн бөлүштүрүлдү.
Министрлик: Быйыл түшүм көп болду
Пандемия шартына карабастан быйыл айыл чарба тармагында жылыш болгонун айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 7-августтагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, быйыл буудай былтыркыдан 7,5 миң гектарга, арпа 11,2 миң гектарга көп себилди.
«Бул буудайдан эки центнерге жана арпадан 1,8 центнерге көбүрөөк түшүм алабыз дегенди билдирет. Мисалы, өткөн жылы 601 миң тонна буудай алсак, быйыл 680 миң тонна алууну пландап жатабыз», - деди ал.
Кыргызстанда дарыгерлердин 50% гана иштеп жатканын 7-августтагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айгүл Бообекова билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдын башына карата дарыгерлердин жалпы саны 13790 адамды түзгөн. Азыр анын 53% гана иштеп жатат. 33518 орто медперсоналдын 50%, 12508 кенже кызматкерлердин 46% гана иштейт.
Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук борборунун статистикасы боюнча учурда 7326 дарыгер бар, орто медперсонал 16407 адамды, кенже медперсонал 5771 адамды түзөт.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.