Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 15-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 12:00

HRW: автократтарга туруштук берүү күч алды


Венгриядагы оппозициячыл партиянын лидерлеринин бири Анна Донат өкмөткө каршы митингде. 16-декабрь, 2018-жыл. Будапешт.

Дүйнөдө автократ саясатчылардын адам укуктарына жасаган кол салуусуна туруштук берүү күч алды. Бул тууралуу «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган жылдык баяндамасында белгиленген.

17-январда жарык көргөн 674 барактан турган баяндамада жарандык топтордун жана коомдук кыймылдардын колдоосу менен дүйнөдө чакан мамлекеттердин коалициялары жаралып, алар демагог-популисттерге каршы аракеттерге барып жатканы белгиленген.

Уюмдун директору Кеннет Рот былтыр авторитардык тенденцияларга каршы аракеттер күчөгөнүн айтты:

- Кызыгы, авторитардык тенденцияларга каршы акциялар бир катар мамлекеттерде, анын ичинде кыянатчылык салыштырмалуу азыраак өлкөлөрдө болду. Бир катар мамлекеттер Сириядагы жайкын тургундарга урулган соккуларды, Йемендеги Сауд Арабия башында турган коалициянын соккуларын айыптап, ал жактагы эң катаал гуманитардык катастрофага тиешеси барларга басым жасап, Мьянма армиясынын запкысына кабылып, Бангладешке агылган 700 миңдей рохинжа мусулмандарын коргошту.

Human Rights Watch укук коргоо уюмунун жетекчиси Кеннет Рот. 17-январь, 2019-жыл. Берлин.
Human Rights Watch укук коргоо уюмунун жетекчиси Кеннет Рот. 17-январь, 2019-жыл. Берлин.

​Баяндамада айрым мамлекеттердеги авторитардык бийликтин адам укуктарына каршы демилгелерине жарандык коомдун туруштук берүү аракеттери мисалга тартылган.

Венгрияда миңдеген кишилер премьер-министр Виктор Орбандын Борбордук Европа университетин жабуу жана «кулчулук мыйзамы» деп аталган жумуш сааттарын көбөйтүүнү караган сунуштарына каршылыгын билдиришкен.

Он миңдеген адамдар Польшада өлкөнүн сот системасын реформалоого демилгесине каршы нааразылык акцияларына чыгышты.

Германия, Дания жана Финляндия бийликтери саудиялык журналист Жамал Хашогжи Стамбулдагы Эр-Рияддын элчилигинде өлтүрүлгөн соң Саудияга курал сатууну токтотту.

Ал эми Кошмо Штаттарда президент Дональд Трамптын өз элин «Борбордук Америка мамлекеттеринен агылган мигранттар АКШны каптайт» деп коркутканы тескерисинче ноябрда өткөн шайлоодо демократтарга Өкүлдөр палатасында көп орунду ээлөөгө мүмкүнчүлүк бергени документте белгиленген.

Андан тышкары баяндамада адам укуктарына байланыштуу маселелер бир нече мамлекетте бийлик алмашууга себеп болгону жазылат.

Малайзияда жана Мальдив аралдарында шайлоочулар коррупцияга шектелген премьер-министрлерин бийликтен кетирсе, Армениянын премьер-министри паракорчулукка каршы ири толкундоолордун жыйынтыгында кызматтан чегинүүгө аргасыз болгон.

Шри-Ланкада мыйзам чыгаруучулар, соттор жана коомчулук өлкө президенти уюштурган «конституциялык төңкөрүшкө» каршы турган.

Будапештеги демонстрация, 16-декабрь, 2018-жыл.
Будапештеги демонстрация, 16-декабрь, 2018-жыл.

«Хьюман Райтс Вотч» уюмунун жетекчиси Кеннет Роттун айтымында, ири державалардын бийликтери ички иштери менен көбүрөөк алек болуп калганына байланыштуу былтыр чакан мамлекеттер биригип, адам укуктарын коргоого басым жасашкан:

- Трамп дос деп эсептеген автократтарды кабыл алуу менен алек болду. Британия Брекзит маселеси менен алышып жатты. Франциянын президенти Эммануэл Макрон жакшы сүйлөгөнү менен көп нерсени ишке ашыра алган жок. Керек болсо Германияда кадыр-баркка ээ деп эсептелген канцлер Ангела Меркел оңчулдардын басымына кабылды. Ошондуктан көп учурларда биз чакан жана орто мамлекеттердин бийликтери биригип, натыйжалуу көрсөткүчкө жетишип жатканын байкадык.

Ошентсе да укук коргоочулар менен жарандык коом бийликтин кыянатчылыгына туруштук берди деп айтууга болбосун белгилешет.

Маселен, Бразилияда жыныстык азчылыктарга жана мигранттарга каршы көз караштары менен белгилүү Жаир Болсонару президент болуп шайланды. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Египеттин лидери Абдел Фаттах ас-Сиси жүздөгөн адамдарды алардын саясий көз караштары үчүн камоону улантышууда.

Кеннет Рот Кытайдагы мусулмандардын «саясий лагерлерде» камалышын да кыянатчылык деп атады:

- Менин көз карашымда, учурда дүйнө көңүл кош мамиле жасап жаткан кыянтчылык - бул Кытайда бир миллиондон ашуун мусулмандардын Бээжин «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда камалып, исламдан баш тартууга мажбурланып жатышы. Көптөр бул тууралуу жакшы билишкени менен ачык сүйлөбөйт. Анткени Кытай көп мамлекеттерге инвестиция салат. Алар өз таасирин артыруу үчүн бардык чараларды көрүүгө, керек болсо сатып алууга да даяр.

​Ошондой эле эл аралык укук коргоо уюму аймактык кызматташууга жана инвестицияларды тартууга умтулган Борбор Азия лидерлерин адам укуктарын күн тартибинин чордонуна чыгарууга үндөдү.

Баяндамада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коңшу өлкөлөр менен карым-катнашты өнүктүрүүгө киришкени, адам укуктарынын абалын оңдоо багытында кадамдарды жасаганы айтылат.

Ал эми Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине чабуулдар азайганын «Хьюман Райтс Вотчтун» өкүлдөрү белгилешти. Анткен менен адам укуктарын жакшыртуу боюнча жылыш жоктугу, бийлик фундаменталдуу эркиндиктерди чектеп жатканы да жазылат.

Тажикстан менен Түркмөнстанда адам укугун чектеген тенденциялар сакталып жатканына, бул өлкөлөр кысымчыл саясатка ооп баратканына басым жасалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG