Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Британия кемелерди алмашпайт


Ирандын Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун британ желеги менен бараткан “Стена Имперо” кемесин колго түшүрүү учуру. 19-июль, 2019-жыл
Ирандын Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун британ желеги менен бараткан “Стена Имперо” кемесин колго түшүрүү учуру. 19-июль, 2019-жыл

Улуу Британия Иран менен мунай танкерлерин алмашпай турганын билдирди.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Доминик Рааб "Иран Перс булуңунда кармалган британиялык кемени бошотсо, Британия да ирандык мунай ташыган кемени коё берет" деген ойлорду четке какты. Ал "BBC", "Sky News" телеканалдары менен маегинде Иранды эл аралык эрежелерди сактоого үндөдү.

Доминик Рааб.
Доминик Рааб.

- Биз ирандык кемени кармаганга толук укугубуз бар болчу. “Стена Имперо” болсо мыйзамсыз кармалды. Андыктан бул жерде кеп бартер жөнүндө эмес, эл аралык укуктук мыйзамдардын сакталышы жөнүндө болуп жатат. Биз ушул көз карашыбызда турабыз.

Доминик Раабдын бул билдирүүсү Улуу Британиянын экинчи аскердик кемеси Перс булуңуна келген учурга удаа айтылды. "Дункан" кемеси аймакта жүргөн "Монтроз" фрегатынын катарына кошулганын өлкөнүн Коргоо министрлиги 28-июлда кабарлаган.

Расмий маалыматта бул аскердик кемелер Перс жана Оман булуңдарын байланыштырган Ормуз кысыгынан өткөн британиялык кемелердин коопсуздугун камсыз кылууну көздөйт.

- Ормуз кысыгындагы коркунуч анда каттаган бардык эл аралык жүк ташууларга тиешелүү. Мен кызматка дайындаларым менен эле Майк Помпео (АКШнын мамлекеттик катчысы) менен сүйлөштүм жана биз эл аралык мыйзамдарга негизделген эрежелерди колдоо керек деген көз карашты бөлүшөбүз. Чындыгында эле аймакта кемелердин ээн-эркин жүрүүсүн камсыздаган кеңири коалиция түзүү идеясы жаман эмес, - деди тышкы иштер министри Доминик Рааб.

Вашингтон өткөн жумада Ормуз кысыгын күзөткөн, анда ташылган жүктөрдү коштоп жүргөн эл аралык коалиция түзүү керектигин билдирген. Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун айтымында, анын башкы максаты аймактагы соода жолдорунун коопсуздугун камсыздоо болот.

Ирандын президенти Хасан Роухани Омандын тышкы иштер министри менен жолуккан кезде.
Ирандын президенти Хасан Роухани Омандын тышкы иштер министри менен жолуккан кезде.

Ал эми Ирандын президенти Хасан Роухани 28-июлда Омандын тышкы иштер министри менен жолуккан кезде “чет өлкөлүк күчтөрдүн болуусу аймактагы коопсуздукка жардам бербейт, тескерисинче чыңалуунун булагы болот” деп билдирди.

Ошондой эле Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Али Рабиеи Британиянын Перс булуңуна өз флотун жөнөткөнүн "кастык маанайдагы" аракет катары мүнөздөдү.

- Алардын (Улуу Британия менен АКШ) Перс булуңуна европалык флотту киргизгиси келет. Биз азыркы түзүлгөн кырдаалда бул сыяктуу иштер чагым болот деп эсептейбиз. Бул алардын кастык маанайдагы аракети жана чыңалууну жаратат.

Эки жума мурда британ бийлиги Гибралтарда, санкцияларга карабастан, Сирияга мунай ташып баратат деген шек менен Ирандын бир танкерин кармаган болчу. Аны улай, 19-июлда Иран күчтөрү Перс булуңунда британиялык мунай ташыган кемени экипажы менен кошо колго түшүргөн. Британия муну “мамлекеттик каракчылык” деп атаган. Курамына орус, латыш, индус, филиппин жана башкалар кирген “Стена Имперо” кемесинин 23 экипаж мүчөсү аман-эсен экени айтылды.

Тегерандын Батыш мамлекеттери, асыресе, АКШ менен мамилеси былтыр Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн эл аралык келишимден чыгып, Иранга багытталган санкцияларды калыбына келтиргенден бери чыңалып турат. Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Иран караңгылыктан чыгып, дүйнөлүк коомчулуктун жоопкерчиликтүү мүчөсү болгусу келсе, эл аралык эрежелерди сакташы зарыл экенине токтолду.

“Чет өлкөлүк кемени мыйзамсыз кармоону токтотуу керек”, - деди Доминик Рааб.

АКШ келишимден чыгып кеткенине карабастан, ага кол койгон башка өлкөлөр – Германия, Британия, Франция, Кытай жана Орусия келишимди сактап калууга дилгирлигин билдирип келе жатат. Бирок Иран өзгөчө келишимге кол койгон европалык мамлекеттер аны сактап калуу багытында эч аракет көрбөгөн соң айрым милдеттерин аткаруудан баш тартып, маселен, уран байытуунун деңгээлин жогорулаткан.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү тобунун башчысы, тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи 28-июлда Венада Евробиримдиктин өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрдү.

Аббас Аракчи.
Аббас Аракчи.

- Талкуу жакшы болду. Мен баарын чечип койдук дп айта албайм. Биз буга чейин айткандай, европалык өлкөлөр келишимдеги Ирандын кызыкчылыгын камсыздамайынча, андагы өз милдеттемелерибизди аткарууну азайта беребиз.

Европа өлкөлөрү Ирандын келишимдин шарттарынан баш тартуусу чыңалууну күчөтөт жана Жакынкы Чыгышта Тегеран менен Вашингтондун ортосунда кагылыш болуп кетиши мүмкүн деген да чочулоолорун билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG