Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Кыргыз таануу: Тарыхчы Осмонаалынын теги ким?


Бүбүш Осмоналиева, тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун кызы, атасынын сүрөтү менен. Кочкор, Нарын облусу, Кыргызстан. 07.8.2014.
Бүбүш Осмоналиева, тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун кызы, атасынын сүрөтү менен. Кочкор, Нарын облусу, Кыргызстан. 07.8.2014.

Кыргыз тарыхынын көмүскө кала берген барактарына арналган түрмөктө бул жолу тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун  (Сыдыков; 1875—1942) тек-жайы тууралуу сөз болот.

Оболу башкы суроого кыска жооп.

Жакында интернеттеги макалаларымдын бирине пикир жазган бир окурман “Сиз тарыхчы Осмонаалынын атасынын атын эмнеге Сыдыков дебестен, Кыдык деп жатасыз? Же булар — башка-башка кишилерби?” деген суроо узатып калды.

Бул суроо бекеринен келип чыккан жок. Илимпоздордун соңку табылгалары калайыктын кеңири катмарына жетпей калган чакта, же чала-чарпыт дайын болгон учурда, албетте, айрымдар ар кыл аңыз кепти гана угуп, чаташа бериши мүмкүн.

Осмонаалынын атасы Кыдык — кыргыздын сарыбагыш уруусунун манаптарынын бири Абайылда баатырдын тукумунан. Тагыраак айтканда, Кыдык — Абайылданын 12 уулунун эң кенжеси болчу. Демек, эч кандай Сыдык эмес, дал ушул киши тарыхчы Осмонаалынын атасы болгон. Ал кезде Абайылда урпактарынын бири — жазгыч акын Молдо Кылыч Шамыкан уулу да буларга жакын тууган (төмөндө толугураак сөз болот).

Тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун (1875—1942) айкели. Кочкор кыштагы, Нарын облусу. 07.8.2014.
Тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун (1875—1942) айкели. Кочкор кыштагы, Нарын облусу. 07.8.2014.

Тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков; 1875—1942) өзү деле эмгегинде атасынын ысымын "Кыдык" деп таасын жазат, бирок китеп мукабасында автордун тегаты "Сыдыков" болуп калганы — падышалык доордогу документтерге аты-жөнү орусташтырылып жана татарлардыкына окшоштурулуп, туура эмес жазылганына байланыштуу болсо керек.

Ал кезде Токтогулду деле Тухтакул деп, Ыбыке уулу дегенди Абукин деп, Орозбековду Уразбеков деп, Шамыкан уулун Шамырканов деп, Элебести Лепес деп ката жаза беришкен.

Осмонаалы жети жашка келгенде атасы Кыдык көз жумат. Кадыр-барктуу агалары бар өспүрүм бала адегенде Кочкордо эле молдодон окуйт, 13 жашында Токмокко келет да, Шакир деген жадитчи татар калпадан таалим алат. Жадитчилер курулай Куран жаттатпастан, тарых, жаарапия (география), эсеп сыяктуу сабактарга да өзгөчө маани берген агартуучулар болгондуктан, алардын шакирттеринин көбү жакшы билим алып чыгышчу. Осмонаалы да көзү ачылат, ошондой жакшы билимдүү болот. Ынтаалуу жигит айрыкча тарыхка кызыгып калат.

Осмонаалы Кыдык уулу 1911-жылы Уфа (Башкортостандын борбору Өфө) шаарындагы Жогорку медресени бүтүргөн. 1913-жылы «Мухтасар тарых-и кыргызиййа» (Кыргыздын кыскача тарыхы”), 1914-жылы «Тарых-и кыргыз шадманиййа» (“Шабданга арналган Кыргыз тарыхы”) деген аталыштарда кыргызча жазган эмгектери Уфадагы (Өфө) басмадан арап арибинде таш басма (литографиялык) китеп болуп жарык көргөн.

Тарыхнаамалык өңүт.

Даңазалуу кыргыз тарыхчысы Осмонаалы Кыдык уулунун өмүрү жөнүндө сөз кылууга келгенде улуу муундагы (сталиндик жазалоолор маалында жүрөгү үшүп калган) советтик тарыхчылар өзгөчө сараң болушкан. Анын Никита Хрущев заманында иш жүзүндө акталгандыгы деле рол ойногон эмес, анткени 1960-80-жылдары кыргыз тарыхын изилдөөчү тармактарды Кыргызстан Компартиясынын идеологдору өзгөчө көзөмөлдөп турушкан.

Ошонун айынан го, чамасы, айтор, Осмонаалы Кыдык уулунун өмүрү жана чыгармачыл мурасы жаатында, чынын айтуум керек, КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетинде 1976—81-жылдары окуп жүргөндө эч кандай маалымат ала алган эмесмин.

Башка жерде тамашалап жазганымдай, 1930-жылдары Чоң Чүй каналынын курулушунда канча кетмен-күрөк колдонулгандыгы жөнүндө Кыргызстан тарыхы сабагынын олуттуу сынагынан так айтып берүүбүздү талап кылышчу, бирок Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков), Белек Солтонкелди уулу (Солтоноев), Эшенаалы арабай уулу, Касым Тыныстан уулу жөнүндө дарстарда жана семинарларда эч бир жолу сөз козголбоду.

Брежнев, Чапаев жөнүндө факултеттин окутуучулары коркпостон эле бир кыйла саясий анекдоттор айтышчу, бирок Осмонаалы тууралуу жок дегенде “эч кимге айтпагыла” деп бизге – жаштарга шыбырап коюшпаптыр. Себеби бизди окуткан муундагылар өздөрү деле бала чагында кыргыздын латын арибин үйрөнгөн, бирок кыргыздын арап тамгаларын өздөштүрбөй калган агай-эжейлер болчу.

Демек, арап арибин жана чагатай жазмасын билбеген көпчүлүк советтик тарыхчылар Осмонаалынын эмгегинин түп нускасынан да кабарсыз болчу. Арап тамгасындагы кыргызча китептер Бишкектеги борбордук китепканада да эркин колдонууга чыгарылган эмес.

Дал ошондуктан 1950—80-жылдардагы кыргыз совет тарых эмгектеринде Өктөбүр ыңкылабына чейин эле кыргызча эки тарых китебин арап арибинде жарыялаган бул чыгаан агартуучу жөнүндө жылуу сөз дээрлик айтылчу эмес.

1983—88-жылдары Ташкенде Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда таалим алып жүргөнүмдө гана Осмонаалы Кыдык уулунун биринчи китеби колума тийген.

Осмонаалынын мурасын кайра жарыялап, ачык иликтөө жаатындагы жагымдуу желаргы советтик цензурага байланып-маталган Ала-Тоодон мурдараак КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районуна (ШУАР) жетти. (Ал кезде маочул жана дэн сяопинчил Кытайды СССРде абдан жамандашчу. Көрсө, Дэн Сяопиндин реформалары коомду либералдаштыруу жагынан 1986-жылга чейинки СССРден кыйла алдыга кетиптир).

Дал ошол 1986-жылы кытайлык кыргыздардын көрүнүктүү тарыхчысы, ыраматылык Анвар Байтур (1938—1991) КЭРдин ШУАРынын борбору Үрүмчүдө Осмонаалы Кыдык уулунун чыгармаларын бириктирип, арап арибинде кыргызча жарыкка чыгарды. Бул кабар Кыргызстанга саал кечигип жетти, бирок бул окуя Ала-Тоодогу айдыңдардын арасында “дүңк” эткен чоң окуя болду.

Калыстык менен айтсак, Маскөөдөгү горбачёвдук реформалык аракеттер 1986-жылдын ичинде эле Кыргызстанды жандантып жиберди дешке мүмкүн эмес эле.

Ошондуктан 1987-жылдын башында эле Осмонаалынын Үрүмчүдө кайрадан басылып чыккан китеби Бишкекте (ал кезде — Фрунзе шаарында) ачыктан-ачык жана жандуу иликтене баштады деп бүтүм чыгарууга мүмкүн эмес.

Анын үстүнө 1986-жылдын декабрындагы (бештин айындагы) Алматыдагы айтылуу кандуу Желтоксон окуяларынан соң, коңшу Кыргызстанда да “ашынган улутчулдарды” жана “эскичилдерди” издей башташкан. Кандайдыр бир саясий өнөктүк кылып, улутчулдарды зекип коюу керек эле.

Ошондо кыргыз этнографы жана тарыхчысы Сабыр Аттокуров (1932—2005) берилген коммунист экенине карабастан куугунтукка алынган. Ал эми алыскы Ат-Башы жана Нарын жергесинде Казыбек казалчынын жашыруун таркалган ырларын тинтип жыйнатып, далай карапайым кишилердин үрөйүн учурушкан.

Чыңгыз Айтматов (1928—2008).
Чыңгыз Айтматов (1928—2008).

Бирок 1987-жылдын экинчи жарымы — 1988-жылдын башынан тартып Кыргызстандагы айдыңдар да акырындап баш көтөрдү. Аларга чыгаан жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, ж.б. туу болуп беришти. “Кыргызстанда кыргыз тили орус тилине тең ата болушу керек, бизге кош тилдүүлүк зарыл” деген айтматовдук ураан да улуттук аң-сезимди көтөрдү.

Дал ушундай жагдайда адабиятчылар, санжырачылар, тарыхчылар жана башка айдыңдар Осмонаалынын жана башка бабалардын мурасына жакындан кайрыла башташты.

Ошол кезеңдин — “Кайра куруулар” доорунун өзү айдыңдарга атуулдук жана романтикалуу бир күч-кубат берип, ар кимиси өз чөйрөсүндө, өз тармагында тың чыга башташты.

Дал ушул күрдөөл учурда, 1988-жылы декабрдын этегинде Ташкенден Бишкекке кайтып келдим. 1989-жылы маркум профессор Анварбек Хасановдун мааракесине арналган илимий жыйында “Жергиликтүү тарыхнаамадагы тарыхый салттарды изилдөөгө карата (Осмоналы Сыдык уулунун эмгектеринин мисалында)” деген темада илимий баяндаманы орус тилинде жасадым.

(Караңыз: Чороев Т.К. К изучению исторических традиций в местной историографии: (На примере трудов Осмоналы Сыдык уулу) // Исторические чтения: Тезисы докл. и сообщений науч. конф., посвящ. 75-летию член-корр. АН Кирг.ССР проф. А.Х.Хасанова. — Фрунзе: Киргосун-т, 1989. — С. 41—43).

1988—89-жылдары ыраматылык тарыхчы агайым Бейше Урстанбеков (1938—1991) менен бирге “Кыргыз тарыхы” боюнча кыскача энциклопедиялык жыйнак түзө баштаган элек. Археология сабагынан дарс окуган, археология боюнча орусча-кыргызча сөздүк жарыялаган бул мээнеткеч жана патриот агайым да С.Аттокуров агайга байланыштырылып, жазыксыз кодуланган учурлар болду (анда мен Ташкенде элем).

Негизинен 1989-жылы жазылып бүткөн бул жалпылама эмгегибиз 1990-жылы гана Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы тарабынан жарык көрдү.

Бул энциклопедиялык чакан жыйнакка мурдараак сөзгө алынышы эч мүмкүн болбогон темалар боюнча кыйла жаңы маалыматтар кирген. Сталинизмге жаңы баа берүүгө байланыштуу айрым макалаларыбызды цензура китепке коштурбай да койгон.

Ал эми Осмонаалы Кыдык уулу атаны советтик кыргыз мектептеринде тарых сабагын окуп жаткандар да билсин үчүн “Кыскача энциклопедиялык сөздүктө” өтө кыска болсо да төмөнкүдөй маалымат камтыганбыз:

“Осмоналы Сыдык уулу (1875—1940) — кыргыз тарыхчысы. Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Анын аталаш агасы Жаркынбай дубанга таанымал сабаттуу (молдо) киши болгон. О. да өз айылында мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн. Бир катар жылдары Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Совет дооорунда Пишпектеги окуу жайларында, бир катар мектептерде сабак берген. 20-жылдардын акыры — 30-жылдардын башында Кытайга кетип калган. Чыгыш Түркстанда каза болгон. 1913-ж. Уфа шарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), 1915-ж. “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан. Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында (Кытай) араб ариби м-н кыргызча кайра жарыяланган”.

(Караңыз: Урстанбеков Б., Чороев Т. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. — Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. — ISBN 5-89750-028-2. — 288 бет.)

Бул маалымат — 1989-жылдын экинчи жарымына чейин колго тийген үзүл-кесил материалдардан топтолуп алынган эле. Кээ бир замандаштарыбыз Осмонаалы Кыдык уулу Кытайга аман-эсен качып барып, ошол жакта өлгөн экен да, — деп аң-таң болушкан. Айрымдар аны сталиндик ГУЛагда тындым кылынган деп жоромолдошкон экен.

Ал эми Осмонаалы Кыдык уулунун өлгөн жылы катары биз көрсөткөн “1940-жыл” деген дата туура эмес экендигин, иш жүзүндө ал 1942-жылы Кытайга караган тоолуу Текес өрөөнүндө Чекирти деген кыштагында оорунун айынан каза болгонун анын кыздары Шарипа жана Бүбүш эжелер кийинчерээк гана (пост-советтик доордо) илим чөйрөсүнө дайын кылышты.

(Караңыз: Садыкова, Шарифа. Сыдыков Осмоналы: (Туулган күнүнүн 130 жылдыгына карата). — Бишкек, 2008. — 84 бет. — ISBN 978-9967-24-873-1. )

Белек Солтонкелди уулу Солтоноев (1878–1937), "Кызыл Кыргыз тарыхы" эмгегинин автору.
Белек Солтонкелди уулу Солтоноев (1878–1937), "Кызыл Кыргыз тарыхы" эмгегинин автору.

“Кайра куруулар” доорунан тартып “Ала-Тоо” журналын жетектеп калган Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агайыбыз да улутубуздун мурда калыс баага арзыбай келген көрүнүктүү тарыхчылары Белек Солтонкелди уулу Солтоноев менен Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков) тууралуу маалыматтарды калың журтка жеткирүүдө опол тоодой салым кошконун айта кетүү эп.

Ал “Ала-Тоо” журналындагы бай маалыматтарды, фолклордук мурас үлгүлөрүн, андан тышкары чыгыш таануучулардын чыгармаларынан үзүндүлөрдү жана атайын жазылган эмгектерди “Кыргыздар” деген аталыштагы жыйнакка топтоп, басмага даярдады.

К.Жусупов жарыялаган “Кыргыздар” жыйнагынын алгачкы томунда биздин да Осмонаалы атабызга арналган макалабыз камтылды: Чороев Т. К. Зарыктырган эмгек: (Осмоналы Сыдык уулунун эмгеги жөнүндө) // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн Кеңеш Жусупов. — Бишкек: Кыргызстан, 1991. — 1-китеп. — Б. 61—67.

Кийинчерээк 14 томго жеткен “Кыргыздар” жыйнагынын 1991-жылкы чыгарылышына ал кездеги жаш тарыхчы, азыркы тапта тарых илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек Чалаке уулу Кожобековдун да Осмонаалы Сыдыков тууралуу макаласы кирген.

Тарых илимдеринин кандидаты Муратбек Кожобеков тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун чыгармачыл мурасына арналган жыйында. Кочкор кыштагы. 07.8.2014.
Тарых илимдеринин кандидаты Муратбек Кожобеков тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун чыгармачыл мурасына арналган жыйында. Кочкор кыштагы. 07.8.2014.

Тарыхчы Кожобеков кийин да иликтөөлөрүн улантып, О. Сыдыковдун ишин 1958-жылдын 27-майында Кыргыз ССРинин Жогорку соту кайра карап чыгып, советтик Борбордук Азиядагы сталиндик “тройка” чыгаан тарыхчыга карата 1931-жылдын 13-мартында чыгарган өкүм туура эмес болгондугун белгилеп, маркумду толук актап чыкканын жазды.

(Караңыз: Кожобеков М.Ч. Oсмонаалы Сыдык уулунун өмүр баянына айрым тактоолор // Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi. Sosyal Bilimler Enstitüsü, 2005. — № 14. — S. 13—28.

Арслан Капай уулу Койчиев. 31.10.2015.
Арслан Капай уулу Койчиев. 31.10.2015.

Шакиртибиз, ал кезде КУУнун тарых факултетинин стажёр-изилдөөчүсү болгон Арслан Капай уулу Койчиев пост-советтик кыргыз таанууда Осмонаалы Кыдык уулу атанын өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган алгачкы атайын китепчени жарыялаган.

(Караңыз: Койчиев А.К. Осмонаалы Сыдык уулу жана анын “Тарыхтары” / Ред.: А.Мокеев, Т.К.Чоpоев. — Бишкек, 1992. — 46 б.).

Ошентип, СССР биротоло ыдыраардагы акыркы жылдар жана эгемендик доорунун алгачкы жылдары кыргыз таануу үчүн Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыковдун) ишмердигин жана мурасын калыс таразалоо жаатында жаңы бурулушту камсыз кылган.

Мурда Осмонаалынын мурасына терс мамиледе болгондор кийинчерээк аны мактай баштаган учурга күбө болдук.

Кыскача жалпылаганда, Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыковдун) мурасын кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур сыяктуу тарыхчылар өткөн кылымдын 80-жылдарынын ортосунда эле иликтешсе, азыркы тапта ала-тоолук жана кытайлык кыргыз окумуштуулар ар тараптуу иликтеп жатышат.

Алардын арасында Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков, Абылабек Асанканов, Дөөлөт Сапаралиев, Муратбек Кожобеков, Лайли Үкүбаева, Кыяс Молдокасымов, Рыскул Жолдошов, Арслан Капай уулу, Олжобай Каратаев, Темиркул Асанов, Мамбеттурду Мамбетакун, Азиза Турдуева, Аида Кубатова, Гүлзада Абдалова, Жумагул Байдилдеев, Акылай Жумагулова, ж.б. изилдөөчүлөр бар.

Осмонаалынын ата-теги жана жакындары санжырада

Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков) 1914-жылы жазган “Тарых-и кыргыз шадманиййа” (“Шабданга арналган Кыргыз тарыхы”) эмгегинде ал өзү эл кыдырып жүрүп чогулткан санжыралык маалыматтын каймагы жаңыртылып берилген.

Эмгектин маркум Шабдан Жантай уулуна (1839—1912) арналганын автор өзү да айрыкча белгилеген:

"...Биз бул китепти Шабдан баатырдын соңуна эстелик калсын үчүн жаздык жана да кыргыз туугандарга кызмат кылсын дедик..."

Осмонаалы Кыдык уулу Памирдин батышындагы жана Ферганадагы ичкилик кыргыздардын санжырасы тууралуу маалыматты, балким, үстүрт билгендир. Бирок 1901-жылы Кашкарды кезген маалында Кызыл-Суу, Какшаал, Артыш, Кашкар, Ак-Тоо кыргыздарынын санжыралык маалыматтарын жеринен үйрөнгөн жана ичкилик кыргыздары тууралуу кыйла дурус кабардар болгон десек болот.

Осмонаалынын алгачкы китебинин 100 жылдык мааракеси. 2013.
Осмонаалынын алгачкы китебинин 100 жылдык мааракеси. 2013.

Башка изилдөөчүлөр да белгилегендей, автор өзүн жалпы кыргыздын тарыхчысы катары санаган.

Биз жалпы санжыра маселесине анчейин тереңдеп отурбайлык да, тарыхчы жана санжырачы Осмонаалы Кыдык уулу бул китебинде өз атасынын ысымын “Кыдык Абайылда уулу” катары даана көрсөткөнүн баса белгилейлик.

Кыргыздын сарыбагыш уруусунун төбөлдөрүнөн болгон Темирдин урпактарынын бири – Черикчи. Ал эми Черикчинин тукумдарынын бири – Абайылда баатыр экенин санап берип, Осмонаалы андан ары баяндайт.

Ал эми Абайылдадан Шербото, Нарбото, Төрөгелди, Шадыкан, Бекий, Кундак, Капсалаң, Асыл, Пазыл — булар Ботокөз байбичеден. Экинчи катындан — Шеримбек, Ыбыке. Үчүнчү — Субан деген энебизден Кыдык маркум жалгыз. Төркүнү жараш болгон үчүн Жараш эне дейбиз”, — деп жазган Осмонаалы Кыдык уулу.

Ал эми кыргыздын кийинки санжырачыларынын бири, маркум Жапар Кенчиев (1932—2006) болсо кыргыз таануучу Гундула Салк Берлинде жарыкка чыгарган санжырасында Абайылданын тукуму тууралуу Осмонаалынын маалыматын дээрлик толук кайталайт да, Кыдыктын энесинин чоо-жайын тагыраак белгилейт:

Абайылдадан — Нарбото, Шербото, Төрөгелди, Шадыкан, Бакы, Кундук, Капсалаң, Асыл, Басыл. Бул балдары Ботокөз байбичеден. Экинчи аялынан: Шеримбек, Ыбыке. Үчүнчү Субан деген аялынан Кыдык деген жалгыз уул болгон. Төркүнү боюнча «Жараш эне» аталган. Анткени бул кишинин төркүнү саяктын ичиндеги Курманкожо уругунан тараган «Жараш уулунун кызы» экен. Ошондуктан Субан аты калып, «Жараш эне» атыгып кеткен экен…

(Караңыз: Die Sandschyra der Sarbagïš von Japar Kenčiev / überarbeitet und herausgegeben von Gundula Salk. – Berlin: Klaus Schwarz Verlag, 2014. — S. 128.).

Осмонаалы үчүн өз санжыралык вариантында "жараш" генонимин эскертүү гана жетиштүү болгон, себеби сөз эмне жөнүндө болуп жатканын анын замандаштары, уруулаштары XX кылымын башында жаземдебей билишкен.

Ал эми Жапар Кенчиевдин маалыматы болсо XX кылымдын акыркы он жылдыгында кыргыздын уруу бөлүнүштөрүн мурдагыдай билбей калган пост-советтик окурман үчүн баалуу тактоо болуп саналат. Демек, Кыдыктын таятасы саяктардын жараш уругунан болгон экен.

Осмонаалы Кыдык уулу өз чыгармасында Абайылданын уулу Төрөгелди баатыр тууралуу баалуу маалымат калтырган:

“...Төрөгелди болсо Ормондон соң (анын) ордуна олтуруп журт башкарды... Ошол Төрөгелдиден Шамыкан (мында Шамыркан эмес, ШАМЫКАН! — Т.Ч.), Баатыркан, Үркүнчү, Карасай, Чоткара деп беш уул. Шамыкандан Молдо Кылыч акын”.

Тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулу америкалык көрүнүктүү ойлоп табуучу жана ишкер Томас Эдисон (Thomas Alva Edison; 1847—1931) тууралуу 1914-жылга чейин эле кабардар болгон.

Бул жагдайды “Тарых-и кыргыз шадманиййанын” автору Кудайберген Үркүнчү уулу Төрөгелди небереси жөнүндө сөз кылганда аңдайбыз:

...Үркүнчүдөн — Өтөмбай, Кудайберген. Кудайберген бу дүйнөнүн доорун жалгыз өзү сүрдү десе болор. Жалаң ойун-тамаша үстүндө жүрдү. Эгерде-илимдүү элдин ичинде болгондобу, экинчи Адисон болмок (б.а. Эдисон. — Т.Ч.). Айла канча?!. Чымчыкка чымчык алдырчу эле, арген добуш, бир нерсе ойлоп таап алчу. Дагы айтайын десең тилиң жетпейт, такта үстүнө он төрт кыл тагып, герамафандай (б.а. граммофондуку сыяктуу. – Т.Ч.) күү чыгарып угузчу эле. Эми муну өзүнөн башка жан билбейт. Кайран жөндөм бошко кетти, соңуна сабак калбады”.

Мындагы такта үстүндөгү он төрт кыл — азыр да хакастар “чатхан” деп атаган музыкалык “жетиген” аспабына окшошуп кетет.

Тарыхчы Осмонаалынын эң улуу агасы Жаркынбай Кыдык уулу чоң молдо болчу. Ал Кочкордо мечит, медресе салдырган жана бир туугандарынын гана эмес, кеңири коомчулуктун билимдүү-таалимдүү болушуна өзгөчө көңүл бурган айкөл киши болгон.

Демек, СССР маалындагы адабиятта көп учураган "кыргыздар 1917-жылга чейин жапырт сабатсыз болгон" деген жоромолго дароо эле 100 пайыз ишене бербешибиз керек. (Албетте, сабаттуулардын саны азыраак болгону талашсыз).

Осмонаалы Кыдык уулу өзүнүн улуу бир тууганын жадитчи агартуучу жана демөөрчү катары өзгөчө урматтаган:

“...Кыдыктан — молдо Сабит, же молдо Жаркынбай ажы. Бу (жалаң гана) Темир уругу эмес, саяк, сарыбагыш тукумдарына чейин дин тааныткан, туура жолго салып, ыйман, ислам үйрөткөн, илим жолун көрсөткөн адам. Бу адам өз кадырын салып Мухаммедали дамбылданы алдырды. Мындан кийин шарият жолу билинип, ошондон илим окуу алга жылды. Талаадагы койчу, жылкычы дебей сабак окуй турган болду... Эми ошондой күндөгү элди ушу акыбалга жеткирген — молдо Жаркымбай”.

Мында өзгөчө маани берилчү жагдай — тээ падышалык доордо эле (болшевиктердин социалдык реформаларынан алда канча мурда) Жаркынбай ажы Кыдык уулу кедей-кембагалдардын өкүлдөрүнүн (“талаадагы койчу, жылкычы дебей”) сабатсыздыгын жоюу үчүн кам көргөндүгү.

Ал эми Жаркынбай молдонун эки иниси болгон:

(Кыдыктын) экинчи уулу Чубуй, үчүнчү уулу Осмоналы, ушул тарыхты жазуучу, кейпи ушундай — кыргыз кыяпаттуу, башында тебетей...

Осмонаалы өз эмгегинде өзүнүн фото сүрөтүн да тиркей кеткен.

Кыргыз санжырасын дурус иликтеп жаткан заманбап тарыхчы Рыскул Жолдошов Осмонаалы Кыдык уулу 1916-жылы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүнө да уюштуруучулардын бири болуп катышканын тастыктап, аны “чаар Осмонаалы” дешкенин белгиледи.

Чүйдөгү (1916-жылы июндагы. — Т.Ч.) жашыруун жыйынга катышкандардын арасындагы “Чаар Осмонаалы” дегени кыргыздын туңгуч тарыхчысы, өз мезгилиндеги интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлү Осмонаалы Сыдыков (Кыдык уулу) болушу мүмкүн.

Себеби Осмонаалы молдону “Чаар Осмонаалы” деп да аташкан жана ал Кочкордогу Абайылда болуштугунда жашап, ал жердин болушу Карыпбай жана атасы Канат ажы менен аталаш тууган болгон”.

Эми, “удулдан пайдаланып”, жадитчи Осмонаалы Кыдык уулунун бейнесин жакшылап таразалаганга огожо болгон анын айрым ыр саптарына токтоло кетелик.

Тарых-и кыргыз шадманиййанын” автору жалаң байларды гана эмес, мүлдө кыргыз элин илим-билимге чакырган:

“...Заман башка, карап жатпа!

Качпа илимден, башың катпа!

Өнөр билгин, БАР болоорсуң,

Карап жатсаң кар болорсуң!.."

"...Жана бар иликтирик чырак деген.

Бир мүнөттө шаар ичи «жарк» деген.

Тилископ, дүрбү чыкты үркөр көргөн,

Тарууну бир төөдөн да үлкөн көргөн.

Өнөр менен эчен зоот, кеме салган,

Шолор менен кымбаттар арзандалган.

Басмакана жана бар китеп баскан,

Калкына өнөр менен маариф (“билим”. — Т.Ч.) чачкан.

Гезит, журнал маалымат ар тараптан,

Аны окуп калайыгы көзүн ачкан.

Өнөр менен муну бүт адам тапкан,

Жалгыз-ак казак, кыргыз карап жаткан!.."

Чыгыш Теңир-Тоодо баш паана табуу

Сталинизм доорунда манаптын тукуму болгон Осмонаалыны жалган жалаа менен 1931-жылы абакка кестиришет. Анан ал өлүм жазасына тартылмак болот. Бирок ал Чүй өрөөнүнөн Ташкендеги абакка айдалып бараткан жеринен өзүнө кол салган сакчыны мерт кылып, туткундан качып кутулуп, эптеп Кытайдын Кулжа аймагына жеткен.

1930-32-жылдардагы атасынын тагдырындагы капсалаңдуу окуяларды кызы Бүбүш Осмоналиева эже мындайча эскерет:

"1930-жылдары “эл душманы” деп жалаа жабышып, атамды өлүм жазасына буюрушат. Ошентип, Бишкектен Ташкент түрмөсүнө алып барышат. Ал түрмөдөн атамды чоң апам куткарып чыккан экен. Айылга келгенде Осмонаалы түрмөдөн качып келди деген сөз чыгарышып, Дөң-Алыш деген айылдан кайрадан кармап кетишет.

Жолдон заара кылганга да уруксат бербей коюшканда атамдын денесине заара тарап кеткен экен. Атам ѳтѳ кыйналганынан жанындагы кызыл чоктун (милициянын) мылтыгын тартып алып, аны мылтыктын кундагы менен чаап өлтүрөт да, Кочкорго келип, татар доктурдан дарыланат. Андан чыгып Сокулуктагы эжелериникине барып, 15-20 күнчө жүгөрүнүн арасына жашынып жашаган экен.

Андан соң үй-бүлөсү менен бирге Тажикстанга барат. Ал жерден да тажиктер “сенин окуганың китеп, жазганың барак, сен жөн адам эмессиң, кызыңды бер, болбосо оруска кармап беребиз” дешет. "Силерге кызымды бергенче кеткеним жакшы" деп Ошко келет.

Оштон “Осмонаалы милицияны өлтүрүп түрмөдөн качкан, аны кармагыла” деп куугунтукка алышат.

Элдер Алайдын Гүлчөсүнѳн атамдын алдына ат тартып качырышат. Ошентип, куугунтук токтобой, айласыздан Эркечтам аркылуу Кытайга жалгыз жөнөп кетет. Жолдон да көп азаптарды тартып, Жаныбек корбашыга кармалып, ал да атамды өлүм жазасына буйурат.

Бирок Жаныбек корбашы атам менен маектешкен соң анын кыргызды изилдеген илим-билимдүү киши экенин түшүнүп, аны сыйлап бошотот да, өзүнүн алтын таягын белекке берип, алдына ат тартат.

Жаныбекти басмачы, корбашы дешкени менен, ал билимди сыйлаган, кыргыздын таламын талашкан жөн адам эмес экенин атамды бошотуп жибергенинен билсек болот. Атам 1930-жылдан тарта 2 жыл Кашкарда болот. Ал жакка да артынан куугун бара берет.

Андан атам бир айлык жол жүрүп Кулжа-Текеске жалгыз кетет. Ортодо Муз-Ашуу деген зор ашууну ашкан экен. Кулжадан атам, 1935-жылы өз апам Гүлбарага үйлөнөт.

1936-жылы 26-июнда байкем, 1939-жылы 26-июнда мен төрөлгөм. Бул жакта, кыргыз жергесинде калган Алтынай чоң апамдан (атамдын биринчи аялынан) тапкан Шарипа эжем дагы 26-июнда төрөлүптүр. Аны Кытайдан келгенимде паспортунан көрүп алып, таң калгам.

Акырында баягы куугун Кулжага да барат. Ошондо куугундарга Жаныбектен алган алтын таягын берип акыры кутулган экен..."

(Булак: Бүбүш Осмоналиева: Тарыхыбызды тактаганга ѳмүрүн берген Осмонаалы Сыдык уулу (Капарбек уулу Чолпонбек жазып алган) // Көк асаба. - 13.5.2015.).

Ал кезде Үрүмчүдөгү кытай акимине каршы Шинжаңдын дээрлик бардык аймактарында, анын ичинде Кулжа аймагында да толкундоолор четинен башталып жаткан. Ушундай башаламандык шартта сталиндик жазалоочулар Чыгыш Теңир-Тоого кирип-чыгып турушкан.

Ал түгүл айрым кызыл армия жоокерлери жана чалгынчылар (чекисттер) Шинжаңдагы ак гвардиячылардын калдыктарына окшош аскер кийимдерин кийинип алып, аймактагы улуттук боштондук кыймылдарынын өкүлдөрүн кытай бийлигине кошулуп жазалап турушкан.

Ошол кандуу 1930-жылдары айтылуу кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын (1918—2014) бир тууган агасы, манасчы жана агартуучу Балбай Мамай 46 жашында кытайлык абакта набыт болгон.

Жаныбек казы Сагынбай уулу жана анын жигиттери. 1930-жж. башы.
Жаныбек казы Сагынбай уулу жана анын жигиттери. 1930-жж. башы.

Кудай жалгап, тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Шинжаңдагы мындай опурталдуу сыноолордон аман-эсен калган. Артынан сари изине чөп салып Кулжага чейин кубалап келген жазалоочуларга Жаныбек казы Сагынбай уулунан белекке алган алтынды берип кутулганын кызы Бүбүш жогоруда эскерди.

Осмонаалы Кыдык уулу өз эмгектери үчүн мындагы арап арибин ырааттуу колдонгон кытайлык кыргыз жамаатынын урмат-сыйына татыган. Акырында ал Теңир-Тоонун чыгышындагы бийик тоолуу ажайып жерде — Текестеги Чекирти деген айылда 1942-жылы кайтыш болгон.

Сөз аягы

Абайылда баатырдын уулу Төрөгелди — айтылуу Ормон хан Ниязбек уулу 1842-жылы негиздеген хандыктын аскер башчысы, андан соң өз чөлкөмүнүн журт башкаруучусу, падышалык оторчул бийликке каршы чыккан манап катары тарыхта калып, атасынын даңкын каарман жоокер жана журт башчысы катары уланткан.

Ал эми Абайылданын небереси (б.а. анын кенже уулу Кыдыктын кенжеси) Осмонаалы молдо болсо агартуучу, тарыхчы, санжырачы, 1913—14-жылдары кыргыз тарыхына арналган эки китепти жарыкка чыгарган айдың катары кыргыз элинин сый-урматына жетип, бабаларынын атын эч кандай курал-жараксыз усул менен, жыгач калем жана сабаттуулук жолу, демек, агартуучунун тынч нугу аркылуу түбөлүккө калтырды.

XS
SM
MD
LG