Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:22

ИИМдин чектөөсү адвокаттарды нааразы кылды


Кыргызстандын милиция кызматкерлери.

Кыргызстандын адвокаттар бирикмеси милициянын имараттарына кирүүдөгү чектөөлөргө нааразылык билдирип чыкты.

Алар кире бериште тинтүүгө алынып, телефондорун, башка буюмдарын сакчылар алып коюп жатканын даттанууда.

Жактоочулар бул чара айыпталуучулардын укугун коргоого жана кыйноолордун алдын алууга тоскоолдук кыларын белгилеп жатышат. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жүйөсү мындан башкачараак.

Өз укуктары бузулган жактоочулар

Жалпы жактоочуларды нааразы кылган чектөөгө байланыштуу маселени алардын атынан Ош шаардык адвокатурасы көтөрүп чыкты. Бирикме ИИМге каршы Башкы прокуратурага даттанып, андан майнап чыкпаганы үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып отурат.

Ош шаардык адвокатурасынын төрагасы Замирбек Адигинеев маселенин чоо-жайын мындайча түшүндүрдү.

Замирбек Адигинеев.
Замирбек Адигинеев.

«Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын 24-апрелинде чыгарган буйругунун негизинде Тергөө имаратына кирип жаткан тараптардын, анын ичинде адвокаттардын кол сумкасы, телефону, аудио-видеожазуучу аппараттарын толук алып салып жатышат. Буга стратегиялык объектилерди коргоо жана тергөө амалдарынын купуялуулугун сактоо деген эки жүйө келтирип жатышат. Мындай чектөө мыйзамды одоно түрдө бузуу болуп саналат. Бул боюнча мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү орган катары Башкы прокуратурага арыз жазып, мыйзамга каршы келген буйрукту жоюу боюнча чара көргүлө десек, Ош шаардык прокуратурасы «сотко кайрылгыла» деген жооп менен кутулду», - деди ал.

Адвокат белгилегендей, чектөөнү алар алгач өлкөдө киргизилген өзгөчө абал менен байланыштырып жүрүшкөн. Бирок жайчылык күндөрү да уланган чара атайын буйрук менен бекигени кийин гана белгилүү болгон.

Ички иштер министринин орун басары Памир Асановдун 2020жылдын 24-апрелиндеги буйругу.
Ички иштер министринин орун басары Памир Асановдун 2020жылдын 24-апрелиндеги буйругу.

Адигинеевдин пикиринде, жактоочулардын буюм-тайымын алып коюу «Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» мыйзамына каршы келет.

«Аталган мыйзамдын 29-беренесинин 4-пунктуна ылайык, адвокаттын турак-жайына же жумушчу башпаанасына, пайдаланган транспортуна кирүү, аларды карап чыгуу, тинтүү, алып коюу, адвокатты жеке кароо же тинтүү сот актысы боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн. А булар мекемеге ар бир кирген сайын адвокаттарды тинтип, ага кароо жүргүзүп, буюмдарын алып коюшууда. Жактоочу деген айыпталуучу менен маектешүүсү керек, зарыл нерселерди жаздыруусу керек. Ошого буюмдарын жанында кармоосу шарт жана ал анын менчиги. ИИМ болсо адвокаттарды айыпталуучу менен бирдей шартта кармагысы келүүдө. Бул чектөө Жазык-процессуалдык кодекстин, Жазык кодексинин да беренелерине каршы келет. Мындай абсурд чечим башка бир да мамлекетте жок. Бул кыйноолорду алдын алууга жана жарандардын укуктарын коргоого да тоскоолдук жаратат»,-деди Ош шаардык адвокатурасынын төрагасы Замирбек Адигинеев.

Кеп болуп жаткан буйрукка ички иштер министринин орун басары Памир Асанов кол койгон. Бул жөнүндө анын өзүнөн түшүндүрмө ала алган жокпуз.

ИИМдин атынан мекеменин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов комментарий берди.

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

«Адвокаттардын кылмыш кылгандарды, шектүүлөрдү коргоо боюнча укуктары жана милдеттери бар. Тергөө кызматына киргенде кылмыш иши менен таанышуу жана анын купуялуулугун сактоо боюнча да милдеттенмелерди алышат. Бирок айрым учурларда фото-аудио жазууларды, телефондор менен кылмыш ишине тиешелүү фактыларды сүрөткө тартып алып жарыялап жиберген фактылар катталган. Ошол себептүү мыйзам чегинде ушундай эреже кирген. Адвокаттар шектүүлөрдүн укугун коргоо үчүн кылмыштын материалдары менен таанышса болот. Калем-кагаз алып кирүүсүнө да тоскоолдук жок. Бирок кол баштыгында телефон жок деп ким кепилдик бере алат, ошондуктан аны калтырып кириши керек болот».

Бакыт Сейитов катталган фактылар тууралуу айтканы менен, конкреттүү мисалдарды келтирген жок.

Эгер коомчулукка белгилүү жагдайларды эле эстесек, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча ачылган кылмыш ишиндеги айрым документтеринин көчүрмөсү былтыр жыл аягында ачыкка чыгып кеткен. Тагыраагы, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди беттештирүүнүн протоколу Интернетке жарыяланган. Бирок аны кимдер таратканы белгисиз бойдон калган.

Мындан башка учурларда аты айтылбаган шектүүлөрдүн сүрөтү, видеосу же көрсөтмөлөрү жарыяланып кеткен учурлар бар. Алардын айрымдарында милиция кызматкерлеринин өздөрүнө чара көрүлгөн фактылары да жок эмес. Ошол себептүү да адвокаттар эгер купуя сырды чыгарууда чочулоо болсо, анда тергөөчү да имаратка телефонсуз кириши керек деп эсептешет.

«Чектөөлөр көп кире баштады»

Адвокаттар бирикмесине жалпылап жооп бергенине карабай, биз да Башкы прокуратурага кайрылып, маселеге байланыштуу маалымат алууга аракет кылдык.

Башкы көзөмөл мекемесинин Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов «Азаттыкка» кыскача буларды айтты.

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

«Бул боюнча кайрылуу Башкы прокуратурага келип түшкөн эмес, бирок Ош шаардык прокуратурасына келиптир. Жообу да Замирбек Адигинеевдин өз колуна тапшырылыптыр. Анда ошол эле тергөөнүн купуялуулугу жөнүндө айтылып, чечүү жолдору сунушталыптыр»,-деди ал.

Арийне, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу Кыргызстандагы тергөөнүн жүрүшүндөгү жана соттук иштердеги чектөөлөргө нааразылыктар ансыз да болуп келаткан. Көбүнчө саясий жана резонанстуу иштердин кароодо адвокаттар катыштырылбай калганына, отурумдар жылбай жатканына нааразылыктар көп эле.

Ага кошул-ташыл дагы бир эреженинин киргизилиши укук коргоо тармагындагыларды ого бетер кабатыр кылды. Юрист, адвокат Нурбек Токтакунов чектөөлөрдүн көптүгүн сынга алды.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) ушундай болчу. Кирип баратканыңда телефон жана башка буюмдарыңды бүт алып калчу. Байланышуучу каражат жок болсо адвокат ичинде бирдеме болсо эч ким менен байланыша албай калат. Айыпталуучу менен кошо авдокат деле түрмөдөгүдөй абалда болуп каласың. УКМК да, ИИМдин имараттарында киргизилген чектөө да мыйзамсыз чечим. Булар дайыма кандайдыр бир чектөө киргизишкенде мамлекеттик сыр, тергөөнүн купуялуулугу деген сыяктуу нерселерди шылтоо кылышат. Бирок алар адвокаттын кол тийбестигин эч качан бузбашы керек. Эгер адвокат мыйзамсыз бирдеме кылса анда ошол боюнча жоопко тартуу керек, бирок минтип жалпылап кысмакка алган туура эмес. Нагыз демократиялык өлкөдө мындай чектөө киргизүү орунсуз. Тилекке каршы, бизде акыркы мезгилде эпидемияга шылтоолоп ар кайсы тармактарда, адам укуктарына чектөөлөр көп кире баштады, күчөп жатат»,-дейт Нурбек Токтакунов.

Кыргызстанда адвокаттарга тоскоолдуктардан сырткары аларга карата кысымдар тууралуу да камтамачылыктар бар. Былтыр жыл соңунда «Адилет» укуктук клиникасы адвокаттардын суракка чакырылышы жана коркутууга кабылышы боюнча билдирүү таратып, укук коргоо органдарынын жактоочуларга басымы күчөгөнүн сынга алган.

Өкмөттүк эмес укуктук клиника мындай тенденция адвокаттык институтту укук коргоо органдарынын толук басынтуусуна алып келерин, ал миңдеген жарандардын тагдырына терс таасир этерин эскерткен.

Буга ошол учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан Сергей Слесарев жана Замир Жоошев, мурдагы президенттин жансакчысы Канат Сагымбаевдин жактоочусу Бакытбек Автандил уулу Аскер прокуратурасына суракка чакырылганы себеп болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда эки миңден ашык адвокат иш жүргүзөт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG