Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Кыргыз-немис алакасын жандантуу аракети


Ангела Меркел жана Сооронбай Жээнбеков. Берлин, 16-апрель, 2019-жыл.
Ангела Меркел жана Сооронбай Жээнбеков. Берлин, 16-апрель, 2019-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий сапары аяктап калды. 16-апрелде ал Берлинде федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолукту.

Мунун алдында Жээнбеков эки өлкөнүн ишкерлеринин форумунда болуп, германиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Бул сапар эки өлкөнүн соода алакасы артка кеткен учурга туш келди.

Биргелешкен билдирүү

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Германиядагы эки күндүк расмий сапарынын алкагында 16-апрелде Германия Федеративдик Республикасынын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки президент Париждин Нотр-Дам чиркөөсүндө болгон өрткө байланыштуу Франция президентине, элине көңүл айтышты. Жээнбеков ошондой эле Бундестагдын президенти Вольфганг Шойбле менен кездешти.

Ушул эле күнү кыргыз президенти федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолугуп, экөө чогуу расмий билдирүү жасашты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Германиянын карым-катнашы өнүгүп жатканына токтолду.

«Биз мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Алар эки тараптуу карым-катнаштын бардык тармактарын ичине камтып, өз ара ишеним жана түшүнүү маанайында болуп өттү. Эки өлкөнүн өкмөттөрү жана мекемелери ортосунда ондон ашуун маанилүү документтерге кол коюлду. Ишкерлердин ортосунда бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Алардын жалпы жыйынтыгы 1 миллиард евродон ашат. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына соода-экономика тармагы, суу-энергетика, жашыл экономиканы өнүктүрүү, өнөр-жай, айыл-чарба жана туризм кирет», - деп айтты Жээнбеков.​

Жээнбеков: Миллиард евролук келишимдер кабыл алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, кол коюлган документтер дипломатиялык алака, экономика жана өнөр жай, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарын камтыйт.

Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел өз сөзүндө Кыргызстандын парламенттик демократия куруу аракетин кубаттап, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

"Биз түзүлгөн бизнес келишимдерге кубанып турабыз. Бирок бул макулдашууларды дагы кеңейтүүгө болот. Кечээ Мюнхенде өткөн немис-кыргыз форуму дагы жакшыраак жана ургаалдуу бизнес кызматташтыгынын башаты болду деп ойлойм", - деди Ангела Меркел.

Франк-Вальтер Штайнмайер жана Сооронбай Жээнбеков.
Франк-Вальтер Штайнмайер жана Сооронбай Жээнбеков.

Сапардын жүрүшүндө Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгынын жаңы стратегиясы даярдалып жатканы, ага быйыл июль айында уюмдун тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен кол коюлары белгилүү болду.

Жергиликтүү эксперттер президенттин Европадагы сапарын кызматташтыктын стратегиялык багытына себилген үрөн катары карап жатышат. Маселен, саясий эксперт Сейтек Качкынбай бул ойду төмөнкүдөй негиздеди:

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

«Бийлик башчысынын Батышка, анын ичинде Германияга иш сапары менен барып жатканын кош колдоп колдош керек. Анткени кийинки убакта, өзгөчө мурдагы президенттин тушунда Батыш мамлекеттери, АКШ менен мамилебиз бир топ сууп кетти эле. Европадагы расмий сапарларыбыз деле аз болуп кеткен болчу. Дүйнөдө азыр негизи Германия демократияны жайылтуучу «мессия» катары каралбайт, бирок биз бул өлкөнүн экономикалык өндүрүшүн, тактыгын, сапатын эске алганда, үйрөнчү нерсебиз көп. Бул сапардын жыйынтыгын эртең эле Кыргызстанга, биздин атуулдарга жеңилдик берүүчү нерсе катары карабашыбыз керек. Биз бул сапарды стратегиялык багыттын үрөнү катары карашыбыз зарыл. Жок эле дегенде 3-5 жылдан ары өлкөгө алып келет дегендей, алыскы келечектен караш керек. Арийне башка суроо - ошол жерде кабыл алынган чечимдер, макулдашуулар ишке ашабы? Бул биздин өзүбүздөн көз каранды болот».

Инвестиция жана товар жүгүртүү

15-апрелде Германияга барган президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Мюнхен шаарында кыргыз-герман ишкерлик форуму болуп өттү. Анда кыргыз жана немис ишкерлери өздөрүнүн ар кандай долбоорлорунун бет ачарын уюштурушту.

Жээнбеков Германиянын ишкер чөйрөсүн Кыргызстанга инвестиция салууга чакырып, өлкөдө инвесторлорго женилдиктер берилип жатканын билдирди:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Биз жагымдуу инвестициялык климатты, саясий жана макроэкономикалык туруктуулукту түзө алдык. Биздин кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири өлкөдө биргелешкен кыргыз-герман ишканаларын түзүү боло алат. Аймак боюнча бизде башкаларга караганда либералдуу салык режимдери иштейт. Пайда салыгы жана киреше салыгы болгону 10%дан болсо, кошумча нарк салыгы 12%ды түзөт. Арзан баадагы ресурстарга мүмкүндүк алуу, анын ичинде арзан эмгек күчү жана электр энергиясы биргелешкен ишканалар үчүн салыштырмалуу артыкчылык берет. Бизде электр энергиясынын баасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң арзан болуп саналат».

Президент Жээнбеков азыркы кезде «глобалдык экономикалык жигердүүлүк борбору Азия континентине которулуп жатканын, буга Кытай менен Индиянын экономикалык өнүгүшү себеп болуп жатканын» кошумчалады. Ал мындай шартта «Кыргызстан Кытайдын кошунасы, ЕЭАБдин мүчөсү катары бул эки глобалдык экономикалык зоналар менен Германиянын ортосунда көпүрө болуу мүмкүнчүлүгү бар» экенин айтты.

Ал Кыргызстан менен Германиянын ортосунда соода алакасын жандантуунун зарылдыгын белгилеп, тилекке каршы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү былтыр болгону 80 млн. долларга гана жеткенин айтты.

Чынында бул көрсөткүч соңку үч жылдагы өсүштү түшүндүрөт, бирок беш-алты жыл мурдагыга караганда соода алакасы эки-үч эсе артка кеткенин көрсөтүп турат. Маселен Кыргызстан менен Германиянын товар айлантуусу 2013-жылы 244 млн. 679 миң долларды түзсө, 2014-жылы 122 млн. 914 миң долларга жеткен.

Жалпы Европа Биримдиги (ЕБ) менен алаканы алганда деле, биримдик Кыргызстанга берген «ВСП+» – Жалпы жеңилдиктер системасынын секириги байкалган жок. Кыргызстан «ВСП+» макамын алганга чейин, 2015-жылы Евробиримдик мамлекеттерине 50,4 млн. долларлык товар жөнөтсө, 2018-жылы ал болгону 95 млн. долларды түздү (эки сан тең, алтынды эсепке албаганда). Жогоруда күбө болгондой мунун көбү Германияга туура келет.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Өмүрбек Абдырахманов Кыргызстан өзүнүн системасын оңдомоюн Европадан, анын ичинде Германиядан инвестор келишине ишенбейт.

Өмүрбек Абдырахманов.
Өмүрбек Абдырахманов.

«Ал жактан бизге инвесторлор келбейт. Жээнбеков эле эмес Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев да ушинтип «бизге инвестиция салгыла» деп сүйлөй берчү. Себеби биринчиден биздеги коррупция, экинчиден бюрократия өтө күчөгөн. Бул жана башка көйгөйлөр чет элдик инвесторлорду эле эмес, жада калса өзүбүздүн ишкерлерди да иштетпей жатат. Мына жөнөкөй эле мисал: кечээ күнү мен Европадан 30 миң көчөт алып келдим. Бажыдан өтпөй төрт күн турду. «Эмне?» десем: «Сен кутусу (горшок) жок алып келипсиң» дейт. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаевге кирип айтсам же ал маселенин төркүнүн түшүнбөйт экен. Алар кат жазса бажы кайра эле тиги жоопту айтат. Акыры «ай, ал кургакта турса өлүп калат» деп жатып убактылуу кампага алып кирдим. Маселе дагы эле чечилген жок, териштирип жатышат. Өзүбүздө тартип жок болсо, анан башкалар кантип келет? Ошондуктан инвестиция тартылып келет дегенге эч ишенбеш керек. Мына, Грузияда бажыдан өтүш үчүн 15 мүнөт талап кылынат. 15 мүнөттө өткөрбөсө ал бажычыны иштен алышат. Бизде ошолордой реформа болбосо жыйынтык күтпөй эле коелу», - деди ал.

Мюнхендеги ишкерлик форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Германиянын компанияларынын ортосунда инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө, тигүү өнөр жайы, билим берүү, энергетика, өнөр жайы жана башка тармактарда кызматташууга байланыштуу эки тараптуу 11 документке кол коюлганы кабарланды.

Расмий жолугушуулар менен жыйындардын алдында президент Сооронбай Жээнбеков Мюнхенде кыргызстандыктар менен жолуккан. Жолугушууда мекендештер Германиядагы кыргызстандыктар виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу, «Мекен карт» долбоору, айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин козгошту. Мюнхенде кыргыз президенти ошондой эле Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы Флориан Херман менен да кездешти.

Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркел Кыргызстанга 2016-жылы жана 2017-жылы келип кеткен. Андан мурда 2012-жылы жана 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Германияга эки жолу иш сапары менен барып келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG