Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Манасчынын ийгилиги, элдин биримдиги


Дөөлөт Сыдыков.
Дөөлөт Сыдыков.

Узакка «Манас» айтуу кыргыз үчүн жаңылык деле эмес. Бирок манасчы Дөөлөт Сыдыковдун "Гиннес" рекорддор китебине манас айтуу өнөрүнүн узак айтылган учурун киргизүү үчүн жасаган салымы алкоого татыйт. Аскер Сакыбаеванын блогу.

Илгертен эле улуу манасчылар, атактуу Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев баштаган алп манасчыларыбыз «Манасты» күнү-түнү айтып келишкен. Айрым учурда «Манасты» жылдап айтышкан же күздө айтып баштаса кышта айтып бүткөн деген маалыматтар да кездешет. Азыркы учурга келсек, 2009-жылы Соң-Көлдө манасчылар 40 күн бою «Манас» айтышкан. Улуу манасчылардын мааракелери болгон учурларда беш күндөн, үч күндөн улуу дастан улам айтылып келе жатат.

Азыркы алп манасчы Дөөлөт Сыдыков да 2015-жылы «Супара» этноборборунда жети күндүк «Манас» айтууда 12 сааттан ашык тынбай айткан. Демек, Дөөлөттө буга чейин тажрыйба болгон.

«Манас» эпосун болушунча узакка айтып, аны дүйнөлүк рекорддордун Гиннес китебине каттатуу идеясы да Дөөлөт Сыдыковго таандык. Ушул идеяны ишке ашыруу дал азыркы учурга туш келгени да кызык.

Акыркы айлардагы Кыргызстандын бийлигиндеги өзгөрүүлөр, экономикалык абалдын оордугу, калкыбыздын жалпы психологиялык абалы дагы эле чыңалууда тургандыгы, алдыдагы туңгуюк - ушулардын бардыгы Бишкектин абасында калкып тургандай таасир калтырат. Анан калса азыркы бийликтин да кадамдары ишеним жаратпай жаткандыгы, дегеле мындай абалдан кантип чыгабыз, элди кандайча биримдикке чакырабыз деген изденүү ар бир ойлонгон адамдан түрдүү идеяларды чыгарат экен.

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтында турган Жогорку Кеңеш, андан берирээктеги Манастын эстелиги, ошол эстелик алдында болуп өткөн төңкөрүш, төгүлган кан, жараат алган адамдар, дегеле жалаң терс энергия ошол жерге орноп калгандай таасир калтырчу.

Бир чети ошондой терс энергиядан борбордук аянтты тазалап, экинчи жагынан элибизди Манастын алдында биримдикке чакыруу идеясы чынында мага жакты. Себеби эзелки доордон бери кыргыз эли башына күн түшкөндө да, мөрөйү колуна тийип кубанып турганда да Манаска кайрылып келген фактылар көп. Ал тургай, манасчы атайылап «Манас» айтса төрөбөгөн келиндер төрөп, сыркоолоп жаткан адам сакайып кеткендиги тууралуу уламыштар да эмгиче кездешет.

Сыртынан Гиннес китебине каттатуу деген себеп менен, а негизги максаты - Манастын арты менен элибизди биримдикке чакыруу, борбордук аянтты тазалап, байыркы тамырыбызды азыркы муунга таанытуу иш-чарасы болду. Иш башталарда уюштуруучулардын чакырыгына жан-дилим менен бардым. Колдон келишинче бул жаңылыкты таратып, манасчы Дөөлөт Сыдыковду сүрөөнгө алалы деп чечтик.

«Азыркы заманда «Манасты» ким угат?» «Жаштар «Манас» эмес башкасын окубай калышкан, жашоо оор болуп жатса кайдагы «Манасты» айтасыңар?» дегендей ойлор ачык айтылбаганы менен ошондой кыяптар сезилип турду.

Ооба, жашоо дайыма оор, айрыкча кыргыздын жашоосу катаал. Кээде куру намыстын айынан жакшынакай жашоосун татаалдантып алгандар да бир топ. Кыргызстандын гүлдөгөн мамлекетке айланышын же ушундай иштерди тиешелүү министрлик жасашы керек деп отура берсек, анда «этиң эмес табагыңды таап ал» деген абалга дуушар болорубуз турган иш.

Анан калса ушундай иштерди мамлекеттик мекемелер эмес, коомдук уюмдар, жеке адамдар ишке ашыраарын көрүп жүрөбүз. «Манас» айтууну Гиннес китебине каттатууну буга чейин 1,5 тонна бешбармакты Гиннес китебине каттатууну уюштурган, башка улуттук долбоорлорду ишке ашырып жүргөн белгилүү журналист-блогер Элнура Кулуева колго алды. Ал эми каржылык жактан ишкер Азат Исакунов колдоп турду.

Эл болгондон кийин көпчүлүк арасында улуттук идеяларды багып жүргөндөр, аны ишке ашырууга көмөк көрсөтчү азаматтар чыгат экен. Демек, колдоо болсо ушундай иштерди аткара берүүгө неге болбосун? Эл «Манас» эпосун массалык түрдө окубаса да, окугандардын, уккандардын катмары башкаларга жеткирип улуттук өзөктү кармап турганы жакшы көрүнүш эмеспи.

Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковдун айтымында, бир топ жыл мурда Манастын энергиясы жерге түшкөн, азыр ал тарап жатат. Кайып дүйнө, Манастын энергиясы түшүнүктөрү менен жашап жүргөн адамдар да бир топ.

***

Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиевдин айтымында, ЮНЕСКО дүйнө элдеринин 90 руханий өнөрүн жалпы адамзаттын шедеври деп санап, анын ичине «Манас» айтуу да кирген жети өнөрдү шедеврлердин шедеври деп тапкан. Бексултан Жакиев: «Саякбай менен бир топ чогуу жүрүп калдым. «Манас» айтканда Каныкейдин Тайторуну чапканын дайыма айтчу, өзү ошону айтканды жакшы көрчү. Эгер аны айтканга жеткирбей токтотушса, ачуусу келип сөгүнүп да кетчү», - дейт.

***

«Манас» айтылып жаткан күнү Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетов, журналист Капар Токтошев экөө «илгери чыккан мукабасы көк «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтигин кайра бастырып чыгаралы» деген кайрылууга кол топтоп жүрүштү.

***

12-ноябрда саат 11ден кечки 18:00гө чейин Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында болдум. Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун сырткы көрүнүшү менен ички кубаты айкалышып, 37ге чыккан манасчынын болуп-толуп турган учуру экен.

Адатта «Манасты» айттырганда беш же он мүнөттөн кийин токтотуп коюшат го. Эми атайын шарт түзүлүп, «канча кааласаң ошончо айт» деп жатышса чыныгы манасчы үчүн бул табылгыс нерсе да! Байкоомдо манасчы төрт сааттай шумкардай сабалап, жамгырдай төгүлүп айтты. Айрым жерлерден кадимкидей ыйлап жатты...

Аянттагы эл абдан жакшы сүрөп турду. Андан кийин жайыраак айта баштады эле, уюштуруучулар добулбас уруп сүрөп, колдоп жатышты. Мындай сүрөө, колдоо керек экендиги сезилип турду.

***

Ошол жерден кандай гана адамдарды көрбөдүм! Бир аксакал атайын Соң-Көлдөн «Манас» угайын деп келиптир. Көрсө, Соң-Көлдө 11 жыл мурда 40 күндүк «Манас» айтылганда манасчыларды тосуп алып, бардык шартын түзүп берген «Манастын» чыныгы күйөрманы экен. Дагы бир аксакал жети атасынан бери «Семетей» айткан семетейчилердин тукумунан экенин айтып берди. Дагы бир жаш жигит Токмоктон атайын «Манас» угайын деп келиптир. «Манас» эпосуна байланыштуу сүрөттөрдү тартып жүрүптүр. Бою кичине, жашы 20дагы бир жигит боз үйгө кирип-чыгып жардам берип жүргөн. «Манас» айтылаар түнү аянтка айнектен боз үй орнотулуп жатканын жумушунан үйүнө баратып көрүп кайрылган экен. Ошол боз үйдө эртеси «Манас» айтыларын угуп жумушунан суранып келип, «Манас» үчүн кичине да болсо кызмат кылып жардам берейин» дегенин угуп, көкүрөгүм кадимкидей сыймыкка толуп турду...

***

Аянтта эл көп деле болгон жок. Келип-кеткендер көп болду. Нары-бери басып сыртынан уккандар, бир жерде былк этпей туруп эмоциясын жүзүнө чыгарып маашырланып уккандар, балбан сөздүн күчүнө багынып ыйлап уккандар, башталгандан аягына чейин сүрөп турган манасчылардын бири канча сомодой сапты кыттай куюп жатканын санап да турду. Менин да көзүмө жаш келип, кадимкидей буулугуп турдум...

Аянтка тигилген эки боз үйдүн биринде филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобекова баштаган окумуштуулар «Манасты» баштан-аяк угуп, күйөрмандар үчүн баяндама берип жатышты. Буга чейин Сагымбайдын, Саякбайдын жана башка алп манасчылардын «Манас» боюнча өз варианты бар экендигин билчүбүз. Эпосто негизги өзөктүү окуялар бирдей эле, бирок ошолорду ар ким өз варианты боюнча айтары түшүнүктүү. А баса, азыркы замандын дагы бир алп манасчысы Назаркул Сейдракманов да «Манасты» өз варианты менен айтып келгени белгилүү. Эң кызыгы, Дөөлөт Сыдыковдун да өз варианты бар экен. 14 саат 27 мүнөттүк «Манас» айтканда ал ошол өз вариантын айтты.

Ал эми мазмунуна келсек, Дөөлөт манасчы «Манас» атабыздын ата-бабаларынан баштап айтып, Манастын төрөлүшүн, бала чагын, алгачкы эрдиктерин айтып, кан Кошойдон бата алганы келе жаткан жеринен токтогон экен. Демек, 14 саат тынымсыз айтса да, негизги өзөктүү окуяларга жетпей калган экен да!

Дагы бир кызык факт, манасчы Дөөлөт Сыдыков 2010-жылы «Сейтек» эпосун өз варианты боюнча жазып, ал көлөмдүү китеп болуп жарык көрүптүр.

Неси болсо да бул окуя улуттук адабиятыбызды изилдеген окумуштуулар үчүн жаңы табылга. Себеби жаңы вариантты буга чейинки варианттар менен салыштырып, артыкчылык-кемчиликтерин аныктоо, тил илиминин салаалары боюнча адистик деңгээлде изилдөө алдыда турат.

Акырында айтаарыбыз, манасчынын узакка «Манас» айтуусу Гиннес китебине киришине караганда, анын илим үчүн жаңы табылгалары, элибиздин духун көтөрө алганы, кыргыздар байыркы тамыры бар эл экенибизди баарыбыздын эсибизге салганы менен баалуу болду деп ойлойм.

Аскер Сакыбаева

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

XS
SM
MD
LG