Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Апта: Сотто күбөлөр суралды, ИМдин "халифаты" кыйрады


Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

29-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өткөн тогуз айда депутаттар мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө ишин кандай аткарганын айтып, маалымат берди. Спикер белгилегендей, сот реформасына байланыштуу, электрондук өкмөткө өтүү жана социалдык тармактагы мыйзамдар кабыл алынды.

Парламенттик демократияга өткөн Кыргызстан мамлекеттик башкарууну реформалап, коррупцияны азайтып, ачык жана атаандаштык шартта система курууга бет алган. Жогорку Кеңешке келген партиялар жоопкерчиликти алып, өлкөдөгү бийликтин бир бутагынын эффективдүү иштешин камсыздай албай жатат деген көз караш да бар.

Саясат таануучу Эмил Жураев парламентте "ар бир партиянын, алардын лидерлеринин өзгөчө саясий кызыкчылыктары бар. Бул конструктивдүү парламенттик позицияны көрсөтүүгө бут тосуп жатат" деп белгилейт.

Парламенттин 6-чакырылышы ишке киргенден бери ондой депутаттык комиссия түзүлдү. Жазында президент Алмазбек Атамбаев парламентти “мыйзам чыгаруучу эмес, ушак таратуучу органга айланып баратат” деп сындаган эле.

Швециядагы Эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Йохан Энгвалл “Азаттыкка” курган маегинде кыргыз парламенти "элдин өкүлдөрү эмес, бизнес элита өз кызыкчылыгын көздөгөн “клуб” сыяктуу таасир калтырат. Бул болсо барып туруп эл менен парламенттин ортосундагы ажырымды чоңойтот" деп мүнөздөгөн.

Төрага Жогорку Кеңештин жылдык ишин жыйынтыктап жатып, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Спикер бул планы боюнча президент Атамбаев менен бир нече жолу сүйлөшкөнүн айтып, “ошол негизде ишимди жүргүзүп жатам” деди.

Социал-демократтардан эки чакырылышка депутат болгон саясатчы партия анын талапкерлигин алып чыкпай койгонуна таарынбай турганын журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты. ​"Ким ыза болору дагы белгисиз. Менби же башкаларбы? Мисалы, мен таарынган жокмун. Мен таарынчактардан эмесмин", - деди спикер.

Турсунбеков: Президенттикке ат салышууга ниетим бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

Президент Атамбаев өткөн аптада “социал-демократтар Жээнбековду 20 жылдан ашык убакыттан бери билишет. Ага караганда эми Чыныбай Акунович жакында эле келди" деп, башкаруучу партия бир гана талапкерге токтогонун айткан.

Коомдук ишмер Орозбек Молдалиев спикердин шайлоого катышам дегени "КСДПнын ичинде маселелер бар экенин көрсөттү. Фарид Ниязов "биз бирдиктүү, бир гана талапкер менен чыгабыз. Маселе чечилди" деген. Кимисине ишенсек болот?" - деп президенттин партиясы талапкер тандоодо кандай принциптерге таянганы табышмак экенине токтолот.

Ушул тапта президенттикке талапкер болууга арыз бергендердин саны 11ге жетти. Алардын экөөнү саясий партия көрсөтсө, калган тогузу өзүн өзү көрсөткөндөр. Алардын арасында эки аял бар. Талапкер болууга арыз 1-августка чейин кабыл алынат. Шайлоо 15-октябрда өтөт.

Текебаев-Чотонов сотунда күбөлөргө кезек келди

Бишкектин 1-Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти караган процессте айыптоочу тараптын негизги күбөлөрү көрсөтмө беришти.

28-29-июнда орусиялык ишкер Алексей Модин, “Нур Телеком” ишканасынын мурдагы юристи Руслан Оңолбеков, “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов суралды.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Буга чейин “Нур Телеком” ишканасынын аткаруучу директору болгон Модин 2010-жылы 300 миң долларды Дүйшөнкул Чотоновдун таанышы деп аталып жаткан Талант Маматкеримов аттуу адамга бергенин айткан. Тергөө бул акчаны орус ишкери Леонид Маевскийдин “Ата Мекендин” лидерлерине берген 1 млн доллар парасынын бир бөлүгү деп тапкан.

Үч сааттай айыпталуучулар менен алардын адвокаттарынын суроолоруна Модиндин берген жооптору менен тергөөдөгү көрсөтмөсүндө чалкештиктер чыкты. "Мен 300 миң долларды Маматкеримовго бергем. 1 млн доллардын биринчи траншы катары бергем. Андан ары 300 миң доллар эмне болгону тууралуу мага эч нерсе белгисиз" - деди Модин айыпталуучу Текебаевдин суроолоруна жооп берип жатып.

Модин акча бергем деген Маматкеримов болсо үч жыл мурун ооруп көзү өтүп кеткен. Сотто мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жана анын өнөктөшү Алексей Елисеев менен 2006-2007-жылдары жолукканын дагы айтып берди.

Экинчи күбө “Нур Телеком” ишканасынын мурдагы юристи Руслан Оңолбеков Модин менен Маматкеримовду тааныштырганын айтты. Ал тергөө учурунда Маматкеримов Модинден 500 миң евро алганын, ал акча “Ата Мекен” партиясынын 2010-жылдагы шайлоо штабына жумшалганын айтып берген. Сотто бул сөздүн чын-бышыгын далилдей албасын, жөн гана имиш иретинде укканын билдирди. ​2010-жылы Бишкекте Леонид Маевский менен жолукканын кошумчалады.

5-июнь, 2017-жыл
5-июнь, 2017-жыл

Ал эми үчүнчү күбө, “Ата Мекен” партиясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов Ак үйдөгү Текебаевдин иш бөлмөсүндө чоочун кишилерди көргөнүн, бирок ал жерде 1 млн доллар тууралуу укпаганын айтты. Бирок ал окуя качан болгонун так эстей алган жок. "Ата Мекендин" жетекчилери орусиялыктардан 1 млн доллар алганы тууралуу имиштерди Ак үйдөн укканын, чын-бышыгын тастыктай албастыгын мойнуна алды.

29-июнда сотко атайын Москвадан келген Леонид Маевский суралды. Текебаев менен Чотонов талап кылган делген 1 млн доллардын калганы 700 миңди кантип бергенин көрсөткөн далилдери жок экени адвокаттардын берген суроолорунан кийин белгилүү болду. Эки саясатчы менен телефондон сүйлөшкөнүнүн далилдери, акча алып кеткен кишинин жазып берген тил каты Москвадагы кеңсесин суу каптаганда жоголгон.

Маевский 1 млн дооларды “пара деп санабай турганын” ал акчаны Кыргызстандын “базарына кирүү үчүн расмий төлөм” деп кабылдаганын айтты. Ал Текебаев жана Чотонов менен Алексей Модин аркылуу таанышып, 2010-жылы Бишкекте жана Москвада бир канча жолу жолугушкан.

Текебаев болсо Маевский менен 2010-жылдын август айында Бишкекте, кийин дагы Москвага барганда эки жолу жолукканын мойнуна алды.

Алексей Модин
Алексей Модин

"Шайлоо алдында Орусияга барууну кеңешчилерим сунуштаган. Менин Орусияга болгон сапарымды уюштуруп берем деп өзү (ред: Маевский) айтты. "Супарада" май айында эмес, жайында, августта жолукканбыз. Модин же башка адам Маевскийдин атынан бизге 300 миң доллар берген эмес. Биз алган эмеспиз, себеби сураган эмеспиз, талап кылган да эмеспиз​" - деди Текебаев.

Сотто Текебаевдин мындай сөзүн уккан Маевский эмне дээрин билбей нес болуп турганын айтып, “Ата Мекендин” лидери карандай калп айтып жатат деди.

“Мегакомго” кире албай калгандан кийин 1 млн долларды кайтарып бер десе, Текебаев “Экинчи бул жакка келбе, мен бул өлкөнүн кожоюнумун, акчаны унут” деп коркутту. Эгер дагы бир жолу келсем, кайра кетпей каларымды айтты. Орусияга барганда чек арачылар жүгүңдөн маңзат табышат, Орусиянын мыйзамдарына ылайык соттолосуң деди" - деп коркутканын айтты.

Маевский үч сааттай сотто суралган соң журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Пара берди деген негизде өзү жоопко тартылышы мүмкүн экенин четке какпасын айтып, “бирок андай ыктымалдуулук өтө эле аз жана өзүмдү коргой алам” деди ишенимдүү. Пара берүү тууралуу иш өзүнчө өндүрүшкө алынганын кошумчалады.

Текебаев менен Чотоновго каршы кыргыз укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылуусуна кандайдыр бир саясий буюртма болбогонун айтып, “ал мени “алдады” – жооп бериши керек”, - деди.

Юристтер болсо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, эгер орусиялык ишкердин пара бергени аныкталса, пара берген киши катары ал дагы сот жообуна тартылышы шарт экенин эскертишет.

Сот Жакупова менен "Занозаны" доого жыкты

30-июнда Октябрь райондук соту Zanoza.kg сайтын жана “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованы доого жыгып, ар бирин 3 млн сом төлөөгө милдеттендирди. Ишти караган сот Жакупова жана Zanoza.kg сайты президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирген деп тапты.

Башкы прокурор президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоо максатында сотко кайрылган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары кыргыз бийликтеринин мындай чечимин сөз эркиндигине жана жарандык коомдун курч сүйлөгөн өкүлдөрүнө кысым деп баалап келатышат.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун өкүлү Мира Ритман эл аралык бир катар уюмдар кыргыз бийликтерин "Занозага" жана Чолпон Жакуповага каршы козголгон иштерди токтотууга чакырганын айтты. "Евробиримдик, АКШ сыяктуу кыргыз өкмөтүнүн өнөктөштөрү аркылуу бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, албетте, бул иш боюнча тынчсыздануубузду билдирип жатабыз" - деди Ритман. Ал эл аралык уюм алдыдагы президенттик шайлоону утурлап жалпы эле маалымат каражаттарынын эркиндиги тууралуу маселеле көтөрүп жатканын дагы билдирди.

Жакупова менен "Занозага" карата сот чечими чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

Жума күнкү сот процессине катышкан Жакупованын адвокаты Тимур Султанов таанымал юристке иш негизсиз козголгон деп белгилейт. Жакупованын жыйында сүйлөгөн сөзүн Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик соттук экспертиза борборунун лингвисттери экспертизидан өткөргөн.

Башкы прокуратуранын өкүлү Руслан Абдрахман макалада "​чындыгында Атамбаев деп айтылган эмес. Бирок "мамлекеттин биринчи адамы" деп айтылып жатат. Башкача айтканда өлкө башчысы деп. Өлкө башчысы дегенде премьер-министр же депутат жөнүндө сөз болуп жаткан жок да" - деп сөз ким жөнүндө болуп жатканын лингвистикалык экспертиза да аныктаганын сотто айтты.​

“Занозага” каршы үч иш

“Занозага” каршы үч иш

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 29-июнда "Заноза" сайтынын журналисттерине байланыштуу үч жараян башталды.

Ишти караган судья Кымбат Архарова башкы прокурордун доо арызын толук канааттандырды.

Ал эми журналист Нарын Айып муну сөз эркиндигине, журналисттерге жасаган кысым деп баалап, “негизи жок нерсени прокурордон баштап, сотко чейин аткарып жатышат” деди.

Башкы прокуратура Zanoza.kg сайтына каршы беш арыз менен сотко кайрылган. Алардын экөө боюнча сот чечим чыгарды. "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Чолпон Жакупованын 30-мартта Бишкекте жыйында сүйлөгөн сөзүн Zanoza.kg сайты жарыялаган. Прокуратура сайттын негиздөөчүсү "Промедиа" фондунан, сайттын журналисттери Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупованын ар биринен 3 млн сомдон талап кылган. Мындан сырткары сайтка жарыяланган ошол маалыматты толук алып салууну жана чындыкка дал келбейт деп табууну соттон өтүнгөн.

Ал эми Zanoza.kg боюнча калган соттук жараяндар келерки аптада дагы уланат.

АКШда Трамптын иммиграциялык чечими күчүнө кирди

29-июндан тарта калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн алты мамлекеттин жарандары АКШда жашаган жакын туугандары же бизнес байланыштары болсо гана виза алып, бул өлкөгө кире алышат.

Ал мамлекеттердин тизмесине Иран, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен кирет. 28-июнда Ак Үй ошол өлкөлөрдүн кайсы жарандарына жана кандай негизде виза берилерин аныктаган критерийлерди жарыялады.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Миграция кызматтары эң биринчи кезекте ошол адамдардын Кошмо Штаттарда жакын туугандарынын бар-жогуна карайт. Бул категорияга ата-энелери, балдары, жубайлары, күйөө бала, келиндери, бир туугандары кирет. Ал эми чоң ата, чоң эне, таяке, таеже, аталаш бир туугандар, жээн-неберелер, башка туугандар бул тизмеге камтылбайт.

Америкага виза алыш үчүн туугандык байланыштарды далилдеген документтер тапшырылууга тийиш.

Президент Трамптын убактылуу тыюсу АКШда окуган студенттерге, бизнеси бар адамдарга, америкалык уюмдар менен тыгыз байланышы барларга, буга чейин визасы, же АКШ жарандыгы барларга жайылтылбайт.

Дүйшөмбү күнү АКШ Жогорку соту президент Трамптын токтомуна тосмо койгон төмөнкү инстанциядагы эки соттун апелляциялык арыздарын карай турган болгон. Ошол эле маалда сот токтомдун айрым беренелерин күчкө киргизүүгө жол ачкан чечим чыгарган.

Экинчи токтомдон Ирактын жарандары алып салынган. АКШда туруктуу жашоого уруксат берген «жашыл картанын» ээлеринен дагы чектөө алынган.

Трамп шайлоо кампаниясы маалында да, кийин кызматка келгенден баштап эле иммиграциялык мыйзамдарды күчөтөрүн айтып жүрдү. АКШ-Мексика чек арасына дубал курууну да сунуштаган.

Трамп жыл башында жети мусулман өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө койгон документке кол койгондор БУУ баштаган бир катар укук коргоо уюмдарынын, америкалык жана чет өлкөлүк белгилүү коомдук ишмерлердин катуу сынына кабылган эле.

Ирак "халифаттын" күнү бүткөнүн жарыялады

“Ислам мамлекети” террордук тобу түзгөн "халифаттын" күнү бүткөнү жөнүндө АКШ колдогон өкмөттүк күчтөр Мосул шаарынын тарыхый бөлүгүн бошотуп жатканда жарыяланды.

"Биз жалган өлкөнүн күнү бүтүп жатканына күбө болуудабыз. Мосулдун бошотулушу муну далилдейт”, - деп жазды премьер Абади Твиттер баракчасында.

29-июнда ирак күчтөрү Мосулдун кылым карыткан тарыхы бар ал-Нури мечитин жана анын тегерегин ээледи. Мечиттин башкы имаратын жихадчылар 21-июнда жардырып, талкалап салышкан.

Ал-Нури мечитинин талкалангандан кийинки көрүнүшү. 30-июнь, 2017-жыл.
Ал-Нури мечитинин талкалангандан кийинки көрүнүшү. 30-июнь, 2017-жыл.

2014-жылдын жайында "Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жол башчысы Абу Бакр ал-Багдади ал-Нури мечитинде туруп, Ирак менен Сирияда халифат курулганын жарыялаган.

22-июнда Орусия Багдади алардын аба соккусунан өлдү деп билдирген. Бирок Кошмо Штаттар бул маалыматты ырастаган эмес. ​29-июнда Иран медиасы жогорку лидер аятолла ал-Хаменейинин өкүлү Али Ширазинин Багдадинин “өлгөнү анык” деген сөзүн таратты.

Ирактын атайын күчөрү Мосулда террордук топтун 200-300 согушкери калды, алардын көпчүлүгү эч жакка кете албай жаткан чет элдиктер экенин билдирди.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү Мосулду бошотуу операциясы сегиз айдан бери улантууда.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG