Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Апта: Сот жүрүмдөрү. КСДПнын курултайындагы жик. Кытайда Нобел лауреаты абакта өлдү


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков КСДПнын курултайында. 15.7.2017.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков КСДПнын курултайында. 15.7.2017.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп. 16.07.2017.

Соттогу сурактар

12-13-июлда оппозициячыл саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов күбө катары суралды. Ал “Альфа Телеком” (MegaCom) компаниясынын жетекчиси Азат Базаркулов тергөөдө Текебаевге каршы жалган көрсөтмө бергенин айтып чыкты.

"Ата Мекен" партиясынын лидеринин мурдагы жардамчысы Нурбек Абдрахманов суроолорго жооп берип жатып, Текебаев Маевский менен эки жолу Бишкекте жана Москвада жолугушкан деп билдирди.

Алар август айынын этегинде “Супара” ресторанында Талант Маматкеримов жана орус ишкери менен жолугушушкан. Кайра келаткан жолдо Текебаев “Москвага барабыз деп, иш-сапарга даярданууну” тапшырган, деди ал.

Андан ары күбө сентябрь айында Москвага барышканда “Талант Маматкеримов менен орус ишкери тосуп алышканын” айтып берди. “Мамлекеттик Думанын депутаттары менен жолугуштук. Кечинде болсо орус ишкер чайга чакырып, жарым сааттай отуруп чыктык”, – деди Текебаевдин мурдагы жардамчысы Н.Абдрахманов.

Эки саясатчыга 1 млн доллар пара бердик деген орусиялыктар Леонид Маевский жана Алексей Модин алар менен 2010-жылы 13-майда Жогорку Кеңештин эски имаратында, июль айында “Хаят” мейманканасында жана 21-декабрда Ак үйдө жолугушканын айтышкан.

Бейшембиде сотто Убактылуу өкмөттүн башчысы, мурдагы президент Роза Отунбаева, өткөөл өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев, “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрү, бул фракциянын депутаттары суралышты.

Роза Отунбаева 2010-жылы “Мегаком” өңдүү экономикалык маселелерди Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев тейлегенин эске салды. ​"Өзгөчө бул учурда бардык иштер ошол кишиге келип такалып жатат. Анткени ушул маселелердин баары жолдош Атамбаевдин карамагында болчу", - деди экс-президент. Ишти карап жатканы судьяга: “Башка өлкөнүн жараны миллион доллар берсе, аны эмне камабайсыңар?” – деп дагы суроо берди.

Феликс Кулов, Эмилбек Каптагаев жана Данияр Нарымбаев 2010-жылы 21-декабрда Текебаев ишке чыкпаганын бир ооздон айтышты. Маевский бул күнү Ак үйдөгү Текебаевдин иш бөлмөсүндө келип, 1 млн долларды бер деп, кер-мур айтышканбыз деп көрсөтмө берген.

Эмил Каптагаев болсо Модин тергөөдө Текебаевдики деп видео тасмада көрсөткөн кабинетте 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Атамбаев отурганын айтты.

Каптагаевдин көрсөтмөсүнөн кийин адвокаттар президент Атамбаевди күбө катары сотко чакырууну өтүнүштү. Судья Эрнис уулу Айбек ага негиз жок деп өтүнүчтү четке какты.

Текебаевдин сотуна Атамбаевди чакыруу сунушталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00

Түштөн кийин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Сайдулла Нышанов, Аида Салянова жана Наталья Никитенко партия лидерин актаган көрсөтмөлөрдү беришти.

Айыпталуучу тарап ишке тиешеси бар дагы 35тен ашуун күбө калганын билдирет. Сот жүрүмү 18-июлда улантылат.

КСДПнын курултайы

15-июлда Социал-демократтар партиясынын курултайы өтүп, ага катышкан 600дөн ашуун делегаттар өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлигин колдошту.

40 мүнөттөй сөз сүйлөгөн С.Жээнбеков Кыргызстандын ички жана тышкы саясатында президент Алмазбек Атамбаев баштаган жолду улантаарын баса белгиледи. Кыргызстандын башкы өнөктөшү Орусия экенин баса белгилеп, Шанхай кызматташтык уюму, Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу аймактык уюмдар менен кызматташууну илгерилетүүгө күч үрөй турганына токтолду.

"Кландык, жердешчилик, үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга жол бербейм. Байлыктын кулу болбойм. Элдин кулу болуп, кызмат кылып берем", – деген убадасын залдагылар шатырата кол чаап коштошту.

КСДПдан премьер менен спикер президенттикке аттанат
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:58 0:00

Курултайда сөз алган Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президентикке талапкер катары шайлоого өз алдынча барууга даярдыгын билдирди. Бир партиянын ичинен эки талапкердин чыгып атканы “биздин ичибиздеги бөлүнүп-жарылууну билдирбейт" деген спикер "жалпы иш үчүн бири-бирибизге ийиндеш болуп күрөшүүгө даярбыз”, - деди.

Парламент төрагасы Ч.Турсунбеков мамлекетти башкаруу, бийлик институттарын реформалоо тууралуу көз карашы менен бөлүшө баштаганда залдагылардын айрымдары ышкырып, “Токтот!” деген үндөр чыкты. “Ар ким өз позициясын айтууга укуктуу” деген Турсунбеков партиянын чечимине каршы чыккандар болбошу керек деген талапты түшүнөөрүн да айтты.

Эки талапкер добуштарды бөлүп кетет деп кооптонбой эле коюу керектигин белгилеген парламент спикери «бардык эле биздин талапкерлерге Турсунбеков жага бербейт, баарына Жээнбеков жага бербейт» деп, ар кимдин өз колдоочулары бардыгына токтолду.

Төраганын сөзүнөн кийин социал-демократтардын жетекчилеринин бири Фарид Ниязов партиялык курултайдын чечимин ар бир мүчө аткарууга милдеттүү экенин тактады.

"Ким аткарбаса, ага партияда орун жок. Ал же партиядан чыгарылат, же өзү чыгат. Эки талапкер болбойт. Бирөө эле. Ал - Сооронбай Жээнбеков", - деди Ниязов.

Курултайга катышкан Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын депутаттарынын төраганын шайлоого катышам деген демилгесине реакциясы ар кандай болду.

Фракциянын мүчөсү Элвира Сурабалдиева "Кыргызстандагы эң демократиялуу партиянын съездинде гана бир талапкерди көрсөтүп жатканда экинчиси өзүн ачык пиар жасайт" - деп Твиттер баракчасына жазды.

Cаясий ишмер, Кыргызстандын 2005-жылдын 24-25-мартындагы президентиниин милдетин аткарган мурдагы депутат Ишенбай Кадырбеков КСДПнын ичинде "2-3 талапкер болгондон кийин праймериз өткөрүш керек эле", - деген көз карашын билдирди. "Чыныбай Турсунбеков талапкерлигимди коюшум мүмкүн деп атат, Иса Өмүркулов деген жигит бар", - деди Кадырбеков.

Курултайга партиянын жаштар канатынын төрагасы катары ар кандай иш-чараларда сүйлөп жүргөн Ренат Самудинов кире албай калды. Жаш активист муну өзүнүн партиянын айрым иш-аракетти сындап, талапкерди ички партиялык шайлоо аркылуу тандоону (праймериз усулун) сунуштаганы менен байланыштырат. Курултайдын уюштуруучулары болсо Самудинов делегаттардын тизмесинде жок болгону үчүн кирбей калганын түшүндүрдү.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Жээнбековдун талапкерлигин расмий каттаган күндөн тартып ал өкмөт башчы кызматын тапшырат, же убактылуу иштен кетет.

15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга арыз бергендердин саны 26га жетти.

Мосул жоочулардан бошотулду

11-июлда Ирак бийликтери Мосул шаары “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жоочуларынан бошотулганын расмий жарыялады. Үч жылдан бери Мосул исламга жамынган террорчу топтун жоочуларынын таянычы болуп турган.

Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади “Ирак элинин курмандыктары, күрөшү, канынын баасы менен бул канкор мамлекет сөрөйдү жеңдик” деп жар салды.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун Иран кызматынын жетекчиси Арманд Мостоуфи Мосул шаарынын бошотулушу Ирак өкмөтү үчүн гана эмес, жалпы эле дүйнө үчүн маанилүү экенин белгиледи. Үч жыл мурда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Мосулду ээлеп, Багдадга жакындаганда Ирак үч аймакка бөлүнүп, аны үч башка тарап башкарып калганы эле. "Түштүктө – Багдад, түндүк-чыгышта – күрттөр аймагы, калганы “Ислам мамлекети” тобунун колуна өткөн. Ал мезгилде үч тараптын бири экинчисин жеңип чыгаары күмөн эле. Эми Мосулду бошотуу менен Ирак армиясы күчүн көрсөттү. Азыр Иракта үч эмес, эки гана тарап калды", - деп белгилейт ирандык журналист.

"Хүман райтс уотч" (HRW) укук коргоо уюму ирактык аскерлер Мосулда жоочулардын үй-бүлөсүнө ырайымсыз мамиле жасаганын ырастаган видеотасмалар бар экенин билдирди.

11-июлда Мосулду бошотуу мезгилинде гуманитардык укуктар бузулганы тууралуу Amnesty International укук коргоо уюму да маалымдаган.

АКШ президенти Доналд Трамп Иракты “Мосулдагы жеңиши” менен куттуктады. Кошмо Штаттар баштаган эл аралык коалиция болсо жоочуларга каршы жалпы “согуш аяктады деп айтууга али эрте” экенин эскертти.

Кытай дагы эл аралык коалициянын террорчуларга каршы кызматташтыгын кубаттап, расмий Багдадга колдоо билдирген.

"ИМ" тобунун жоочулары Мосулду 2014-жылдын июнунда басып алышкан, шаарды бошотуу операциясы өткөн жылдын октябрь айында башталып, дээрлик тогуз айга созулду. Улуттар Уюмунун эсебинде, бул шаарды калыбына келтирүүгө кеминде эле миллиард доллар каражат жумшалышы керек.

"Халифаттын" күүгүмү, Түркиядагы бөлүнүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:01 0:00

Эл аралык коалициянын маалыматына караганда, “Ислам мамлекети” радикал тобунун чордону саналган калаа – Сириянын Ракка шаары дагы жакын арада бошотулат.

Жакынкы Чыгышка абай салган адистердин баамында, муну менен “Ислам мамлекетинин” мизи толук майтарылды деп айтууга али эрте.

Британиянын Брэдфорд университетинин профессору Пол Рожерс “Ислам мамлекети Ирак менен Сирияда узакка созулчу партизандык согушка өтүп жана аны менен бирге глобалдык тармагын андан ары кеңейтип жатканынын белгилери байкалууда” деп билдирди.

Ал эми ирандык журналист Мостоуфинин баамында, эки жыл ичинде жоочулардын акча булагы азайып, ушул тапта исламга жамынган жоочулардын “абалы өтө начар”.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин өлүү-тирүүсү алигиче так белгисиз. 46 жаштагы Багдади 2014-жылы Мосулдун ан-Нури мечитинде туруп “халифат” жарыялагандан бери коомчулукка көрүнө элек.

22-июнда Москва "жоочулардын лидери ал-Багдади орусиялык күчтөрдүн аба соккусунан өлдү" деп билдирген. ​29-июнда Ирандын жаңылыктар агенттиги дагы Багдадинин “өлгөнү анык” деген кабар тараткан. Мындай маалыматты 10-июлда Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория дагы бышыктаган. Пентагондун өкүлдөрү болсо Багдадинин өлтүрүлгөнүн тастыктаган маалымат азырынча жоктугун билдиришти.

Кытайда таанымал диссидент абакта дүйнө салды

13-июлда Кытайда Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси, диссидент, укук коргоочу Лю Сяобо камакта каза тапты. Ал түрмөдөн катуу кайтарылган ооруканага которулганына бир ай болгон.

61 жаштагы Лю Сяобо боор рагы өтүшүп кеткенден улам каза болгонун оорукана жайгашкан Шеньян шаарынын бийлиги кабарлады. Маалыматка караганда, укук коргоочу үч күн мурун реанимация бөлүмүнө которулган.

2009-жылы Кытай бийликтери укук коргоочуну «мамлекеттик түзүлүшкө шек келтиргени» үчүн 11 жылга эркинен ажыраткан. Буга Сяобонун «Хартия-08» деп аталган манифестти жазууга катышканы себеп болгон. Документте Кытайда адамдын өзөккү укуктарын коргоого жана саясий системаны демократиялаштырып реформалоого чакырык жасалган.

Сяобонун полициянын тыкыр көзөмөлүнө алынган, үй камагындагы аялы Лю Ся күйөөсүнүн ичээр суусу түгөнүп баратканын айта алган эмес. «Операция жасата албайт, радиотерапия жана химия терапия ала албайт» деп досуна жиберген кыска видеосу укук коргоочу дүйнөдөн өткөндөн кийин интернетке тарады.

Андан бери көзү өткөн диссиденттин жесири менен башка жакындары байланыша албай жатышканы кабарланды.

Укук коргоочулар менен эл аралык коомчулук расмий Бээжинге кайрылып, маркумдун жесири менен абакта жаткан агасына Кытайдан чыгып кетүүгө уруксат берүүгө чакырышты. Батыштык дипломаттардын аларды бошотуу аракетинен майнап чыгабы-жокпу, азырынча беймаалым.

Ля Ся 2010-жылы күйөөсүнө Нобел Тынчтык сыйлыгы ыйгарылгандан кийин үй камагына алынган. Ага абактагы күйөөсү менен айына бир жолудан көрүшүүгө гана уруксат беришкен.

Июлдун башында кытай бийликтери америкалык жана немис дарыгерлерине диссиденттин абалын көрүүгө уруксат берген. Дарыгерлер аны чукул арада чет мамлекетке чыгарып, дарылоо зарылдыгын айтышкан.

Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси абакта көз жумгандан кийин Бээжиндин дарегине бир топ сын айтылды.

Абактагы диссидентке Нобел сыйлыгынын ыйгарылышы кытай бийликтеринин кыжырын келтирген. Эл аралык аренада Лю Сяобонун аты таанымал абийир туткундары Нелсон Мандела, Аун Сан Су Чи менен катар айтыла баштаган.

1989-жылга чейин университеттин профессору Лю Сяобонун жашоосу бакубат өтүп, тышка эркин кирип чыкканга жарактуу паспорттун ээси болгон. Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтындагы кандуу окуяда Нью-Йорктогу Колумбия университетинде жүргөн жеринен нааразылыкка чыккан студенттерди колдоо үчүн мекенине кайтып барган. Андан соң илимпоздук ишмердигин токтотуп, демократиялык күрөшкө аттанган. Кытайдан чыгып кетүүдөн баш тартып, бир нече ирет абакка түшкөн. Адвокаттарынын айтымында, өмүрүнүн акыркы ирмеминде дагы өз күнөөсүн мойнуна алса эркиндик берилет деген сунушка ал макул болгон эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG