Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Тузактан буйтагандардын тутулушу


Транспорт министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаевди кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Транспорт министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаевди кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев 10 миң доллар пара бергени үчүн кармалды.

Аны менен бирге бул ишке катышы бар деген негизде министрликке караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритин көзөмөлдөө агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов да камакка алынып, тергөө абагына киргизилди. Алар сотко чейинки өндүрүшкө мурда катталган кылмыш ишин токтотуу максатында пара берип жатканда колго түшкөнү УКМК тараткан учкай маалыматта көрсөтүлгөн.

Бул эки жетекчиге мурда да кылмыш иши козголуп, мурдагы кызматтарынан айдалып, бирок кийин алардын иши кыскартылып, 2018-жылы министрликтин жетекчилик кызматтарына көтөрүлгөнү белгилүү болду.

УКМК тарабынан удаа кармалган эки жетекчи

Өткөн жуманын соңунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаевди кызматкерлерге 10 миң доллар пара берүү учурунда кармап, камакка алганы жарыяланды.

Ал ага чейин өзүнө байланышкан сотко чейинки өндүрүшкө катталган ишти жабуу үчүн пара сунуштаганы көрсөтүлгөн. Аны менен бирге бул ишке Салмак-габаритти көзөмөлдөө агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратовдун да тиешеси бар экени аныкталып, колго түшүрүлгөн. Бул эки жетекчи жогорудагы кылмыш ишинде фигурант катары өтүп жатканы учкай маалыматта белгиленген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов ишти жабуу үчүн пара сунуштаган жетекчилерди тергөө аяктаганга чейин камакта кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалганын билдирди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

"Такталгандай, министрдин орун басары УКМК кызматкерлерине мурда сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталып, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында 10 миң доллар өлчөмүндө пара берген. Ал калганын кийин берүүгө убада берген. Ошол эле күнү, автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин башчысынын дагы пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталды. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүмү (Пара берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандарга карата сот эки айга чейин камакта кармоо бөгөт чарасы тандап, алар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат".

Ошол эле кезде мурдагы транспорт жана жолдор министри Аргынбек Малабаев жогоруда аталган эки жетекчиге карата министрликтин кызматтык иликтөөсүндө табылган материалдар атайын кызматка өткөрүлүп берилип, анын негизинде 2015-жылы эле кылмыш иши козголгонун эске салды.

Ал кезде Жеңишбек Ногойбаев министрликке караштуу Бишкектеги "Батыш" автобекетинин жетекчиси болсо, Анарбек Бекмуратов мына ошол кезде дагы министрликтин автоунаа жана суу транспорту, салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин башчысы болуп турган.

Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясынын чечими менен 2015-жылы бул эки жетекчи ээлеген кызматтарынан бошотулуп, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бирок ал иштер кыскартылып, Анарбек Бекмуратов 2017-жылы мурдагы кызматына кайра келсе, Жеңишбек Ногойбаев 2018-жылы министрдин орун басарлыгына дайындалган.

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Аргынбек Малабаев ал жетекчилер мамлекеттик кызматка көлөкө түшүргөнүнө карабастан кайрадан кызматка алынганын айтып, муну министрликтеги бирин-бири калкалап келген амалкөй аракет катары сыпаттады:

Аргынбек Малабаев.
Аргынбек Малабаев.

"Мен министр болуп турганда беш жыл мурда ал экөөнү тең кызматтан алгам. Бирок мен министрликтен кеткенде, кандайдыр бир жолдор менен алар кайра кызматка келип алышыптыр. Анткени кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча материалдардын бардыгын УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берип, анан Бекмуратовго каршы кылмыш иши козголгон болчу. Анан анын ал кылмыш иши кыскарып кетип, ал кайра кызматка келип калганына түшүнбөй калгам. Бул экөө тең Жамшитбек Калилов министр болуп турганда кайра кызматка келишти. Анткени булардын бардыгы бир командада. Ошондуктан Калилов Жеңишбек Ногойбаевди министрдин орун басарлыгына, ал эми Анарбек Бекмуратовду мурдагы кызматына кайрадан алып келди. Министрликтин коллегиясынын чечими менен 17 адамды кызматынан кетирген болчубуз. Бирок мен кеткен соң алардын бардыгын кайра алып келип алышкан. Алар кийин мени шылдыңдап күлүп жүрүштү. Көрсө, Транспорт министрлигинде "мына ошондой система" бар экен. Алар келип-кетип эле, револьвердин барабанындай болуп айланып жүрө беришет экен. Кыргызда "үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" деген жакшы макал бар. Мына акыры, кандай болгон учурда дагы ууру баары бир кармалат да".

Калилов "калкалаган" деген дооматты жокко чыгарды

Анткен менен мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов "Анарбек Бекмуратов менен Жеңишбек Ногойбаевди мурдагы кыңыр ишине карабастан жетекчилик кызматка алып келген" деген негизде анын дарегине айтылган дооматты четке какты.

Жамшитбек Калилов министр болуп турганда ал эки адамды жетекчилик кызматтарга көрсөтүү учурунда аларга каршы кандайдыр бир материалдар болбогонун жүйө келтирди. Ошондой эле Анарбек Бекмуратов менен Жеңишбек Ногойбаев анын кадрлары эмес экенин айткан мурдагы министр бул адамдар ошол кездеги өкмөт башчысынын буйругу менен жетекчилик кызматтарга коюлганын мисал келтирди. Өкмөт тууралуу мыйзамга ылайык, министрлердин орун басарлары жана тиешелүү агенттиктердин жетекчилери министрдин сунуштамасы жана премьер-министрдин буйругу менен дайындалат.

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Малабаевдин ага карата дооматына төмөндөгүдөй жооп кайтарды:

Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

"Малабаев азыр эми жашынып алып, "андай-мындай" деп жатканы кызык. Ал эмне үчүн анда мына ошол кезде эле ачык айтып чыкпайт. Эмнеге буга чейин унчукпай жүргөн. Бул бир. Экинчиден, мындай деңгээлдеги жетекчилерди министр кызматка дайындабайт. Бул кызматтарга жетекчилерди дайындоо өкмөттүн ыйгарым укугундагы маселе. Анан мен иштеп турганда мына ошол салмак-габарит агенттигиндеги коррупциялык тобокелдиктер орун алган жерлердеги адам факторун азайтуу үчүн, биринчи жолу тармакта автоматташтыруу жана электрондук төлөм жүргүзүү боюнча чараларды көргөнбүз. Мына ошондой иштер аткарылып жаткан. Анан эми алар колго түшүп жатат. Колго түшкөндөрдү тергей турган органдар бар. Аларга Малабаевдин учурунда чынында эле кылмыш иштери козголгон болсо, анда иштин жыйынтыгы чыгышы керек эле. Анан ал азыр кандай ойдо айтып жатканын билбейм. Ал биринчи өзүн карап анан, башкаларга доомат коюшу керек".

Буга чейин транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусабалиев 2018-жылы чет элдик компаниядан 520 миң доллар пара талап кылып, туугандары аркылуу анын 120 миң долларын алып, кийин дагы 50 миң доллар алып жатканда кармалганы жарыяланган. Сот аны башында 14 жылга эркинен ажыратып, кийин Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтү эки жылга кыскартылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG