Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:54

Кыргыз өкмөтү ири жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча чехиялык Liglass Trading компаниясы менен түзгөн келишимди бир тараптуу токтотту.

Аталган компания келишимдеги милдеттерди эмне үчүн аткара алган жок? Чамасы чак ишкана менен мамиле түзүүгө кыргыз өкмөтү эмне үчүн кызыкдар болгон? Жокко чыккан келишим үчүн жоопкерчиликти ким алат?

“Арай көз чарай” талкуусуна экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жана коомдук ишмер Эдил Байсалов катышты.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, көптөн бери коомдо талкуу жаратып келаткан чехиялык Liglass Trading компаниясы Жогорку Нарын каскадын жана бир нече кичи ГЭСтерди куруу боюнча кыргыз өкмөтү менен келишимди эмне үчүн аткара алган жок деп ойлойсуз?

Жумакадыр Акенеев: Адегенде алардын акчасы жоктугу белгилүү болду. Эгер алардын каражаты болуп, Кыргызстандын 37 миллион доллар карызын убагында төлөп койгондо эч маселе чыкмак эмес, башка уюштуруу иштерин жасай бермек. Бул жерде тендердик комиссия убагында алардын акчасы бар-жогун такташы керек болчу.

Анын үстүнө документтерин карап көрсөм 1 миллион доллар күрөө коюш керек, анан дагы 200 миң сомдун тегерегинде документтерди сатып алыш керек экен. Ошондуктан келишим түзгөндө тажрыйбасынан да сырткары, биринчи кезекте акчасы барбы деген суроого жооп табыш керек болчу.

“Азаттык”: Эдил мырза, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Экономика министрлигине аталган чех компаниясы менен мамиле курууга болбойт деп эскерткенине карабай документке кол коюлуп калышынын себеби кайда?

Журналисттер ГЭСтерди курчу чех компаниясын иликтей баштады

Кыргызстанда ГЭСтерди кура турган чех компаниясын прагалык журналисттер иликтей баштады.

Эдил Байсалов: Бул окуя улутубузду, мамлекетибизди уят кылып, шерменде боло турган факты болуп калды. Орусия, Кытай, Казакстанды айтпай эле коёлу, кошуна Тажикстан килейген Рогун ГЭСин өздөрү эле куруп жатат. Тажиктер эл аралык коомчулукка, каржы институттарына кайрылып, 500 миллион доллар сурап жатышат, 3 миллиард доллар берейин деген банктар чыгууда.

Бизде эмне үчүн жумушчу орундар түзүлбөй жатат? Эмне үчүн өндүрүш өнүкпөйт? Эмне үчүн бизге инвестиция келбейт? Айнек-шурулардан башканы чыгарбаган компания кантип ГЭС салат? Орто-Токой, Папан, Киров, Базар-Коргондогу, Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосундагы сууларды аларга берип салып отурбайбызбы. Көчөдө жүргөн шылуундарга он чакан ГЭСти тапшырып берип жатабыз.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, Кыргызстан орусиялык “РусГидро” ишканасына 37 миллион доллар карызын чех компаниясы төлөй албай калды. Ал акчаны Кыргызстан эми кайдан, кимдин эсебинен төлөп бериш керек? “РусГидро” эл аралык сотко берүүнү көздөп жатат, кыргыз өкмөтү соттон утуп чыгышына канчалык ишеним бар?

Жумакадыр Акенеев: Эмне үчүн ушул ГЭСтер чех компаниясына берилди? Анткени алар орустарга бере турган 37 миллион доллар карызды төлөп бермек. Эми ал акча тууралуу бир пикир жок, так бир эсеп жок, орустар бирди айтат, Жогорку Кеңештин депутаттары түзгөн комиссия башка сумманы айтып жатат.

Шыкмаматов: Орусия доолаган карызын алат

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча денонсацияланган кыргыз-орус келишиминдеги карыз боюнча орус тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. "Азаттык" 37 млн доллар боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовду кепке тартты.

Дагы бир маселе, чех президенти тарабынан ал компания жөнүндө оозеки жакшы пикирин билдирип койгону да келишимге таасирин тийгизген. Кыргызстан үчүн эң чоң маселе 37 миллион долларды ким төлөйт болчу. Орустар менен келишимдин токтоп калышына өздөрүндөгү эл аралык санкцияга байланышкан жагдайлар да себеп болду. “РусГидрону” банкрот компания дешип, жетекчиси Дотко кылмыш иши козголбодубу.

“Азаттык”: Эдил мырза, демейде экономикалык долбоорлорду өкмөт карайт эмеспи. Эмне үчүн бул ишке чех жана кыргыз президенттери, алардын аппараттары демилгечи, кызыкдар болгон деп ойлойсуз?

Эдил Байсалов: Биздин акыркы жети жылдагы тышкы саясатыбызды азыркы премьер-министр Сапар Исаков тейлеп келатат. “РусГидрону” тапкан да ошол, келишимдин суммасын 300 миллиондон 800 миллионго чыгарган да ошол, анан кайра бир күндө денонсация кылган да ошол. Эми Liglass Trading компаниясы менен келишимди президенттикке талапкер Соорнбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда жактырып, 7-июлда кол коюп берген. 10-июлда президент Атамбаевдин катышуусунда келишимге кол коюлду.

Чех компаниясынын дараметин билгенден кийин биз дароо Сооронбай Жээнбековго кайрылып, бардык фактыларды, далилдерди келтирип кат жазып, тезинен бул көчөдө жүргөн компания менен келишимди токтотуңуз деп кайрылганбыз. Убагында өкмөт тараптан эч жооп болгон жок.

Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG