Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:08

Күтүүсүз кырсык Нуржигитти төшөккө байлады


Нуржигит Бердикул уулу.

Москвада курулушта кулап, оор залакат алган кыргызстандык мигрант дарыланууга муктаж.

26 жаштагы Нуржигит Бердикул уулу Москвадагы курулуштардын биринде иштеп жаткан. 17-майда адаттагыдай эле жумушка барып, үчүнчү кабаттан кулап кеткен. Жамбаш сөөктөрү менен буту сынган мигрант андан бери Н.В. Склифосовский атындагы ооруканада жатат.

- Бутума операция жасалды. Бутум беш жеринен жана жамбаш сөөктөр сынган. Башында бир нече операция жасалат дешкен. Эми сыныктар өзү бүтөт деп жатышат. Ооруканада дагы канча жатаарым белгисиз.

Москвага жакында эле келген мигрант курулушка иштегенине он күнгө жетпей кырсыктаган, жумуш берүүчү компания менен эмгек келишими да түзүлгөн эмес.

Жабыр тарткан мигранттын келинчеги Айлира жумуш берүүчү жоопкерчиликтен качып, ар кыл амалды ойлоп тапканын айтып берди:

- Орусияга жакында эле келгенбиз, үч балабыз бар. Мен кичүү балам менен үйдө отурам. Күйөөм жумушка жакында эле чыккан. Курулуштан кулаганын чогуу иштегендер көргөн. Дароо Тез жардам чакырып, жетекчилери келишкен. Ошол жерде эле полиция келет деп жумушчуларды таркатып жиберишкен. Анан Тез жардам келгенде, аларга акча берип, курулуштун дарегин жашырышкан. "Бардык жагынан жардам беребиз" дешкен. Эми болсо байланышка чыкпай жатышат. Күйөөм бери дегенде дагы жарым жылдай төшөктө жатат экен. Бул жакта биз бекер дарыланган жокпуз.

Москвадагы "Китай город" метросунда беш кабаттуу имаратты кыргызстандык мигранттар оңдогон. Алардын бригадири Шакир кырсык иште болгонун тастыктайт.

- Компаниянын аты "Регион-Строй-Инвест". Директору Антон Павлович деген адам, фамилиясын билбейм. Нуржигит үчүнчү кабаттан кулаганда мен иште болчумун. Башында жардам берүүгө убада кылып, эми кандай себептен баш тартып жатканын билбейм.

Курулуш компаниясы менен байланышканыбызда директор чет өлкөгө иш сапарга кеткени, бул окуя боюнча жетекчи келмейин маалымат берилбесин айтышты.

"Камсыздандыруу көйгөйдү чечмек"

Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чет жакта кырсыктагандарга көмөк көрсөтүү үчүн мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу демилгесин бир топтон бери көтөрүп келишет.

Мындай учурда Кыргызстандан чет өлкөгө ишке чыгып бараткан жаран өмүрүн камсыздандырууга өкмөт тарабынан милдеттендирилиши керек.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Москвадагы коомдук ишмер Толкунбай Акматов жарандардын өмүрүн камсыздандыруучу атайын өкмөттүк фонд түзүү менен чет жакта кырсыктап, ден соолугу жабыркаган мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көмөк көрсөтүүгө болорун белгилейт.

- Мигранттардын атынан демилге көтөрүп, кат жөнөткөнбүз. Долбоор иштелип чыкты, жакында Жогорку Кеңеште каралат деген. Эми алар ЖЭБ, тигил-бул деп өздөрүнүн иштерин чече албай жатышат окшойт. Биз камсыздандыруучу бир нече компаниялар менен сүйлөшүп, маалымат алдык. Бул жеке компаниялар деле адам өмүрүнөн бизнес кылышат экен. Ошон үчүн Кыргызстанда, кыргыз өкмөтүнүн камсыздандыруучу ишканасы болобу же атайын мигранттардын фонду болобу, ошонун негизинде ачылса туура го деген ойго келдик. Четке чыгып бараткан мигрант вокзал, аэропортто атайын терминалга төлөм салып, өмүрүн камсыздап чыкса, анан чет жакта кокустап калса, бир базадан карап дароо көмөк көрсөтүлсө деген эле үмүт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары Самат Токтоболотов учурда тийиштүү долбоор даярдалып жатканын, күзүндө Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн билдирди.

- Азыр бир нече сунуштар каралып жатат. Мамлекеттик камсыздандыруучу уюм аркылуу жана Кыргызстандагы камсыздандыруучу ишканалар менен бирдикте бул ишти алып баруу шарттары каралып жатат. Ошондой эле камсыздандыруучу төлөмдөрдү иштеп чыгуу керек. Муну алдыдагы эки-үч айда толук иштеп чыгып, күзүндө Жогорку Кеңешке кароого киргизебиз.

16-майдан тарта кыргыз өкмөтү атайын кабыл алынган токтомдун негизинде чет жакта каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жеткирүүгө 50 миң сомдон бөлөт. Бул чет жактагы мигранттарды түйшөлтүп келген "жүк 200" көйгөйүн бир кыйла жеңилдетет. Бирок өкмөттөн чет жерде кырсыкка кабылган, ооруп же жараат алып, дарыланууга муктаж болгон мигранттарга көмөк каралган эмес.

Ал эми Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга медициналык камсыздандыруу каралган. Бирок федералдык ооруканаларда Орусияда жумушка расмий кабыл алынып, тийиштүү салыктарды төлөп, миграциялык документтери жайында мигранттар гана бир катар жеңилдиктер менен дарылана алышат.

"Азаттыктын" архиви: Мигрант өмүрүнө ким кам көрөт? 15-февраль, 2018-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG