Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:17

Исфайрамдын суусу айран


Үч-Коргон айылынын кире бериши. (Архивдик сүрөт)

Ала-Тоонун тажиктери мекендеген төрт кылымдык тарыхы бар Үч-Коргон айылынын баяны.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаратылышы кооз Исфайрам дарыясынын өйүз-бүйүзүнөн орун алган Үч-Коргон айылынын төрт кылымга жакын тарыхы барын аалымдар изилдеп, көптөгөн илимий-этнографиялык эмгектерди жазышкан.

Изилдөөчүлөрдүн ошол маалыматтарына караганда, бул айылдын жаратылышынын кооздугу өз доорунда Кокон хандыгынын назарын буруп, абдан суктандырган экен.

Акыркы хан Худаяр айылды аралап буркан-шаркан аккан Исфайрам дарыясынын жээгине өзү үчүн атайын жай курдуруп, кез-кезде үй-бүлөсү менен келип, эс алып турган дешет.

Коңшулаш Фергананын түндүк-чыгыш тарабынан 25 чакырымдай аралыкта жайгашкан Үч-Коргондун ортосунан агып өткөн Исфайрам дарыясынын жээгинде жайкалып өскөн түрдүү-түмөн дарактар, сайдагы күнгө чагылышкан акак таштар айылдын ажарын ачып, кооздугу көздүн жоосун алат. Чоң-Алай тараптагы бийик тоолордун мөңгүлөрүнөн сызылып түшүп пайда болгон дарыянын жай мезгилиндеги «мүнөзү» өзгөрүп турганын бул жердин тургундары айтып калышат.

Айрыкча күндүн табы аябай кызыган маалда башаттагы калың кар, муздар эрип, түш оогондон кийин жээгинен ашып кетчүдөй күрпүлдөп азоолонот. 1966-жылы баш жагындагы 40 гектардан ашуун аянтты каптаган Жашыл-Көл мөңгүлөр өтө эле көп эрип кеткендиктен, дарыянын мурда болуп көрбөгөн даражада азоолонгон «азилин» бул аймакта жашагандар азыркыга чейин эстеп келишет.

Ошондо дарыянын бул «азили» Үч-Коргон менен Фергана облусунун чарбачылыктарына абдан чоң зыян келтириптир. Бирок, канткен менен үчкоргондуктар үчүн бул дарыя кан-жанына барабар болгон баа жеткис байлык. Ошондон улам алар «Исфайрам, Исфайрам, Исфайрамдын суусу айран» деп ырга айлантып, ичкен сайын шириндигине тамшанып келишет.

Фольклордук кол жазмалардын биринде бул аймакта илгери «Иса-Марьян» деген чоң кыштак болгону баяндалат. Көрсө, «Иса-Мариян» - бул азыркы Исфайрам дарыясынын алгачкы аталышы экен. Кийинчерээк бул эки сөз биригип, Исфайрам аталып калыптыр. Ал эми «Иса-Марьян» болсо «Иисус жана ыйык Мария» деген сөздөн пайда болгон деп айтылат изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде.

Айылдын Үч-Коргон деп аталышынын да өзүнчө тарыхы бар. XVII кылымдын аяк ченинде Исфайрам дарыясынын өйүз-бүйүзүндө үч бийик коргон тургузулуп, алардын сол жээктегиси каратеиттик кыргыздарга, оң жээктегиси наймандарга, үчүнчүсү туяластарга таандык болгон. Бул коргондор алыскы жайлоолорго мал айдап бараткан учурларда убактылуу тыным алуучу ыңгайлуу жай катары кызмат өтөгөн. Ошол коргондордон улам бул жер Үч-Коргон деп аталып калыптыр.

Изилдөөчүлөрдүн тарыхый маалыматтарында тажиктер Үч-Коргонго XVII кылымдын биринчи жарымында Тажикстандын Куляб, Кара-Тегин өрөөндөрүнөн, Өзбекстандын Самаркандынан ооп келишкени айтылат. XIX кылымдын башында бул айыл ири соода борборуна айланып, Самаркан, Кокон, Маргалаң, Кашкар, Кабул, Кара-Тегин, Хисар, Куляб ж.б. тараптарга ушул айыл аркылуу чубалжыган кербендер байма-бай өтүп турган.

Ала-Тоонун мына ушундай ары ажайып, ары даңазалуу жерин мекендеген тажиктерди дыйканчылыктын, мөмө-жемиштен мол түшүм алуунун, малды бордоп багуунун сырларын жакшы өздөштүргөн мээнеткеч элдердин бири десе болот. Короо-жайларын кооздоого, тамаркаларындагы алакандай жер болсо да бош калтырбай пайдаланууга, көчө-көйлөрүн иреттеп таза кармоого, мөмөлүү дарактарды билгичтик менен өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурганы байкалат.

Той-тамашаларын ж.б. мааракелерин шаңдуу, кызыктуу өткөрүшөт, бирок, алардын деле ысырапкерчиликке, бири-бири менен атаандашуу чыгымдарына көбүрөөк жол берген учурлар кездешип жүрөт. Ошол эле учурда үй-бүлөдөгү, жоро-жолдошчулуктагы, кошуналыктагы, тууганчылыктагы урмат-сыйды, уул-кыздар менен күйөө-келиндерди тарбиялоодогу пайдалуу өзгөчөлүктөрдү бул элден көбүрөөк жолуктурууга болот.

Үчкоргондук тажиктер бешене тер төгүп эмгектенгенди да, эмгегине жараша чер жазып эс алганды да билишет. Исфайрам дарыясынын жээктерине каз-катар курулган ашкана-чайканаларында убак-убагы менен палоо басканды, көк чайды эрежеси менен демдеп ичкенди, өткөн-кеткенден кеп салып салкындап жатканды, кекилик менен бөдөмөнүн сайраган үнүн угуп отурганды адатка айландырган.

Кадим замандардан бери ушул жерди байырлап жашап келаткан бул тажиктердин арасынан Тажикстандын союз доорундагы Министрлер Советинин төрагасы Мамадали Курбанов, илгерки Үч-Коргон районунун аткаруу комитетинин төрагасы Каримжан Бобоев, Кыргыз Республикасынын илгерки Турмуш-тиричилик жактан тейлөө министрлигин жана республиканын материалдык-техникалык жактан жабдуу боюнча мамлекеттик комитетин бир нече жылдар бою жетектеген Хасанжан Дадабаев, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин үч жолку чакырылышына депутат болуп шайланган Бибихан Сулайманова, медицина илимдеринин докторлору Абдухалим Раимжанов, Толкун Мураталиев, Марат Дадабаев сыяктуу белгилүү инсандар чыккан.

Тажик-Кыштак деген бир эле айылдан жыйырмадан ашуун илимпоздор өсүп чыгышканы бул элдин сабаттуулукка, илим-билимге өзгөчө маани бере турганын айгинелейт. Ал эми Ала-Бука районунда туулуп-өскөн Раба Абдысаматова жогорку партиялык мектепте окуган, убагында Кыргызстан КП БКнын үгүт жана насыят бөлүмүн жетектеген, мамлекетке жандили менен кызмат өтөгөн тажик аялдардын бири болгон.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт!)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG