Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Свердлоу: Жарандык коомду басмырлабаш керек


Борбор Азия боюнча укук коргоочу Стив Свердлоу.
Борбор Азия боюнча укук коргоочу Стив Свердлоу.

Борбор Азия боюнча укук коргоочу Стив Свердлоу «Азаттык» менен болгон маегинде Жогорку Кеңештин депутаты коомдук талкууга сунуш кылган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, коррупцияга каршы чыгып жаткан жарандык коомдун үнүн басууга шарт түзөт деген пикирин айтты.

«Азаттык»: - Стив мырза, өкмөттүк эмес уюмдарды кирешеси жана чыгашасы боюнча маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул өкмөттүк эмес уюмдардын ишине кандай кедергисин тийгизиши мүмкүн?

Стив Свердлоу: - Бул мыйзам долбоору укук коргоочуларды тынчсыздандырып жатат. Анткени мындай мыйзам Орусияда бар жана Кыргызстанда да 2015-2016-жылдары «чет элдик агенттер жөнүндө» мыйзамды өткөрүү аракети болгон.

Бул мыйзам долбоорунун кайра сунушталышы акыр-аягы коммерциялык эмес уюмдарды «чет элдик агенттердин» тизмесине киргизет деген кооптонууну туудурат. Ошондой эле бул мыйзам долбоору өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоо булактары, алардын кирешеси-чыгашасы, кызматкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматты тийиштүү мекемелерге каалагандай колдонууга жол берет.

«Азаттык»: - Эмне себептен бул маселе ушул тапта кайра көтөрүлүп жатат деп ойлойсуз?

Стив Свердлоу: - Учурда Кыргызстанда коррупция маселесин көтөргөн, бийликке ыңгайсыз суроолорду берген жарандык коомдун жандуу мүчөлөрүнө басым болуп жатканын байкап жатабыз.

Мисал катары «Үмүт - 2020» кыймылынын мүчөлөрүнө, Нурбек Токтакуновго болгон басымды, Сыргак Кенжебаевдин айланасындагы окуяны айта кетсек болот. Мына ушундай учурда эмнеге бул мыйзам долбоору азыр сунушталып жатат деген суроо көтөрүлбөй койбойт. Бул мыйзам долбоору бир нече жыл мурда өтпөй калган. Ошого карабай азыр кайра сунушталып жатканы суроо жаратат. Жарандык коомдун эч коркпостон өз оюн эркин айтып жатышы бийлик менен Жогорку Кеңешке кооптонуу жараткандай. Ошол себептен кыргыз бийлиги да Орусияны туурап, өкмөттүк эмес уюмдардын ишине кийлигишүүнү туура көргөн сыяктанат.

«Азаттык»: - Айрым укук коргоочулар «бул Орусияда кабыл алынган мыйзамдын толук эле көчүрмөсү» деп жатышат. Бийлик түз болбосо да, каржылык жагынан өкмөттүк эмес уюмдарды көзөмөлгө алууну көздөп жатабы?

Жарандык коомдун эч коркпостон өз оюн эркин айтып жатышы бийлик менен Жогорку Кеңешке кооптонуу жараткандай. Ошол себептен кыргыз бийлиги да Орусияны туурап, өкмөттүк эмес уюмдардын ишине кийлигишүүнү туура көргөн сыяктанат.


Стив Свердлоу: - Чынында эле Орусияда кабыл алынган мыйзамдын кесепеттери абдан начар эле болуп жатат.

Алгач бир топ уюмдар «чет элдик агенттердин реестрине» киргизилген. Кийин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук-саясий абал тууралуу материалдарды тараткан же ошондой материалдарды даярдоого катышкан, ошондой эле чет өлкөдөгү орусиялык юридикалык тараптардан акча же мүлк алган, башка мамлекеттердин каржы булактарынан каржыланган жеке тараптар, башкача айтканда журналисттер, блогерлер «чет өлкөлүк агент» болуп тааныла баштады.

Кыргызстанда бул мыйзам долбоорунун сунушталышы - башталышы гана. Кыргызстан аймактагы башка мамлекеттердин катарында, дегеле постсоветтик өлкөлөрдүн арасында өзүнүн күчтүү жарандык коому менен айырмаланып келет. Ошондуктан ачык коомду басмырлабай, тескерисинче колдош керек.

«Азаттык»: - Кокус бул мыйзам кабыл алынып калса сиз айткандай чөлкөмдөгү салыштырмалуу демократиялуу деген Кыргызстандын аброюна доо кетиши мүмкүнбү?

Стив Свердлоу: - Сөзсүз. Кыргызстанда учурда коррупцияны ооздуктоо боюнча жүрүп жаткан талкуулар абдан маанилүү. Мындай жагдайда жарандык коомдун үнү адаттагыдай эле катуу чыгып, анын өкүлдөрү демократиянын өнүгүшүнө татыктуу салым кошуп жатышат.

Бирок кырдаал жөнөкөй эмес экенин баса белгилей кетишибиз керек. Феминисттик кыймылдардын активисттерине басым болуп жатат, айтып өткөндөй эле коррупцияга каршы кыймылдарга катышкан жарандарга иш ачылып жатат, ушул күнгө чейин укук коргоочу Азимжан Аскаров түрмөдө жатат.

Демек, Кыргызстан чече турган маселелер абдан көп. Анын үстүнө эгер ушундай мыйзам кабыл алынса бул маселени дагы тереңдетет. Азыр тескерисинче жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын үнүн угуп, өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалга көмөк көрсөтүп жаткан уюмдарды колдош керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG