Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

БУУдагы талкуу: Өкмөт сындаган, эксперттер мактаган Балдар кодекси


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Балдар укугу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Кыргызстанда Балдар кодексинин жаңы редакциясы сапатынын начардыгынан жана эл аралык стандарттарга жооп бербегендигинен улам кабыл алынбай жатканын айтып, сынга кабылды.

Балдар кодексинин авторлору жана укук коргоочулар Балдар омбудсменинин сөзүн четке кагып, тескерисинче акыркы кодексте балдар укугу мыкты корголгонун айтышууда.

"Кодекстин мүчүлүштүктөрү"

Кыргызстандын расмий делегациясы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар укуктары боюнча комитетинин кезектеги жыйынына катышып, бул багытта өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Швейцариянын Женева шаарында өткөн жыйынга балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева баштаган делегация катышты.

Чынбаева өз сөзүндө Кыргызстанда балдардын кызыкчалыктарын коргоо, сот адилеттиги принциптерин киргизүү, баланы басмырлоого жол бербөө, анын үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга болгон укугун, билим алуу, квалификациялуу медициналык жардамга жетүү укугун камсыз кылуу, баланы жалдап иштетүүгө жол бербөө боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Асел Чынбаева Кыргызстанда Балдар кодексинин жаңы редакциясы сапатынын начардыгынан жана эл аралык стандарттарга жооп бербегендигинен улам кабыл алынбай жатканын айтты:

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева.
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева.

"Кодекстин долбоору сапатынын төмөндүгүнөн жана эл аралык нормаларга каршы келген, бири-бирин кайталаган беренелерден улам кабыл алынган жок.

Мисалы, Кодекс долбоорунда "карыз зынданы", "крепосттук көз карандылык" сыяктуу юридикалык терминологияга каршы келген жана эл аралык мыйзамдарда жолукпаган терминдер жүрөт. Кодекстин долбоорунда балдарды багуунун "альтернативдүү бейформал" деп аталган жаңы түрү сунушталган. Бул балдарды ата-энесинен башка адамдар, туугандары тарабынан бейрасмий багуу дегенди түшүндүрөт. Бирок мында баланы карап жаткан адамдардын, балдарды коргоо боюнча социалдык органдардын жоопкерчилигин, укуктарын тескеген жол-жоболор жок. Мындай мүчүлүштүктөр өтө эле узун. Ошондой эле Балдар Кодексинде өлкөдө 2021-жылы кабыл алынган жаңы Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр каралган эмес. Кодекстин 2014-жылдан бери иштелип жатканы да түрдүү талаштарды жаратат".

Асел Чынбаева Балдар кодексинин бул редакциясы Кыргызстанда "баланын укугуна коркунуч келтирет" деп белгилеп, анын кабыл алынбай жатышына ушулар себеп экенин билдирди.

"Балдар кодекси эл аралык талаптарга жооп берет"

Кыргызстандык делегация башчысынын бул сөзү ошол жерден эле талкуу жаратты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар укугу комитетинин төрага орун басары Велина Тодорова кодекстин долбоору өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине жооп берери тууралуу маалыматы бар экенин, "сапаты начар" деген жүйөнү угуп таң калып жатканын билдирди:

Велина Тодорова.
Велина Тодорова.

"Үч ай мурда биздин комитет Кыргызстанда Балдар кодекси таптакыр башка себептер менен кабыл алынбаганы тууралуу маалымат берилген. Бирок бүгүн биз сизден анын "сапаты начар болгону үчүн кабыл алынган жок" деген жүйө угуп отурабыз. Биздин эксперттер бул кодекстин долбоору эл аралык милдеттенмелерге жооп берерин айтышкан", - деди ал.

Велина Тодор Асел Чынбаевага Кыргызстанда ар бир баланын бардык укуктары корголгон Балдар кодекси жакын арада кабыл алынарына ишенерин кошумчалады.

Кыргызстандык балдар укугун коргоочулар да Балдар кодексинин сунушталган долбоору тескерисинче бардык жагдайлар эске алынган мыкты вариант экенин айтышууда.

"Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова азыркы долбоордо өзгөчө мигранттардын балдарынын укугун коргоо жакшыртылганын белгиледи.

Назгүл Турдубекова, балдар укугун коргоочу
Назгүл Турдубекова, балдар укугун коргоочу

"Тилекке каршы, Биздин Балдар омбудсмени Асел Чынбаева туура эмес билдирүү кылды. Тескерисинче, Кодекстин учурда сунушталып жаткан редакциясы өтө жакшы, ар тараптуу түзүлгөн документ. 2017-жылы ошол мезгилдеги Жогорку Кеңештин депутаттары миграциянын кесепетинен улам көбөйгөн балдардын көйгөйлөрүн чечүү маселесин кошуп, жаңы, мыкты долбоор даярдашкан. Анда мигрант ата-энелерге бала багуудагы кыйынчылыктарда көмөк көрсөтүүчү, оор абалда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам берүүчү кызматтарды түзүү сыяктуу механизмдер киргизилген. Чынбаева "карыз зынданы" ("долговая яма" - ред) деп туура эмес айтып алды. Эл аралык миграция уюмунун (МОТ) конвенциясында бул "долговая кабала" деп айтылат же "карыз үчүн баланы кулдукка берүүгө каршы" деп чечмеленет. Муну биздин өкүл сүйлөгөндөн кийин БУУнун Балдар укугун коргоо комитетинин төрагасынын орун басары да айтып кетти. Кыргызстандын жетекчилиги балдардын укугун мыктылап коргоо үчүн Балдар кодексинин дал ушул редакциясын кабыл алышы керек", -деди Назгүл Турдубекова.

Кыргызстанда Балдар Кодекси 2006-жылы кабыл алынган. Андан бери бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилип, акыркы жолу 2017-жылы 31-январда Жогорку Кеңештин тогуз депутатынын демилгеси менен Балдар Кодексинин жаңы редакциясын түзүү үчүн жаңы жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына депутаттардан тышкары мамлекеттик органдардан, ЮНИСЕФтен өкүлдөр, эксперттер кирген.

Балдар кодексинин долбоору бир топ талкуудан кийин Жогорку Кеңеште 2021-жылы 29-июлда кабыл алынган. Бирок үч айдан кийин президент Садыр Жапаров ага кол койбой, кайра парламентке кайтарган жана журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Кайтарсам, демек, кемчиликтери бар. Мен каршы эмесмин, тескерисинче, бул менен идеям болчу. Кайра иштеп чыгышар замат кол коем” деп айткан.

Долбоордун авторлору эгер ал кабыл алынса балдарды коргоо иштери жакшырарын, өлкө боюнча 770 социалдык кызматкерге маянага 2023-жылдан тартып 101 миллион сомдон төлөнүп турарын жана башка олуттуу иш-чаралар каралганын айтышкан.

Акыйкатчы институтунун маалыматында, былтыр укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздө экенин кабарлаган.

Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы 2 миллион 391 миң бала бар.

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгына айланат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG