Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Равшан Жээнбековдун жардамчысынын иши сотко жетти


27 жаштагы Айсулуу Кудайбердиева биринчи жолу атайын кызматка былтыр сентябрда суракка чакырылган.
27 жаштагы Айсулуу Кудайбердиева биринчи жолу атайын кызматка былтыр сентябрда суракка чакырылган.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы, жарандык активист Айсулуу Кудайбердиеванын ишин карай баштады. 14-февралда алгачкы сот отуруму болуп, кийинки жараян 1-мартка белгиленди.

Активист аны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатканын билдирди жана муну саясий куугунтук катары сыпаттады.

Атайын кызмат бул дооматтарга азырынча комментарий бере элек.

Былтыр Айсулуу Кудайбердиеванын үйү тинтүүгө алынып, бир канча жолу суракка чакырылган.


Активист Айсулуу Кудайбердиева ага кылмыш иши козголуп, анын сотко жетишин саясатчы Равшан Жээнбековго көмөктөшүп жүргөнү менен байланыштырып жатат. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына бир канча айдан бери куугунтукка кабылганын, негизсиз айып коюлганын жазды.

"Мен дагы көптөгөн журналисттер, жарандык активисттер жана саясатчылар сыяктуу эле Равшан Жээнбековдун саясий иштерине жардам бергеним үчүн УКМК тарабынан бир нече ай бою басымга жана куугунтукка дуушар болуп келем. Эми ал жактагы куугунтукту бүтүрүшүп, менин ишимди сотко өткөрүштү. Жакында эле оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековду бийлик түрмөдөн чыгарды, бирок анын жакындары - карындаштары жана мен жасалма кылмыш иштерине тартылуудабыз. Мени УКМКнын тергөөчүсү Н.Алыйманов 2019 жылы “чек араны туура эмес өткөнсүң” деп кылмыш ишин бурмалап, ишти сотко өткөрдү", -деди Кудайбердиева.

Ал 14-февралда соттон кийин жараян айыптоо актысынын көчүрмөсү берилбегенине байланыштуу 1-мартка жылганын кабарлады.


Атайын кызмат анын ишине байланыштуу комментарий бере элек.

"Адилет" укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова жарандык активист кайрыла турган болсо, ага укуктук жардам берилерин билдирди.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

"Биз анын кызыкчылыгын коргобойбуз, иштин чоо-жайын билбейбиз. Бирок жагдай чынында эле ал өзү жазгандай болсо, чек арадан паспортуна мөөр коюлбай өткөн деп иш козгогон болсо, анда бул акылга сыйбаган нерсе. Ал кайсы бир белгиленбеген чек арадан өткөн жок да, ал өткөрмө бекеттен өттү. Чек арачылар анын паспортуна мөөр койгон эмес деп иштин козголушу туура эмес. Чек арачынын ишин, ал штампты, датаны туура койдубу, туура баракка койдубу деген нерселерди жөнөкөй адамдар текшериши керекпи?"-деди Жакупова.

27 жаштагы Айсулуу Кудайбердиева соңку президенттик шайлоодо талапкер болгон Равшан Жээнбековдун штабында иштеген. Ошондой эле "Фейсбук" социалдык тармагында "Полит Узник” баракчасында модераторлук кылып жүргөн. УКМК былтыр сентябрда жарандык активисттин үйүн тинтип, суракка чакырган. Анда тергөөчү жарандык активисттин телефонундагы маалыматтарды көрсөтүүнү талап кылганын билдирген.


Талдоочу Төлөгөн Келдибаев кыргыз бийликтери саясий куугунтуктун кесепетинен сабак алган жок деген ойдо.

"Кыргызстанда 30 жылдан бери, көз карандысыз мамлекет болуп түптөлгөндөн бери куугунтук токтой элек. Мурда кандай болсо дагы деле ошондой болуп жатат. Мына, азыркы бийликтин тушунда Жеңиш Молдокматов, Бактыбек Калмаматов, дагы башкаларга оор беренелер менен айып коюлуп, атайын кызматтын кармоочу жайына кирип чыгышты. Журналисттерге ар кандай чагым жасалып жатат".

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Равшан Сабиров бийлик саясий оппоненттерин, сындаган жарандык активисттерди куугунтуктап жатат деген дооматтарды четке какты.

"Эч кимге куугунтук болбойт. Адам укуктары бардык жерде сакталат. Ошол эле мезгилде эгерде күнөөлүү боло турган болсо мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Ачык-айкындык, акыйкаттуулук бардык жерде болушу керек. Баарыбыз мыйзам чегинде жашашыбыз керек. Демократия деген бул мыйзамдын диктатурасы".


Равшан Жээнбековдун карындашы, мурдагы судья Мира Жээнбекова УКМКга 7-февралда сурак берип чыккан. Жээнбеков "Азаттык" радиосуна бир тууганына "коррупция" беренесинин негизинде иш козголгонун билдирип, муну негизсиз жана өзүнө карата басым жасоо аракети деп атаган.

Атайын кызмат былтыр апрелде Мира Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шек саналып жатканын, ал мыйзамдуу киреше булагы жок болсо дагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр жана бир катар коммерциялык объектилерге ээ экенин кабарлаган. Анда 74 кымбат баалуу батири, 19 соода жайы, 10 автоунаа токтотуучу жайы, Бишкекте ыңгайлуу аянттардагы жер тилкелери аныкталганын маалымдаган. Жээнбекова аталган айыптарды толук четке каккан.

Мира Жээнбекова Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын судьясы болуп 2016-жылы дайындалган жана былтыр иштен алынган.

Равшан Жээнбеков 14-февралда "Фейсбуктагы" баракчасына анын жакындарына кылмыш иши козголуп, соттолуп жатканы тууралуу пикир калтырды.

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

"Айсулуу Кудайбердиева, Мира Жээнбекова соттолууда. Надира Жээнбекова иштен алынды, суракта. Бала-чакам аңдууда, досторум көзөмөлдө. Мен өзүмдү коркунучтуумун деп эсептебейм, бирок мени менен жакын болуу коркунучтуу болуп калды. Мен бул кыйынчылыктарды эркиндик, адам укугу, демократия үчүн күрөш, бул баалуулуктар үчүн өзүм жана жакындарым берген баа деп эсептейм. Эркин, демократиялуу өлкө куруу өтө оор".

Деген менен бийлик башчылары саясий куугунтук тууралуу сын-дооматты такай четке кагып келет.


Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясына байланыштуу камалган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде былтыр 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынып, муну саясий ишмердиги менен байланыштырган.

Былтыркы парламенттик шайлоодо Жээнбековду БШК талапкер катары каттап, бирок сот үгүт өнөктүгүн жүргүзүү үчүн эркиндикке чыгаруудан баш тарткан. Саясатчы былтыр декабрда, жаңы күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык тергөө абагынан бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG