ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:18

Равшан Жээнбековдун каты. Абактагы саясатчы Зулушевди айыптады

Саясатчы Равшан Жээнбековду сотко алып келген учур.
Саясатчы Равшан Жээнбековду сотко алып келген учур.

“Кой-Таш иши” боюнча соттолуп, абакта жазасын өтөп жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “Кемпир-Абад ишине” байланыштуу абактан кат жазып, аны жакындары Фейсбук баракчасына жарыялаган.

Ал өлкөнүн башкы прокурору Малик Бектургановго жана УКМК төрагасы Максат Асаналиевге арыз жазып, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев баш болгон онго жакын прокурорду, ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүн, сотторду жана эксперттерди Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кылмыш жасады деп мыйзамсыз айыптоо” жана “Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу” беренелери менен жоопко тартууну талап кылды.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун арызы. 2026-жылдын 18-ноябры
Саясатчы Равшан Жээнбековдун арызы. 2026-жылдын 18-ноябры

Абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков тергөө, прокуратура жана сот органдары "кемпир-абадчыларды" 20 айга жакын тергөө абагында мыйзамсыз кармап, бир жыл, он ай соттон-сотко сүйрөгөнүн белгилеген.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык, мыйзамсыз жана негизсиз камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылат. Мени жана отузга жакын "кемпир-абадчыларды" Биринчи Май райондук сотунун судьясы М.Сыдыков толугу менен актап, Бишкек шаардык сотунун коллегиясы ал өкүмдү күчүндө калтырганын баарыңар жакшы билсеңер керек. Тергөөчү, прокурор жана сот бири-бирин колдоп, калкалап, уюшкан топ болуп алып мыйзам бузбастан, бири-бирин көзөмөлдөп, биринин кетирген катасын экинчиси жойгон, мыйзамга гана кызмат кылган адамдардын эркиндигин жана укуктарын коргогон эң маанилүү мамлекеттик институттардын өкүлдөрү болушу керек. Бул мамлекеттүүлүк, мыйзам үстөмдүгү жана адилеттүүлүк”.

Равшан Жээнбеков учурда “Кой-Таш” иши боюнча 7 жыл, 8 айга соттолуп, №27 колонияда отурат. Саясатчы өзү мындай өкүмдү мыйзамсыз жана саясий негизде чыккан деп эсептеп келет.

Жээнбеков мындан тышкары “Кемпир-Абад иши” деп аталган чуулгандуу иш боюнча айыпталып, 2022-жылдын октябрынан 2024-жылдын июнь айына чейин тергөө абагында кармалган.

2024-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу деген негиз менен иштин фигуранттарын актаган өкүмүн чыгарган. 2026-жылдын 27-январында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү күчүндө калтырган.

Аскат Жакупбеков
Аскат Жакупбеков

Жактоочу Аскат Жакупбеков арыз Башкы прокуратура менен УКМКга берилгенин, саясатчы биринчи кезекте өзүн реабилитациялоону көздөп жатканын билдирди.

“Равшан Жээнбеков Башкы прокуратура менен УКМКда катталган бул арызында моралдык зыяны менен материалдык чыгымын компенсациялоо маселесин койгон жок. Бул менин кардарымдын позициясы. Ал баарынан мурда кызматтык адамдардын аракеттерине укуктук баа берүүнү сурайт. Компенсация өндүрүү кийинки кадамдарда каралышы ыктымал. Азырынча бул маселе менин кардарым үчүн актуалдуу эмес. Равшан Жээнбеков баарынан мурда адилеттикти элементардуу түрдө калыбына келтирүүнү талап кылат”.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын үчөө тарткан моралдык жана материалдык зыяны үчүн мамлекеттен кенемте талап кылып чыгышкан. Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Перизат Суранова жалпы суммасы 20 млн сомдук доо менен сотко арыз беришкен.

Укук коргоочу Бакыт Рысбеков тергөө органдарынын көз карандылыгы менен прокуратуранын өз милдеттерин так аткарбагандыгы жарандардын укуктарынын одоно бузулушуна алып келгенин айтат. 2021-жылдан тарта укук коргоо органдары шектүүлөрдү камап, коркутуп-үркүтүү ыкмасын көп колдонуп калганын белгилейт.

Бакыт Рысбеков
Бакыт Рысбеков

"Бизде бардыгын эле алып келгенде башка бөгөт чарасын колдонбостон, түз эле камап салат. Айрым учурларда гана, кандай критерий менен экенин билбейм, башка альтернативдүү бөгөт чарасын колдонушат. Бул кайра эле сот системасы, соттун көз карандысыздыгы, тергөөнүн көз карандысыздыгы, прокуратуранын чындап өз ишин толук кандуу, жетерлик деңгээлде алып барбагандыгы. Айып коюлуп, кийин айыбы аныкталбай, тастыкталбай, акталып чыккан адамдарды (жарандарбы же башка мамлекеттин жараныбы, айырмасы жок), алардын ошол жерге кирип, камалып жатканы үчүн өзүнүн кенемтесин мамлекет өзү көзөмөлгө алууга милдеттүү. Бул кайра эле ошол тергөөчүлөрдү тарбиялайт, кесипкөйлүгүн көтөрөт. Канчалык колго чаап "бул ишиң туура эмес болуп калды, тигил ишиң тура эмес болуп калды" дегенде, алар да өздөрүнүн ишмердигин кесипкөйлүк менен алып барууга жетишет".

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө талабы менен чыккан жалпы 27 адам 2022-жылы күзүндө кармалып, камакка алынган. Аларга Ички иштер министрлиги “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен иш козгогон. Айыпталуучулардын баары коюлган кинени мойнуна алган эмес.

​
XS
SM
MD
LG