Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Рубль барган сайын арзандоодо. Сомдун куну кандай болот?


Америка доллары, орус рубли, кыргыз сому, казак теңгеси, өзбек суму, тажик сомониси жана түркмөн манаты. "Азаттыктын" коллажы.
Америка доллары, орус рубли, кыргыз сому, казак теңгеси, өзбек суму, тажик сомониси жана түркмөн манаты. "Азаттыктын" коллажы.

Орусиянын улуттук валютасы – рубль дүйнөлүк валюталарга карата дагы арзандады. Орус аскерлери Украинага басып кирген алгачкы күндөрү ал кунун кескин жоготуп, кайра түзөлгөн. Иш жүзүндө азыр ошондогу төмөн курска жакындап баратат.

Бул жагдай Борбор Азия өлкөлөрүнүн валюталарына да терс таасир этүүдө. Өзгөчө Орусияда иштеген мигранттар, анын ичинен кыргыздар да бушайман болуп жатат.

Жаңы антирекорд

Орус акчасынын соңку олку-солку абалы июндун аягында башталды десек болот. 24-июнда Орусияда Евгений Пригожин жетектеген “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын "куралдуу козголоңунан" улам рубль долларга жана еврого карата кескин арзандап кеткен. Расмий курс бир кылка кармалып турганы менен, рынокто кыйла будуң чаң түштү.

Июнда 1 АКШ доллары 80-85 рубль турса, июлда 90-92 рубль болду. Августтун башынан дагы арзандап, ай ортологондо курс 95-101 рублди түздү. Москва биржасында болсо америкалык валюта менен орус рублинин катышы 111 рублге чейин чыкты. Бейрасмий курс мындан кыйла айырмаланат.

Орусиянын бийлиги валюталык кырдаалды турукташтыруу үчүн мүмкүн болгон чараларын көрүп жатканын билдирүүдө. Анын ичинен Борбордук банк коммерциялык банктарга акча берүү үчүн керектелүүчү эсептик ченин 8,5%дан 12%га көтөрдү.

Өлкө президенти Владимир Путиндин экономикалык кеңешчиси Максим Орешкин мамлекеттик ТАСС агенттигине курган маегинде Кремль рублдин күчтүү болушун каалай турганын айтты:

Максим Орешкин
Максим Орешкин

"Азыркы алмашуу курсу баштапкы деңгээлден кыйла алыстап кетти, жакын арада курс турукташары күтүлүүдө. Алсыз рубль экономиканын кайра курулушун татаалдатып, калктын реалдуу кирешесине терс таасир тийгизип жатат. Күчтүү рубль Орусиянын экономикасынын кызыкчылыгына төп келет”, – деди Орешкин 14-августтагы билдирүүсүндө.

2022-жылдын февралында Орусиянын аскерлери Украинага басып кирген соң Батыш өлкөлөрү Москвага болгон санкцияларын дагы катаалдаткан. Анын ичинен АКШ доллар банкнотторун, Европа Биримдиги евро банкнотторун Орусияга ташууга тыюу салган. Орусиянын Борбордук банкынын сырттагы активдери камакка алынып, бир катар орус банктары SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан өчүрүлгөн.

Натыйжада Орусиянын ичинде чет элдик валютанын тартыштыгы жаралып, рубль кескин күчүн жоготкон. Айталы, былтыр февралга чейин 1 доллардын курсу 75 рубль турса, 1 евронун курсу 85 рубль болчу. Мартта доллар 100-110 рублдин тегерегине, евро 115-120 рублдин айланасына чейин чыккан. Айрым банктар онлайн акча алмаштырууда долларга 150-160 рублге чейин, еврого 200 рублге чейин нарк коюп жатышкан.


Ошентип, бийликтин чараларынан кийин ортодо рубль турукташып, бир жылча убакыттан кийин кайра мына ошондогу эле курска түшүп калганы көрүнүп турат. Же, адистер айткандай, кайрадан антирекорд жаралды. Айрымдар азыркы курс бир сыйра турукташып, жарым жыл - бир жыл кармаларын айтышса, кээлери согуштук кырдаалда орус акчасынын куну дагы түшөрүн эскертүүдө.

Орусиялык экономикалык баяндамачы Ян Мелкумов Deutsche Welle басылмасынын орус редакциясы менен болгон маегинде буларга токтолду:

Ян Мелкумов
Ян Мелкумов

“Эгерде бир жыл же жарым жыл мурда “доллар 100 рубль болуп кетти” деген кабар өтө жаман кабыл алынып, “бул эмне деген нерсе, ыя?” деген реакцияларды жаратып турса, азыр эл психологиялык жактан көндү. Доллар менен евро баары бир 100дөн жогорулады. Айрымдар бул нерсени аномалия катары карап, "баары жайына келет, рубль кайра кымбаттап, доллар менен евро түшүп, 70-80дин деңгээлине келет" деп үмүттөнүп жатышса, мен муну курулай үмүт деп айтар элем. Орусиянын тарыхында мындай учурлар болгон, бирок ал башка кырдаал болчу. Анда активдүү экономикалык өсүш, мунай-газ рыногунда ыңгайлуу жагдай бар эле. Азыр андай эмес. Мында күтүүгө негиз жок”.

Эксперттердин түшүндүрүшүнчө, рублдин куну Орусиянын тышкы соодасындагы балансынын бузулушунан улам болуп жатат. Батыш өлкөлөрү Москвадан көп товарлардын түрлөрүн алууну токтоткон үчүн Орусиянын экспорту азайып жатат. Бул орус рыногуна чет элдик валюта аз кирүүдө дегенди түшүндүрөт. Жөнөкөй чечмелегенде, доллар же евро ички рынокто дефицит болуп жатканы үчүн кымбаттап, жергиликтүү валюта арзандоодо.

Рублди ээрчиген валюталар

Салыштырмалуу кубаттуу экономикага ээ болгону үчүн Орусиядагы өзгөрүүлөр көп өлкөлөргө, анын ичинен Евразия Экономикалык Биримдигиндеги жана Борбор Азиядагы мамлекеттерге түздөн-түз таасир этет. Анткени алардын экономикасы Орусия менен тыгыз байланыштуу. Тагыраагы, Москва алардын ири соода өнөктөшү, ага кошумча Орусиядан бул өлкөлөргө акча көп которулуп турат.

2022-жылы да рубль күчүн жоготкондо, анын артынан Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Түркмөнстандын валюталары да арзандаган. Теңге, сомони, сум, сом жана манат ушул күндөрү да чет элдик валюталарга карата аз-аздан кунун жоготту.

Бул өлкөлөрдүн бешөөнүн тең Орусия менен алып-сатуусу көп болсо, экөө – Кыргызстан жана Казакстан Москва менен бир уюмда. Казакстандык ишкер жана блогер Серик Белгибай мына ушул жагдайды эске алып, Фейсбуктагы баракчасында соңку кырдаал жөнүндө минтип жазды:

Серик Белгибай
Серик Белгибай

“Рубль биздин экономиканы кошо сүйрөп баратат. Рубль долларга карата 120-125ке чейинки чекке жетиши мүмкүн. Орусиялык талдоочулар так ошондо гана Орусия Федерациясы тышкы соода балансын оң жыйынтык менен чыгарып, бюджетинин дефицитин жаап алат деп жатышат. Мындан бизде эки вариант калат. Экөө тең чатак. Биринчиси – болгонун болгондой калтырыш керек. Анда арзан рубль биздин экономиканы өлтүрүп тынат. Экинчиси – рубль менен чогуу теңгени да коё бериш керек. Бул биздин жарандарды дагы жакырлантып, баалардын өсүшүнө алып келет. Албетте, үчүнчү вариант да бар - ал Евразия Биримдигинен чыгуу. Андан соң Орусиянын товарларынын чек арадан көзөмөлсүз кириши токтоп, Кытайдын товарларына бажы төлөмдөрүн азаят жана башка нерселер болот. Менимче, ушул үчүнчүсү жападан жалгыз акылдуу чечим болот. Бирок муну үчүн саясий чечим керек, ал азыркы бийликте жок”.

Ачык айтылбаганы менен, Кыргызстандын Улуттук банкы рубль кунун жоготкон сайын сомду да коё берип, анча-мынча айырма менен эки валютаны дайыма тең кармап турууга аракет кылат. Себеби, Орусияда иштеген мигранттардын акчасы сомго которгондо азайып кетпеш керек жана Орусияда рубль менен товар сатып келүү кыйынчылык туудурбашы зарыл.

Бирок бул ирет сом рублге караганда туруктуу кармалып жатат. Буга Улуттук банк жыл башынан бери 536 миллион 75 миң долларды сатыкка чыгарганы жардам берген сыяктуу.

Ушул тапта расмий курска ылайык, 1 рубль 93 тыйынга барабар болуп турат. Коммерциялык банктарда 1 рубль орточо 88-89 тыйындан сатып алынып, 94-95 тыйындан сатылууда. Акча алмаштыруучу жайлар болсо 87-88 тыйындан алып, 91-93 тыйындан сатышууда.

Экономист Расул Түлеев “Азаттык” радиосу менен болгон интервьюда бул жагдай бир нече убакытка чейин уланып, сом менен рубль кайрадан эле теңделиши мүмкүн деп эсептей турганын айтты:

Расул Түлеев
Расул Түлеев

“Биздин сом рублду ээрчиген деле жок. Муну базардын касиети деп койсок болот. Себеби Кыргызстандын экономикасы Орусия менен тыгыз байланышта. Ошондуктан рубль түшүп жатканда, сом дагы ылдыйлай берет. Азыр эми Улуттук банк сом биротоло кунун жоготуп жибербеши үчүн улам-улам интервенция жасап жатат. Дагы жасап, долларды сатыкка чыгарат. Ошонун фонунда азыркы шартта рубль менен сомдун ортосунда айырма болуп турат. Бирок, менимче, рубль менен сом кайра теңелет. Балким, кайра ашып да кетиши мүмкүн. Улуттук банк жок дегенде сом менен рублди мурдагы курсуна жакыныраак алып келгенге аракет кылат. Башка маселе, Орусиянын бийлигинин аракеттери менен рубль өзү да кайра күчтөнүшү мүмкүн”.

Албетте, рубль менен сом теңделер-теңделбеси азырынча болжол деңизчи. Ага чейин Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар курстук айырманын азабын жон териси менен сезип жатышат. Рубль менен алган айлыгы мурда сомго чакканда жетиштүү сумма чыкса, азыр сүйүнтөрлүк болбой калды. Мекенине акча которсо да кыргыз акчасына оодарылган көлөм маанайды түшүрүүдө.

Орусияда бир канча жылдан бери иштеген Зулпидин Нурматов “Азаттыкка” мындай деди:

Зулпидин Нурматов
Зулпидин Нурматов

“Бул жакта 100 миң рублден көп айлык алгандар деле бар, бирок кыргыздардын орточо айлыгы 50 миң рублдин тегерегинде. Муну сомго которгондо 42-43 миң сом эле болуп калууда. Мисалы, менин өзүмдүн айлыгым 70 миң рубль. Бул мурда жок дегенде 80 миң сомдой чыкчу, азыр болсо 55 миң сомдун тегерегинде эле болуп калды. Мындай шартта Орусияда үй-бүлөсү менен жашагандар көбүнчө Кыргызстанга акчасын которо деле албай жатышат. Бой жүргөндөр которсо, мисалы, 10 миң рубль мурда 11-12 миң сом болуп түшчү. Азыр ал 8-9 миң сом эле болуп калып атпайбы. “МБанкта” азыр 1 сом 87 эле копейка болуп турат. Көпчүлүгү азыр болгон акчасын мүмкүн болушунча которбой турганга аракет кылып жатышат. “Августтун аягында көтөрүлүп калабы?” деген үмүттөр бар. Эгер которуш керек болсо, айрымдар өзүнө керектүү бир буюм сатып алып жөнөтүп атышат. Бул эми акчасынын күчү жоголбосун деген аракет. Мен билгенден, Орусиядагы кыргыз мигранттардын көбү миграциянын багытын өзгөртүү жөнүндө ойлонуп жүрүшөт. Европага, АКШга, же Түштүк Кореяга барып иштеп келүүнү каалагандар арбын. Себеби көпчүлүгүндө “Орусия мындан ары кандай болот”, “Москвада кырдаал кантер экен” деген сыяктуу кыжаалат санаа бар”.


Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматына ылайык, 1,2 миллиондой жаран чет жакта эмгектенип жүрөт. Анын 1 миллиондон ашууну Орусияда.

Мурдараак Улуттук банк 2023-жылдын алты айында жеке адамдар чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 704,6 миллион доллар которгонун маалымдаган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5% аз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG