Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:10

Башкыр оппозициячысы дагы камалды


Айрат Дилмухаметов.
Айрат Дилмухаметов.

Орусияда башкыр саясатчысы төртүнчү ирет  эркинен ажыратылды.

Cамара шаарынын аскердик соту башкыр оппозициячысы Айрат Дилмухаметовду тогуз жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кести. Ага үч жыл аралыгында веб-сайт ачууга жана маалымат таркатууга тыюу салынды.

Дилмухаметов былтыр 15-мартта камакка алынып, бир нече оор беренелер менен айыпталган. Анын Орусиядагы улуттук республикалардын автономдуу укуктарын кеңейтип берип, «накта федерацияны» түзүүгө чакырган видео кайрылуусу «Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык» катары бааланган.

Ал эми 2018-жылы ноябрда Орусияда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары Уфада соттолгон 20дай кишиге катаал жаза берилгенин сындаганы үчүн «Терроризмге үгүттөө» беренеси кошулган.

Ошол эле жылы октябрда Башкырстандын Баймак шаарында жергиликтүүлөр менен чечен жумушчуларынын ортосунда чыр чыкканда «бирөөнүн жеринде адепсиз жүргөндөрдү керек болсо, өлтүрүп коюш керек» деп айткан сөздөрү үчүн «Экстремизмге чакырык жана аны каржылоо» беренеси боюнча айып коюлган.

Дилмухаметов 24-августта соттогу акыркы сөзүндө бул айыптарды четке кагып, үчүнчү жолу «саясий буюртма» менен эркинен ажыратылып жатканын айтты.

«20 жылдан бери федерализмди басып келгендер өлкөнүн келечегин талкалап жатат. Мен сыяктуу кесипкөй, ошол эле кезде ар-намыстуу, абийирдүү адамдарды бийликтеги бир топ жектөөдө. Бул өкүм мага чыгарылган жок, бул өкүм аларга чыгарылды».

Ал сөзүн «орус улутундагы президент өлкөнү башкара албаса, башкыр баласы кызматка барууга даяр» деп аяктады.

54 жаштагы оппозициячы саясатчы, мурдагы журналист буга чейин 2008-2011-2015-жылдары бир катар басылмаларда жарык көргөн макалалары жана «Ахыр заман» китеби үчүн эки-үч жылдан түрмөгө отуруп чыккан. Анда да ал «Терроризм», «Экстремизм» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Ал үч жыл мурун эркиндикке чыккандан кийин деле журналисттер менен болгон маектеринде жана коомдук жыйындарда Башкырстанды Москваны жактаган адамдар башкарып жатканын айтып жүргөн. Кремлдин саясаты «улуттук республикалардын тарыхый жерлерин бөлүштүрүп, кошуна элдерди чаташтырып» койгонун, Орусиянын аймагындагы улуттардын эне тилдери жоголуп баратканын айтып, ачык сындап келген.

«Эч кандай федералдык эмес, империялык кеңкелестер үстүртөн буйрутмаларды аткарып жатышат. Орусияда саясий элита жок, анткени баарын бириктирген саясат жок, ага шарт да жок. Кандайдыр бир чоң жарылуудан кийин гана пайда болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө кайда баратканын билбеген калк эле бар. Ындыны өчкөн, азап чегип жүдөгөн эл эле бар», - деген Дилмухаметов былтыр «Азаттыктын» орус кызматындагы маегинде.

Ал Орусиянын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө он бөлүктөн турган «Укмуштуудай Орусиянын келечеги - 5» деген баяндамасында «өлкөбүздүн 90% урандыда. Мындай кыйроо кыпчактар, поляктар, француздар, немистер, жапондор эзели жетпеген аймактарга жетти. Ал жактарга чекисттер гана жетиштүү болду. Бизди тышкы душман жеңген жок, биз өзүбүздү өзүбүз багынттык», дегени бар.

Адвокаты Алексей Захаров августтун башында «Азаттыктын» орус кызматындагы маегинде Дилмухаметовго каршы кылмыш иши Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан «жасалма негизде токулганын», мындай тапшырма «Путиндин администрациясынан келгенин», «орус сотунан калыстык күтпөй калышканын» белгилеген.

«Айрат - оппозициячы саясатчы, ал «Бирдиктүү Орусияга» же тиги ЛДПРге же башка «жалган партиялардын» бирине да багынып берген жок. Ал дайыма оппозицияда жүрдү. Ал өзүн улутчул-демократ катары көрсөттү. Бирок ал учурдагы бийликтин эң талуу жерине кол салды. Ал Башкырстандын президенти болууну каалай турганын ачык айтып койду. Бул азыркы Орусияда саясий куугунтукка кабылыш үчүн жетиштүү нерсе», - деген анда Захаров.

Дүйшөмбүдө өкүм чыгарда Самарадагы сотко уулу менен коштошууга келген Дилмухаметовдун энеси «Орусия качандыр бир ачык, бакубат өлкөгө» айланарына үмүттөнөөрүн айтты.

«Мен уулум менен сыймыктанам. Ал башкыр элинин символу. Ал бакыт үчүн, демократия үчүн, республикасынын эгемендиги үчүн күрөшкөн атуул. Качандыр бир жеңиш болот. Орусия ачык, бакубат өлкө болот. Бул өлкөдө адамдар бактылуу жашайт. Азыр уурулардын, калпычылардын өлкөсү», - деди Агиляш Дилмухаметова.

Москвадагы «Мемориал» укук коргоо уюму Айрат Дилмухаметовду экинчи ирет «абийир туткуну», «саясий туткун» деп тааныды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG