Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:06

Жыдыган чачты кайра өстүрсө болот


Затты кадимки колдой сезе алган протез-мээлей. Жапон биологунун кишинин эмбрионун өстүрүп, трансплантация кылуу планы өз өлкөсүндө колдоо тапты. Бир нече күн конбой учкан дрондор. Таз кишилер кайрадан сеңселген чачтуу боло алышат.

Кадимки колдой сезчү протез-мээлей

Окумуштуулар үчүн бейтапка сезим, туюмун кайтаруу орчун милдеттердин бири. Соңку учурда сезгич протездерди жана териден кем калышпаган жасалма терини жасоодо алгылыктуу жылыштар бар.

АКШдагы Юта университетинин (Utah university) инженер биомедиктери ампутация кылынган колдун нервине туташа алчу жасалма колду иштеп чыгышты.

Роботтоштурулган кол, тагыраак айтканда, “мээлей” 15 жылга жуук иштегенден кийин ээсине затты кармаганда мээде пайда болчу туюмду кайтарып берди. Береги система биологиялык өткөргүчтөр сыңары протез-колго сигнал жиберип, зарыл кыймылдарды жасатат.

“LUKE Arm” мээлейи металл моторлордон жана өңү тунук силикон териден жасалган. Ал энергияны сырткы батареядан алып, компьютерге туташтырылат.

Бир тутам чөпкө окшош жаңы система Utah Slanted Electrode Array деп аталып, 100 даана микроэлектроддордон жана өткөргүчтөрдөн турат. Микроэлектроддор менен өткөргүчтөр колу жок кишинин нервине билегинде туташтырылып, жакын жердеги компьютерге байланыштырылат.

Матрица колдун тирүү нервдери жиберген сигналды окуйт, компьютер аларды санариптик сигналдарга айлантып, колго кандай кыймыл жасоо керектигин айтат.

Ар бир кишинин нейрондору активдүүлүгү жагынан окшош эмес. Бирок, программа протезди башкаруу үчүн керектөөчүнүн нейрон сигналдарын акырындап үйрөнүп алат.

LUKE мээлейинин сенсорлору булчуңдун сезгенин жана затты кармаганда пайда болгон туюмду имитация кыла алат.

“Туюмду камсыз кылуу зор иш. Сиздин бул маалыматты кантип жөнөткөнүңүз абдан маанилүү. Маалыматты биологиялык жактан реалдуу кылсаңыз, аны мээ жакшы түшүнөт жана андай туюмдун эффективдүүлүгү да жогору болот”, - деди профессор Грегори Кларк.

Окумуштуулардын эмки милдети бейтап автономдуу режимде пайдалана алган портативдүү системаны түзүү.

(Булагы: https://www.nature.com, https://www.sciencedaily.com)

Жапония кишинин түйүлдүгүнө эксперимент жасоого жол ачты

Сөңгөк клеткасын изилдеген жапон биологу Хиромицу Накаутинин кишинин клеткасы бар айбандын түйүлдүгүн өстүрүү жана түйүлдүктөрдү киндик (суррогат) энелерге трансплантациялоо мүдөөсүн жапон өкмөтү колдоду.

Доктор Накаути Токио жана Калифорниядагы Стэнфорд университеттеринде сөңгөк клеткасын изилдейт.

Жапонияда кишинин жана айбандардын эмбриондорун генетикалык жактан модификациялоого быйыл март айында уруксат берилген.

Доктор Накаути кишинин клеткасын чычкандар менен келемиштердин түйүлдүгүндө өстүрүп, анан береги түйүлдүктөрдү киндик эне боло турган айбандарга көчүрүүнү пландап жатат.

Максаты - кишинин клеткасын пайдаланып өстүрүлгөн органдары бар айбандардын органдарын кишилерге трансплантация кылуу.

Илимпоздун айтымында, анда гибрид айбандарды өстүрүү ниети жок. Ошого шашпай иштейт. Адегенде чычкандардын гибриддик түйүлдүктөрүн 14,5 күнгө чейин өстүрөт. Бул чакта чычкандын органдары калыптанып, туулганга даяр болуп калат.

Ал эми гибриддик келемиштердин түйүлдүктөрүн болжол менен 15,5 күнгө чейин өстүрөт. “Кийинчерээк чочколордун 70 күндүккө чейинки гибриддик түйүлдүтөрүн өстүрүүгө өкмөттүн макулдугун сурап арыз берем деп мерчем кылып жатам”, - деди доктор Накаути.

Ал кээ бир биоэтиктер кишинин клеткасы өсүп жаткан айбанаттын мээсине көчүп өтүп, анын таанып-билүүсүнө таасир этиши ыктымал деп кооптонушканын эскертти.

Кишинин 11 күндүк эмбриону.
Кишинин 11 күндүк эмбриону.

Кишинин жана айбанаттардын гибриддик түйүлдүктөрү АКШда өстүрүлүп, бирок долбоор аягына чыккан эмес. АКШда бу тейдеги изилдөөлөрдү жүргүзүү тыйылбаганы менен Саламаттык сактоонун улуттук институту (National Institutes of Health) андай долбоорлорду каржылоого мораторий киргизип койгон.

Кишинин жана айбанаттардын түйүлдүгүнө эксперимент жүргүзүү органдарды трансплантациялоонун жаңы булактарын табууну мүмкүн кылат. Бирок ага дейре этикалык жана техникалык тоскоолдуктарды жеңүү зарыл.

"Этият кыймылдаган пайдалуу, себеби камтама болуп, тынчы кетип турган коомчулук менен сүйлөшүүнү мүмкүн кылат”, - дейт Саппородогу Хоккайдо университетинин изилдөөчүсү Теция Ишии.

(Булагы: https://www.nature.com, https://www.techexplorist.com)

Дрондор бир нече күн конбой учуп жүрчү болушат

Жылуулукту термогальваниканы пайдаланып, электр энергиясына айлантуунун эффективдүүлүүгү соңку 15 жылда 23% түзчү. Бул көрсөткүчтү Беркли шаарындагы Калифорния университетинин окумуштуулары 29% жеткиришти жана жакынкы жылдары 50% кылабыз деген ниетте.

Бүгүн технологиялык процесстерде оор батареялар колдонулгандыктан, айтылган илимий ачылыштын технологиялык мааниси аябай зор.

Термофотовольтаикс (Thermophotovoltaics) – энергиянын супер жеңил альтернативдүү булагы. Ал дрондор менен пилотсуз аба кемелеринин бир нече күн тынбай иштөөсүн камсыз кылат. Аны пайдаланган зонддор алыскы космосто кылымдар бою иштей берет. Чоңдугу конверттей генератор чоң турак үйдү электр кубаты менен камсыздай алат.

“Термофотовольтаикстер компакттуу жана абдан эффективдүү. Ошого 100 Ватт гана керектеген жеңил пилотсуз учуучу аппараттар үчүн же электр кубатын 100 мегаваттка чейин пайдаланган 36 миң турак үй үчүн жана башка максаттарда колдонууга ыңгайлуу”, - деди профессор Эли Яблонович (Eli Yablonovitch).

Жаңы ачылыш Яблонович менен шакирттеринин 2011-жылкы илимий ишине негизделген. Ага ылайык, күн элементтеринин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн фотонду (жарык) көп сиңирүүнүн зарылдыгы жок, тескерисинче, нурлантуу керек. Анүчүн фотоэлементтин арткы панелине фотонду мыкты чагылдырган күзгүнү кошумча орнотушуп, күн элементтеринин эффективдүүлүгүн 29 пайызга жеткиришти.

Профессор Яблоновичтин түшүндүрүшүнчө, күзгү күн элементинин ичинде люминесцендүү инфракызыл фотон газынын тыкыстыгын пайда кылат. Натыйжада, кошумча энергетикалык чыңалуу жаралып, жабдуунун кубаттуулугу жогорулайт. Ушинтип термофотоэлектроникадагы эң чоң проблемалардын бири: электр кубатын өндүрүүгө жетпеген энергиясы бар жылуулук фотонун кантип пайдалануу маселеси чечилет. Көрсө, алтын жалатылган күзгү жылуулук булагын ысытуу үчүн энергетикалык кубаты аз бөлүкчөлөрдү нурдантып чагылдырат экен. Ушунусу менен жогорку энергиялуу фотонду жаратууга жана электр энергиясын иштеп чыгууга экинчи мүмкүнчүлүк берет.

«Биз бул рекорддук көрсөткүчкө жөнөкөй алтын күзгүнү пайдаланып жетиштик. Эми алтындын бетине диэлектрикалык катмарды кошобуз, бул биздин эффективдүүлүгүбүздү 36 процентке чейин көбөйтөт”, - дейт эксперт Луис М. Пазос Аутон.

Башка изилдөөчү Зунаид Омаирдин (Zunaid Omair) айтымында, чөнөктө башка дагы өзгөртүүнү жасап, жабдуунун эффективдүүлүгүн 50 процентке жеткирсе болот.

"Биздин жетишкендикке чейин термофотовольтаикстик эффективдүүлүк узак убакыт 23% деңгээлинде турган", -деди З. Омаир. - Ошон үчүн 23 проценттен 29 проценттик көрсөткүчкө жетүү чоң ийгилик”.

(Булагы: https://techxplore.com, https://www.newsarchyuk.com)

Түшкөн чач кайра өстүрүлөт

2017-жылы жыдыган чачты кайра өстүрүү рыногу 5 миллиард доллардан ашкан. 2018-2024-жылдары жыдыган чачты калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдардын жылдык өсүшү кеминде 25%.

Американын чачтын жыдуусу боюнча ассоциациясынын (American Hair Loss Association) маалыматына ылайык, эркектердин үчтөн экиси 35 жашка жеткенде көйкөлгөн чачынын айрым бөлүгүн жоготот. 50 жашка барып, эркектердин 85% жакынынын чачы суюлат.

Чачтын суюлуп жыдыганы эркектер үчүн гана мүнөздүү көрүнүштөй. Бирок, чачы жыдыгандардын 40% жакынын аялдар түзөт.

Бүгүн түшкөн чачты өстүрүү кылтүбүн (чачтын фолликулун) хирургиялык трасплантациялоого негизделген. Чачты баш терисинин бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө көчүрүлчү береги процедуранын баасы 10 миң доллар. Анын кемчилиги: таз кишиге трансплантация үчүн аркасы менен белиндеги же колтугундагы түгү колдонулат.

Кылтүптү клондоп, маселени чечүү мүмкүн. Бул жолду сандиеголук стартап Stemson Therapeutics тандап алган. Компания өзөктүк клеткалардагы кылтүптөрдү клондоп, аларды кишинин “уйкудагы” кылтүптөрүнүн айланасына имплантация кылат. Кылтүптү чач өсчү жерде кармоо үчүн үч өлчөмдүү принтерди пайдаланып, желе сыяктуу килкилдек жасалат.

Сөңгөк клеткалары кишинин териси же канындагы клеткалардан алынгандыктан, түйүлдүктүн сөңгөк клеткаларына тийбейт. Бул ыкмада кишинин өз клеткалары колдонулгандыктан, иммундук система трансплантацияны “жерип” салат деген коркунуч аз.

Жаңы инновация азырынча чычкандарда гана сыналган. Бирок, Stemson Therapeutics стартабы эксперименттин жыйынтыгы менен окумуштууларды Сөңгөк клеткаларды изилдөө боюнча эл аралык коомдун (International Society for Stem Cell Research) Лос-Анжелесте 26-29-июнда өткөн жылдык жыйынында тааныштырды.

Жаңы инновация кишиге колдонула баштаганга чейин бир нече жыл керек болушу ыктымал. Албетте, оболу жаңы усул менен чач өстүрүү кымбат болору шексиз. Бирок, бара-бара анын баасы чачты хирургиялык трансплантациялоо менен бирдей болуп калары айтылат.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.theatlantic.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG