Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Тил көйгөйү: Шакиевдин демилгеси, Жапаров менен Ташиевдин жообу


Мамлекеттик тилдин айланасында талкуу дагы кызыды. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин кыргыз тилинин абалына тынчсызданган пикири себеп болду.

Эксперттер эне тилдин абалы оңолбогонун, тынчсызданууга негиз жетиштүү экенин белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 11-апрелдеги жыйында акыркы убакта балдардын тили орус, англис тилинде чыгып, жаңы төрөлгөн балдарга арабча ысым коюлуп жатканын, мындай абал сактала берсе, беш-он жылдан кийин мамлекеттик тилдин келечеги бүдөмүк болорун айтты:

““Халал” эмес, “адал”. Кыргызча эле айталы. Кыргыздын бүт сөздөрүн арабчалап же орусчалап өзгөрттүк. Адам атын койгондо да кыргыз ысымдары көбүнчө арабча кетип жатат... Наристелердин тили орусча чыгууда, себеби телефон аркылуу Ютубдан, башка булактардан мультфильмдерди орусча көрүп, орусча сүйлөп жатышат, тили кыргызча чыкпай калууда. Кыргыздын тили жоголуп баратат. Ошондуктан, аткаруу бийлиги, силерге тапшырма, мультфильмдердин баарын тез арада кыргызчалоо керек. Керек болсо балдар көрө турган орусча, англисче, башка тилдегилердин баарын өчүрүү зарыл. Ошолордун баарын блоктош керек, болбосо кыргыз тили жоголот, урматтуу депутаттар”.

Нурланбек Шакиев мамлекеттик тилге байланыштуу көйгөйдү биринчи жолу козгоп жаткан жери жок. 2022-жылы ноябрь айында өткөн биринчи Элдик курултайда Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргызчалоону сунуштаган. Анын бул пикири жергиликтүү элге жакканы менен, орусиялык бир топ депутаттардын сынына кабылган. Андан бери бул маселе кайрадан козголо элек.

Шакиев депутат кезинде Орусиянын ОРТ, РТР баштаган телеканалдарын өчүрүү керектигин айтып, ал демилгеси да жүзөгө ашкан эмес.

14-апрелде президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, Нурланбек Шакиевдин айтканын төраганын жеке пикири катары сыпаттады:

“Айрыкча айыл жерлеринде орус тил мугалимдерине муктажбыз. Балдарыбыздын жаш кезинен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Орусияга кетип жаткан учурлар бар. Ал жакка барып алып орус тилин билбей кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге тогуз орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам. Англис тилдүү мектеп салам дегендерге да эшигибиз ачык. Жаштарыбыз үч эмес беш тилде эркин сүйлөп калышса кана эми. Элибиз канчалык көп тил билсе, ошончолук дүйнө таанымы кең болот. Көп элдердин каада-салтын, менталитетин билет. Илим-билимин үйрөнүшөт. Дүйнөнү кенен көз караш менен карашыбыз керек. Ал эми кыргыз тилибиз эч качан өлбөйт. Түбөлүк жашайт”.

Жапаров ымыркайларга арабча ысым коюу же койбоо ар кимдин жеке иши экенин, эң негизгиси жүрөгү, каны кыргыз деп соккону маанилүү экенин белгилеген.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Каныбек Осмоналиев кыргыз тилинин абалы чындап эле оор экенин айтты:

“Мен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Садыр Жапаровдун айткандары бири-бирине карама-каршы дегенден алысмын. Жогорку Кеңештин төрагасы туура эле айтып жатат. Чындыгында балдардын атын коюу, жер-суулардын аталыштары, каада-салтыбызды мамлекеттик тилде жүргүзүү - бул улуттук идеологиябыздын ажырагыс бөлүгү деген эле пикир. Эгер Советтер Союзу маалында “Мирбек, Космосбек, Камаз” деген аттарды коюп келсек, азыр “Хайдулла, Хайрулла” деп арабчага өтүп жатканыбызга күйүп-бышып жатат. Кыргыздын өз иденттүүлүгүн сактап кала турган, намысына тийе турган эле сөз айтты. Ал эми президент журт башчысы, лидер катары эл аралык конъюнктураны эске алып, “ооба, мамлекеттик тилибиз биринчи орунда болуш керек, бирок орус, англис тилдеринин кыргыз коомчулугу, Кыргызстан үчүн кандай мааниси бар экенин унутпашыбыз керек” деген эле сөздү айтты. Кептин баары ушунда. Чындыгында мамлекеттик тил боюнча кырдаал абдан татаал. Мен муну маселени билген адам катары айтып жатам. Мисалы, мультфильмдерге биз Казакстанда, Орусияда берилген акчанын бир эле пайызын араң беребиз”.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков саясатчылар бийик трибунадан ойлонулбаган, пафостуу пикирлерди айтуу ордуна реалдуу иштерди жасашы керек деген ойдо.

“Бүгүн кыргыз мамлекетинин борборунда эле эмес, айылдарында да балдардын тили кыргызча эмес, англисче эмес, орусча чыгып жатат. Бул факт. Жок дегенде балдардын жалгыз телеканалы “Баластанда” кыргызча которулган, сапаттуу мультфильмдерди бере албай келатабыз. Мен аларга үч жылдан бери кат жазып, айтып келем. Азыр алар жалаң орусча мультфильмдерди коюшат. Мен себебин сурасам, мага “мурдагы кыргызча контент бүт өчүп калыптыр” дешти. Эми саясатчылардыкы жалаң популизм болуп жатат да. Нурланбек Шакиевдин айтканы деле ошол да, болбосо балдардын жалгыз телеканалы “Баластандын” маселесин жарым сааттык жыйында чечип, акчасын бөлүп, тапшырма берип койсо болот эле да. Бирок анын ордуна жалаңкат билдирүүлөр болуп жатат”.

Тил маселесине байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да оюн билдирди. Ал орус тили келечек муун үчүн маанилүү экенин белгилеген:

“Албетте, тил маселесине терең ойлонуу менен мамиле кылуу кажет. Мен ачыгын айтайын, кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу - адашкан пикир. Себеби башка тилдер болбосо, кыргыз тили да өнүкпөйт. Биздин келечек муун кыргыз тили менен бирге башка тилдерди да шар билиши керек. Анткени башка тилдер аркылуу дүйнө тааныйт, билимдүү болот жана башка өлкөлөрдөгү өнүгүп жаткан жаңы технологияларды биздин өлкөгө алып келишет. Ошонун негизинде мамлекетибиз тышкы цивилизациядан артта калбай өнүгөт”.

Былтыр 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлүшү зарыл.

Кыргызстан - орус тилине Баш мыйзам аркылуу расмий макам берген мурдагы совет республикасы. Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча Бишкектин ар бир аракетин Кремль ар кандай кызмат адамдары, депутаттары аркылуу сындап келет.

Алсак, мамлекеттик тилди тереңдетип окутуу демилгеси көтөрүлгөндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тынчсыздануусун билдирген. Ага президент Садыр Жапаров жооп берип, орус тили Кыргызстанда кодуланбай турганын айткан.

Өткөн жылы күз айында Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Садыр Жапаровго өлкөдө орус тилин колдоого алып жатканы үчүн ыраазычылык билдирген. Мындан тышкары Орусия Кыргызстанга тогуз мектеп салып бере турганы кабарланган. Бишкек, Баткен, Караколдо алгачкы үч мектептин пайдубалын түптөө аземине Садыр Жапаров менен орус президенти Владимир Путин онлайн катышкан.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG