Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 12:16

Ниязакун Акуналиев эки ирет соттолуп, боштондукка Сталин өлгөндөн кийин гана чыгып, өз айылында жөн-жай турмуш кечирген. Жаш кезинде колхоз уюштуруу иштерине активдүү катышып, репрессия тушунда “эл душманы” деп 15 жылга кесилген.

1930-жж. аягында "маданий ыңкылап жеңди" деп айтылганы менен, чын-чынында дал ошол жылдары билимдүү, жаңы заманга жан дили менен кызмат кылган миңдеген мугалимдер тоталитардык система тарабынан жазыксыз жерден жазалаган.

Ниязакун Акуналиев Карагандыдагы лагерден Сталин өлгөндөн кийин акталып, эркиндикке чыккан. А бирок түрмөдөгү кыйноо, азап-тозоктордун салакасынан, жуктуруп алган оорусунан оңоло албай, 1967-жылы каза болгон.

Куугунтук курмандыктарынын бул чыгарылышы Акуналы уулу Ниязакунду эскерүүгө арналат.

Жаңы усул мектебинен билим алган

Ниязакун Акуналиев 1905-жылы Ак-Талаа районунун Куртка айылында төрөлгөн. Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, ата-энеси колунда бар, таасирдүү кишилерден болушкан.

Ошондон улам ал Кеңеш бийлиги орной электе эле медреседен билим алып, арабча, орусча кат таанып, ал эми жаңы бийлик тушунда жооптуу кызматтарда иштей баштаган.

Ошо кездеги алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын тагдырына жазылган татаал турмуштан - бийлик куугунтугунан ал да кыйгап өтө алган эмес. Жаңы бийлик бекем орун-очок алгыча билимдүүлөрдүн кызматынан пайдаланып, чоң борбордон түшчү буйруктарды айныксыз аткарууга көнгөн карапайым элдин мыктыларын большевиктер кийинчерээк жок кылбадыбы.

Советтик Кыргызстанда бийликтер оболу бай-манаптарды жер котортуп, айрымдарын атып-асып жок кылып, андан соң оокат-чарбасына тыңдарды кулак катары куугунтуктай баштаган. 1920-жылдардын аягында күчөгөн колхоздоштуруу “эл душманы” деген өзүнчө бир агымды алып чыкты.

Ниязакун Акуналиев уулу Макмутказы менен.
Ниязакун Акуналиев уулу Макмутказы менен.

Ниязакун Акуналиев мына ушул колхоздоштурууга удаа чыккан “эл душманы”, революцияга каршы чыккан элемент, чет элдик тыңчы, Социал-Туран партиясынын мүчөсү сындуу опсуз айыптоолордун капшабына туш келген.

Ниязакун ата 1934-жылы Ак-Талаадагы Жаңы-Талап колхозунун башкармасы, кийин ал ирилешкенде дагы эле колхоз башкармасы болуп шайланып, чарба иши деп чапкылап жүргөн кезинде аны менен чогуу иштешкендердин көбү жалган жалаа менен камалып, жаңы бийликке душмандык кылган зыянкечтерди камоо, атуу өнөктүгү күч алган.

"Кезеги келип", Ниязакун Акуналиев да 1939-жылы камалган. Опсуз кыйноолорго чыдабай, ал оболу түрмөдөн качып чыккан. Бирок анысы деле узакка созулбай, кайра кармалып, аз өтпөй Ысык-Көл облустук соту аны 15 жылга эркинен ажыраткан.

Ниязакун Акуналиев узак жылдар саясий камактагылар кармалчу Карагандыдагы абакта отурган. Өз элинин эси-көөнүнөн кеткис кандуу жазалоонуу юштурган Иосиф Сталин каза болгондон кийин бийлик жаалы бир аз жумшарып, миллиондогон бейкүнөө инсандар абактан бошотулганда, Ниязакун ата да боштондукка чыгып, айылына кайтып келген.

Ошол 1953-жылдын жайынан 1967-жылга чейинки жашоосу айылдагы майда чарбалык иштер менен өткөн.

Ал Куртка айылындагы орто мектептин чарба башчысы (завхозу), колхоз бригадири жана башка чарбалык иштерди аткарып, бирок он жылдан ашуун түрмөдө көргөн кыйноолордон, жабышкан дарттан жакшы оңоло албай 1967-жылы каза болгон.

Макмутказы Ниязакунов.
Макмутказы Ниязакунов.

Абактагы азап-тозокторун ал киши өзү деле чечилип айтып бербегенин уулу Макмутказы Ниязакунов ушу азыр эскерип отурат.

- Чоң атабыз колунда бар үй-бүлөлөрдөн болгон экен. Ошондон атам жаш кезинен медреседен окуптур. 1914-жылы Калпа ажы дегендин колунда окуган. Мусакожо деген чоң манап медресе ачтырып, анда татар мугалимдери жаңы ыкмада балдарды окутушкан. Математика, географияны окутушуптур, атам ошол медреседен билим алган. Анан билимдүү болуп, совет бийлиги келгенде жаңы заманды курууга активдүү катышып, колхоз башкармасы болуп атпайбы.

Ак-Талаадагы Жаңы-Талап колхозунда башкарма болуптур. Төрт жылдан кийин 1936-жылы алар ири чарбага биригишкенде атам дагы башкарма болуп шайланыптыр. Анда 1938-жылга чейин иштеген. Ал кезде баш көтөргөн билимдүү кишилердин баарын “алашчылар”, Туран партиясынын мүчөсү, Октябрь революциясына каршы, жаңы бийликти кулатканга даярданып атышат деп айыпташып, саботажчы, Кытайга кошулабыз деп элди уюштурган деген жалган жалаалар менен камашкан.

Атам бир да айыпты моюнуна албаптыр. Түрмөдөн эбин таап качып чыгып, бирок бир жылдан кийин кармалып кесилген экен. Бул эми 1940-жылдары болгон окуя. 15 жылга кесилип, андан Сталин өлгөндөн кийин акталып чыккан.

“Саздын суусун ичтик эле...”

Анан айылга келип мектептин завхозу, колхоздун бригадири болуп иштеп жүрдү. 1967-жылы безгектен, аны түрмөдөн жуктуруп алдым дечү, пенсияга чыгып эле каза болуп калды. “

Саздын суусун ичтик эле, бет аарчыны беш-алты катар кылып ичтим эле, көбү ошондон кетишти” дечү. Оорудан оңоло албай жүрүп өтүп кете берди. Атам кесилгенден Карагандыда КарЛагда болуптур. Атам түрмөдөн аман калышын билимдүүлүгүнө байланыштырчу. Арабча, орусча таза сүйлөчү, эки тилде окучу. Арабдардын “Миң бир түнүн” жатка билчү. Арабча, фарсыча, түркчө окуган китептерин элге кызыктуу кылып айтып берчү экен. “Ошон үчүн мени сыйлашып, көп иштеткен жок, аман калдым” деп айтып калчу.

Ошол КарЛагдагылардын тизмесин жарыялаган бир китеп да чыккан. 1938-жылы атам менен биздин ушул акталаалык Берикбай Кулбай деген атабыз да Нарындын түрмөсүндө жатышкан экен. Апам айтып калчу эле: “Биринчи камактан чыгарганда сөөгү эле калган экен, жаш баладай кылып атка өңөрүшүп Нарын суусун кечирип чыгышкан”, -деп. Эл "түрмөдөн чыкты" деп тосуп алып барышкан экен.

Алар кичине өзүнө келгенден кийин кайра камашып, Кулубай ата бошонуп келип, көп кызматтарда иштеп жүрүп кетти. Ак-Талаадан Кулназаров деген киши бу Бишкектен кармалган экен. Мен репрессиялангандардын көбүн биле бербейм.

Атам башынан өткөндөрүн кээде айтып калчу. Көп кыйынчылыктар өттү дечү. Атама “Кытайга качабыз деп элди уюштурупсуңар”, деген айып коюшкан экен. “Бирөөн да моюнга алганым жок, тияк-бияктан алып келип кесип жиберишти” дечү.

Бу сталиндик репрессиянын курмандыктарынын саны дүйнөлүк экинчи согуштун курмандыктарына жакындап эле барат. Репрессия болбогондо, мүмкүн согушту эрте жеңмекпиз. Билимдүү, илимдүү, согушка жарактуу адамдарды Сталин кырып таштаган да.

Ниязакун ата киргени көп, бошонуп тирүү чыккандары аз Карагандыдагы “КарЛаг” абагында он жылдан ашуун камакта отурган.

2013-жылы “Рух Кенч” гезити Карагандыдагы лагерде жаткан бир топ кыргызстандыктардын тизмесин жарыя кылды. Казакстандык окумуштуу Шафкат Исмаилов менен кыргызстандык белгилүү илимпоз Жумагул Байдилдеев жарыялаган тизмеде Ниязакун Акуналиевдин да аты-жөнү жазылган. Оор жазага кириптер болуп кайтпай калган, кайтып келгенден кийин башынан кечиргендерин ачык айталбай, өкүмзор бийликтин жаалынан чочуп жашаган саясий куугунтук курмандыктары тууралуу маалыматтар аябай эле аз.

Ниязакун Акуналиев абактан келгенден кийин айылындагы чарбалык жумуштарды аткарып, күндөлүк тиричилиги менен алек болуп жашаган. Он жылдан ашуун тарткан азаптары,көргөн кордуктары ачык айтылбай, жашырын сыр катары калып кетти.

Ниязакун ата үй-бүлөсү менен.
Ниязакун ата үй-бүлөсү менен.

Дегеле советтик түрмөдө ден соолугунан ажырап, ак жерден башы азапка малынганын айтып, адилеттик талап кылып тийиштүү жерлерге укугун коргоп кайрылгандар ал кезде болгон деле эмес. Көпчүлүгү адам өмүрү түккө арзыбаганканабайрамдан аман калганына ыраазы болуп, Сталин өлгөндөн кийин азыноолок жумшара түшкөн буйрукчул-өкүмзор бийликке кылапат айтуудан чочулашкан.

Ниязакун ата да ошондой турмуш кечирип, тынч жашоого көчкөн. Айылдык мугалим Эркинбек Карасартов Ниязакун абасын мына ушул кездери көрүп калган.

- Биздин айылда башкарма болуп жүргөн киши болчу. Анан репрессияга туш келип, азапты аябай көргөн, бирок кийин акталган. Абдан билимдүү киши эле. Араб, латын тамгасында сонун жазчу. Ошол кездеги кыргыздын мыкты чыкмаларынын баарын күнөөсүз жерден күнөөлөшүп жок кылышкан. Ниязакун атаны мен кичине кезимде билип калдым. Үйүндо китептери толтура турчу. Кез-кез качып жүргөнүн, кармалганын, акталганын айтып калчу.

Ак-Талаа районундагы Куртка айылында жашаган Шаршекеев Эсин аксакал ушу кезде элдин баарынын үшүн алган суук кезеңди – “эл душмандарын” жазалоо күчөп турган кезди эскергиси келбейт.

"Ата-Бейиттеги" сталинизм курмандыктарынын көрүстөнүнө гүл коюу. 08.11.17.
"Ата-Бейиттеги" сталинизм курмандыктарынын көрүстөнүнө гүл коюу. 08.11.17.

Ошондон анын Ниязакун Акуналиев тууралуу айткандары кыска-кыска сүйлөмдөр менен гана чектелди.

- Башкарма болгон, жалган айып менен түрмөгө түшкөн. Жалаа менен түшкөн. Кийин кутулуп келип, жакшы жүрдү, жакшы киши болчу. Камалгандар көп болгон.

Ниязакун ата тууралуу аны жакшы билген айылдашы, Кыргыз эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев өмүрүнүн соңку жылдары жараткан “Жараланбаган жаралуулар. Тайлак баатыр” баянында кыскача токтолуп, момундай маалыматты кыстара кеткен.

“Жапардын чоң атасы Акуналы малдуу, жандуу, тукуму өскөн сыйлуу карыя. Өз атасы Ниязбек айылдагы кызматчылардын тыңынан. Көп жыл башкармалыкта иштеген. Колдору жетиштүү, бакыбат жашашкан”, деп жазган.

Бирок да бакыбат жашоонун баасы Кеңеш бийлиги тушунда өтө эле оорго бааланып, канча өмүрлөр кыйылып, канча тагдырлар жазыксыз жазаланып, ак жеринен кодуланып, анын салакасы коомдун айыкпаган жарасы катары кыйла жылдар жашырылып келди.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG