Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:09

Адамдын ишин талашкан роботтор келди


Германиянын Ганновер шаарындагы өнөр-жай жармаңкесине коюлган роботтор жөндөмүн көргөзүүдө. 24-апрель, 2017-жыл.
Германиянын Ганновер шаарындагы өнөр-жай жармаңкесине коюлган роботтор жөндөмүн көргөзүүдө. 24-апрель, 2017-жыл.

2025-жылы дүйнөдөгү иштердин көбүн роботтор жана алгоритмдер аткарып калат. Дүйнөлүк экономикалык форумдун соңку иликтөөсү мына ушундай жыйынтык берди.

Уюмдун эсебинде, 2022-жылга карата азыркы иш орундарынын кеминде 75 миллиону жоголот. Бирок ошол эле учурда кесипкөйлүк менен чеберчиликтин жаңы заманбап үлгүлөрүн талап кылган 130 миллиондон ашуун жумуш орундары пайда болот.

Баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Дүйнөлүк экономикалык форум - акыркы жылдары алдыда күтүлгөн төртүнчү индустриалдык ыңкылаптын оң жана терс кесепеттерин жакындан иликтеп келе жаткан башкы эл аралык уюмдардын бири.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун төрагасы Клаус Шваб белгилеп жүргөндөй, төртүнчү индустриалдык ыңкылап, физикалык, санариптик жана биологиялык дүйнө ортосундагы чек араларды жойгон же тааныбаган доор болот. Башкача айтканда, бул үч чөйрөдөгү технология биригип, аралашып кеткени турат:

- Жаңы технологиялар ич ара байланыш менен карым-катышты кыйла жакшыртат. Медицинада, билим алууда, илимий изилдөө жүргүзүүдө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Андыктан, биз мындан артта калгандарды бул төртүнчү индустриалдык ыңкылапка улуттук эле эмес, эл аралык деңгээлде да интеграциялануусун кепилдешибиз абзел, - деп ырастады Шваб ушул аптада эле жаңы ыңкылаптын оң жактары тууралуу кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып.

Дүйнөлүк робот конференциясында балдар робот менен ойноодо. Бээжин, 17-август, 2018-жыл.
Дүйнөлүк робот конференциясында балдар робот менен ойноодо. Бээжин, 17-август, 2018-жыл.

Буга чейинки үчүнчү индустриалдык ыңкылап өткөн кылымдын экинчи жарымынан кийин компьютерлештирүүдөн башталып, арты санариптик технология менен уланса, Дүйнөлүк экономикалык форум ири компаниялар арасындагы өз сурамжылоолоруна таянуу менен төртүнчү ыңкылаптын баштала турган мөөнөтү катары 2025-жылды белгиледи.

Бирок төртүнчү индустриалдык ыңкылапта жеңүүчүлөр менен катар жеңилүүчүлөр да болот.

Себеби, жаңы ыңкылап товардын жана кызмат көрсөтүүнүн баасын арзандатат, экономикалык өсүштүн жаңы толкунуна дем берет деп айтылганы менен ошол эле учурда массалык жумушсуздукту жаратпайбы, корпорациялар менен элдин ортосундагы азыркыга чейин эле бузулган мамилени курчутпайбы деген камтамачылык да жок эмес.

Анткени, төртүнчү индустриалдык ыңкылаптын технологиясы, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү секторундагы иштер автоматташтырылат.

Дүйнөлүк Экономикалык форумдун ушул аптада (17-сентябрда) жарыяланган, “Жумуштун келечеги” деп аталган жаңы баяндамасы төртүнчү индустриалдык ыңкылаптын башталышы эмгек рыногуна алып келе турган өзгөрүүлөрдү айрым цифралар менен бекемдеди.

Уюмдун эсептери жана божомолдору 2025-жылга карата иш орундарындагы жалпы милдеттердин кеминде 52% роботтор менен алгоритмдер аткарып каларын көргөздү.

Бул учурдагы деңгээлден дээрлик эки эсеге жакын көп дегендик. Азыр машиналарга дүйнөдө иштин 29% жүктөлгөн.

Робот ыңкылабынын жүзү

Дүйнөлүк экономикалык форумдун эсептери ошондой эле 2022-жылга карата компаниялар ишке кабыл алган роботтордун 23% адамга окшош болорун, 37% стационардык, 19% абада жана суу алдында жүрө алуучу роботтор, 33% киши түспөлдүү эмес роботтор түзөрүн көргөздү:

- Бул адамды роботко алмаштыруу эмес, автоматташтыруу маселеси. Адам менен робот ийиндеше иштешип, ар кимиси өз жумушун аткарган болот. Менимче, бул компьютер өңдүү эле нерсе. Компьютер жаңы киргенде адамдар да азыркыдай болуп чочулаган. Азыр эгер компьютерин алып коюңузчу, адамдардын көбү ишимди кантип аткарам деп айтышат. Андыктан биздин кардарларыбызга жумушчулары роботторду колдонуп калгандан кийин ишти эски ыкмада жасай албай каларын түшүндүрүп жатабыз. Азыр 90дон ашуун мамлекетте кардарларыбыз бар. Балким көпчүлүгүбүз планета картайып бара жатканын аңдап билбей турабыз. Иш курагындагы адамдардын саны кыскарууда. Роботторсуз экономикалык өсүш болбойт. Жакын арада эле биз роботторду жашообуздун ар бир аспектисинде колдонобуз, - деди баш кеңсеси АКШнын Калифорния штатында жайгашкан, роботторду автоматташтыруу боюнча компьютерлик программаларды иштеп чыгууга адистешкен Automation Anywhere компаниясынын негиздөөчүсү Михир Шукла ( Mihir Shukla) Bloomberg телеканалы менен маегинде.

Дүйнөлүк Экономикалык форум 2022-жылга карата жок болот жана жаңыдан пайда болот деп аныктаган жумуш орундарынын тизмеси. Сүрөт уюмдун расмий интернет баракчасынан алынды.
Дүйнөлүк Экономикалык форум 2022-жылга карата жок болот жана жаңыдан пайда болот деп аныктаган жумуш орундарынын тизмеси. Сүрөт уюмдун расмий интернет баракчасынан алынды.

Бизнес менен өндүрүштүн тармактарын караганда, робот ыңкылабына эң алгачкылардан болуп автомобиль жана аэрокосмос өндүрүшү, мунай жана газ сектору, товарды жана чийки затты ташып жеткирүүнү камсыздоо тармагы өтөт.

Ага катар каржылык кызматтын жөнөкөй түрлөрү, бухгалтердик эсеп-кысап алгоритмдердин жардамы менен аткарылып калат. Жаңы технологиялар почта кызматын көргөзүүдө, кампа кармоодо адамдардын ордун ээлейт.

Кытайдын Alibaba компаниясы товар кампасында колдонгон роботтор. Ханчжоу, 14-сентябрь, 2018-жыл.
Кытайдын Alibaba компаниясы товар кампасында колдонгон роботтор. Ханчжоу, 14-сентябрь, 2018-жыл.

Натыйжада Дүйнөлүк экономикалык форум 2022-жылга чейин эле азыр актуалдуу иш орундарын 75 миллионго кыскарат, тескерисинче кайра эң көп дегенде 133 миллион жаңы иш оруну жаралат деп болжолдойт.

Ошол эле учурда ал иш орундары кесипкөйлүк менен чеберчиликтин жаңы, заманбап үлгүлөрүн талап кылат. Бул үчүн ар адамга кеминде 101 күн окуп, үйрөнүүгө туура келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG