Бишкек менен Душанбе Тажикстандагы кыргыздардын абалын талкуулады

Руслан Казакбаев менен Сирожиддин Мухридиндин жолугушуусу.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын укук коргоо органдары Лахш (мурунку Жерге-Тал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын документтери күтүүсүз текшерилип жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда, 1-апрелде Москвада КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту. Алар эки тараптуу кызматташуу жаатында сүйлөшүп, Тажикстандагы кыргыздардын маселесине да токтолушту.

Казакбаев ал жактагы элдин укугун бузуудан алыс болуп, бул ишти мындан ары Тажикстандын эмгек жана миграция мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү өтүндү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик тараптын бул жааттагы позициясы тууралуу маалымдаган жок. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган кабарда министрлер чек ара, эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөшкөнү жазылды, бирок Тажикстандагы кыргыздарга байланыштуу сүйлөшүү тууралуу маалымат берилбеди.

Буга чейин Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздар Кыргызстандан барган туугандарына жергиликтүү бийлик тажик жарандыгын алууну сунуштап жатканын айтып даттанышкан. Жерге-Талдын акими бул маалыматты төгүндөдү. "Азаттык" бул тууралуу 31-мартта макала жарыялаган. (SE)

Башка кабарлар

Түркмөнстан: Президентти "кет" деген баракчалар тарадыБахтияр Шакировдун өлүмүнүн чоо-жайы териштириле баштадыТашиев уулунун шаардык кеңешке талапкер болгонун кубаттадыКыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети ачылдыCOVID-19: Кыргызстан катаал чектөөгө кайтууну көздөй элекCOVID-19: Бишкек менен Чүйдө ооругандар көпКыргызстанда кумшекердин баасы үч айда 19% кымбаттадыГонконг: демократиячыл активисттер айыптуу деп табылдыБаткенде Өзбекстандан Сохко жол ачылдыРайымбек Матраимов ооруканадан №47 абакка которулдуМинистрлик: “Беткаптардан курт чыгып жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт