Путиндин Геленжиктеги ажайып хан сарайы: Сүрөт баян

Сүрөттөгү бул ак сарай Орусиянын курорттук шаары деп саналган Геленжиктен 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. 

Алексей Навальныйдын айтымында, ак сарай турган жер Орусиянын федералдык коопсуздук кызматына таандык. Аталган мекеме бул жерди "изилдөө жана билим берүү" үчүн колдоноорун билдирген.  



 

Навальныйдын билдиришинче, жашыл талаанын жана тик учак коно турган жайдын астында хоккей аянтчасы бар. 

Навальный бул объекттин курулуш пландарын ачыкка чыгарганын айтууда. Долбоордо бул имарат "аква дискотека"  (б.а. "суу дискотекасы") деп белгиленген.

Жээкке жакын жерде жайгашкан курулушу бүтө элек амфитеатр.
Мында курулуш иштери акыркы 15 жылдан бери уланып келет. 

Хоккей аянтчасы деп божомолдонгон жайдын бийиктиктен көрүнүшү. Ал эми тик учак коно турган жайдын айланасындагы чакан үйлөр куруучулардын жашап туруусу үчүн убактылуу курулган үйлөр экени айтылууда. 

Бул жерде жашыл чатыр менен кооздолгон чиркөө турат. Навальныйдын айтымында, бул жер Орусиядагы "эң жашыруун жана тыкыр көзөмөлдөнүүчү жай" болуп саналат.  

Ак сарайдын оранжереясы. Бул ак сарайдын үстүнөн учак менен учуп өтүүгө тыюу салынган. Ал эми ак сарайга жакын жээктен сүзүп өтө турган кемелер эки чакырымдан алыс аралыкта айланып өтүшү зарыл. 

Ак сарайдан он чакырым алыстыкта жүзүм багы бар кооз дагы бир ак сарай жайгашкан.
Бул үй Путин менен жакын байланышта болгон адамга таандык экени айтылууда.
 

Жүзүм багы бар ак сарай (сүрөттө сол жакта турат). Бул жерде жасалган шарап Кремлдеги расмий кабылдамаларда конокторго сунушталат. 

Дрондон тартылган бул кадрлардан сырткары Навальныйдын тобу резиденциянын ички көрүнүшүнүн шөкөттөлгөн сүрөттөрүн жасаган. Ал сүрөттөр интернетке чыккан видеолордун жана ак сарай үчүн буюртма берилген баалуу италиялык эмеректердин маалыматтарынын негизинде түзүлгөн.  

Бул  -  театрдын санариптештирилген көрүнүшү.
Навальныйдын айтымында, бул мисал сүрөттөр чыныгы бөлмөлөрдүн көрүнүшүнөн бир топ айырмаланышы мүмкүн.

Театрдын көрүүчүлөр үчүн арналган бөлүгүнүн санариптештирилген көрүнүшү.

Бул сүрөт курулуш учурунда бир куруучу тартып алган сүрөттүн негизинде шөкөттөлүп берилген.
 

Ак сарайдагы мрамор менен төшөлгөн бар. Мисал сүрөт. Ак сарайга эмеректер Италиянын кымбат бренддеринен сатылып алынганы айтылат.
Италиянын эмерек жасаган айрым бренддери өтө эксклюзивдүү товар сунуштагандыктан, андайлардын каталогдорун көрүү үчүн айрым кардарлар каталогдун өзүн атайын буюртма менен кымбат баага алдырышат.

Бул бөлмөдө атайын бийлөөчү аянтча бар. Мисал сүрөт. 

Ак сарайдын курулуш планына кирген казинонун көрүнүшү. 

Путиндин бөлмөсүнүн көрүнүшү.
Сол жактагы бурчта турган гимнастикалык шаймандар көпчүлүк "Путиндин аялы" деп жүргөн гимнастчы Алина Кабаевага даана ишаара кылып турат. 

Негизги имараттын түндүк тарабында, тогуз чакырым аралыкта экинчи жүзүмдүк багы отургузулган.
2017-жылы жергиликтүү эколог бул аймактагы токойдун мыйзамсыз кыйылып жатканын иликтеп жатканда, белгисиз кишилер тарабынан ырайымсыздык менен токмоктолгону кабарланган.  

Экинчи жүзүм бактын жанында  жайгашкан православ чиркөөсү. Бул чиркөөнүн ар бир кирпичи атайын Грекиядан алынып келингени айтылат. 
Алексей Навальный жана анын тобу даярдаган бул сүрөттөр жана видео 19-январда жарыяланды. Тасмадагы «Геленжиктин жанында президент Владимир Путинге мыйзамсыз каражат аркылуу аксарай курулган» деген доону расмий Кремлдин өкүлү жалаа катары четке какты.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык бир басылмага «бул  -  баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз», - деп жооп берди.

Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.