Ушул жумада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүндө Кыргызстандагы ички миграцияга байланыштуу «тегерек стол» жыйыны болду. Анда мигранттардын социалдык абалы, укуктук жактан корголушу жана башка проблемалар козголду.
Кыргыз өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюму баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүүдө кызматташуу боюнча келишимге 19-июнда кол коюшту. Ал эми президент өз жардыгы менен Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча агенттикти түздү.
11-июнда «Моя столица» гезитинин жабылганын анын башкы редактору Александр Ким жарыялаган. Андан кийин 13-июнда «Учкун» басмаканасы гезиттин акыркы санын басууну 3 нуска чыгарылгандан кийин токтотуп койду. Көз карандысыз гезиттин жабылышынан кийин эл аралык уюмдар өз тынчсызданууларын билдире башташты.
14-июндан тартып «Кыргызстан менен Кытай жарандарынын өз ара катташуусу жөнүндөгү» өкмөт аралык келишим күчүнө кирет. Буга байланыштуу 13-июнда Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын жетекчилиги маалымат жыйынын өткөрүп, күчүнө кире турган келишим тууралуу маалымат берди.
12-июнда Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карай баштады. Кароонун алгачкы күнүндө эле депутаттар 41 беренеден турган мыйзамдын 15ке жуук беренесин кабыл алышты.
Жумадан ишембиге караган түнү казак милициясы Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Алматыда убактылуу эмгектенип жүргөн жарандарын кыргыз жерине депортациялады. Депортацияланган 140ка жакын адам учурда Кант шаардык милиция кызматынын маңдайындагы клубга жайгаштырылды.
6-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүк сааттын алкагында өлкөдөгү табигый кырсыктар алып келген зыяндарды четтетүү жана кырсыктардын алдын алуу туурасында премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын укту.
4-июнда Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев Тажикстанда жумуш сапары менен болуп кайтты. Ага чейин, 2-3-июнда Дүйшөмбү шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны болгон. Эки мамлекеттин ортосундагы бул иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 5-июнда вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Өкмөт Үйүндө маалымат жыйынын өткөрдү.
Эки жарым айга созулган талкуудан кийин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамды бейшембиде кабыл алды.
28-майда өкмөт чек ара маселесине байланыштуу жабык эшик артында жыйын өткөрдү. Анда өлкөнүн кошуна мамлекеттер менен чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштеринин абалы талкууланды.
23-майда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүк сааттын алкагында акыркы кезде өлкөдө орун алган ири кылмыштарга байланыштуу күч структураларынын маалыматын укту.
Пенсионер Михаил Корсунскийдин 2-апрелде «Моя столица» гезитине жарыяланган макаласына каршы өкмөт башчысы Николай Танаев Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Райондук сот премьер-министрдин доо арызын кароону 22-майда баштады.
Милициянын башкы милдети - кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Бирок кыргыз милициясы өзүнүн түз милдетин аткаруудан көрө, бийликтин саясий оппоненттерине каршы күрөшүүгө көбүрөөк тартылууда. Бул өз кезегинде милициянын түз милдетин аткаруусунан аксатып, андан тышкары мамлекеттин демократиялык аброюна сокку урууда.
15-майда эртең менен Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүнө жана облустук ички иштер башкармалыгына кол салган топтун 7 мүчөсү кармалды. Алардын акыркысы жана топтун жетекчиси болгон Адил Каримовду издөө улантылууда.
Өнөгөсүз өпкө оорусунун Кыргызстанга өтүшүнө жол бербеш үчүн Кытай менен чек ара жабылды. Буга байланыштуу саламаттык сактоо министринин орун басары Людмила Штейнке, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Жээнбек Кулубаев 15-майда маалымат жыйынынын өткөрүштү.
10-11-апреле Чолпоната шаарында бир катар мамлекеттердин Омбудсмандарынын тегерек стол жыйыны өттү. Анда укук коргоочулар өз ишин уюштуруу боюнча тажрыйба алмашты. Тегерек столдун жыйынтыгында Омбудсмандар Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги үйүндө маалымат жыйынын өткөрүштү.
Бишкектин Ленин райондук соту «Общественный рейтинг» гезитине каршы доо арыздарды кароого киришти. Арызды республиканын тышкы иштер министри Аскар Айтматов, ага кошулуп үч дипломат жазышкан. Сот чатагынын чоо-жайы.
Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу көз карандысыз «Моя столица» гезитине карата Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечими Кыргызстандын Жарандык-Процессуалдык кодексинин 71-беренесине каршы келээри тууралуу бүтүм чыгарды. Акыйкатчынын чечими соттун өкүмүн өзгөртө албайт. Бирок бардык бийлик органдарын көзөмөлдөө укугуна ээ болгон Акыйкатчынын бул чечими кандай натыйжага алып келиши мүмкүн?
31-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Конгресске «2002-жыл ичинде дүйнө мамлекеттериндеги адам укуктарынын абалы» жөнүндө докладын сунуштады. Анын Кыргызстанга арналган бөлүгүндө, «өлкөдө 2002-жылы басма сөздү кысмакка алуу, калкты жана маалымат каражаттарын коркутуп-үркүтүү улантылды» деп айтылып, бирок киши сатууга каршы күрөштө алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгы белгиленген. АКШнын мамлекеттик катчысынын доклады Кыргызстанда кандай бааланууда?
27-мартта Нарын облусундагы Сарыбулак деген жерде болгон кайгылуу окуя тартип коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө.
Дагы жүктөңүз