"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Шейшембиде АКШнын айыл чарба министрлиги өлкөдө уйдун кутурма оорусунун алгачкы фактысы катталганын билдирди. Буга чейин негизинен Европада жайылган бул илдет америкалык экономикага олуттуу зыян тийгизиши ыктымал.
Израиль полициясынын билдиришинче, Египеттин тышкы иштер министрине болгон кол салууга байланыштуу шейшембиде палестиналык 7 киши камакка алынды. Полициянын басма сөз өкүлү Жил Клейман кармалгандардын бардыгы тең Иерусалимден экенин белгилеп, башка маалымат берүүдөн азырынча баш тартты. Министр Махер болсо медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин үйүнө сапар тартты.
Дүйшөмбүдө Белградда Сербиянын премьер-министри Зоран Жинжичтин өлүмү боюнча сот жараяны башталды. Арийне, күнөө тагылып жаткан 40тай кишинин арасында Жинжичти өлтүрүү жөнүндө буйрук бергендер жок. Мындан улам, байкоочулардын көбү бул процесс Сербиянын сот системасы үчүн олуттуу сынак болуп калат деген пикирде.
Жекшемби қүнү Кувейтте Перси булуңундагы өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңешинин эки күндүк жыйыны башталды. Саммитте айрым экономикалык проблемалар менен катар терроризм менен күрөшүү жана Саддамдан кийинки Ирак менен кызматташуу маселелери каралат.
Өтүп бараткан жылы дүйнөдө демократия менен адам укуктарынын абалы негизинен жакшырды. Мындай тыянак АКШнын “Фриидом Хау” аттуу өкмөттүк эмес укук коргоочу тобунун жылдык докладында айтылат. Кыргызстан, аталган баяндамага ылайык, быйыл да эркин эмес мамлекеттердин катарына киргизилген.
Саддамдын туткундалышы “Ирактын массалык кыргын салуучу куралы барбы?” деген маселени кайрадан жандантты. Согуш баштоонун алдында Вашингтон дал ошол куралдын коркунучун башкы жүйөө катары пайдаланган эле. Айрым эксперттер курал эчак эле жок кылынган болушу керек деп божомолдошот. Экс-диктатордун кармалышы бул суроого айкындык киргизеби?
Шейшембиде БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ирактын саясий келечеги жана өлкөдөгү бийликти жергиликтүү органдарга өткөрүп берүүнүн процедуралары талкуулана баштады. Ирактын Убактылуу Башкаруу кеңешинин тышкы иштер министри Зебари Саддамдын режимине жасаган пассивдүүлүгү үчүн Улуттар Уюмун сындады. Ошол эле учурда Багдаддын өкүлү өткөөл мезгилде БУУдан көбүрөөк жардам талап кылынаарына басым жасады.
Соңку кабарларга караганда, Саддам Хусейндин сурактагы алгачкы маалыматтарына таянып, америкалык жоокерлер Ирактын айрым мурдагы аскер төбөлдөрүн камакка алууга жетишти. Ошентип, Саддам Хусейн АКШга каршылык көрсөткөн кээ бир топтор менен байланышта болгону тастыкталууда.
Шаршембиде “Ассошийиетед Пресс” маалымат агенттигинин журналисттери колдоруна ооган колбашчысы Гүлбеддин Хекматиярдын кайрылуусу тартылган видеокассета түшкөнүн кабарлашты. Анда ооган өкмөтүнүн мурдагы премьер-министри Хекматияр мекендештерин АКШ баштаган коалицияга каршы күрөшүүгө үндөйт.
10-декабрда Осло менен Стокгольмдо Нобель сыйлыгын тапшыруу аземдери болуп өттү. Быйыл Нобель тынчтык сыйлыгына алгачкы ирет мусулман аял, ирандык укук коргоочу Ширин Эбади татыктуу болду.
БУУ ишемби күнкү Ооганстандагы кайгылуу окуяны терең иликтөөгө чакырды. Ал күнү америкалык аскерлердин соккусунан 9 бейкүнөө бала набыт болгон. АКШ өкмөтү кырсык үчүн оогандардан кечирим сурады, бирок кыштактын жашоочулары АКШ күчтөрүнө карата ачуусун жашырышпайт. Байкоочулардын айрымдары болсо бул өңдүү жаңжалдуу окуя биринчи жолу болуп жатпагандыгын белгилешүүдө.
Россияда депутаттык мандат үчүн ат салышуу өз марасына жакындап калды. 450 орундуу Мамлекеттик думанын жарымы партиялык тизмелер боюнча, калган жарымы - бир мандаттык округдардан шайланмакчы. Байкоочулар бул жолку шайлоо өнөктүгү кремлчил “Бирдиктүү Россия” партиясынын үстөмдүгү алдында өтүп жатат дешүүдө. Россиядагы парламенттик шайлоого арналган түрмөктүн алгачкы бөлүгүн сунуш этебиз.
Эми Грузиядагы окуялар жөнүндө сөз кылабыз. Соңку күндөрү баш калаа Тбилисиде айырым аскерий төбөлдөр жаңы жетекчиликке нааразылык иретинде төңкөрүш даярдап жатышат деген каңшаар кеп тарай баштады. Кээ бир саясий партиялар да келээрки президенттик шайлоону бойкоттой турганын айтышууда. Убактылуу президент Нино Буржанадзе болсо Грузиянын автономиялуу жумурияттарынын жетекчилерин чогулткандыгы үчүн Москвага нааразылыгын билдирди.
Шейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун СПИД менен күрөшүү программасы жаңы отчетун жарыялады. Анда Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын бүтүндөй жаңы мууну 20-кылымдын чумасы деген атка конгон илдеттин коркунучу алдында экени айтылат.
Дүйнөнүн бир катар лидерлери жана эл аралык уюмдар Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзенин эч кандай кан төгүүгө жол бербестен, бийликтен кеткен кадамын кубаттап жатышат. Грузиядагы соңку окуялар эл аралык басма сөздө да кеңири талкууга алынып жатат.
Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе бүгүн кечинде кызматынан чегинүү жөнүндө жарыя кылды. Оппозиция ага коопсуздук кепилдиктери берилет деп билдирди. Тбилисинин көчөлөрүнө чыккан эл “баркут ыңклабынын” жеңишин майрамдашты. Оппозиция лидери Саакавшили бүгүнкү күндү тарыхый бурулуш катары баалады.
“Кызыктуулар дүйнөсүнө” кезек беребиз. Бугүнкү чыгарылышта Германияда, Кытайда жана башка өлкөлөрдө катталган кызыктуу, таң калтыраарлык жана ажайып окуялар тууралуу сөз болот.
Эми Балкандагы окуялар тууралуу сөз кылабыз. Черногорияда, б.а. Монтенегродо жакында пост-югославиялык доордогу алгачкы эл каттоо өткөрүлдү. Кадыресе статистикалык маалымат чогултуу жараяны бул Балкан жумуриятында саясий өнөктүккө айланып кетти. Айрым жергиликтүү аналитиктер мындай көрүнүштү сербчил оппозициянын өлкөдөгү саясий демилгени өз колуна алуу аракети катары баалап жатышат.
Иракты башкаруу келеээрки июн айына чейин америкалык жетекчиликтен жергиликтүү өткөөл өкмөткө өткөрүп берилүүгө тийиш. Ушундай билдирүү ишемби күнү америкалык администратор Пол Бремер менен Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү ортосундагы жолугушуудан кийин жасалды. Ирактагы коопсуздук абалы Вашингтон администрациясын баштапкы пландарын өзгөртүүгө мажбурлаган өңдөнөт.
Гиннесс китеби жарым кылымга жакын убакыттан бери дүйнөдө болгон ар түрдүү кызыктуу жетишкендиктерди каттоого алып келатат. Эми болсо китеп өзү рекордсмендердин катарына кошулуп отурат: жакында анын 100 миллионунчу нускасы жарык көрдү.
Дагы жүктөңүз