"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Ирак согушуна байланыштуу АКШ президенти Жорж Буштун дарегине айтылып жаткан ансыз да арбын сын пикирлерге дагы бир чуулгандуу окуя кошулду. Атап айтканда, Ак Үйдүн жогорку даражалуу бир өкүлүнө согуштун оппоненттерин тизгиндөө максатында кызматтык жашыруун сырды ачыкка чыгарып салды деген кине тагылууда. Байкоочулар бул жаңжалдын арты Буш үчүн олуттуу болушу мүмкүн дешүүдө.
Бейшембиде БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттиги Ирандагы текшерүүсүн улантат. Расмий Тегеран агенттик менен кызматташууга даяр экендигин белгилөө менен, байытылган уран тынчтык максаттарында гана пайдаланылат деп ырастоодо. Ирандын өзөктүк программасы АКШ менен Россиянын президенттери Буш менен Путиндин өткөн жуманын алгында Кэмп-Дэвидде болгон 2 күндүк саммитинде да талкууга алынды.
Иракта балдарды эмдөө же вакцинация өнөктүгү жүрүүдө. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги, БУУнун балдар кору - ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму биргелешип уюштурган иш чара бир нече айлампа менен жүргүзүлүүдө. Ушул аптада 3 жарым миллиондой бала эмделди. Жыл аягына чейин дагы үч ирет ушундай эле иммунизация өткөрүлмөкчү.
Европа Биримдиги Түштүк Кавказдагы өзүнүн алгачкы өкүлү кылып финляндиялык дипломат Хейкки Талвитиени дайындады. Анын баамында, Брюссел Азербайжан, Армения жана Грузия менен алакаларын өөрчүтүүнү көздөгөнү менен, аталган өлкөлөрдүн Европа Биримдигине жакын арада кошулуусу күмөн. Ал эми Россиянын аймактагы кызыкчылыктары үч жумурияттын эгемендүүлүгү шартында гана аткарылышы мүмкүн. Ушул жана башка ойлору менен Талвитие мырза кабарчыбыз Ахто Лобьякас менен болгон маегинде бөлүштү.
Жекшемби күнкү референдумда швециялыктар евро мейкиндигине кошулуу сунушун четке кагышты. Өлкө атуулдарынын 56,1 пайызы Европанын орток акча биримдигине каршы добуш беришти. Аналитиктер мындай жыйынтык жалгыз гана Швециянын экономикасына эмес, бүтүндөй Европа Биримдигине таасир этиши мүмкүн дешүүдө.
Мындан 10 жыл илгери 1993-жылдын 13-сентябрында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган Осло келишимине кол коюлган. Ошондо миллиондогон адамдар аймакта тынчтыкты орнотуу мүмкүн деп ишене башташкан эле. Бирок өткөн он жылдык ичинде жаңыдан жандана баштаган үмүт иренжүү жана ишенбөөчүлүк менен алмашты.
Жаңы окуу жылынын башында Францияда өлкөдөгү алгачкы мусулман лицейи ачылды. Бул менчик окуу жайынын ачылышын колдогондор да, каршы чыккандар да көп.
Палестин лидери Ясер Арафат премьер-министрдин кызматына парламенттин спикери Ахмед Корайини көрсөттү. Вашингтон администрациясы автономиянын жаңы кабинет башчысына көбүрөөк ыйгарым укуктар берилсин деп үндөөдө. Газа тилкесинде болсо Израил армиясынын аскерий чабуулдары улантылып жатат.
8-сентябр күнү АКШ президенти Жорж Буш өлкө калкына теле аркылуу кайрылуу жасайт. Бишкек убакытысы боюнча таңкы саат алты жарымга белгиленген кайрылуусунда Буш Ирактагы абалды стабилдештирүү иштерине БУУ көбүрөөк тартылсын деген демилгеси менен чыгат деп күтүлүүдө. Ирактын өзүндө болсо коалиция күчтөрүнө каршы кол салуулар уланып жатат.
25-августта Беларус бийликтери ОБСЕнин маалымат каражаттары боюнча өкүлү Фреймут Дувеге өлкөгө кирүү визасын берүүдөн баш тартты. Бул расмий Минск менен уюм ортосундагы биринчи чатак эмес. Акыркы кезде өлкөнүн эркин прессасына болгон кысымдын күч алышы президент Лукашенканын конституцияны өзгөртүп, үчүнчү мөөнөткө бийликте калууга мүмкүнчүлүк алууга багытталган кампания катары бааланууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк бөлүмүнүн маалыматына ылайык, ушул тапта дүйнө жүзүндөгү адамдардын саны жыл сайын 77 миллион кишиге өсүп турат. Ошол эле мезгилде, өзгөчө Европада, улгайган муун басымдуулук кылып баратканы байкалууда. Андан тышкары, шаарларга жайгашуу мурда болуп көрбөгөндөй күч алууда.
Француздар англис тилин күнүмдүк турмушта азыраак колдонууну чечишти, тарыхый космостук никелешүү үзгүлтүккө учурады, жакында майыптарды сүйүндүрүүчү жаңы робот пайда болот, даңазалуу жырткыч-балыктын сөөгү табылды, америкалык ырчы президент Бушту сындагандыгы үчүн жазаланды. Мына ушул окуялар жөнүндө бүгүнкү “Кызыктуулар дүйнөсүндө” сөз болмокчу.
Шейшембиде Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти 30 мамлекет АКШ жетектеген эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн алкагында Иракка аскер жиберүүгө макулдугун берди деп жарыялады. Байкоочулардын пикиринде, алардын көпчүлүгү БУУнун Ирак боюнча жаңы резолюциясы тез арада чыгып калаар деген үмүт менен өлкөгө символикалык гана сандагы жоокерлерин жиберип жатышат.
Филиппин өкмөтү жекшемби күнкү майнапсыз аяктаган аскерий төңкөрүш аракетине саясий колдоо көрсөткөндөр жазага тартылат деп жарыялады. Дүйшөмбүдө өлкөнүн полициясы мурдагы президент Жозеф Эстраданын жардамчысы Рамон Карденас төңкөрүшкө тиешеси бар деген шек менен кармалганын билдирди.
Европа Биримдигинин жаңы түзүлгөн бирдиктүү аскер тобу Македонияда тынчтык орнотуучу күчтөр катары алгачкы сынактан өткөн соң, ошондой эле максат менен Конгого жайгаштырылды. Эми болсо Нидерланды аларды Молдова менен Днестр бою аймагынын ич ара чатагын жөнгө салуу миссиясы менен чөлкөмгө жиберүү демилгесин көтөрүүдө.
Эми “Кызыктар жана укмуштар дүйнөсүнө” чакырабыз. Эң байыркы планетанын ачылышы, мафия - мышыкка каршы, чиркейлерди жолотпогон чөнтөк телефондор. Ушул жана башка таң каларлык жана кызыктуу окуялар менен таанышыңыздар.
Британияда “Ирак согушун ачууга кандай негиздер бар эле” деген талаш-тартыштуу маселе боюнча иликтөөлөр жүрүп жаткан кезде, бул жаңжалды ого бетер күчөткөн окуя орун алды. Жума күнү өлкөнүн коргоо министрлигинин эксперти Дэвид Келлинин сөөгү үйүнөн алыс эмес жерде табылды. Оппозициядагы консерваторлор партиясынын лидери Ян Дункан Смит болсо премьер-министр Тони Блэр Азия сапарын токтотуп, Лондонго кайтып келиши керек деген оюн билдирди.
Ооганстан менен Пакистан ортосундагы чек арада анда-санда ок атышуулар учурап жатат. Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн америкалык, пакистандык жана оогандык аскерий өкүлдөрдөн куралган атайын комиссия түзүлдү. Байкоочулар бул аймактагы кырдаалдын курчуп кетишин бир катар маселелер менен байланыштырып жатышат.
Жекшемби күнү Ирактын Башкаруу кеңеши алгачкы жыйынын өткөрүп, өзүн өлкөнүн өткөөл өкмөтү катары жарыялады. Жыйындын жүрүшүндө кеңеш мүчөлөрү арасында бир топ пикир келишпестиктер бар экени айкын болду. Ошентсе да, дээрлик 35 жыл өкүм сүргөн Саддамдын режиминен кийинки алгачкы өкмөттүн түзүлүшү өлкө тарыхындагы бурулуш учур катары бааланып жатат.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган “жол картасы” планына ылайык, 2005-жылга карай эгемен Палестин мамлекети түзүлүүгө тийиш. Байкоочулар дээрлик 4 миллион палестин качкындарын үйлөрүнө кайтаруу жөнүндөгү маселенин чечилиши тынчтык процессинин алга жылуусун шарттайт деген пикирде.
Дагы жүктөңүз