"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Бишкектин түндүк тарабындагы жер талашка байланышкан кырдаал көзөмөлгө алынып, бүгүн абал тынчып калды. Кечээки тополоңдон 5 адам каза таап, Маевка айылында 7 үй өрттөлдү, дагы бир канча турак-жай талкалаган. Мындан сырткары 40 чакты адам жаракат алганы кабарланууда.
Бишкекте 18-апрелде Талас облусунан чыккан аттуу-баштуу адамдардын жыйыны өттү. Жыйынга катышкандар Убактылуу өкмөттү колдой тургандыктарын, ошол эле учурда чет мамлекеттерде билим алып, чет жерде иштеп жүргөн жаш кадрларды мамлекеттик башкаруу ишине тартуу зарылдыгын да белгилешти.
16-апрелде эки жүздөн ашык адам УТРК, андан кийин Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү отурган Коргоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты.
Кыргызстанда иш алып барган Flexi Communications агенттигинин жетекчиси Вугар Халилов 12-апрелден бери УККнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.
Жарандык коомдун, айрым саясий партиялардын өкүлдөрү убактылуу өкмөттү чукул арада легитимдештирүүгө чакырды. Ошондой эле убактылуу өкмөттү бийликке монополия кылууну токтотууну талап кылып жатышат. Ал эми жаңы өкмөт өздөрүн толук бойдон мыйзам жолунда иштеп жатканын билдиришүүдө.
Убактылуу өкмөт айрым бейөкмөт уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сынына кабылууда. Алар өкмөттүн кадр маселесин чечүүдө бечелдик кылып, жасаган иштери ачык болбой жатканын белгилешип, аларды мурда тутунган принциптерди карманууга чакырууда.
Европа Биримдиги, ЕККУ, БУУ, АКШ жана Казакстан Кыргызстанга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу 12-апрелде убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Европа Биримдигинин өкүлү Пьер Морел менен жолугушуудан соң билдирди.
Ынтымак курултайынын Төркеңеши өткөн аптада Ынтымак курултайын Эл өкүлдөр жайынына теңөө, ыйгарым-укуктарын Конституцияда белгилөө сунушу менен чыкты. Оппозиция өкүлдөрү муну бийликтин элди алаксытуу амалы катары баалап жатышат.
Оппозиция 7-апрелде жер-жерлерде боло турган Элдик курултайга даярдык көрүүдө. Деген менен оппозиция өкүлдөрү курултай алдында аймактык айрым мүчөлөрүнүн сабалышын, белгисиз бирөөлөр тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр көп катталышын бийликтин курултайды болтурбоо аракети катары баалашууда.
Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын башчысы Роза Отунбаева БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун сапарынан соң бул уюмдун Кыргызстанга баа бериши таасирдүү болооруна ишенет.
“АУБ-Агро” 1-апрелге карай өлкө боюнча 55 млн. 437 миң сомдук насыя берди. Бул насыя жалпысынан 657 кишиге берилип, көлөмү 20 миң сомдон 70 миң сомго чейин болду. Өнүктүрүү фонду ошондой эле “Агроазыктүлүккорпорация” менен биргеликте дурус баада дыйкандардан төө буурчак, күн карама жана пахтанын түшүмүн сатып алууну пландаштырып жатат.
1-апрелде Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен Словакиянын лидери Иван Гашпарович жолугушуп, тараптар соода-экономикалык жана гуманитардык байланыш боюнча маселелерди талкуулашты. “Азаттыктын” тегерек үстөлү да ушул темага байланыштуу болуп, ага профессор Тилектеш Ишенмкулов жана тарыхчы Турат Сырдыбаев катышты.
31-мартта "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы эки темада - Баткен жана Талас эли менен айыл тургундарынын маалымат алуусу жана уюлдук байланышка кошулган 60 тыйын тууралуу - видео-диалог уюштурду.
Кыргызстандагы көз карандысыз медиа уюмдардын өкүлдөрү бийлик тарабынан ММКларды кайрадан каттоо боюнча мыйзам долбоор иштелип жатканына каршы пикирлерин айтышууда. Алар муну менен бийлик өзүнө жакпагандарын жаап салышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.
Бишкектин четинде жайгашкан Ак-Жар жаңы конушунун эки миңге чукул тургундары беш жылдан ашуун убакыттан бери суу, электр жарыгы жок жашап жатышканын айтып, бул маселелерди чечип берүүнү бийликтен талап кылып нааразылык акциясына чыгышты.
Мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков 2005-жылы 24-марттагы окуяны революция деп эсептебейт жана азыркы саясий кырдаалды мындан беш жыл мурдакы окуялардын кайталанышына чейин жетет деп ойлобойт.
Бишкектеги «Манас жаңырыгы» телекомпаниясы, «ОК» радиосу жана Нарындагы «Алмаз» радиосу бийлик тараптан кысым болуп жатканын оозеки айтышып, 10-марттан тартып «Азаттыктын» берүүлөрүн уктурууну токтотушту. Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдар, коомдук-маданий ишмерлер "Азаттыктын" үнүн басуу аракеттерине тынчсызданып жатышат.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун каза болгонуна туура бир жыл болду. Расмий бийлик маркум жол кырсыгынан каза болгонун жарыялаган. Оппозиция өкүлдөрү болсо мунун чындыгы эртеби-кечпи ачыкка чыгаарын айтууда.
Өлкөдө үй-бүлөдөгү, анын ичинде аялдарга болгон зордук көрсөтүү маселеси дале болсо курч бойдон калууда. Ал тургай 2009-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук 40% өстү. Бул тууралуу 5-мартта БУУ үйүндө өткөн “Аялдарга карата зомбулукту бирге токтотобуз” кампаниясынын башталганына байланыштуу уюштурулган конференция маалында айтылды.
Статистикалык маалымат боюнча бүгүнкү күнү үй-бүлөсүн таштап чет жерде утурумдук жумуштарда иштеп жүргөн мекендештердин саны 400 миңден ашуун. Эл аралык миграция уюму бул сан алда канча көп экенин айтып келет. Ал эми социологдордун иликтөөсү боюнча анын 60-70 пайызын аялдар түзөт.
Дагы жүктөңүз