Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Борбор Азия

«Атам кытай мыйзамдарына ишенчү, аларга анын кереги жок экен». Казактар, кыргыздар «кайра тарбия лагерлери», камактагы жакындары жөнүндө.

Автор - Алина Жетигенова. Макаланын түп нускасы Настоящее время сайтында жарыяланган.

«Атам кошунабызга Бээжинге арыз жазууга жардам берген»

«Бүгүн атамды эскерип, кайгыга батып отурам. Кытайдын «кайра тарбия лагеринде» каза болду. Күйүтүбүздү апам же бир туугандарым менен да бөлүшө албайм, алардын тирүүсүн же өлүүсүн билбейм. Байкуштарымды көзүн жалдыратып кайра лагерге айдап кетишти бекен, же кыйнап атышкандыр?! Баары өлүү дүйнөдөй жымжырт, туңгуюк. Атамды бүгүн «өлдү» деп билдиришти, байкуш атам бүгүн эмес, августта эле каза болсо керек. Карыган, кыйналып баскан аксакал адамды кыйнап отуруп өлтүрүштү».

Акикат – музыкант жана продюсер. Шинжаңда жашаган казак үй-бүлөдөн чыккан. 19 жашка чыкканда үйүн таштап музыкалык билим алганы Бээжинге кеткен. Ал жерде кийинчерээк Шанхайдагы белгилүү эл аралык компанияда иштеди, мамлекеттик музыкалык долбоорлорго, концерттерге катышты, анан Үрүмчүгө музыкалык мектепте иштөөгө келген. Ошол жерден Акикат өмүрлүк жарын тапкан, келинчеги Казакстандын жараны болчу.

Акикат Калиолла.
Акикат Калиолла.

«Келинчегим жер кыдырып казак музыкасын элге жайылткан таланттуу кыз, анын өнөрүнө да ашык элем, - дейт музыкант. – Тоюбуз Кытайда өтүп, атам келинине эки китеп – КЭРдин Кылмыш кодекси менен Конституциясын белек кылып, көпчүлүк алдында: «Балам, сен мындан аркы турмушунду Кытай жаранына байлап жатасың, өзүңдүн жериңдеги мыйзамдардай эле бул өлкөнүн да мыйзамдарын билишиң керек», - деди. Атам ыраматылык мыйзам үстөмдүгүнө, Кытайдын сот системасына ушунчалык ишенчү. Өкүнүчкө, алар атамдын ишенимин сыйлашкан жок».

Акикат келинчеги экөө 2015-жылдан бери Казакстанда жашайт, 2018-жылы казак жарандыгын алган. Анын ата-энеси менен бир туугандары Кытайда калышкан.

Акикаттын атасы Турсынулы Калиол быйыл 70 жашка чыкмак. Билимдүү, кытай тилинде эркин сүйлөгөн киши болгон экен. Кийинки жылдары бийликтин кысымына кабылган казактарга жардам кылып, кытай тилинде аларга арыз же билдирүүлөрдү жазып берчү экен. «Биздин кошунабыздын күйөөсүн күзөтчүлөр сабап өлтүрүп коюшкандан кийин атам ал аялдын Бээжинге арыз жазышына жардам кылган, ошондон көп өтпөй атам менен эки инимди алып кетишти, - деп сөзүн улантты Акикат. - Эч кандай ордери, соту, тергөөчүсү жок эле алып барып камап коюшту. Бечара аялдын жергиликтүү бийлик тарабынан өлтүрүлгөн күйөөсү тууралуу маалыматы борбордук бийликке жетпей, ошол жердеги аткаминерлерден ары өтпөдү, тигилер өч алышты. Атамды болсо ошол окуядан кийин 20 жылга кесишти. Карыган, оорукчан адамды, Маданият министрлигинде иштеген билимдүү инсанды, балдарга кытай тили менен кошо казак тилин окуткан мугалимди, кытай мыйзамдарына аябай ишенген асыл адамды камашты!»

«Кайра тарбия лагерлеринин» тамагын татып, камактын азабын көрүп келгендер менен алардын жакындарынын укук коргоочуларга айткандарына караганда, лагерге туш келгендердин көбү колунда соттун чечими жок, жөн эле кармалган шордуулар. Полиция кызматкери же лагердин күзөтчүсү, болбосо жарандык кийимчен бирөөлөр, кайдан келгенин, ким экенин айтпастан туруп кармап кете беришет. Колго түшкөн адамга айыбын угузушат да лагерге айдап жиберишет. Камалчу адамдарга күнөөсүн тизмеден таптырып, анан ошол эле жерден канча жыл отурарын «ойлоп табышкан» учурлар да кездешерин айрым күбөлөр айтышат, жарым жылдан он жылга чейинки камакты ошентип илип коюшат. Антпей сот аркылуу камакка алышкандарга болсо эч кандай адвокат берилбейт, алардын өзүн-өзү коргоосуна мүмкүнчүлүгү да жок.

Кытай бийлигинин расмий билдирүүлөрү боюнча, өлкөдө репрессия жок, ал эми тарбия лагерлери - адамдарды туура жолго салчу «кайра даярдоо борборлору» гана. Ал жерге камалгандар жаңы кесиптерге ээ болушат, билимин жогорулатышат, тил үйрөнүшөт. Бээжин мындай борборлор диний жикчилдик менен ийгиликтүү күрөшүүгө мүмкүндүк түзөрүн айтуудан тажабайт.

Акикат Калиолла Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдында. 26-июнь, 2020-жыл.
Акикат Калиолла Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдында. 26-июнь, 2020-жыл.

Акикаттын апасы күйөөсү менен балдарын издеп полицияга барганда аны да ушундай «кесиптик даярдоо борборуна» камап салышкан. Бириккен Улуттар Уюму, башка эл аралык укук коргоо уюмдары билдиргендей, мындай борборлордо камалып отургандардын саны миллионго жетет. Ал жерлерде негизинен уйгурлар, казактар, кыргыздар жана кытайлык мусулман ханзулар кармалат.

Журналисттик иликтөөлөр ырастагандай, ошондой эле камактан чыккан адамдардын айтымында, аты «тарбия лагерлери» деп аталганы менен, мындай жайлардын баары - саясий жактан кайра тарбиялоочу түрмөлөр, ал жерлерде кыйноо, зордук-зомбулук колдонулат.

2020-жылдын июнунда Акикат Нурсултандагы Кытай элчилигинин алдына буту-колун кишендеп жалгыз пикетке чыккан. «Июлда алар кытайлык «WeChat» мессенжери аркылуу апам, инилерим менен сүйлөшүүгө уруксат беришти, - дейт ал. - Бирок 16-августтан тартып байланыш кайра токтоду. Лагерден чыккандан кийин апам менен инилерим үй камагында отурушту, кийин дагы дайыны билинбей кетти. Кытайдагы тааныштарым ата-энем турчу үйдү барып көрүп келишти, ал жерде эч ким жашабайт экен. Байкуштарымды кайра дагы лагерге алып кетиштиби, дегеле өздөрү тирүү бекен - эч нерсени билбей отурабыз».

«Атам балдарына камкор болчу, мен да ошондой болгум келет: үй-бүлө ал үчүн баарынан жогору эле, биз менен чогуу китеп окуп, эмнеге умтулсак дайыма жардам берип, жаныбыздан чыкчу эмес, - дейт Акикат каза болгон атасын эскерип отуруп. – Музыкага кызыгып калганымды көрүп атам каражат жагынан оор экенине карабай мага пианино таап, студиянын жабдууларын орнотуп берди. Жашаган өлкөбүздүн үлгүлүү жараны гана болбостон, казак тарыхы менен маданиятын билишибиз маанилүү экенин айтчу. Ар жактан алынган маалыматтардан улам атам өлгөндөн кийин апам менен инилеримди августта алып кетишкенби деп ойлоп отурам. Ошентип [бийликтегилер] өздөрү жасаган кылмышын жаап-жашырышууда».

«Балдарга чоң ата, чоң энеси кайда экенин түшүндүрүү оор»

2016-жылдан тартып Кытайдагы түрк тилдүү жана мусулман калкына репрессиянын күчөп кетишин Шиңжандагы Коммунисттик партиянын башчылыгына Чэнь Цюаньгонун кызматка келиши менен байланыштырышат. Анын аты Тибетти башкарып турганда эле катаал администртативдик чаралар аркылуу чыккан. 2020-жылдын июнунда АКШ Цюаньгого «Шиңжандагы улуттук азчылыктын укуктарын одоно бузуу, массалык түрдө кармоо жана зордук-зомбулук үчүн» санкция жарыялаган.

Цюаньго чөлкөмдү полициялык мамлекетке айландырып салды. Шаарлардын ичинде, сырткы катнаш жолдорго тосмолор коюлуп, аймак аралык жолдорго адамды өңүнөн таануучу видео камералар коюлду. Камераларга түшкөн маалыматтар ID форматка көчүрүлөт, камералар үйлөрдүн алдына жана соода борборлоруна да коюлган. Бардык жерде формачан полиция кызматкерлери же жарандык кийимдеги коопсуздук кызматкерлери жүрүшөт. Репрессияга жалаң эле уйгурлар туш келген жок.

«Уйгурларга ханьзулар (Кытайдагы улуттук көпчүлүктү түзгөн калк – НВ) мурда деле басым кылышчу. 2009-жылкы Үрүмчүдөгү козголоңдон кийин аябай катуу кысым көрсөтө башташты. Уйгурларга салыштырмалуу динге анча берилбеген, өзү менен өзү жүргөн көчмөн казактар менен кыргыздарга карата катаал чаралар 2016-жылдан тартып күчөй баштады. Чет жерге чыгуу кыйын болуп калды. Буга чейин Казакстандагы, Кыргызстандагы туугандарыбызга каттап турчубуз, балдар жогорку окуу жайларына өтүшчү. Анан ошол окуган студенттер жоголуп кетчү болду», – дейт Жаңыл.

Жаңыл - Кытайдын Шиңжан-Уйгур автоном округунун Кызыл-Суу кыргыздарынын өкүлү. Анын күйөөсү уйгур улутунан. Экөөнүн Кытайда туугандары калган. Айрымдары «кайра тарбиялоо лагерлеринде», башкалары чочулап байланышка аз чыкчу болушкан, ал жерде эмне болуп жатканын айтышпайт.

«Инимдин аялы кытай, күйөөм уйгур. Үйлөнгөндөн кийин иним балдары менен Тайванга кетишти. Биз Бишкекке жол тарттык, сиңдим Европага окууга кеткен бойдон ошол жерде калып калды. Ата-энелерибиз үйлөнүшүбүзгө, башка жакка көчүп кетишибизге каршы болушпады. Алар башында бу балакеттүү репрессия бизге тийбейт, интернационал үй-бүлө, кытай тилинде сүйлөшөбүз, дин менен чатагыбыз жок деп ойлошкон».

Жаңылдын ата-энесинин бизнеси Шинжаңда жүрүп аткан. Камакка алынганга чейин апасы Кытайдан чет өлкөгө көп каттачу, узак убакыт чет жерде жүрүп калчу, мисалы, кызы төрөгөндө небересин карап жанында болчу. «Адатта паспорт полицияда болот, анан сен ал жерге барып эмне үчүн кандай максат менен кимдикине барарыңды түшүндүрүшүң зарыл. Анткиң келбесе колуна акча карматасың. 2013-2014-жылдары жыргал эле, ал кезде паспорт жаныңда болчу. Биздин үчөөбүздүн ишибиз жакшы жүрүшүп, ата-энебизди саякаттап келүүгө жөнөттүк. Ошондо карыганда ата-энелерибиз анын азабын тартарын, кордолорун билгенибизде эмне! Ошондо эле Кытайдан алып чыгып кетпей эмне болдук!».

Жаңыл ушу кезге чейин илгерки бир ишине өкүнүп отурат.

2017-жылдын башында Жаңылдын апасынын, жыл аягында атасынын кармалышына, аларды билгендердин айтымында, салык төлөбөй, бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөттү деген жалаа себеп болгон.

«Балдарга таятасы менен таянеси кайда экенин түшүндүрүү кыйын, – дейт Жаңылдын күйөөсү Адилжан. – Кыйноону көтөрө алышпайт. Канча кары кишилерди камашты, арасынан аман кайткандары жок. Ал боюнча Кыргызстандын бийлигине кайрылуудан пайда жок».

«Биздин түрмөлөрдө деле кытайлар отурат, бирок Кытай эмне үчүн кыйкыра элек?»

Кыргызстанда кытайлык кыргыздарды кысымга алуу темасы маалымат каражаттарында, укук коргоочулар тарабынан байма-бай козголбойт. Чөлкөмдөгү жана дүйнөлүк маалымат каражаттарында көбүнесе уйгурлар же болбосо уйгурлар менен казактар тууралуу гана кеп кылышат. Арийне, алардын арасында кайра тарбиялоо лагерлеринин азабын көргөндөр көбүрөөк. Казакстандык «Ата-Журттун жаш кайраткерлери» уюмунун маалыматы боюнча, кайра тарбия лагерлеринде миллиондон ашуун уйгур, 700 миңдей казак, 50 миң ашуун кыргыз болгон. Камакка алынгандардын арасында башка түрк тилдүү калктардын өкүлдөрү да бар: өзбектер, татарлар, кытай тилдүү мусулман ханзулар, ошондой эле ислам менен православ динин карманган башка кытайлар. Жалпысынан мына ушул «экстремизм менен террорчулукка каршы туруу борборлорунда» 7,7 миллион адам болгону «Кытайдын Шиңжан-Уйгур автоном районунда иш менен камсыз кылуу жана эмгек укуктары боюнча баяндамасында» белгиленген.

Кыргызстан менен Казакстандын жарандарынын бул лагерлерде укугу бузулуп жатканын билдирген укук коргоочуларга Кытайга экономикалык жагынан көз каранды эки өлкө өз жарандарын коргоп калуунун ордуна маселени козгоп, улутташтарынын укугун коргоого киришкен активисттерди кысымга алууда.

Кытайдагы репрессия, ал жерде ачылган «кайра тарбия лагерлери» тууралуу Серикжан Билаш биринчилерден болуп кеп кылып, маселе козгогон. Ал Казакстанда «Атажурт» уюмун түзүп, ал кытайлык лагерлерде камалган кытайлык казактарга, кыргыздарга, уйгурларга, дагы башка адамдарга көмөк көрсөтүп, жакындары камалып калгандарга, дайынсыз жок болгондордун дарегин издөөгө жардамдаша баштаган.

Жакындарын издеген адамдардын видео ырастамалары, англис, кытай, казак жана орус тилдеринде:

2019-жылдын мартында Казакстандын бийлиги Билашты «чыр-чатакты ырбатуу» аракети боюнча айыптап, айыпка жыгып, беш айга үй камагына отургузду, коомдук уюмдарды башкарууга жети жылга чейин укугу жок деген чечим чыгарды. «Атажурттун» Алматыдагы кеңсесин тинтип, бир айга жаап коюшту. Уюмда иштегендер электрондук керектүү жабдуулар менен документтерди алып кетишкенин айтышты. Ушу тапта уюм иштеп атат, аны Бекзат Максутхан жетектөөдө.

Казакстанда уйгур тилин изилдөөчү, котормочу жана shahit.biz сайтынын негиздөөчүсү Евгений Бунин жашайт. Ал негиздеген сайтта Кытайдын «кайра тарбиялоо лагерлеринде» камалган жети миңден ашуун кишинин маалыматы топтолгон. Бунин краудфандинг аркылуу акча топтоп, аны Кытайдан Казакстанга келген качкындарга берет.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 2017-жылкы казактардын дүйнөлүк курултайында Кытайдагы казактар башынан кечирип жаткан кыйынчылыктардан кабарсыз экенин моюнга алган. Кийинчерээк казак бийлиги жарандарынын кармалышы боюнча Кытайга бир нече ирет нааразылык нотасын жиберди. Өлкөдө Шинжаңда кармалган кытайлык казактардын туугандарынын митингдери, басма сөз жыйындары өтүп турат.

Кыргызстанда Кытайда жашаган туугандары дайынсыз жок болуп же ал жактан качып келген кытайлык кыргыздардын жардам берүүгө чакырган өтүнүчтөрү жалпыга жарыя кылынбайт.

«Бизде деле түрмөлөрдө кытайлыктар отурат, бирок кытай бийлиги аны айтып кыйкырбайт. Кытайда жашаган кыргыздар - кытай жарандары, алар кытай мыйзамдары менен жашайт. Бул коркутуу эмес, жөн гана этият болуш керек», – Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков кытайлык кыргыздардын жакындарын лагерлерден чыгарып берүүгө көмөктөшүү тууралуу өтүнүчкө ушундай жооп берген.

2010-жылы Бишкекте улуттук азчылыктын укугун коргоп чыккан Кытайдын эң бай аялы Рабия Кадыр тууралуу «Сүйүүнүн 10 шарты» кино тасмасынын бет ачары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кийлигишүүсү менен өтпөй калды.

«Президенттик администрациянын башчысы «кошуналарды сыйлап мындай фильмди көрсөтпөш керек» дегенде биз аябай таң калдык. Биз ага бул укук коргоочу аял жөнүндө экенин, фильмде адам укугу жөнүндө кеп болуп жатканын, адам укугуна кысым көрсөтүүгө эч кимдин акысы жок экенин айттык», – дейт кинофестивалдын уюштуруучусу, «Бир Дүйнө» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова. Аталган уюм Кытайдагы кыргыздардын укуктарын коргойт. «Бир Дүйнө» «Адилет» укуктук клиниканын юристтери менен бирге Кытайдагы куугунтуктан качып келгендерге жардам көрсөтөт.

«Бул жерде деле кытайдагыдай коркуп-үркүп отурабыз»

Кытайдан Казакстан менен Кыргызстанга качып келгендердин баары эле жарандык алып, ал жерлерде жашап калгысы келбейт. Анын себеби коомдук шартка көнүүгө, адаптацияга байланышкан. Кытайдан келген кыргыздар менен казактардын кирил жазуусуна, анан да орусча сүйлөөгө көнүшү кыйын. Казакстан менен Кыргызстанда кыргыз, казак тилине мамлекеттик, орус тилине расмий тил статусу берилген, шаарларда мамлекеттик тилге караганда экинчи тил басымдуулук кылат.

«Келгенимден кийин жазуулардын бирин да окуй албайм. Ал жакта иероглиф, кытай тилин окугам, кыргыз тили болсо түрк тилдеринин катарындагы тил, араб жазуусунда окуганбыз, кийин англис тилин латын арибинде тааныдык. А бул жерде жайнаган кирилл тамгасындагы жазуулар, томпойгон, томпойгон жоон жазуулар, анан да жазуусу менен басмасы айырмалуу! Баары ошол тамгада, кыргызчасы деле, орусчасы деле бирдей жазылган. Бишкекте орусча сүйлөй албасаң аябай кыйын: жазуусунун баары, сүйлөгөнү деле орусча, кыргызча айтсаң жооп бербейт, айрымдары бу кайдан келген караңгы деп ойлошобу, билбейм», – Кыргызстанга ата-энеси, инилери менен көчүп келген 25 жаштагы Азамат жагдайды ушундайча түшүндүрдү.

Азаматтын Кытайда калган классташтарынын баары кытайлык лагерлерге түшүптүр. Баарын мусулман болгону үчүн камакка алышыптыр.

«Ал жерде «Ассалом алейкум» деп бири-бирибиз менен учураша албай калдык, антүүгө тыюу салынган, - дейт ал. - Өз тилиндеги музыканы угууга, жактырган диниңе сыйынганга, эне тилинде сүйлөшүүгө болбойт. Мечитке барууну айтпай эле коёюн, алардын баары жабылган. Биз эле эмес, христиандар деле жашынып калышты, жашыруун чиркөөлөргө барат болуш керек. Баарыбызга, тибеттиктерге окшоп айырмалангандардын баарына кыйын иш түштү. Мен динчил адаммын, Кытайда жашап жүрүп бул жагынан кысымды анча деле байкаган эмесмин. Анан бул жакка келип, дүйнөнүн башка жерлерин көрүп, сөз эркиндиги, дин эркиндиги, каалаган жерде жүрүү укугун угуп-көрүп, бизди кантип төрөлгөндөн капаска камап салышканын эми түшүнүп отурам».

Бишкекте Азамат Кытайдан келген кыргыз студенттер менен достошкон. Кийин алар Кытайга каникулга кетип, көбү кайрылып келбей калды, башкалары байланышка чыкпай калышты.

2019-жылдын мартында «Foreign Policy» басылмасы Шижаңдагы кытайлык кыргыздардын ичинен Кыргызстанда окуган студенттердин дайынсыз жоголушу тууралуу кабарлады. Алардын бири манасчы (кыргыздын «Манас» баатырдык эпосун айтуучу), бийчи, Кытайдагы легендарлуу манасчынын, кыргыздын оозеки энциклопедиясынын небереси Тургуналы Турсуналы болчу.

Тургуналы соцтармактын активдүү колдонуучусу эле, бул жактан кеткенден кийин анын жазгандары токтотулуп, достору болсо байланышка чыкпай калганын билдиришти. Басылманын болжолунда Тургуналы кайра тарбия лагерлеринин биринде камакта отурат. Анын айтымында, Шинжаң бийлиги чоң атасы сактап келген китептерин конфискациялаган. Кыргызстандагы окуусуна келе албай калган студенттердин арасында 45 бала бар, арасында элдик бийдин чебери, музыканттар, теле алып баруучу, жазуучу, «Манас» эпосун изилдөөчү академик бар.

Азамат Кыргызстанда калгысы келбейт, бул жерге көнүш, анан жумуш табыш кыйын, анын үстүнө орус тилин билбейт. Ошондуктан ал чет элдик окуу жайына кирди, ушу тапта акчасын чогултуп, чек ара ачылса кетсем деп турат.

Качкындар Кыргызстанды ортолук өлкө эсептеп башка жерлерге кетүүгө аракет кылганынын дагы башка олуттуу себеби бар - алар качкындарды бекем коргоп, укуктук саясий системасы туруктуу иштеген өлкөлөргө кеткиси келет. Көпчүлүгүн өлкөдө кез-кез болуп турган улут аралык чыр-чатактар чочутат. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова улуттук көпчүлүктүн азчылыкка ыдык көрсөтүү фактыларын бийлик дайым эле калыс, объективдүү изилдебегени качкындарды чочулатпай койбой турганын белгилейт. Анын айтымында, улуттук азчылык өкүлдөрү кылмыштары үчүн (алардын арасында кылмышка тиешеси жоктор деле) жабык жайларга көп түшүп, ал жерлерде кыйноого туш болушат.

«Кыргызстандагы кытайлык кыргыздар, өзүнчө бир жамаат, улуттук азчылыкпыз, – дейт Жанна. Соодага аралашкан Жаннанын үй-бүлөсү эки өлкөнүн жашоо-турмушун жакшы билет. – Ошондон улам бизге «тигилерге, башкаларга» дегендей мамиле кылышат. Бул жерде деле Кытайдагыдай коркуп-үркүп отурабыз. Тигил жакка караганда дурусураак, бирок мыкты эмес. Чек арадан башынан эле бизди парасыз өткөрүшчү эмес, бакиевдик башаламандыктын тушунда колдо болгон бизнесибизди тартып алышты. Баарынан да милиция менен криминалдын айырмасы жок: жаныңды сууруп алышат».

Кыргызстанга Кытайдан кыргыздар менен кошо башка улуттардын өкүлдөрү, көбүнесе уйгурлар качып өтүшөт. Бул жердеги уйгурлар Кытай менен Казакстандагыдан кийинки эле саны жагынан эң көп улуттук азчылыкты түзөт.

Качкындар Казакстанда же Кыргызстанда калыштан чочулап жатышынын дагы бир себеби - бул жердин бийлиги аларды кайра Кытайга өткөрүп бериши мүмкүн. 2011-жылы Казакстан Кытайга уйгур Аршидин Исраилди өткөрүп берген, аны Кытайда террордук иш-аракеттерге тиешеси бар деп айыпташкан. Кыргызстандык укук коргоочулар коопсуздук кызматкерлери Өзбекстандын атайын кызматы менен макулдашып Анжияндагы тынчтык митинги күч менен таратылганда качып өткөн адамдарды кайтарып бергенин, Анжияндагы кагылышта ондогон адамдар курман болгонун эстешет.

«Көбүнө бул жерде кыйын, анткен менен кыйласы өз эне тилинде эркин сүйлөгөн жерге келгенине ыраазы, - дейт Азамат. Өз тилиңде ырынды угуп, каалаган маалыңда намазынды окуп, жаңы төрөлгөн балдарыңа Коммунисттик партиянын уруксаты жок каалаган түрк же мусулман ысмын коюп, тоолорду көз тойгуча карап, эркин дем алганга не жетсин. Ата-энем тоолуу айылга көчүп барды, кошуналары баары кыргыздар, Кытайдан келген кыргыздар да бар, инилерим орусча үйрөнүп жатышат, окуусун бүтсө ошол жердеги университетке өтүшөт. Бизде да Серикжан Билаштай азамат чыкса, билимдүү, кайраттуу, анан да жерине кеткен досторум аман кайтып келип бул жерде же Америкадан, Европадан орун тапса дейм».

«Мага, балдарыма Алматы аябай жагат. Жалаң казакча сүйлөгөнүбүз айрым шаардыктарга жакпаганы гана таңдантат. Кызым аларды «империялык Орусия илгери жапайыларга ушундай мамиле кылчу» деп коёт. Анысына деле мейли дейм, империялык Кытайдай болбосун. Ал жерде бизди, тилибизди, маданиятыбызды шыпырып жок кылып, баарыбызды асман тиреген бийик кабат үйлөрдүн бетон дубалдарына кошуп куюп салгысы келчү», – дейт Сауле. Ал Кытайдын көп лагерлеринин биринде бир жылдан ашуун кармалып, ушу кезде Казакстанда жашап жаткан кыз.

«Биз активисттерге, укук коргоочуларга, колдоо жана жардам көрсөткөнү үчүн бардык казакстандыктарга ыраазыбыз. Бийликтегилер акырын козголуп, аябай сактанып, этияттанып, «таасири чон кошунанын» ачуусун келтирбештин амалын кылып кайтарчуларды кайтарып жатат, – дейт Сауле. – Бул жакшы иш жалгыз уйгур, казак, кыргыз эмес, басым-кысымга туш келген ханзуларга да тараса, ошол байкуштар да азапты аябай тартып жатышат. Бул кылмышка айласыз катышып кылмышка колу малынгандардын мээсин айнытып, көзүн будамайлап, ушуну гана жасайсың деп мажбур кылышканын билем, алар да эркиндикке чыгар деп ишенем. Андайлардын биз менен чогуу жашашы деле кыйын, бизди тооктой кайтарып жүрүү кимге эле жаксын?»

Каспий деңизиндеги пляж. Баку шаары.
Каспий деңизиндеги пляж. Баку шаары.

Азербайжан менен Түркмөнстан Каспий деңизиндеги мунай кендерин иштетүү жөнүндө макулдашты. Бул боюнча эки өлкөнүн ортосунда 30 жылдан бери бүтпөй келаткан тирешке акыры чекит коюлду.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Азербайжандын лидери Илхам Алиев 21-январда өткөн видео конференцияда Достлук кенин иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын жарыялашты.

Табигый газ кенин иштетүү боюнча макулдашуу Каспий деңизинин жээгиндеги бул эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат жана Транскаспий газ куурун куруу ниетин жандандырат.

1991-жылдын аягында Советтер Союзу кулагандан кийин эки өлкө бирдей кенге ээлик кылуу укугун алып, аны Азербайжан Кяпаз, ал эми Түркмөнстан Сердар деп атаган.

Бул Каспий деңизинде жайгашкан, Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосундагы талаштуу үч кендин бири. Калган эки кенди Азербайжан Азери жана Чираг деп атаса, Түркмөнстан Омар жана Осмон деп атаган. Бирок Азербайжан Түркмөнстан менен талаш-тартышты жөнгө салуудан мурун «Бритиш петролеум» эл аралык консорциуму менен бирге 1997-жылы Чираг кенин жана 2002-жылы Азери кенин иштете баштаган.

Азербайжандын эки кенди иштетүү боюнча чечими Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурад Ниязовдун кыжырына тийип, ал 1996-жылы Бакуда азери президенти Гейдар Алиев менен жолугушуп, эки мамлекетке тең пайдалуу кызматташтыкты талкуулаган. Бирок Чираг менен Азериде мунай өндүрүү башталгандан бери Баку менен Ашхабаддын мамилелери кескин начарлап кеткен.

Үчүнчү Гүнешли кенин кошкондо, талаштуу аймактагы мунайдын жалпы далилденген кору 7 миллиард баррелди түзөт. Кыска убакыттын ичинде бул кендер Азербайжанда өндүрүлгөн мунайдын негизги бөлүгүнүн деңгээлине жеткен (2010-жылы өндүрүш күчөп турганда, күнүнө 823 100 баррел мунай алынса, андан бери өндүрүш азайып кеткен).

Каспий деңизи.
Каспий деңизи.

Ошол эле учурда Түркмөнстан цистерналардын жоктугунан улам ири өлчөмдө мунай экспорттой алган эмес.

Ал эми Каспийдин жээгиндеги эки өлкөнүн мамилеси 2003-жылы Гейдар Алиев жана 2006-жылы Сапармурат Ниязов каза болгондон кийин жылый баштаган. 2009-жылы Бердымухамедов эл аралык сотко кайрылып, Чираг жана Азери кендерине көзөмөл кылууну түркмөндөргө берүүнү өтүнгөн.

2007-жылы, Бердымухамедовдун бийлигинин биринчи жылы Түркмөнстан Кипрдеги «Buried Hill» компаниясына үч блокту, Сердар (азыркы Достлук) кенин иштетүүгө лицензия берген жана сейсмикалык изилдөө иштери башталган. Бирок Түркмөнстан менен Азербайжан кенди иштетүүгө байланыштуу талаш чечилмейинче аны иштетүүнү токтото турууну макулдашкан.

Эми ошентип Достлук кени боюнча меморандумга кол коюлушу эки өлкө үчүн маанилүү жетишкендик болуп саналып, президент Илхам Алиев «бул эки өлкөнүн туруктуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасы» деп белгиледи.

Ал эми Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) өкүлү Ибрагим Ахмедов жаңы меморандумду «Азербайжан-Түркмөнстан мамилелериндеги жаңы баскыч» деп атап, ушул жылы кенди иштете башташ үчүн көптөгөн техникалык жана коммерциялык маселелер чечилиши зарыл экенин белгиледи.

Достлук кенинин аныкталган кору 1,4 миллиард баррелди түзөт. Кийинки чалгын иштери мунайдын дагы ири кору табылышы мүмкүн экенин көрсөткөн.

«Чираг жана Азери кендерин иштетүү менен бизде эми Каспий деңизи аркылуу аймакты Европа жана башка чөлкөмдөрдүн базарлары менен байланыштырган инфратүзүм, мунай жана газ куурлары бар», - деп кошумчалады Ибрагим Ахмедов.

Учурда бул жагдай Каспий деңизи аркылуу Европага көгүлтүр отун экспорттош үчүн Азербайжанга жыл сайын болжол менен 30 миллиард куб метр түркмөн газын жеткирүүнү көздөгөн Транскаспий газ кууруна кыйла олуттуу кыйынчылык жаратат.

Каспий деңизиндеги геоясат жана энергетика боюнча алдыңкы адис Роберт Катлер «Азаттык» радиосундагы маегинде Транскаспий долбооруна жол ачылганын айтты.

«2018-жылдын августундагы Актау келишими менен иштелип чыккан жана тездетилген бул өз ара макулдашуу жөнүндө меморандум, чындыгында Транскаспий долбоорун ишке ашырууга акыркы тоскоолдукту алып салат», - деди Роберт Катлер.

Каспий деңизинин укуктук статусу жана анын бөлүнүшү боюнча көптөн бери созулуп келе жаткан талаш-тартыштар 2018-жылы август айында Казакстандын Актау шаарында өткөн саммитте чечилгендей болгон. Саммитте Каспийдин жээгиндеги беш мамлекеттин (анын ичинде Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан, Орусия жана Иран) лидерлери Каспий деңизинин макамы боюнча конвенцияга кол коюшкан.

Ал эми Достлук кени боюнча келишим Азербайжан менен Түркмөнстандын Каспий деңизиндеги жаратылыш газын чогуу иштетүүдө өнөктөштүгүн чыңдап, Транскаспий куурун курууга жол ачат.

Катлердин айтымында, «эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Транскаспий долбоорунда өнөктөш болуу мүмкүнчүлүктөрүн карап, натыйжада өз ара макулдашуу меморандумуна кол коюшту».

Ал арада Азербайжандын өкүлү Ибрагим Ахмедов: «Достлук кениндеги кызматташтыкта чечиле турган дагы эле көптөгөн маселелер бар, анын ичинде долбоорду каржылоо маселеси да чечилиши керек», - деп баса белгиледи.

Азербайжандын газы Транс-Анадолу (TANAP) деп аталган куурду толтурууга жетишсиз. Долбоордун акыркы вариантында газ түтүгүнүн көлөмү 60 миллиард куб метрди түзөт. Демек, дагы бир нече өлкө TANAP кууру аркылуу газ ташышы мүмкүн.

Дүйнөдө жаратылыш газынын көлөмү боюнча төртүнчү орунда турган Түркмөнстан үчүн көгүлтүр отунду Европага жөнөтүү жагынан TANAP долбоору ачык-айкын чечим болуп саналат.

Ал эми Катлердин айтымында, «Достлук» меморандумуна кол коюлгандан кийин эл аралык байкоочулар Транскаспий кууру долбоору күч алса таң калбаш керек.

Илхам Алиев жана Гурбангулы Бердымухамедов. 2008-жыл.
Илхам Алиев жана Гурбангулы Бердымухамедов. 2008-жыл.

Бирок бир жерде бир маселе бар. Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы жаратылыш газын экспорттоо долбоорлоруна, анын ичинде азери газын Түркия аркылуу Европага жеткирүү максатында Транскаспий кууруна инвестиция жумшаган.

Ошол эле учурда түркмөн экономикасы терең кризисте, ошондуктан бул өлкө кошумча киреше алыш үчүн бардык ыкмаларды колдонууга даяр.

Бирок президент Алиев 2018-жылдын август айынын аягында Азербайжан түркмөн газы үчүн транзиттик өлкө болууга даяр экендигин, эгерде Түркмөнстан газ куурун салууну кааласа, анда Мамлекеттик мунай компаниясы Азербайжанга окшогон долбоорго инвестиция жумшашы керек экенин айткан.

Ал эми 21-январда өткөн видео конференциянын жүрүшүндө Алиевдин «жылуу» сөзүнөн Түркмөнстан да Достлук кенин иштетүүгө каржылык салым кошушу керек деген ишаратка көз карашы кандай болгону билинген жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG