Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Борбор Азия

Казак полициясы демонстрантты кармоодо. Алматы. 2021-жылдын 10-январы.
Казак полициясы демонстрантты кармоодо. Алматы. 2021-жылдын 10-январы.

10-январда Казакстанда парламенттин төмөнкү үйү – Мажилиске жана маслихаттарга шайлоо өтүп жатат. Ага бойкот кылган оппозиция өкүлдөрүн полиция Нур-Султан, Алматы, Чымкент сыяктуу шаарларда камакка алып жатышканы кабардалды.

Мунайзатка бай Казакстандын жарандары 10-январда парламенттик шайлоодо добуш берүүдө. Бир эле учурда жергиликтүү өкүлчүлүк органдарына (маслихаттарга) да шайлоо өтүүдө. Шайлоого эч бир олуттуу оппозициячыл партия жана саясатчы талапкерлер катышкан жок. Бийликти сындагандар дал ушул шайлоо күнү нааразылык жыйын өткөрүүгө элди чакырган болчу.

Ушундай жыйын уюштурулушу ыктымал болгон Алматы шаарында Интернетке бөгөт коюлгандыгы кабардалды.

Бозгундагы оппозициячыл саясатчы Муктар Аблязов өз тарапташтарын 10-январда нааразылык жыйындарына чыгууга үндөгөн. Ошондой жайлардын бири катары ал Астана аянтын атап өткөн.

Алматыдагы "Астана" аянтынын жанында нааразылыкка чыккандарды полиция тосуп турат. 2021-жылдын 10-январы.
Алматыдагы "Астана" аянтынын жанында нааразылыкка чыккандарды полиция тосуп турат. 2021-жылдын 10-январы.

Алматыдагы Астана аянтынын жанында нааразылыкка чыккандарды полиция тосуп алды.

Алматынын борбордук бөлүгүндө полиция кеминде 31 кишини камакка алды. Кармалгандардын айрымдары "шайлоого бойкот!" деп кыйкырышты.

Нур-Султан шаарында жок дегенде бир оппозициячыл партия нааразылык чара өткөрүү ниетин билдирген. Борбор шаарда нааразылык чараларын уюштурууга аракеттенгендерди полиция кармап кетип жатты.


Тасма. Нур-Султандагы демонстранттар менен полиция. 10.1.2021.

Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур-Отан” партиясы өлкөнү 1999-жылдан бери бийлеп келет. Бул партия парламенттин төмөнкү үйү – Мажилисте үстөмдүгүн сактап калат деп күтүлүүдө. Андан тышкары Адал, Айыл, Ак жол жана Элдик партия парламенттеги орундар үчүн ат салышууда. Булардын бардыгы өкмөтчүл уюмдар катары таанымал. Элдик партия – мурдагы коммунисттик партия.

Өзүн оппозициячыл уюм санаган Бирдиктүү улуттук социал-демократиялык партия өлкөдө расмий катталган. Бирок 2020-жылы ноябрда бул партия парламенттик шайлоого бойкот жарыялаган.

Көз карандысыз байкоочулар өлкөнүн айрым дубандарында (анын ичинде Түркстан менен Чымкентте) бийликтер өздөрүн шайлоо тилкелерине киргизбей коюшкандыгына даттанышты.

Бийликтер байкоочулардан коронавируска каршы ПЧР сынагынын жыйынтыгын тапшырууну талап кылышкан. Бирок айрым көз карандысыз байкоочуларга мындай ПЧР сынагынан өтүүгө тоскоолдуктар жаратылганы мурда кабардалган болчу.

Эртең менен Алматыдагы Казак улуттук университетинин имаратындагы №259 шайлоо тилкесине “Эркиндик канаты” уюмунун өкүлү Асылтай Тасболат “киргизбей жатканыңардын жүйөсүн расмий түрдө түшүндүргүлө”, деп талап кылып жатып араң байкоочу катары киргендигин “Азаттыкка” айтты.

Таңкы саат 10:00го карата шайлоочулардын болгону 12 пайызы гана шайлоо тилкелерине келип добуш бергенин өлкө БШКсы маалымдаган. Саат 14:00кө карата шайлоочулардын 43,9 пайызы добуш берди.

Алматыда шайлоочулардын 21,9 пайызы гана келсе, Жамбыл облусунда 55,1 пайыз шайлоочу, Нур-Султанда 37 пайыз шайлоочу добуш берген.

Кечки саат 20:00да добуш берүү аякташы керек. Андан кийин Казакстандын бир саатка кеч болгон аймактарында добуш берүү дагы бир сааттай жүрөт. Ал эми шайлоо жыйынтыгынын алдын-ала маалыматы БШК тарабынан Нур-Султан убактысы боюнча саат 22:00де алгачкы ирет жарыяланат.

Казак туусу.
Казак туусу.

Казакстанда шайлоо күнү жакындаган сайын эркин байкоочуларга жаңы талаптар коюлууда. Эми байкоочулар ПЧР тестинин жыйынтыгы болмоюнча өлкөнүн башка аймактарына бара албайт.

4-январда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январда өтө турган парламенттик шайлоого чет өлкөлүк 400гө жакын көз каранды эмес байкоочу аккредитациядан өткөнүн кабарлады. Алардын дээрлик көпчүлүгү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон.

Бейшембиде Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин шаарда акысыз тестирлөөнүн жыйынтыгында 13 байкоочу жана шайлоо комиссиясынын мүчөсүндө коронавирус тести оң чыкканын билдирди:

«Алар жумуштан убактылуу четтетилди. Эгерде алар шайлоо комиссиянын кызматкерлери болсо, анда алардын ордуна запастагы мүчөлөр келишет. Ошондой эле байкоочулар тизмедеги башка көз каранды эмес байкоочулар менен алмаштырылат».

Анткен менен жергиликтүү байкоочулар ПЧР тести боюнча айрым тоскоолдуктарга туш болгонун айтып чыгышты. Казакстандык байкоочулар эми коронавирус эпидемиясы күч алып турган аймактарга барыш үчүн ПЧР тестин тапшырууга милдеттүү.

«Мукалмас» коомдук уюмунун жетекчиси Акайдар Ысымулы бир канча күндөн бери ооруканаларда тест берүүнүн амалын издеп жүргөнүн айтты:

«Биз байкоочуларды Алматы шаарынын тогуз ооруканасына бөлүп койгонун кеч угуп калдык. Ооруканаларга тест тапшырганы барсак, «силер тизмеде жоксуңар» деп кыйынчылык туудуруп жатышат. Нур-Султан шаарында 70тен ашык көз каранды эмес байкоочунун тизмеси бар. Ошолордун бирөө гана кечээ тест тапшырыптыр деп уктук».

Ушундай эле жагдайга «Q-adam» фондунун өкүлдөрү туш болгон. Бул фонд Казакстандагы шайлоо алдында түзүлгөн жаңы талаптарга ылайык жергиликтүү байкоочулардын тизмесин түзүп, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине расмий жөнөткөн.

Бирок министрлик фонддун жетекчиси Насиба Курганбековага акысыз коронавирус тести үчүн байкоочулардын толук маалыматы жетишсиз болгонун кабарлаган.

«Биз соцтармактарда байкоочулардын ПЧР тести үчүн каражат чогулттук. Нур-Султан шаарында 60ка жакын байкоочу бар. 8-январда алардын баары жеке менчик лабораторияда тест тапшырат. Күнүгө ушул шайлоо менен эле жашап калдык. Бизди шайлоого байкоочу катары киргизбегени адилеттүү эмес деп ойлойм», - деди Насиба Курганбекова.

Казакстандык байкоочуларга көрсөтүлгөн кысым муну менен гана чектелген жок. Актөбө облусунда 200дөй байкоочуга атайын билим берген уюм эки жумадан бери расмий каттоодон өтө албай келет. Көз каранды эмес байкоочу Амантай Тажикенов каттоого документтер ар түрдүү себептер менен кабыл алынбай жатканын айтты:

«Биз мекемеге барсак «мөөр керек» деп жөнөтүп жиберишти. Анан мен документтеримди Астанага жөнөттүм. Экинчи жолу документ тапшырсам «50 теңге карызы бар» деп кабыл албай коюшту. Эми үчүнчү жолу да жөнөттүк. Менимче мындай тоскоолдуктар шайлоодон улам болуп жатат».

Ал арада Казакстандын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери 7-январда калаадагы кырдаал чыңалып турганын кабарлады. Башкы дарыгер Жандарбек Бекшин соңку алты күндө шаарда коронавирус 700дөн көп адамдан аныкталганын билдирди. Ал январь айында кырдаал мындан да жаман болушу мүмкүн экенин, коронавирус 4,5 миң адамдан аныкталышы ыктымал экенин эскертти.

Ал эми Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилистин депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленген. Мыйзамга ылайык, Мажилистин депутаттары партиялык тизме менен шайланат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG