Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Борбор Азия

Sorry! No content for 31 Январь. See content from before

бейшемби 28 Январь 2021

Казакстанда мунайчылар иш таштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Казакстандын Актөбө облусунун Көкжиде кенинде иштеген мунайчылар төрт күндөн бери эмгек акыны эки эсеге көбөйтүүнү жана иштөө шарттарын жакшыртууну талап кылып, иш таштады. "KMK-Мунай" компаниясынын жетекчилиги айлыкты 20% көтөрүүгө даяр экендигин билдирди. Бирок эмгекчилер ага макул эмес.

 Амиржан Косанов.
Амиржан Косанов.

Казакстандык саясатчы, 2019-жылы өткөн шайлоодо президенттикке талапкер болгон Амиржан Косанов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун алдында чоң жоопкерчилик турганын айтып, геосаясатта кылымдардан бери калыптанган байланыштар сактала берет деген пикири менен бөлүштү.

Косанов инаугурацияда мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин эмес, туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосу окулганы Казакстандын ички саясатындагы жагдайларды чагылдырарын кошумчалады.

- Негизи инаугурация бул стандарттык иш-чара. Ошондуктан бир жагынан экономика кыйын жагдайга кептелгенде каржы тартыштыгы, пандемия шартында көп чыгым сарптабай ант берүү аземин өткөрүү дурус. Мындан президенттин аброю төмөндөбөйт, тескерисинче калк түшүнөт деп ойлойм.

Кыргызстандын президенти айткан, коомдо, анын ичинде Борбор Азия аймагында чоң маселе жаратып жаткан - бул конституциялык реформа. Конституциялык реформанын сынчылары көбөйүп баратат.

Арийне, президент Жапаровдун алдында чоң жоопкерчилик, милдеттенмелер турат. Экономикага, социалдык, саясатка байланышкан маселелерди чечүүгө туура келет. Бирок байкагандай, келерки жарым жыл ичинде, референдум, парламенттик шайлоо өткүчө саясий абал кризистик жагдайда болушу мүмкүн. Менимче, президент муну түшүнүүгө тийиш.

- Президент Жапаров Казакстанды, Өзбекстанды, Орусияны тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт катары белгиледи. Ушул сөздөрүн кандай баалайсыз?

- Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнүн геосаясий жагдайы белгилүү. Азыркы тапта Кытай жана Орусиянын экономикалык таасири күчтүү экени сезилет. Сырткы товар жүгүртүүдө бул эки өлкө биринчи жана экинчи орунда турат. Казакстан үчүнчү сапта жайгашкан. Ошондуктан кандай болгон күндө да геосаясатты өзгөртүү кыйын.

Кезинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп бир күндө өзгөртүп чыккан эле. Эми Байден келип, АКШнын тышкы саясий аренадагы ордуна башкача карап реформа жасап жатат. Тышкы саясатта ири бир өзгөрүүлөрдү күтүүгө болбойт деген пикирдемин.

Кылымдар бою калыптанган байланыштар, стратегиялык инвесторлор бар. Кыргызстан экономикасынын мүдөөсү бар. Геосаясат өзгөрөт деп ойлобойм. Президенттер келет-кетет, ал эми мамлекеттин, кыргыз калкынын мүдөөсү кала берет. Белгилүү бир түзөтүүлөр жүрүшү мүмкүн, бирок катуу өзгөрөт деп айта албайм.

- Инаугурацияда Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоо катын анын атайын өкүлү окуп берди. Чет өлкөлүк коноктордон андан тышкары Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианга гана сөз берилди. Казакстанга өзгөчө көңүл бурулушун кандай комментарийлейсиз?

- Бир эле комментарийим бар. Анткени бул дипломатиялык нонсенс деп ойлойм. Себеби, Казакстандын шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев бар. Токаев биздин мамлекеттин башчысы. Ошол киши өзү барбаса да, атайын өкүлү барып Токаевдин куттуктоосун окуш керек эле. Бул жерде Казакстандын ички жагдайына байланышкан чечим болду деп ойлойм. Кыргызстандын буга тиешеси жок.

Назарбаев президенттик кызматынан кетсе да, бийликти колдон чыгарган жок. Ал ошону билдирип жатат.

Экинчиден, совет доорунан бери жетекчи болуп келген, балким өзүн аймактагы патриарх деп санайт. Бирок бардык стандарттарга ылайык Токаевдин куттуктоосу болушу керек эле деп ойлойм.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG