Элмирбек Иманалиев төрт жашында эле тамга таанып, мектепте окуп жүргөндө ыр жазып, комуз чертип, төкмөлүк өнөргө кызыккан. 6-класста окуп жүргөн кезинде Нооруз майрамында колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан.
Сегиз жаштагы Саян Айтикеев акындардын ырларын жаттап, окуп, интернетке жүктөп келет. Ал маркум акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун ырларын абдан жакшы көрөт. Акын Ажыматов тирүү кезинде Саянбектин ырларын интернеттен гана көрүп, жолуга алган эмес экен.
"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы июнь коогалаңына арналды.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев 9-июнда 59 жашында катуу оорудан каза болду.
10-июнда 2010-жылы болгон июнь коогалаңына он жыл болду.
Коогалаңда беш жарым миңден ашык кылмыш иши козголсо, анын азыраак бөлүгү гана ачылды.
Орусиялык түрколог, булак таануучу Лилия Тугушева 89 жашында дүйнөдөн кайтты.
Качкыналы Сыдыгалиев отузга жакын китептердин автору, адабияттын биртоп жанрларында калемин сынаган жазуучу.
Наристе чагынан классикалык, элдик музыканы, жалпы эле рухий баалуулуктарды өзүнө сиңирген адам келечекте коомго пайдасы эле тийбесе, зыяны тийбейт.
Санжыраны саясатташтырбастан үйрөнүү –– илим талабы.
Кыргызстан - дүйнөдө сейрек кездешкен илбирстин мекени. Кызыл китепке кирген жаныбар өзгөчө коргоого алынган. Карантин убагында жапайы жаныбарлар ээн-эркин басып, айрымдары эл баскан аймактарга жакындады.
Атактуу аткаруучу Малик Аликеевдин төшөктө отуруп алып ырдаган ыры социалдык тармактарда тарап, коомчулук анын саламаттыгына тынчсызданды. «Азаттык» ырчы менен байланышып, ден соолугу, алдыдагы пландары, азыркы таптагы чыгармачылыгы тууралуу сурады.
Дагы жүктөңүз