Орусиялык түрколог, булак таануучу Лилия Тугушева 89 жашында дүйнөдөн кайтты.
Качкыналы Сыдыгалиев отузга жакын китептердин автору, адабияттын биртоп жанрларында калемин сынаган жазуучу.
Наристе чагынан классикалык, элдик музыканы, жалпы эле рухий баалуулуктарды өзүнө сиңирген адам келечекте коомго пайдасы эле тийбесе, зыяны тийбейт.
Санжыраны саясатташтырбастан үйрөнүү –– илим талабы.
Кыргызстан - дүйнөдө сейрек кездешкен илбирстин мекени. Кызыл китепке кирген жаныбар өзгөчө коргоого алынган. Карантин убагында жапайы жаныбарлар ээн-эркин басып, айрымдары эл баскан аймактарга жакындады.
Атактуу аткаруучу Малик Аликеевдин төшөктө отуруп алып ырдаган ыры социалдык тармактарда тарап, коомчулук анын саламаттыгына тынчсызданды. «Азаттык» ырчы менен байланышып, ден соолугу, алдыдагы пландары, азыркы таптагы чыгармачылыгы тууралуу сурады.
Малик Аликеев ырдаган сөзү Сооронбай Жусуевдин, обону Кожоакмат Абдыралиевдин "Өмүр жөнүндө ой толгоо" аттуу ыры
Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев 85 жашында дүйнө салды. Шайыр мүнөз залкар скульптура менен да алектенип турчу.
Сириядагы канабайрам канча кишинин өмүрүн алганы, дагы канчанын каны төгүлөрү белгисиз.
Арслан Капай уулу Койчуев адабий тушоосун «Мисмилдирик» («Беделдеги каргыш») романы менен кесип, соңунан «Айта бар менин кебимди», «Бакшы жана Чыңгыс кан» баяндарын жарыялады.
Асанбек Жакыпбаевдин колунан чыккан эмгектер дүйнөнүн кыйырына чейин тараган. Ал кадимки кайберендин мүйүзүнүн жонуп отуруп, ушундай жаныбарлардын сөлөкөтүн чыгарат. Устанын эмгектери көлөмүнө жана жасалгасына жараша 1000 сомдон 5000 сомго чейин бааланат.
Тойдо ырчы жана музыкант катары кызмат кылган Адилет Жумабаев карантинде ишсиз калган. Ошондон улам Бишкектин “Жашылдандыруу” чарбасында иштеп жатат. Адилет карантинде көпчүлүк өнөр адамдар ишин алмаштырууга аргасыз болгонун айтат.
Дагы жүктөңүз