Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

Экономика

Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы отурумунда соңку мезгилдери өлкөдө күйүүчү жана майлоочу майдын кымбатташына байланыштуу өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы угулду. Депутаттар күйүүчү майдын кымбаттыгынан дыйкандар күзгү эгиндерин эге албай калышкандыгын, өкмөт бул максатта жеткиликтүү чара көрө көрбөй жаткандыгын айтышты. Айыл чарба министри 11-ноябрга карата өлкөдө оруп-жыйноо жана күзгү эгин эгүү иштери бүткөндүгүн айтып, депутаттардын тынчсыздануусу негизсиз экендигин белгиледи.

Күн тартибине ылайык, бул күнү 2005-жылдагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан атуулдарга аткаруу бийлиги тарабынан кандай жардамдар көрүлүп жаткандыгын угуу белгиленген. Бул күнкү жыйынга өкмөт башчы Феликс Кулов келбей калгандыгына байланыштуу аталган маселени кароо келээрки аптага жылдырылды. Кызуу талаш-тартыштан соң депутаттар соңку мезгилдери өлкөдө күйүүчү жана майлоочу майдын баасынын кымбатташына байланыштуу дыйкандар күзгү талаа иштерин аткара албай калгандыгын белгилешип, бул максатта өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын угуу чечимине келишти.

Бул маселе боюча адегенде айыл чарба министри Абдумалик Анарбаев маалымат берди:

- Он биринчи ноябрга карата республика боюнча 203 миң гектар аянтка күзгү эгин эгилди. Ошондой эле он беш миң гектар жерге тоңдурма жасалды.

Ал эми депутаттардын күйүүчү жана майлоочу майдын баасы кымбаттайбы, деген суроосуна каржы министри Акылбек Жапаров мындайча жооп берди:

- Күйүүчү майлоочу майдын баасы өсүп жатат. Орусия бааны 130 доллардан 180 долларга чейин көтөрүп койду. Казакстан да бааны көтөрдү. Ошондуктан биз өкмөттүн тапшырмасы менен жазгы талаа иштерине он миң тонна майлоочу май, 5 миң тонна бензинди топтоого аракет кылып жатабыз.

Каржы министри Акылбек Жапаровдун жогорудагыдай жообу депутатарды канаатандырган жок:

- Эки миң, он миң тонна запас кылабыз деп жатасыңар. Бааны кыска мөөнөткө гана токтото алат. Силер кырдаалдан жанагындай аз запас менен чыга албайсыңар. Демек силер өлкөдөгү кырдаалды, тенденцияны билбейсиңер, - деди төрага Өмүрбек Текебаев.

Ал эми депутат Темир Сариев болсо, күйүүчү жана майлоочу майдын жоктугунан дыйкандар оруп-жыйноо жана күзгү талаа иштерин бүткөрө албай калгандыгын айтып тынчсызданды. Ушундай эле пикирди көпчүлүк депутаттар айтышты.

Ал эми айыл чарба министри Абдумалик Анарбаев учурда күзгү талаа иштери бүткөндүгүн айтып, депутаттардын тынчсыздануусу негизсиз экендигин маалымдады:

- Учурда күйүүчү май бар. Иш токтоп калган жок. Бүгүнкү күнү кант кызылчасынан башка оруп жыйноо бүттү.

Министр жазгы талаа иштерине керектелүүчү күйүүчү майды топтоого өкмөттө каражат болуп жатканын да кошумчалады.

Буга байланыштуу айрым депутаттар буга чейин айрым жогорку бийлик өкүлдөрү үстүбүздөгү жылы мурдагы жылга салыштырганда улуттук бюджетке беш жүз миллион сомдон ашуун каражат көп түштү, деп маалымат бергендигин айтышып, каржы министрине андай каражат кайда жумшалууда деген суроо узатышты. Каржы министри Акылбек Жапаров болсо бюджетке өткөн жылга салыштырганда каражат көп түштү деген маалымат туура эместигин белгиледи.

Президент Курманбек Бакиев буга чейин парламентте сүйлөгөн сөзүндө ыңкылаптан кийин өлкөдө коррупция кыскарып, улуттук бюджетке жарым миллион сомдон ашуун акча көп түшкөндүгүн айткан эле.

Машакбай Рахманкул уулу, Талас Жакында Карабуура районунун борбору Кызыладыр айылында төө бурчак өстүргөн дыйкандардын түркиялык «Робин» фирмасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу нааразычылык акциясы өттү. Дыйкандар быйыл төобуурчактын көп эгилгенин, эми анын басы арзан болуп жатканын айтышууда.

Быйыл таластык дыйкандар төө буурчак эккен аянтты өткөн жылдагы 18 миң гектардын ордуна 21 миң 778 гектарга чейин көбөйтүп жиберишти. Дыйкандардын пикиринде, аянттын көбөйүшүнө бир гана себеп болду. Анткени өткөн жылы төө бурчакты сатып алууга Таласка отуздан ашуун фирма келген. Быйыл алардын саны 13-14түн тегерегинде болуп жатат. Кызыладырга топтолгон дыйкандар түркиялык “Робин” фирмасы Таласка келип жаткан башка фирмалардын сатып алуусуна бөгөт коюу үчүн көрүп жаткан аракеттерине нааразычылык билдиришти. Көчөдөгү нааразычылык имарат ичинде уланды.

Дыйкандар “Робин” фирмасынын кыргызча билбеген өкүлү Эржан Мехмедге өз талаптарын айтып жатышты. Бакайата районундагы Боотерек айылынан барган дыйкан Тургунаалы Соорбековдун пикири мындайча болду:

- Биз жаздан баштап төө бурчактын баасын 25-30 сомго көтөрдүк. “Робин” фирмасы мурдагы дыйкандардын канын соруп, эмгектин баардыгын өлтүрдү. Эми ошондой эле бааны эмне үчүн азыр кармап бербейт элге.

Карабуура районундагы Бакайыр айылынан келген дыйкан Татал Мураталиев “Робинден” башка фирмалардын иши көрүнбөй жаткандыгына жана аталган фирма айылдардагы ишин ачык жүргүзсүн деген талап менен чыкты:

- Бул киши айтып атат 14 фирма бар деп. Эми ошол 14 фирма кана? Элди сыйласа келбейби. “Робин” фирмасынын өкүлдөрү аларды коркутуп-үркүтүп атса айтпайбы, эл туура жыйынтык чыгарат элек. Мүмкүн “Робиндин” күнөөсү жоктур. Күнөөсү жокпу, иштесин. Аманбаев айыл өкмөтүнө барышса, ошол жерге жазып койсун, төө бурчакты ким алып атканын, айыл өкмөт, эл билсин.

“Робин” фирмасынын Таластагы жана эл аралык соодадагы туткан позициясы туурасында бул фирмага атаандаша иштеп жаткан “Доорлук” фирмасынын өкүлү Кыдыр Маатказиев буларды билдирди:

- Жогоруда айтып атышат, эмне үчүн 30-40 сомдон болбойт деп. Ошондой кылалы деген ой бар, бирок аны алып барып сатыш керек да. Биздин отуруп сатканга мүмкүнчүлүгүбүз жок, биз өткөрүп беришибиз керек. Бизде бүгүнкү иштеп аткан эки багытыбыз Орусия менен Болгария болчу. Орусияда билбейм, Болгарияда лопатканы 23 сомдон берем деп атат. “Ягуар ДКК” деген фирма Болгарияга эки вогон кетиришти. Болгарияда да 23 сомдон берем деп атса эмне үчүн бул жерде 30 сомдон болуп атат деп чалкасынан кетип атат. Бүгүнкү күндө бул оюн болуп калды. Келе калган фирмаларды азайтыш керек. Эмне үчүн Европага барып бааны 23дөн коюп атат.

Төө бурчакты кабыл алуу жана экспортко чыгаруунун учурдагы абалы туурасында облустук администрациянын экономиканы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башкы адиси Көчкөнбек Саякбаев мындай дейт:

- Төө бурчакты сыртка алып чугуу, өткөрүү боюнча тыштан келген 14-15ке жакын фирмалар иштеп атат. Бажынын маалыматына таяна турган болсок, алар 4 миң 300 тонна чамасында төө бурчакты облустан сырткары алып чыгып кетишти. Эми дагы келебиз дегендер да бар. Бардык жерлерге кулактандыруу берип койгонбуз. Ошонун негизинде келет деген үмүтүбүз бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG