Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Экономика

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, быйыл кышка даярдык начар. Үстүбүздөгү жылы көмүр казып алуунун көрсөткүчү төмөндөп кеткен. Буга Каракече көмүр кениндеги чыр-чатактар, Ташкөмүр, Кызылкыя шаарларында көмүр казып алуунун азайганы себеп деген жоромолдор бар. Ушундан улам, кышында көмүрдүн баасы кыбматтоосу күтүлүүдө.

Өлкөдөгү эң ири жана чоң аймакты жылуулук менен камсыз кылуучу Бишкек шаардык ТЭЦинде кырдаал кубанарлык эмес. Бишкек ТЭЦине «Көмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан 120 миң тонна көмүр түшүрүлүүсү пландаштырылган эле. Мунун 113 миң тоннасы Каракече көмүр кенинен, калганы Ташкөмүрдөн келүүгө тийиш болчу. ТЭЦ жетекчилигинен алынган маалымат боюнча, бүгүнкү күнгө чейин анын 12 пайызы аткарылган. Кышында борборубузду жылуулук менен камсыз кылуу үчүн Бишкек шаардык ТЭЦи 1 млн. тонна көмүр керектейт. Учурда ТЭЦтин кампаларында 600 миң тоннага жакын көмүр бар.

Бишкек шаардык жылуулук энергетикалык борборунун өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башчысы Сергей Жученконун айтымында, ТЭЦ жалпысынан кышка даяр. Бирок Бишкек шаардык ТЭЦ үчүн баарынан маанилүүсү көгүлтүр от - жаратылыш газы. Жыл аягына чейин 6 млн. куб газга келишим түзүлгөн. Жалпы жылытуучу мезгил үчүн 106 млн. куб көгүлтүр от сарпталат. Ал эми газдын ордун алмаштыруучу мазут ТЭЦте дээрлик жокко эсе.

Ош шаардык жылуулук борборунун жетекчиси Абдыкалык Исаев Ош жана Кызылкыя жылуулук комплекстери кышка даяр экендигин билдирди. Анын маалыматы боюнча, Ош шаардык ТЭЦи көмүр керектебейт, жылытуучу мезгилдин аягына чейин «Кыргызгаз» ишканасы менен 20 млн. куб газга келишим түзүлгөн. Кыштан чыгуу үчүн 12 миң тонна мазут керектелсе, бүгүнкү күндө 8 миң тоннасы даяр.

Көмүр жагдайында айта кетсек, быйылкы тогуз ай ичинде Кыргызстандын көмүр кендеринен 204 миң тонна көмүр казылган, бул өткөн жылкыга караганда 19 пайызга аз. Ал эми сырттан келген көмүр 360 миң тонна. Адистердин айтымында, бизге кыштан чыгуу үчүн 2 млн. тоннадан ашуун көмүр керек.

«Көмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Владимир Холодковдун айтымында, быйыл Каракече көмүр кенинен көмүр ташууга бир жагынан кендеги түзүлгөн кырдаал тоскоол болсо, экинчи жагынан айрым бир министрликтерге жана ишканаларга тапшырылган иштердин аткарылбагандыгы себеп болгон:

- Кыргыз өкмөтү 17-августта 374-токтомун чыгарган. Ага ылайык, ИИМ Каракечедеги кырдаалды жөнгө салууга жана жумушчулардын жана техниканын коопсуздугун камсыздоого тийиш болчу. Каржы министрлиги көмүр ташып келүүнү камсыздоо үчүн биздин ишканага 20 млн. сом бөлүүсү керек эле, транспорт министрлиги Нарын облустук администрациясы жана көмүр казуучу ишканалар менен бирдикте Дыйкан-Каракече жолун оңдоого жана көпүрөлөрдү орнотууга милдеттендирилген. Мунун бири дагы аткарылган жок. Ал эми «Электр станциялары» АКсы Бишкек шаардык ТЭЦине көмүр ташууну камсыздоо үчүн «Көмүр» мамлекеттик ишканасына ай сайын 7,4 млн. сом өлчөмүндө акча төлөп берүүсү керек эле. Июнь айынан берки төлөгөнү араң 7 млн. сомдон ашты. Демек, көмүрдү казып, ташуу тууралуу өкмөттүн токтому боюнча эч кандай иш жасалган жок.

«Көмүр» мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусу баштаган бардык аймактардын бюджеттик мекемелери жана калкы көмүр менен дээрлик камсыз болду.

Адистердин айтымында, көмүрдүн аз казылып алынгандыгы эң алгач карапайым адамдардын жонунан кайыш тилет. Экономист Кубан Бектемировдун айтымында, көмүрдүн баасы көтөрүлсө, утурумдук гана отунун сатып алууга дарамети жеткен карапайым эл жабыр тартат:

- Кышка даярдык начар болгону менен аябай эле жаман эмес, дарактарды кыйууга чейин барбайт болушубуз керек. Бирок Каракечеден көмүр казуу ушундай жүрүш менен улана берсе, кыш күчөгөндө баа өсүшү мүмкүн. Мындан албетте карапайым эл кыйналат. Ошондой эле өкмөткө да оор келиши мүмкүн.

Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы отурумунда соңку мезгилдери өлкөдө күйүүчү жана майлоочу майдын кымбатташына байланыштуу өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы угулду. Депутаттар күйүүчү майдын кымбаттыгынан дыйкандар күзгү эгиндерин эге албай калышкандыгын, өкмөт бул максатта жеткиликтүү чара көрө көрбөй жаткандыгын айтышты. Айыл чарба министри 11-ноябрга карата өлкөдө оруп-жыйноо жана күзгү эгин эгүү иштери бүткөндүгүн айтып, депутаттардын тынчсыздануусу негизсиз экендигин белгиледи.

Күн тартибине ылайык, бул күнү 2005-жылдагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан атуулдарга аткаруу бийлиги тарабынан кандай жардамдар көрүлүп жаткандыгын угуу белгиленген. Бул күнкү жыйынга өкмөт башчы Феликс Кулов келбей калгандыгына байланыштуу аталган маселени кароо келээрки аптага жылдырылды. Кызуу талаш-тартыштан соң депутаттар соңку мезгилдери өлкөдө күйүүчү жана майлоочу майдын баасынын кымбатташына байланыштуу дыйкандар күзгү талаа иштерин аткара албай калгандыгын белгилешип, бул максатта өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын угуу чечимине келишти.

Бул маселе боюча адегенде айыл чарба министри Абдумалик Анарбаев маалымат берди:

- Он биринчи ноябрга карата республика боюнча 203 миң гектар аянтка күзгү эгин эгилди. Ошондой эле он беш миң гектар жерге тоңдурма жасалды.

Ал эми депутаттардын күйүүчү жана майлоочу майдын баасы кымбаттайбы, деген суроосуна каржы министри Акылбек Жапаров мындайча жооп берди:

- Күйүүчү майлоочу майдын баасы өсүп жатат. Орусия бааны 130 доллардан 180 долларга чейин көтөрүп койду. Казакстан да бааны көтөрдү. Ошондуктан биз өкмөттүн тапшырмасы менен жазгы талаа иштерине он миң тонна майлоочу май, 5 миң тонна бензинди топтоого аракет кылып жатабыз.

Каржы министри Акылбек Жапаровдун жогорудагыдай жообу депутатарды канаатандырган жок:

- Эки миң, он миң тонна запас кылабыз деп жатасыңар. Бааны кыска мөөнөткө гана токтото алат. Силер кырдаалдан жанагындай аз запас менен чыга албайсыңар. Демек силер өлкөдөгү кырдаалды, тенденцияны билбейсиңер, - деди төрага Өмүрбек Текебаев.

Ал эми депутат Темир Сариев болсо, күйүүчү жана майлоочу майдын жоктугунан дыйкандар оруп-жыйноо жана күзгү талаа иштерин бүткөрө албай калгандыгын айтып тынчсызданды. Ушундай эле пикирди көпчүлүк депутаттар айтышты.

Ал эми айыл чарба министри Абдумалик Анарбаев учурда күзгү талаа иштери бүткөндүгүн айтып, депутаттардын тынчсыздануусу негизсиз экендигин маалымдады:

- Учурда күйүүчү май бар. Иш токтоп калган жок. Бүгүнкү күнү кант кызылчасынан башка оруп жыйноо бүттү.

Министр жазгы талаа иштерине керектелүүчү күйүүчү майды топтоого өкмөттө каражат болуп жатканын да кошумчалады.

Буга байланыштуу айрым депутаттар буга чейин айрым жогорку бийлик өкүлдөрү үстүбүздөгү жылы мурдагы жылга салыштырганда улуттук бюджетке беш жүз миллион сомдон ашуун каражат көп түштү, деп маалымат бергендигин айтышып, каржы министрине андай каражат кайда жумшалууда деген суроо узатышты. Каржы министри Акылбек Жапаров болсо бюджетке өткөн жылга салыштырганда каражат көп түштү деген маалымат туура эместигин белгиледи.

Президент Курманбек Бакиев буга чейин парламентте сүйлөгөн сөзүндө ыңкылаптан кийин өлкөдө коррупция кыскарып, улуттук бюджетке жарым миллион сомдон ашуун акча көп түшкөндүгүн айткан эле.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG