Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

Экономика

Саясий активдүүлүктүн күүсүнөн чыга албаган Кыргызстандын экономикалык өсүшү башта белгиленген чекке быйыл чыга албай калды шекилдүү. 10 айдын ичинде реалдуу өсүш 1,3 пайызга араң жетип, өнөр жай өндүрүшүнүн теңине жакынын түзчү «Кумтөр» алтын кенинде иш жайлап калды. Өкмөт эмдиги жылкы ички дүң продукт өндүрүшүнүн реалдуу өсүшүн 8 пайызга жеткирүүнү көздөөдө. Ал үчүн биртоп ишканаларды ишке киргизип, салык жеңилдиктерин берип, «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгаруу үчүн болгон шартты түзүү зарыл.

Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров 23-ноябрдагы өкмөт жыйынында жаздан бери токтолго таппай келаткан саясий башаламандыкка карабай, макроэкономикалык туруктуулук сакталганын белгиледи.

- Жыл башынан берки иштин негизги натыйжасы экономикадагы кескин төмөндөө коркунучун жоюп, макроэкономикалык туруктуулукту сактап калуу болду. Кумтөрдөгү өндүрүштүн 25% төмөндөп кеткенине карабастан, бизде инфляция төмөн деңгээлде кармалууда, сомдун курсу туруктуу сакталып, ички дүң продуктту эсепке албагандагы реалдуу өсүш 1,3% түздү.

Министрдин айтымында, экономиканы туңгуюкка түшүүдөн тейлөө, курулуш, өнөр жай өндүрүшү сактап калды. Өкмөт өзгөчө үмүт арткан айыл чарбасы быйыл башта белгиленген чекке чыга албады. Энергетика тармагындагы кризистик абал кайрадан күчөй баштады. Буга кошумча көмүр казып алуу да кыйла төмөндөп кетти, анын себеби революциячыл «Каракечеге» байланыштуу экени жалпыга маалым.

Өнөр жайда деле абал чеке жылытарлык эмес. «Кумтөрдө» алтын казып алуунун кыйла азайышынын айынан тармактын көрсөткүчү мурдагыдан 9% төмөн болду. Канттагы цемент-шифер комбинатынын, Токмоктогу «Интерглас» айнек заводунун токтоосуз иши жалпы көрсөткүчтү алдыга сүрөп кете албады. Көңүл сооротчу жагдай, бул жылы сырттан инвестиция өткөн жылга салыштырмалуу 33% арбын келди.

2004-жылы тикелей инвестиция 102 миллион долларга жетсе быйыл ал 136 миллион долларга чыкты. Дагы бир көңүл жубантчу жагдай, быйылкы 10 айдын ичинде өткөн жылдагыдан кыйла арбын салык чогултулду, бажы төлөмдөрүнөн казынага акча көбүрөөк түштү. 10 ай ичинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 18 миллиарддан ашуун сом акча түштү.

Өкмөттүн көңүлүн өйүгөн маселе ушу тапта бюджет таңкыстыгын жабыш амалы болууда. Ал четтен келген грант акчалардын эсебинен толтурулат. Эларалык валюта кору бюджетти колдоо программасына бөлүнчү акчаны эки шарт менен -энергетикадагы жоготууларды азайтуу, уурдоолорду тыюу же электр акысын көбөйтүү талабын коюп, бөлүшкө макул. Ошол себептүү парламент депутаты кезинде тармакты жеке колго берүүгө каршы чыккан азыркы президент Курманбек Бакиев кысталыш кырдаалдан чыгуунун жападан-жалгыз жолу бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берүү зарыл деп отурат:

- Муну концессияга, жеке колго берүү керек, бүттү. Жеке колго бергиче биз, Ф. Кулов экөөбүз, ал жерде тартип орното албайбыз. Муну мен ачык эле айталам. Бул жерде отургандардын деле арасында электр уурдагандар отурат. Жакындары, туугандары, кесиптештери уурдашат. Уурулук ушунчалык жайылып кетти, жарлык, буйрук менен эч нерсе кыла албайсың.

Энергетика тармагындагы уурдап-тоноолор, техникалык жоготуулар быйылкы жылы мурдагысынан көбөйүп, бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берүүдөн башка амал калбаганын өкмөт башчы Феликс Кулов да моюнга алды:

- Мына көбөйүп атат. Эми эмне кылыш керек? Эларалык валюта кору тарифтерди көбөйткүлө же уурдоолорго каршы күрөшкүлө деп шарт коюп жатат. Эгер биз уурдоолорду азайтсак, анда айла жок, тарифтерди көбөйтүүгө мажбур болмокпуз.

Электр энергияларын бөлүштүрүү компанияларынын ичинен эмдиги жылкы экспериментке «Түндүкэлектр» акционердик коому туш келүүдө. Өкмөт энергетика тармагын менчиктештирүүнү улантып, эмдиги жылы биртоп өнөр жай ишканаларынын курулушун, токтоп турган 16 заводду, ага кошуп азырынча коңулда турган кийим тигүү тармагын ачыкка чыгарууну көздөөдө. Өнөр жай өндүрүшүн жандантуу, салык жеңилдиктерин берүү экономикалык өнүгүшкө өбөлгө түзүп, 8% өсүштү камсыз кылмакчы. Акылбек Жапаров эгер 8% экономикалык өсүш камсыз кылынса Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 1,5 эсе көбөйөөрүн маалымдады.

Баян Жумакадыр кызы, Прага Орусиянын президенти Владимир Путин анын өлкөсү Сибирден Тынч Океан кылаасына карай жылына 80 миллион тонна карай май ташый ала турган мунай куурун салууну пландаштырып жатканын билдирди. Бул жөнүндө Путин дүйшөмбү күнү Токиодо Жапониянын өкмөт башчысы Юнихиро Койдзуми менен жолугушаар алдында жарыялады.Токио сөз болуп жаткан мунай кууру менен күнүнө 1,6 миллион баррель мунай Жапонияга жакын турган портко ташылып келээрин божомолдоодо. Өнөр жай эксперттери мунай кууру Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Находка портуна чейин салына тургандыгын божомолдошот.

Орусиянын президенти расмий Токионун ишке ашырыла турган долбоордон Кытай баарынан көп пайда тапмак болду, деген камтамачылыгын тынчытууга аракеттенип, мунай куурун Орусиянын аймагы аркылуу гана жаткыруу пландаштырылып жатканын билдирди:

- Чыгыш Сибирден Тынч Океан кылаасын карай салына турган мунай кууру чоң перспективаларды ачууда. Биз мунай куурун Азия-Тынч Океан регионундагы өлкөлөрдү, анын ичинде Жапонияны кара май менен камсыз кылуу үчүн салганы жатабыз.

Ошону менен бирге эле Путин бул долбоордон Жапония эле эмес, ага катышып жаткан бардык өлкөлөр пайда табаарын белгиледи:

- Бул долбор бүткүл Азия-Тынч Океан регионунун энергетика тармагынын инфраструктураларын бириктирип, өлкөлөрдүн экономикасынын конкуренттүүлүгүн арттырат деген ойдомун.

"Азия жана Паттс" маалымат борборунун эксперти Дэйв Эрнсбергер бул долбоордо Жапонияны куурдун кара майга жутап турган Кытайга чейин эле жаткырылбастан, Жапонияга алып келиниши кызыктырып турганын белгилейт. Жапония дүйнөнүн АКШ жана Кытайдан кийинки эле үчүнчү ири мунай керектөөчүсү, бирок мунай импорту боюнча ал АКШдан кийинки экинчи орунда турат жана бул позициясын колдон чыгаргысы келбейт. Өзүнүн табыгый байлыктары жок бул өлкө Орусиянын мунайы менен газына башкалардан көрө мүмкүн болушунча көбүрөөк маарыгысы бар.

Москва болсо Жапония өз иретинде Орусиянын мунай жана газ тармагына жана анын инфраструктурасын жакшыртууга көбүрөөк инвестиция жасоосу керек экенин кыйытты. Эксперт Ернсбергер Орусия мунайга бай башка өлкөлөр сыңары эле мындай келишимден мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда тапкысы келип жатканын, келишим аркылуу экономикалык макулдашуу эле түзүлбөстөн, саясий жана финансылык альянс өңдүү бейформал өнөктөштүк түзүлүп жатканын белгилейт.

- Бул келишим менен Орусия Жапониянын Улуттар уюмундагы колдоосун алууну, Дүйнөлүк Соода уюмуна өтүүдө Токионун жөлөк болуусун көздөп турат. Мындай түспөлдөгү альянс мунай куурунун кызыкчылыгы менен эле чектелип калбайт, ал финансылык жана саясий кызыкчылыктарды көздөгөн альянс болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG