Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Экономика

1998-жылдан бери Эларалык валюта корунун миссиясын жетектеп келген Тапио Саавалайнендин кызматы аяктап, ордун бразилиялык атуул Пауло Нойхауска өткөрүп берди. Т. Саавалайнен Кыргызстанга соңку сапары учурунда биртоп расмий өкүлдөр менен жолугушту, «Даңк» медалы менен сыйланды. Кыргызстандан кетер алдында Тапио Саавалайнен «Азаттык» үналгысы үчүн кыскача маек куруп берди.

- Саавалайнен мырза, миссиянын бул жердеги ишинин натыйжасы кандай деп ойлойсуз? Кыргызстандан кандай сезим менен кетип жатасыз? Эмнеге жетише алдыңыз, эмнеге, сиздин оюңузча, жетише албадыңыз? Дагы эмнелерди жасайт элеңиз?

- Экономика бул өзү өзгөчөлүү иш, анын аяктоо этабы жеке ишкер, өкмөт, өзүнчө иштеген адам, Борбордук банк, мамлекет үчүн кайсы маалга туш келерин аңдоо кыйын. Эми менин Кыргызстандагы ишим соңуна чыгып аткан соң эстафетаны бул жердеги экономикалык мекемелер өз колуна алышы керек. Алар биргелешип иштеген кезибизде алган тажрыйбаларды пайдаланып ишти улантышы абзел. Бул жагынан алганда менин ишим бүтүп атыры, бирок да негизги иш улантылууда, тек оюн талаасындагылар башкалар. Менин оюмча, кийинки 5 жыл ичиндеги Эларалык валюта корунун ишмердигинин жакшы натыйжасы Кыргызстандагы макроэкономикалык туруктуулукка жетишүү болду. Албетте, бул жылдары көп нерселерге жетишүү тилегибиз бар эле, мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу, коррупция менен күрөшүү, коррупцияны чайлатып-коолатып аткан шарттарды жок кылууга багытталган реалдуу экономикалык механизмдерди ишке киргизүү керек эле. Борбордук банктын, Каржы министрлигинин кызматкерлери өз ишин мыкты билген адистер, алар тапшырылган жумуштарды убагында аткарышат. Биздин кош тараптуу кызматташуубуздун орчун жетишкендиги Париж клубунун Кыргызстанын тышкы карыздарын төлөө жүгүн кыйла жеңилдеткендиги болду. «Лөк сегиздин» кедей өлкөлөрдүн тышкы карыздарын кечип жиберүү тууралуу демилгеси жалпыга белгилүү. Кыргызстандын бул программага катышууга толук жөнү бар. Ал үчүн ойлонулган мыкты экономикалык саясат жүргүзүп, тышкы карыздардын кечилишине жетишүүсү керек. Бул менин Кыргызстандагы соңку сапарым эмес. Мен кызыма Кыргызстанды көрсөтөм деп убада кылган элем, ошол убадамды аткарыш үчүн дагы бир келүүгө куштармын.

- Саавалайнен мырза, жакында парламенттин пресс-кызматы төрага Өмүрбек Текебаевдин Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу сын пикир айтканын жарыя кылды. Жашыруун болбосо Ө. Текебаев менен жолугушууңузда кандай маселелерди талкуулаганыңыздар тууралуу айта кетсеңиз.

- Бул менин жаңы төрага Өмүрбек Текебаев мырза менен биринчи жолугушуум болчу. Анын сын пикирин Кыргызстан менен Эларалык валюта корунун өз ара кызматташуусунда парламенттин көз карандысыз позициясын баса көрсөтүш амалынан улам чыккан го деп ойлойм. Кызматташууга кыргыз өкмөтү менен парламенти да катышат. Парламенттин иши өкмөттү көзөмөлгө алып, шайлоочулардын талабын аткарууга багытталган. Парламент Эларалык валюта корунун бул жердеги ишин, кыргыз өкмөтү менен биздин келишимдерибиз парламенттин да кызыкчылыгына туура келишин көзөмөлгө алышын мен деле туура көрөт элем. Менин бул жердеги ишимди улантуучу П. Нойхаус мырза парламент менен иштиктүү карым-катыш түзө алат деп ойлойм. Парламент менен Эларалык валюта корунун бир эле максаты бар – ал кыргыз элинин жашоо-турмушун оңдоо.

- Түркия менен эки тараптуу келишимге кол коюлбай калса, ал карыздын кечилишине салакасын тийгизбейби?

- Карыздарды жоюу иши өтөле узакка созулчу түйшүгү көп жумуш. Ага кайсы бир конкрет окуянын терс таасир тийгизиши өтөле күмөндүү.

- Маегиңизге чоң ырахмат, ишиңизге ийгилик болсун!

Президент 2006-жылдын 1-кварталында Кызылкыядагы цемент заводунун курулушун баштоо милдетин койду. Түштүккө цемент заводун куруу зарылчылыгы акыркы жылдарда цемент, шифер сыяктуу курулуш материалдарынын кескин кымбаттап кеткендигинен улам келип чыккан. Кызылкыяда цемент өндүрүүгө керектелүүчү чийки зат запасы бар экени Совет мезгилинде эле аныкталган.

Кыргызстанда жалгыз Кант цемент-шифер заводунда чыгарылган цементтин 60 пайызы келишимдер боюнча, чет өлкөлөргө сатылат. Адистердин айтымында, мындан калганы өлкөнү цемент-шифер менен камсыздай албайт. Мына ушундан улам калк жыш жайгашкан түштүк аймагына цемент заводун куруу зарылчылыгы келип чыгууда.

Президент Курманбек Бакиев цемент өндүрүүгө керектелүүчү чийки зат запасы бар экендиги аныкталган Кызылкыя шаарына цемент заводун куруу тууралуу маселе көтөрүп, анын курулушун баштоону 2006-жылдын 1-кварталына чектеди.

Жергиликтүү бийлик ээлеринин маалыматы боюнча, Кызылкыя шаарынын Бешбуркан жана Проходной кендеринде цемент өндүрүүгө керектелүүчү чийки зат запасынын бардыгы жана анын узак мезгилге чейин жетээри Совет мезгилинде эле аныкталган. Бирок аталган аймакта тиешелүү заводдун жоктугунан улам, акыркы жылдары цемент өндүрүүгө керектелүүчү миңдеген тонна чийки зат Өзбекстандын Кувасай шаарындагы цемент заводуна ташылып кетип жаткан.

Кызылкыя шаарынын мэри Абдырасул Анарбаевдин айтымында, жаңы жылдан тарта курулушу башталары белгиленип жаткан цемент заводу мурдагы Комсомол көмүр шахтасынын ордуна курулмакчы.

Бир ай мурунку өкмөттүк кеңешмеде президент Кызылкыя цемент заводунун курулушуна инвесторлорду табууну Орусиядагы элчи Апас Жумагуловго тапшырган. Ноябрь айынын башында элчи маалымат жыйынын өткөрүп, Кызылкыя шаарында курулуучу цемент заводунун курулушуна кызыкдар болгон инвесторлор табылганын жана Орусия ИАсынын илим изилдөөчү институттары менен иш алып барылып жаткандыгын билдирген.

Бирок жергиликтүү бийлик ээлеринен алынган маалымат боюнча, Кызылкыяда курулуучу цемент заводунун курулушуна кытайлык жана казакстандык ишкерлер да кызыкдар болууда.

Өндүрүшчү Орозбек Дүйшеев курулушуна 100 млн. доллардан ашуун каражат керектелип жаткан заводдун курулушу кимдин колуна берилбесин, Кыргызстан үчүн пайдалуу болууга тийиш деген пикирин билдирди:

- Тоо өнөр жайларын куруунун бизге пайдасы бар. Бирок маселе - биздин элге канчалык деңгээлде пайда түшөөрүндө жатат. Бул саясатка жана келишим түзгөндө кандай сүйлөшүлгөн, ошого жараша болот. Негизги келишим түзгөндө биздин жетекчилер Кыргызстандын элине көбүрөөк пайда түшө тургандай кылып түзүүгө тийиш.

Адистердин айтымында, Кызылкыя шаарында цемент заводунун орношу жалпы өлкөдөгү курулуш материалдарынын кымбаттоосуна бөгөт коймокчу. Ошондой эле, аталган завод ишке кирсе, аймактагы бир нече өнөр-жай ишканалары, көмүр шахталары да кайрадан иштей баштоосуна шарт түзүлүүсү мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG