Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Экономика

Кожогелди Култегин, Бишкек. Март окуяларынан кийин борбор шаарыбызда курулуп бүтпөй калган курулуштардын эсеп-чоту алынып, кандай акыбалда жана кимге таандык экендиги такталуу менен, алардын бир катарында кайрадан курулуш иштери жүрө баштады.

Курулушу эчактан бери токтоп турган имарат, турак-жайларды кайрадан куруу иштери кандай шартта, кандай жол менен башталгандыгы жөнүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орунбасары Сүйөркул Бакировдон угалы:

- Бул иш март окуяларынан кийин жерди басып алуулар боло баштаганда козголду. Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен атайын комиссия түзүлүп, Бишкектеги курулуп бүтпөй калып кеткен обьектилерди инвентаризация кылуу менен, тиешелүү турак-жайларды кайра курууга берүү, натыйжада кийин бир топ зарыл үй-бүлөлөрдү квартиралуу кылуу максатында. Комиссия менен бирдикте бир топ иштер жасалды. 20 көп кабаттуу үй бар экен жарым-жартылай курулган, алардын 12си эч кимге бөлүнө элек экен, ошол 12 үйдү курулушка салуу милдети менен Бишкек шаардык мэриясына өткөрүп бергенбиз.

Бишкек шаарынын вице мэри жана башкы архитектору Каныбек Нарбаев шаарда андай турак-жайлардан башка да курулуп бүтпөстөн калып кеткен курулуштар өтө арбын экендигине токтолду:

- Биздин шаарда баары болуп 108 курулуп бүтпөгөн көп кабаттуу имарат бар экен. Анын ичинен 52си жеке менчик фирмаларга таандык. 20сы шаардыкы, 33ү муниципалдык имарат-жайлар экен. Мамлекеттик мүлк комитети баарысын аныктап, менчикке өтө элек – ээси жокторду биздин шаарга өткөрүп берди. Аларды куруп бүтүрүш үчүн жаңы ЖСКларды (турак-жай курулуш компанияларын) түздүк да, ошолорго бөлүп бердик биз. Берген боюнча эле жөн койбой, курулуш иштерин баштай турган, бүтүрө турган мөөнөттөрүн аныктап көрсөттүк. Болбосо, буга чейин бүтпөгөн курулуштар дагы эле бүтпөй тура бериши мүмкүн да. Баса белгилей кетчү нерсе, бул иштер шаардын жаңы мэринин өзүнүн көзөмөлүндө турат.

Каныбек Нарбаев имараттардын, турак-жайлардын жертөлөлөрүн кайра куруп, пайдалануу аракеттери ургаалдашып баратканын да белгиледи:

- Жертөлөлөрдүн баары иштейт деп айтуудан алысмын. Анткени шаардын кичирайондорундагы жертөлөлөр азырынча бош эле турат. Шаардын борбор чегиндеги жертөлөлөр толук кайрадан жабдылып-курулуп, пайдаланууга берилген. Жертөлөлөр каалаган кишиге эле берилбейт. Шаардын муниципалдык менчик боюнча комитети бар. Ошолор тескейт аларды. Бишкек шаардык кеңешинин, кыргыз өкмөтүнүн токтому боюнча, жертөлөлөр бир нече киши катышкан конкурстук, аукциондук негизде утуучуга, башкача айтканда, көп акча төлөөчүгө берилет.

Бишкек шаарынын вице мэри жана башкы архитектору Каныбек Нарбаевден дүйнөдөгү ири шаарлардагыдай Бишкекте да көп кабаттуу үйлөрдүн чатырчаларынын ичин кайра куруп, пайдалануу аракеттери башталгандыгын уктук:

- Көп кабаттуу үйлөрдүн чатырчаларынын ичин кайра куруп-пайдалануу иши бизде, Бишкекте жаңыдан практикалана баштады. Мына жакында эле бир сунуш болду – көп кабаттуу бир үйдүн үстүнө дагы бир монсардалык кабат кошолу деген. Макеттерин бүт алып келген экен, градосоветтен өткөрүп бергенбиз. Ал го жаңы башталып атат. Курулган мисалдар дагы бар. Көп эмес, бирин-серин. Токтогул көчөсүндө бир үй, Москва-Манас көчөлөрүнүн кесилиши тушта бир үй бар андай. Жаңы курулуп аткан үйлөрдө чатырчалардын ичин да үй-жай катары кура башташты. Маселен, Ахунбаев көчөсүндө “Шатен” фирмасы көп кабаттуу үйдүн чатырча ичин эс алуучу жай кылып курду. Бассейн да курабыз деп ойлошкон экен. Бирок, ага конструкциялык шарттар болбогондуктан, курулбай калды. Биз өнүгүп-өскөн шаарлар курулуш иштеринде эмнелерди жасаса, ошолордун баарысына батылдык менен барышыбыз керек.

Адистер Кыргызстандын шартында курулуш иштериндеги батылдыкка сейсмологиялык кырдаалды эске алуу менен гана барыш керек, деп эсептешет.

Британияда иммиграция маселеси кызуу талкууланууда. Буга өлкөгө Чыгыш Европадан мыйзамдуу келген жумушчулардын жана Африка менен азиялык мыйзамсыз мигранттар түрткү берүүдө. Сынчылардын айтымында, өкмөт Чыгыш Европадан убактылуу келишкен мигранттар маселесине жетерлик маани бербей жатат. Алардын саны азыр 300 миңге жетип калган. Бийликтер мыйзамсыз иммигранттардын саны ашыкча көп болуп кеткендиктен, ага каршы чараларды катаалдантуунун жолдорун ойлонуштурууда.

Британияга Чыгыш Европадан келген убактылуу жумушчулар медсестра, жеке бала тарбиячы болуп иштешет, курулуштарда жана башка жерлерде өтө зарыл кара жумуштарды аткарышат. Соңку маалыматтар боюнча, алардын саны 300 миңге чамалап барат.

Ырасмий Лондон Евробиримдикке жакында кошулган өлкөлөрдөн келген жумушчуларды каттоону токтотуунун амалын издөөдө. Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги Азия жана Африкадан келген мыйзамсыз жумушчуларды каттоо аракети максатына жетпегенин мойнуна алды. Бул кабар коомчулукта курч талкууну жаратты. Атүгүл көркөм өнөрдү, өндүрүштү жана сооданы колдоо боюнча миграциялык комиссия өкмөттүн миграция саясатын катуу сынга алды.

Аталган комиссиянын программа башчысы Жонатан Кар-Вест:

- Биздин оюбузча, Британ өкмөтүнүн саясаты үч маанилүү багытта ойрон болду. Ал Британиянын экономикалык талабын аткарбайт. Ал мигранттарды ашыкча кордоп-кемсинтет жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн муктаждыгына каршы келет.

Кар-Весттин айтышынча, учурда Британияда мыйзамсыз иштеп жүргөн келгиндердин саны 250 миңден 500 миңге чейин жетет. Андыктан, экономика мыйзамсыз миграцияга көз каранды болуп калган:

- Өкмөт кесипсиз жумушчулардын кереги жок дей турган болсо, эмне үчүн бул адамдар мыйзамсыз иштешет? Биздин жумушчу күчүнө муктаж экенибиз, биздин ишти мыйзамсыз бүткөрүүгө көнүп алганыбыз анык. Бул маселе жөнгө салыныш керек.

Мындай пикирди Британ өндүрүшчүлөрдүн конфедерациясы да жактайт. Бирикме өлкөдө кара жумушка муктаждык күчтүү болуп, жумушчулар жетишпегендиктен, мыйзамсыз иштеп жүргөн жумушчуларга убактылуу макам берүү зарыл деп санайт.

Лондондо чыгуучу "The Times" гезитинин миграция боюнча адистешкен кабарчысы Энтони Браун башка пикирде:

- Убактылуу жумушка ашыкча көп маани берүү опурталдуу. Бул адамдардын интеграциялануусуна жолтоо кылат. Германия өлкөдөгү түрктөргө жарандык бербөөгө тырышып көрдү го. Түрктөр кетишпеди. Германия аларга убактылуу адамдар деп мамиле кылгандыктан, алар эч качан толук интеграция болушпайт.

Браун португалиялык жана испаниялык көптөгөн жумушчулар өз өлкөлөрү Евробиримдикке кошулгандан кийин өз журтуна кайтышканын айтып, Бангладеште экономикалык жагдай начар болгондуктан, бенгалдар үчүн эркин миграция саясаты иштебейт, деген ишеничте.

Британиянын түрдүү тармактарында адис-жумушчулар керек. Алүчүн, эксперттер кесиби жок мигранттардын адистикке үйрөнүүсүнө шарт түзүп, жашы жеткенде Ата журтуна кайтуусуна өбөлгө түзүүнү сунуш кылышат.

Мигранттар өз өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн да чоң салым кошушат. Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө караганда, Британияда иштеген пакистандыктар бир жылда өлкөсүнө 750 миллион жөнөтүшөт. Бул акча Британия бир жылда Пакистанга берген жардамдан дээрлик 18 эсеге көп.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG