Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Экономика

Sorry! No content for 10 Ноябрь. See content from before

шаршемби 9 Ноябрь 2005

Кыргызстандын электр энергия тармагындагы эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири –электр энергиясынын техникалык жана коммерциялык жактан жоготууларынын көптүгү. Расмий маалыматтарга ылайык, жыл сайын электр энергиясын уурдоодон мамлекет орточо эсеп менен 50 миллион доллардай зыян тартат. Мындай чоң чыгым электр энергиясынын баасынын арзандашына да тоскоол болгон себептердин бири.

Кыргызстан азыркы мезгилде электр кубатын чет мамлекеттерден Орусия менен Казакстанга сатып келатат. Энергетиктердин маалымдашынча, электр энергиясынын тарифтери Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эң төмөн. 2001-жылдан тартып электр кубатына баа өзгөрбөй келе жатат. Учурда электр энергиясынын тарифи 150кВТ саатка чейин 43 тыйын, андан ашканы 80 тыйынды түзөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашев азыркыдай ар түрдүү тариф менен эмес, орточо бир баа менен белгиленсе туура болот деген пикирде:

- Биз азыр электр энергиясына болгон тарифтерди бирдиктүү кылуу маселесин көтөрүп жатабыз. Мисалы, 1кВт саатка 48 тыйын, 80 тыйын дебей, орточо 60 тыйын деп белгилесек, коомчулуктун айрым катмарларына бир топ жеңилдик бермек.

Тайырбек Сарпашевдин айтымында, жакынкы жылдарда электр энергиясынын баасы кымбатташы күтүлбөйт:

- Учурда электр энергиясынын тарифтерин жогорулатууга эч кандай экономикалык да, саясий да негиз жок. Ошондуктан жакынкы жылдары электр кубатына болгон баа жогорулабайт.

Электр энергиясынын баштапкы баасы төмөн, бирок жөнөкөй кардарларга ал жогорку тариф менен бир нече эселеп, кымбаттатылып сатылып жатат деген нааразы пикирлер коомчулукта көп айтылып келет.

Монополияга каршы саясат боюнча улуттук агенттиктин укуктук жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Султанкулова ГЭСтер жайгашкан Токтогул аймагынан башка жактарга ташуунун чыгымын акташ үчүн акыркы баа баштапкы баадан жогору болуп жаткандыгын айтты:

- Кыргызстанда 4 ири электр компаниялары бар - «Түндүк электро», «Ош электро», «Жалалабат электро» жана «Чыгыш электро». Бул компаниялар электр энергиясын Токтогул ГЭСинен баштапкы баа менен сатып алат. Ал эми ар кайсы региондорго элетр энергиясын ташыш үчүн көп каражат талап кылынат. Ошондуктан кардарларга анын тарифтери бир аз жогору. Бизде тарифтер регионалдык эмес. Жалпы улуттук тарифтер. Бардык компаниялардын электрге болгон тарифтери бирдей.

Аталган агенттиктин маалыматына ылайык, жыл сайын орточо эсеп менен электр энергиясын уурдап жагуудан улам мамлекет 50 миллион долларга же болбосо 2 миллиард сомго чыгым болот.

Бишкек шаардык финансы полициясынын регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2003-жылы электр энергиясын уурдоолорго байланышкан 69 кылмыш иши ачылып, 14 миллиондон ашуун акча ичип-желгени аныкталган. Бишкек шаардык финансы полициясынын регионалдык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурзат Шаршеналиевдин маалымдашынча:

- Үстүбүздөгү жылы 9 ай ичинде электр энергиясын уурдоо боюнча 2 кылмыш иши козголду. Ушундай мыйзам бузууларды биз негизинен рейддердин жүрүшүндө аныктайбыз. Мына ушул эки иш боюнча тергөө иштеринин негизинде 115 миң сом кымтылганы белгилүү болду.

Мына ушундай чыгымдар өлкөнүн экономикасына чоң залал тийгизип жатат, деп сөздү улады депутат Тайырбек Сарпашев:

- Электр кубатынын уурдалышынан улам ушунча каражат кымтылып алынып жатканы, албетте экономиканын өсүшүнө терс таасир тийгизет. Пенсиянын, эмгек маянанын өз убагында берилбей калышы, салык төлөмдөрүнүн түшүшүнүн төмөн болушу дал ушул себептерден болуп жатат.

Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгына арналган чоң жыйын өткөн аптанын олуттуу окуяларынын бири болду. Дүйнөлүк соодага чыгууга кызыкдар Борбор Азия өлкөлөрүнө мүмкүнчүлүк түзүү, глобалдык сооданын ыраатын чогуусу менен көрүү ниети ушу тапта чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичара ынтымак-ырашкердигин бекемдөө талабын коюуда.

Азиянын борбору менен түштүгүндө 3 миллиард ашуун калк жашайт, экономикалык ыкчам өнүгүү жолуна түшүп алган Кытай, Индия сындуу лөк мамлекеттер турат. Түштүк Азияда өндүрүлгөн товарларды айланма деңиз жолу аркылуу ташып жеткирүүгө караганда кыйла жакын кургак жол бар. Казакстан, Өзбекстан, Ооганстан аркылуу өтчү кыска темир жол катнашы алгач Кашкар-Анжиян ортосунда салынары айтылып, аны А. Акаев өкмөтү кыргыз дипломатиясынын чоң жетишкендиги, Анжияндан Нарын дайрасын бойлой Арпа, Аксай жайлоолорун тепчип өтүп, Торугарт ашуусунан тике эле Кашкарга өтөрү, анын аркасында Кыргызстандын түндүгү менен түштүгү ортосундагы катнаш жакшы жолго коюлары айтыла баштаган. Бирок да илгертен келаткан Жибек жолунун нугу бул ирет деле Казакстан аркылуу өтүп, Кыргызстанды кыйгай Өзбекстандан түз эле Ооганстанга өтүп кетерин Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтык программасынын министрлер жыйынында өкүнүч менен белгиледи:

- Тилекке каршы, Кыргызстанга темир жол жетпей калды. Биз бу темир жол Кытай, Өзбекстан, Ооганстан аркылуу улантылышын каалайбыз. Бүгүн биз Өзбекстан, Кыргызстан, башка өлкөлөр эч кандай тоскоолдук көрсөтпөстөн соода кыла бериши тууралуу келишимге кол коебуз.

Азия өнүгүү банкы демилге көтөрүп жаткан Түндүк-түштүк жана Чыгыш-батыш транспорт коридору Кытайдан башталып Казакстанды тепчий өтүп, Өзбекстанга келип, андан Ооганстанды басып, Пакистан менен Ирандын деңиз портторуна чыгары Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташуу уюмунун Бишкекте өткөн жыйынында ырасталды. Пакистандын Карачи, Гвадар, Ирандын Чабахар, Бандар и Аббас портторуна оңор эмес жүктөр Кытай менен Борбор Азиядан ташылып келет. «Түштүк ачык унаа жолу» долбоорунун негизги максаты чөлкөмдү глобал экономикалык соодага кошуу, бул жердеги жакырчылыкты азайтуу максатын көздөйт. Кыргызстандын Экономика жана каржы министринин статс-катчысы Эмирлан Төрөмырзаев азырынча континенттердин экономикалык кызыкчылыгын артынган темир жол качан курулары белгисиз экенин айтты:

- Транспорт жана транзит долбоорлору боюнча, азыр ал тууралуу кайсы мөөнөттө ишке ашырыларын ачык айтыш кыйын.

Ооганстан аркылуу өтчү «түштүк транспорт коридорунун» ишке ашышына жолтоо болгон жагдайлар бажы тосмолору, автожолдордун начардыгы, аркыл тоскоолдордун арбындыгы болууда. Адистердин айтымында, жол катнашын жакшыртууга бери дегенде эле 5 миллиард доллар талап кылынат. Ооганстан менен Пакистан, Иран аркылуу өтчү 8 жолдун баарысы тең оңдолушу зарыл, мындан тышкары жол коопсуздугу, бажы тосмолорун жөнөкөйлөштүрүү проблемасы турат.

Чөлкөмдөгү экономикалык кызыкчылыктардын кыйгач чыгып калышы биралдын мыйзамченемдүү көрүнүш. Эмирлан Төрөмырзаев Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтык программасынын долбооруна кириш үчүн үчтөн кем эмес өлкөнүн колдоосу керектигин билдирди. Ошондон Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү Анжиян-Торугарт-Кашкар жолун куруу актуалдуулугун жогото элек. Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров сырттан келген экономикалык жардам жалпы эле чөлкөмдүн кызыкчылыгына кызмат кылат кылат деген пикирде.

Азия өнүгүү банкынын президенти Хирохико Курода ушу тапта Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдында оголе чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын белгилеп, ыкчам өнүгүп кеткен Түштүк Азия өндүрүлгөн товарларын өткөрүүгө куштар экенин маалым кылды. Байыртан келаткан Жибек жолун жандандыруу, деңиз жолуна чыгуу, товарларды ыкчам жеткирүү, бажы, саясий, экономикалык тосмолорду жоюу ошондон жалаң экономикалык эмес, саясий кызыкчылыкка айланууда.

- Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтыкка арналган конференциянын маани-мазмуну терең, ал Кыргызстан үчүн да пайдалуу. Кыргызстан, анын жанындагы өлкөлөр деңиз жолунан ыраак жайгашкан. Иш-чара алардын деңиз жолуна чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт. Буга канчалык ылдам жетсеңер Азия чөлкөмүнүн дүйнө алдындагы барк-баасы көтөрүлөт. Ошондо гана биз турмуш стандарттарын жакшыртуу, жакырчылыкту жоюу тууралуу кеп кыла алабыз.

Өткөн аптада төрт күнгө созулган Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташуу программасына мүчө өлкөлөрдүн ишкерлер, андан соң кеңешчилер менен министрлердин жыйыны глобал экономиканын үлкөн проблемаларын талкууга алды. Министрлер жыйынында чөлкөм кызматташуусун өнүктүрүү тууралуу биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Өз ара кызматташууну өркүдөтүүнүн натыйжасында бул өлкөлөр алдыдагы он жыл ичинде улуттук дүң продуктун эки эсеге көтөрүү мүмкүнгчүлүгүнө жетишери айтылды. Жыйын ишине катышкан Ооганстан өкмөтүнүн өкүлү ушул жылдын аягында министрлер жыйынын Кабул калаасында өткөрүү, анда негизинен транспорт проблемасын аба, темир, автожол маселелерин талкуулоо сунушун киргизди.

«Түштүк транспорт коридору» атын алган жаңы долбоор ишке ашып калса түндүктөн-түштүккө, чыгыштан-батышка байма-бай поюздар каттап, автожолдор оңдолуп, чөлкөм экономикасы жанданары турган иш. Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтык программасынын негизги маани мазмуну ушундай.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG