Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:33

Экономика

Бишкектеги Ош базары,
Бишкектеги Ош базары,

Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялар Бишкек базарларындагы жашылча, жемиштердин баасына таасирин тийгизүүдө. Акыркы эки-үч күндө Өзбекстандан, Баткен өрөөнүнөн келчү жашшылча, жер жемиштер келбей калып, баа эки эсеге чейин кымбаттады.

Бүгүн Бишкектеги Ош базарында демейдегиден азыраак элди көрүүгө болот. Сатуучулардын айтымына караганда, Кыргызстандын түштүгүндө болуп жаткан окуялардан улам баалар көтөрүлгөн жана элдер базарга көп келбей калган. Мындан улам соода жакшы жүрбөй жаткандыгын базарда өрүк, мейиз, жаңгак саткан Мукаев Куштарбек билдирди:

- Көл эле нерселер кымбаттап кетти. Мисалы, жаңгактар кымбаттады. Орто эсеп менен баалар 20-30 сомго жогорулады. Ошондуктан базарда соода жакшы эмес, элдер чоочуп жатышат. Анын үстүнө баалар бир заматта кымбаттап кетсе ким эле ыраазы болот дейсиң? Дароо кымбаттап кетсе, баары эле ушунча эле го, арзандады эле го деп нааразы болуп жатышат. Ошентип эл жакшы алышпай койду.

Сатуучулар билдиришкендей, базарда сатылып жаткан помидор, баклажан, алча, өрүк өңдүү жашылча, жемиштер негизинен Өзбекстандан жана Баткен облусунан келет. Түштүктө чыккан тополоңдоң улам бул жемиштер келбей калган. Ал эми буга чейин Бишкекке алынып келинген жашылча, жемиштердин көлөмү азайгандыктан алардын баалары кескин көтөрүлүп кеткен. Ош базарындагы сатуучу Момун Акбалаев кээ бир жашылчалар эки эселеп кымбаттап жатканын белгилейт:

- Бадыраң анча деле көтөрүлгөн жок. Негизинен помидор кымбаттап кетти. Помидор 40-45 ке түшүп калды эле, дароо 100 сомго чыгып кетти. Тең барабар көтөрүлүп кетти. Абрикос, алчалардын килограммы 30-40 сомдон эле алар дагы 100 сомго чыкты. Себеби келбей жатат. Эртең келсе эле дароо баалар калыбына келет эле.

Кыргызстандын түштүгүндө болуп жаткан окуяларга карабастан Өзбекстандан, Оштон, Баткенден жашылча-жемиштерди аз өлчөмдө болсо алып келгендер да бар. Жашылча сатуучу Уландын айтымында, учурдагы кырдаалда товар жеткирүү кыйынчылык туудуруп, чыгым көп кетип жаткандыктан жеткирилген жашылча, жемиштердин баасы жогорулоодо:

- Алар деле тигил жактан жүктөп алып келиши кымбатка туруп жатат. Түштүктө болуп жаткан окуялар оюн эмес. Дүңүнөн саткандар тобокел менен алып келип жатышат. Алар деле көп болсо 10 сом, 15 сом пайда көрүп жатышат. Бир жагынан күйүүчү майлар да кымбат. Биз деле беш, он сом эле пайда көрүп жатабыз.


Бишкекте баалардын көтөрүлүшүн адистер да тастыкташат. Түштүктөгү окуялар курчуп жаткан учурда жашылча-жемиштерге баалар 10дон 100 пайызга чейин көтөрүлүп кеткен. Алсак алчанын баасы 100 пайызга, помидор 50 пайызга, ал эми баклажан менен калемпир болсо 20-30 пайызга көтөрүлгөн. Азыркы учурда бышып жетилип калган картошка, пияздардын баасында болсо бир аз гана жогорулоо байкалган. Өлкөдөгү акыркы окуялардан улам соңку жумада товарлардын айланышы да басаңдаган.

Кыргызстандагы ички соода боюнча адис Улан Түнгатаров бул багытта мындай маалыматтарды берет:

-Бизде азыр Ош жакта, Жалал-Абадда тополоң болуп жаткандыктан, бизге ошол жактан мөмө-жемиштер, жашылчалар келчү. Анын баары азыр кымбаттап жатат. Анткени ал жактан келе албай калды. Өзбекстандан деле помидор, алча, абрикос алынып келчү. Анын баары ошо кымбаттап кетти. Анткени бул жактан алар азыраак болуп калды. Бул жердеги сатуучулар базардын абалын байкашып, товарлар азайганда баасын көтөрүп коюшту. Жалпы айтканда 10 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүштү.

Жашылча-жемиштерге болгон баанын көтөрүлүшү шаар тургундарына да байкалган:

Гүлнара: - Баалар чындыгында эле кымбаттап кетиптир. Пияз буга чейин 15 сом болуп жатса, азыр 25 сомго чейин көтөрүлүп кетиптир.

Жамал: -
Помидорду мурда 40тан алчу элек. Азыр 100 сомго чыгып кетиптир. Сатуучулар жол жабык дешет. Анан эмне кылыш керек, алдым. Бала-бакыраны жедириш керек. Тамактан аябай эле, кымбатына карабай помидор сатып алдым.

Кээ бир кардарлар Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардан улам жашылча-жемиштердин гана баасы кымбаттабастан, кээ бир кийим-кечектердин дагы баалары жогорулаган. Бүгүн базар кыдырууга чыккан Бишкек тургуну Сабыр сатуучулар жөн жерден эле бааны кымбаттатып жиберишкенин айтат:

- Чек ара жабык деп кадимки буюмдарды деле көтөрүп салышкан. Мисалы байпакка эле бир канча сом кошуп сатып жатышканын көрдүм. Шылтоолору түштүктөгү окуялар болуп жатат.

Ички соода боюнча адистердин маалыматтарына ылайык, Бишкек базарларындагы баалар бир канча күн аралыгында калыбына келет. Мындан сырткары жергиликтүү айдоо аянттарындагы жашылча-жемиштердин бышып жетилиши менен учурда кымбат болуп жаткан жер жемиштердин баасы арзандамакчы.
Ош шаарында базарлар, магазиндер иштебей турат, элдин караганы сырттан келе турган жардам
Ош шаарында базарлар, магазиндер иштебей турат, элдин караганы сырттан келе турган жардам

Ош шаарында тополоңдон жабыркаган элге тонналаган гуманитардык жардам келип жаткан менен, ал көбүнчө элге жетпей, катуу нааразылык чыгып жатат. Шаардын вице-мэри Бакыт Аманбаев мэр Мелис Мырзакматовду жана экономикалык маселелер боюнча вице-мэрди келген гуманитардык жардамды жең ичинен таратып жатат деп айыптоодо.

“Азаттык”: Ош шаарында түн кандай өттү?

Бакыт Аманбаев: Ош шаарында бөлөк түндөргө караганда тынч өттү, бирок алыс жактарда атышуулар болуп жатат. Бул атышуулар мылтыктын үндөрү токтой элек, бирок эки элдин өкүлдөрүнүн бири-бирине чабуулдары болгон жок.

“Азаттык”: Ошко гуманитардык жардам жеткирилип жатканы маалымдалууда, алар өз убагында муктаж болгон адамдарга жеткирилип жатабы?

Бакыт Аманбаев: Чын-чынына келгенде Ош шаарынын эли азыр гуманитардык жардамга аябай муктаж болуп турган кези, анткени эч бир базар же дүкөн иштебей жатат. Ошондуктан республикабыздын булуң-бурчтарынан гуманитардык жардамдар келип жатат, бирок, тилекке каршы, элге жетпей атат. Мунун себеби Ош шаарынын мэри тарабынан атайын түзүлгөн штабдын башында, мэриядагы кызматкерлердин айтымына караганда, мэрдин Байказаков деген экономикалык суроолор боюнча тейлеген вицеси отурат.

Мен ошол жерге барып күбө болуп отурам, келген жардамдар жең ичинен таратылып атат, шаардын бардык жерлерине жетпей жатат. Мэриянын жалпы эки жыйынында катуу сын менен сүйлөдүм, мындай болбойт, токтотуш керек деп. Элдин ыйынан акча жасаганга аракет кылбаш керек, көзүңөрдөн чыгып кетет, план менен таратыш керек деп.

План боюнча Ош шаарын сегиз картага бөлүп туруп, райондорго, чакан жерлерге бөлүш керек. Аймактык кеңештер болот, ошолор аркылуу кол койдуруп алып, бардыгына текши таратыш керек. Эң биринчи ооруканаларга, балдар үйүнө, кары-картаңдарга, андан кийин калган элге таратыш керек. Себеби келген продуктулардын бардыгын элге жеткиргенге мүмкүн эмес. Аларга унду нан кылып саттырса, бул туура боло турган иш.

“Азаттык”: Сиздин сын пикириңизге Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов эч кандай реакция кылган жокпу, болбосо ошол штаб башчысын кызматтан алыш керек эле да?

Бакыт Аманбаев: Чындыгында бул адам да саботаж кылып жатат, анткен себеби ал мурдагы бийликтин өкүлү, К. Бакиевди ушул жерде тосуп алган киши ушул. Азыркы окуяларга да түздөн-түз, жанакындай көкүтүп уюштургандарга тиешеси бардыгы да турган иш. Ошондуктан буга да чара көрүлбөй жатат. Кыйчалыш окуялардын бардыгында шаар бийлигинин түздөн-түз күнөөсү бар деп ойлойм.

“Азаттык”: Ушул тапта Оштун тургандары негизинен кандай жардамдарга зарыл болуп турат?

Бакыт Аманбаев: Оштун тургундарына ар кандай тамак жасап берсе болот, күнүмдүк макарон, май кант жана башка менен. Бул жерде нан жаап ала алышпайт, жатаканада да нан жаап ала алышпайт. Ошондуктан аларга даяр тамактарды бериш керек. Балдар үйүндө да ушундай. Элди ачка калтырбаш үчүн аларга келген унду сөзсүз түрдө нан жасатып туруп, ар бирине жоопкерчиликтүү адамдарды коюп, ошолор аркылуу таратыш керек.

“Азаттык”: Ошто электр жарыгы газ дагы эле жокпу?

Бакыт Аманбаев: Электр жарыгы бар. Газ биринчи күнү өчүрүлгөн болчу. Андан кийин кайрадан жандырылды, себеби коркунучу бар деп. Тынчтыкты калыбына келтирүүдө мына ушундай иш-чаралар көрүлүш керек деп ойлойм. Транспортту жүргүзүш керек, шаар ичинде атышуу жок, жолдор тазаланыш керек, маршруттарды жүргүзүш керек.

Р.S. Айрым маалыматтарга караганда, Оштун мэри Мелис Мырзакматов мэрдин биринчи орун басары Т. Камчыбековду жана аны менен кошо дагы бир орун басары Б.Аманбаевди өзү билип кызматтан алып салды. "Азаттык" мэр Мелис Мырзакматов бул айыптоолор боюнча өзүнүн жообун айтат деп күтөт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG