Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:10

Экономика

Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылынын жанында Ош-Эркеч-Там автожолунун боюнда жүзгө чукул КАМАЗ автоунаасынын жергиликтүү айдоочулары иш ташташты. Алар берген убадасынын өтөөсүнө чыкпагандыгы үчүн Убактылуу Өкмөттү айыптап, талаптары чукул арада аткарылбаса, мындан ары жол тосушаарын эскертүүдө.

Ошол эле учурда облустук бийлик кытайлык айдоочулардын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салуу маселеси республикалык деңгээлде сүйлөшүлүп жаткандыгын айтууда.


Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылынын жанында Ош-Эркеч-Там автожолунун боюнда жүзгө чукул КАМАЗ автоунаасынын жергиликтүү айдоочулары кайрадан иш ташташты. Алар буга дейре үч маселени, биринчиси, кытайлык айдоочулардын Кыргызстанга киргизилишине тыюу салуу, экинчиси, Бишкектеги Америка базасынан Тажикстанга жүк ташыган автоунаалардын жарымын жергиликтүү айдоочуларга ыйгаруу, үчүнчүсү - Эркеч-Там чек ара бекетине транспорт инспекциясынын өкүлчүлүгүн ачуу талаптарын жаңы бийликтин алдына кабыргасынан коюшкан.

Май айынын орто ченинде Убактылуу Өкмөттүн башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров иш таштаган алайлык жана карасуулук айдоочулар менен жолугуп, алардын талаптарын аткарууга 1-июнга дейре убакыт сураган:

- Айдоочуларга айттым, 3-4 жылдан бери чыдапсыңар, 1-июнга чейин убакыт бергилечи, ушуларды чечип берели деп. Анткени бул проблема Нарында, Торугартта да болуп атат. Чындыгында биздин айдоочуларды колдошубуз керек, аларды иш менен камсыз кылышыбыз керек. Бирок убакыт бергиле, кекиртек дегенди коюп бири-бирибизге жардам берели.

Бирок «Айдоочу» кооомунун координатору, Ош облустук транспорт ассоциациясынын төрагасы Мырзамат Чынгараев бийлик сөзүнө турбагандыгын ырастады:

- Талаптарды губернатор менен Бекназаров келип июндун бирине чейин чечип беребиз деп сөз беришкен. Андан бери бирибизди да чакырган жок, же кагаз түрүндө жооп жок.

Айдоочу Ыса Сулайманов кесиптештери кайрадан иш таштап, атүгүл нааразычылыктын катаал түрүнө камданып жатышкандыгын билдирди:

- Биз маселени чечмейин эч жака жылбайбыз, жол тосуп Кытайдын жүк менен келген унааларын Кара-Сууга өткөрбөстөн перегруз кылышты талап кылып атабыз. Бүгүнкү күндө 95 пайыз жүктү кытай жарандары ташып калды. 2009-жылы ташылган жүктүн килосун эсептегенде 2 млрд. 700 млн. сом пулду кытайдын жарандары алып кетип калган. Биздин кыргыздын атуулдары жүк ташып өздөрүнүн материалдык жагын чындаса болот эле. Бул мамлекетке бир канча пайда алып келет эле.

Мындай ойду кубаттабаган айдоочу Нурланбек Шананов Убактылуу Өкмөттү колдой тургандыгын туюндуруп, маселе чечилээр деген үмүттө экендигин жашырган жок:

- Бир адам өзүнүн кызыкчылыгын, чөнтөгүн ойлойт. Ошол тапта 20-30 миң деген адам ачка калып калып атат. Акаев убагында да, Бакиев убагында да жол тосуу болгон, камаган бизди. Азыр эми жаңы өкмөт келгени кичине эле приказы менен элдин мүдөсүн чечип койсо болмок.

Анткени менен Мырзамат Чынгараев кабарлашынча, КАМАЗ автоунаасынын айдоочуларынын демилгесине он миңге чукул башка тармактын өкүлдөрү да кошулууда:

- Азыр бизге эл ташуучу таксилер кошулабыз деп атат, биздин дагы көйгөйлөрүбүз көп деп атат. Булар кошулса айдоочулар түштүк аймагында чоң күч болобуз.

Мырзамат Чынгараев Убактылуу Өкмөт чукул чараларды көрбөсө, кырдаал барган сайын курчуй тургандыгын кошумчалады.

Соңку саaтта Ош облус губарнаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков кытайлык айдоочулардын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салуу маселеси республикалык деңгээлде сүйлөшүлүп жаткандыгын «Азаттыкка» билдирди.

Улуттук банк 4-июнда "Азия Универсал банкына" консерватор дайындаган. 7-июнда аталган банкы улутташтыруу жөнүндөгү Убактылуу өкмөт декретине кол коюлганы маалым болду. Кыргызстандагы эң ири банкта сакталып турган каражаттардын теңине жакыны 7-апрелде сыртка чыгарылып кеткен.

Өткөн айдын аягында Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту "Кыргызөнөржайкурулуш" банкын "Азия Универсал банкына" кошуп алуу келишимин жокко чыгарган.

“Бакылдаган банкты суу кечкенде көрөбүз”

“Азия Универсал банкынын” акцияларынын 63% ээ Михаил Надель өткөн жылы 24-сентябрда Кыргызстанга көп деле коммерциялык банктардын кереги жоктугун, алардын саны ашып барса бештин тегерегинде болсо дурус болорун айткан. Ансыз деле ошол сөздүн аз-аздан ишке ашырыла башташын 2008-жылдын 28-майында “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын “Азия Универсал” банкынын өзүнө кошуп алуусу көрсөткөн.

Атасынан баласына өтчү бийликтин алеки саатта кулап калышы М.Наделдин карабашын калкалап чет өлкөгө качышына алып келди. Антпесе 5 гана банктын калышын каалаган универсал банк дагы канча каржы мекемелерин өз короосуна имерип алмак. Өнүгүү фонду менен Борбордук агенттик тушунда АУБ гана иши жүрүшүп, орусиялык кредиттин кыйласы ушул банк аркылуу сарпталынып калган.

Кыргызстандын каржы базарынын төрттөн бирине жакынын ээлеген ири банкка 8-апрелден тарта убактылуу башкаруучу, 4-июндан тарта консерватор дайындалды. Эми минтип “Азия Универсал банкын” улутташтыруу жөнүндө декретке кол коюлуп отурат. Кыргызстандын банк системасындагы ири мекеменин тагдыры ушундай чечилип калганын Убактылуу өкмөт башчысы орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Бекназаров 7-июндагы маалымат жыйынында ачыкка чыгарган.

- М.Надель деле кезегинде рейдерлик кылып ушул банкын түзгөн. Биринчиден, сот аркылуу башка банктар ээлерине кайтарылат, мисалы “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы. “Кыргызкредит банк”, “Ысык-Көл инвестбанк” өз үлүштөрүн сот аркылуу кайтарып алышууда. М.Надель болсо издөөдө.

А.Бекназаров “Азия Универсал банкынын” ээси М.Надель банкты башка бирөөнүн атына каттатып ийбеши үчүн аны улутташтыруу чечимин кабыл алынганын ырастады.

Акчасынын кыйласынан ажыраган лөк банктын оор абалы

Ага чейин 4-июндан тарта “Азия Универсал банкына” консерватор дайындалып, ал ишке киришкенин Улуттук банктын төрага орунбасарынын милдетин аткаруучу Абдымалик Мурзаев маалым кылды.

- Быйыл 7-апрелде банктын активдери алынып чыгып кеткен. Мунун натыйжасында банк активдери эки эсеге азайган. 24 миллиард сомдон 13,5 миллиард сом гана калган.

А.Мурзаев ушул эле күнү “Азия Универсал банк” атынан Улуттук банктан 900 миллион сомдук баалуу кагаздар алынып, ал да кайтарылбаганын ырастады. Ошентип активдеринин тең жарымынан ажыраган банк ушу тапта Улуттук банк белгиленген нормативдерди аткара албай, арасат абалда. Ага консерватор дайындашынын негизги себеби деле ушул.

Банк консерватору Эрик Усубалиевдин айтуусунда, быйыл жыл башында банк резервинде 2 миллиарддан ашуун сом акчасы бар болчу.

- Мурда банк Борбордук казыначылыкты тейлеп келген, азыр ал башка жакка которулду. Азыр анда Социалдык фонддун депозиттеги акчасы турат. Жоюлуп кеткен Өнүгүү фондунун акчалары сакталчу. Анан да Мамлекеттик мүлк министрлигинин эсеби ушул банкта болчу.

Бир күндө 10 миллиард ашуун сомдук активинен ажыраган “Азия Универсал банкына” убактылуу башкаруучу дайындалган соң кардарларга 3,5 миллиард сом төлөнүп берилгенин Улуттук банктын банк көзөмөл башкармалыгынын башчысы Манас Жакыпов маалымдады.

- 7-апрелге банктын милдеттенмеси 21 миллиард ашуун сомду түзгөн. 8-апрелге банк милдеттенмеси 10,5 миллиард сомго түштү.

2008-жылы а кездеги Социалдык фонд, дагы башка кызыкдар тараптардын амал-айласы аркылуу “Азия Универсал банкына” “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы бириктирилген. Ал иштин чоо жайын “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын жетекчиси М.Мукашев соттук териштирүүлөр аягына чыкканча айтпастыгын билдирди. Ал эми М.Наделдин ушу тапта кайсы жерде баш калкалап жүргөнү дайынсыз. Аны менен байланышуу аракетибизден да майнап чыккан жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG