Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Экономика

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып албайт.

Бирок документтеги стилистикалык каталар жана котормодогу так эмес жерлерге байланыштуу парламенттеги фракцияларга жана комитеттерге карабай туруу жөнүндө өтүнүч жөнөтөт. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 10-январда маалымат жыйынында билдирди. Өкмөт башчы келишимдин мазмуну өзгөрбөй турганын белгиледи.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев келишимдин долбоорундагы айрым пункттар Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келерин айтып, долбоорду чакыртып алууну табыштаганы жөнүндө маалымат тараган эле.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча соңку келишимдин долбоорун президент Алмазбек Атамбаев менен талкуулаганын билдирди. Анда жалпы концепция боюнча сөз болгонун, кайсы бир пункттар талкууланбаганын айтты. Эң башкысы - Атамбаев келишимдин долбоорун парламенттен кайтарып алуу тууралуу жазуу түрүндө көрсөтмө бербегенин белгиледи.

Жантөрө Сатыбалдиев “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн айрым жагдайларын ачыкка чыгарды. Ага ылайык канадалыктар башында эле талап менен келген экен:

- Сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганда эле “Центерра” “биздин принципиалдуу үч позициябыз бар, ошону эске алабыз десеңер анда сүйлөшөбүз, болбосо 2009-жылкы келишим боюнча соттошууга баралы” деп айткан. Биз соттошуу тууралуу акылдашып, министрлик, мекемелер менен сүйлөшүп, соттошкондо ута албарыбызга көзүбүз жеткенден кийин сүйлөшүү менен келишимди жакшыртууну максат койдук. Канадалыктар, биринчиден, Кумтөрдү иштетүү оператору "Центеррада" калсын, экинчиси - 2009-жылкы келишимдеги салык боюнча пункттары өзгөртүүсүз калсын, үчүнчүсү - “Центерранын” үлүшү 50 пайыздан кем болбосун деген шарт коюшту. Биз сүйлөшүүнү ушунун негизинде жүргүздүк.

Сатыбалдиев келишимдин жаңы долбоорундагы Кыргызстан үчүн пайдалуу жактарын дагы бир жолу атап өттү:

- 2013-жылы Кумтөр 145 миллион доллар таза киреше алды. Биз андан болгону 12 миллион доллар дивиденд алдык. Андан да салык кармап калганда, бизге 11,4 миллион доллар тийди. Биз айтып аткандай үлүштөрү теңме-тең ишкана түзүлсө, Кыргызстандын мыйзамы менен иштей турган болсо, ошол 145 миллион доллардын 50 пайызын алмакпыз. Биз эми ушундай макулдашууга жеттик.

Кумтөр боюнча келишимдин долбоорун парламент 26-декабрда караган. Анда талкуу кызуу болгон, атүгүл айрым депутаттардын бири-бирине кол көтөрүүсү менен коштолгон. Эми документ тиешелүү комитеттерде жана фракцияларда каралып, кайра жалпы жыйынга алынып чыгат.

“Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов азырынча баштапкы позициялары өзгөрө электигин, Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керектигин айтууда:

- Бул долбоор боюнча “Республика” башында эле өз пикирин айткан. Соңку вариантын фракцияда карагандан кийин бул боюнча так айтабыз. Биз мурдагы эле көз карашыбыз менен эле келатабыз.

ЖКдагы башкаруучу коалициянын мүчөсү “Ата Мекен” фракциясы да үлүш 67 пайыз болсун деген талабынан баш тартпай турганын фракция лидери Өмүрбек Текебаев байма-бай эле билдирип келет.

Президент Алмазбек Атамбаев болсо соңку ирет Кумтөр боюнча пикирин өткөн жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында айтып өткөн. Анда айрым депутаттарды бул маселеде эмоцияга алдырып жатат деп сындаган жана парламенттин бул боюнча токтому ишке ашпайт деп белгилеген:

- Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбосун деген токтомдун демилгечилери, же келишимден бир тараптуу чыгуу тууралуу сунуш көтөргөндөр деле кызуу кандуулукка алдырганын түшүнүп турат. Чагымда, өкмөт дагы жакшылап түшүндүрүп бериши керек. Кээ бир нерселерди, мисалы башкаруудагы үлүш менен каржыдагы үлүштү экиге бөлүп көрсөтүш керек. Мисалы, соңку келишимдин долбоорунда башкаруудагы үлүш теңме-тең болсо, каржыдагы үлүш 70 пайызга чейин жетип атат. Эгер келишимден бар тараптуу чыгам деп, соттошууга барса анын чечими чыкмайынча, азыркы келишимдегидей үлүшү 33 пайыз бойдон турат. Бул Кыргызстан үчүн өтө зыян.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча келишимдин долбоорундагы стилистикалык каталарды, котормодогу так эмес жерлерди оңдоп, качан кайра парламентке жөнөтөрү белгисиз. Жантөрө Сатыбалдиев эгер бул ирет да депутаттарды ынандыра албай калса, кызматтан кетүү тууралуу суроону ачык калтырды жана дагы сүйлөшүү уланарын айтты.

Кумтөр: Кыргызстандын кызыкчылыгы корголот
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00


Кумтөр: Кыргызстандын кызыкчылыгы корголот
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча келишим артка чакырылбасын, “Центерра Голд” 50 пайыздан аз үлүшкө азырынча макул боло электигин бүгүн журналисттер менен жолуккан учурда билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG