Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Экономика

Сүрөт интернеттен алынды жана окуяга тиешеси жок
Сүрөт интернеттен алынды жана окуяга тиешеси жок

Турмуш-тиричилик техникасын сатуучу “Ультра-техникстин” жетекчилиги анын дүкөндөр түйүнүн Коррупцияга каршы күрөш жана Салык кызматтары басып алганы боюнча билдирүү таратты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аталган дүкөндөр түйүнүндө ири өлчөмдө салык жашырылган деген шек менен текшерүү жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ошол эле кезде ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү атайын кызмат коррупцияга каршы күрөшүү деген негиз менен ишкер чөйрөнү текшерип, акча өөнөгөндү адатка айландырып алды деп айыпташууда.

Салык жашыруу шеги менен...

29-декабрда УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Мамлекеттик салык кызматы “Ультра-техникс” дүкөндөр түйүнүн камоого алган. Дүкөн жетекчилиги тараткан билдирүүдө тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан анын соода түйүндөрү мыйзамсыз тинтүүгө алынганы жарыяланган. Анын кожоюнуна ири өлчөмдө салык жашырган болушу мүмкүн деген шек менен кезексиз текшерүү дайындалган. Ошол эле кезде текшерүүгө тоскоолдук болду деген негиз менен салыкчылар чекисттерден көмөк сураган.

УКМКнын маалымат борборунун өкүлү Рахат Сулайманов мындан улам мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тартуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун белгиледи:

- Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун уруксаты менен аталган компаниянын эки соода жайында текшерүү иши жүргүзүлгөн. Салык кызматында бул ишкана ири өлчөмдө салык жашырган болушу мүмкүн деген маалымат болгон. Бирок салыкчыларга тиешелүү документтерди бербей коюшкан. Ошондон улам Салык кызматы Коррупцияга каршы кызматка жардам сурап кайрылган.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен баш прокурор Аида Салянованын дарегине жазылган кайрылууда тиешелүү мамлекеттик органдар кызмат абалынын чегинен чыгып, ыйгарым укугунан ашкере пайдаланганы көрсөтүлгөн. Фактылар бурмаланып, текшерүүгө тоскоолдук болду деген шылтоо менен кылмыш иши козголгону мисалга алынган. Өткөн июнь айында эле пландуу текшерүү болуп, бирок анда кандайдыр бир мыйзам бузуу табылган эмес.

Акча чогултуу адатыбы?

Кезексиз текшерүү дайындоого негиз болгон жагдайлар туурасында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Исхак Масалиев буларды билдирди:

- Чырдын башы мына ошол компаниянын жетекчилиги бизге тиешелүү шарттарды түзүп бербей койгонунан улам чыкты. Башында болгон товар ушул эле дешет да, анан ошондон эле бери жактагы сакталып турган товардын кимдики экенин айтып бере алышпай койду. Бул жерде биз мына ошол коррупциялык системанын бетин ачууга тийишпиз.

Соода түйүнүнүн кайрылуу каты УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюулар алдында жон терисин калыңдатып акча өөнөмөй өнөкөтүн күчөттү деп аяктаган.

Ишкер Табылды Эгембердиев коррупцияга каршы күрөш деген шылтоо менен ишкер чөйрөдөн акча чогултуу адаты бар экенин тастыктады:

- Мага дагы келишкен “текшере коёлу” деп. Мен аларды киргизбей койгом. Негизи атайын кызматка ашкере эле ыйгарым укукту берип, алар азыр адамдардын бардыгын эле коркутуп алышты. Негизи бул кызматты ооздуктап же жоюп сала турган учур келди. Болбосо кесепети жаман болот. Бул чекисттер азыр мамлекеттин коопсуздугун коргобой эле ишкерлерди барып баса калып, акча өндүрмөй адат таап алышыптыр.

“Ультра-Техникс” дүкөндөр түйүнү түштүк кореялык Samsung компаниясынын расмий дистрибьютору. Ал быйыл мамлекеттик бюджетке 78 миллион сом салык төлөгөн. Башкы прокуратура аталган компанияны текшерүүнүн мыйзамдуулугу боюнча маселени кароодо.

Кыргыз өкмөтү сунуштаган Кумтөр келишиминин долбоору боюнча Казакстандагы Сырымбет алтын кенин иштеткен “Ланкастер групп” компаниясынын аткаруучу директору Теңизбек Бөлтүрүков "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Теңиз мырза, сиз өзүңүз Кумтөр маселеси боюнча пикир билдирип, президентке чейин кайрылып жүрөсүз. Учурда Кумтөр боюнча өкмөт сунуштаган жаңы долбоорго кандай баа бересиз?

Бөлтүрүков: Бул орой айтканда баягы эски окуянын кайра кайталанышы. Жаңы долбоор деген менен андан кыргызга пайда деле жок. Көзөмөл баягыдай эле канадалыктардын колунда калат. Андай болбошу үчүн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кыргыз жараны болушу керек. “Центерра” жоюлуп, анын ордуна биргелешкен жаңы компания түзүлүүсү шарт. Финансылык көзөмөлдү колго алмайын баары эле баягы бойдон калат.

“Азаттык”: Өкмөт “Центерра” менен сүйлөшүүдө жыйынтыкка жете албай койдук деп айтып жатат...

Бөлтүрүков: Убакытты жоюу менен жыйынтыкка жетүү кыйын. Кыргыз өкмөтүнүн кыргыз жарандарын коргоп, иштегени көрүнбөй жатат. Эптеп канадалык компаниянын койгон шарттарына эле макул болуп жаткандай элес калтырууда. Башка олуттуу өзгөрүштөр жок.

“Азаттык”: Биздин эл аралык сотто утканга мүмкүнчүлүгүбүз жок деп өкмөт жүйө келтирип жатат. Чындыгында эле ошондой коркунуч жаралбайбы? Эл аралык сотто иш биздин пайдабызга чечилбей калсачы?

Бөлтүрүков: Өкмөт ММК аркылуу жалган маалыматты таркатып, элди коркутуп жатат. Адистер жок болсо, карапайым адамды коркутуу жеңил. Мурда кенди колго алсак, ким башкарат деп актанышчу. Азыр эл аралык сотту бетке кармап жатышат. Бул жалган. Кандай келишим болбосун Кыргызстандын мыйзамы бузулбашы керек. Компания бир катар мыйзамдарды бузган. Муну эки жолу түзүлгөн өкмөттүк жана парламенттик комиссия далилдеген. Андан башка кандай далил керек? Ошого таянып эле компанияны сотко бериш керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG