Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Экономика

Талас. 15-декабрь, 2013-жыл
Талас. 15-декабрь, 2013-жыл

Таласта быйыл төө буурчактын баасы болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү.

Мисалы “лопатка” деген түрүнүн, башкача айтканда ак төө буурчактын 1 килограммы 100 сомго чейин чыкты. Мурунку жылдары төө буурчактын баасы кыйла төмөн болуп, дыйкандардын мээнети акталбай калган учурлар көп эле болгон.

Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин төө буурчактын сатылышына мурунку бийлик башындагыларга чейин аралашканын, азыр болсо “кызыл кулактык” такыр тыйылганын айткан болчу.

Талас районунда төө буурчак айдала баштаганына 3-4 жыл гана болду. Аталган райондун Манас айылынын тургуну Бактыбай Көкөбаев мурун жалаң картошка айдаган дыйкандар быйыл жалаң төө буурчакка өткөнүн айтып берди:

- Улам жогорулаган сайын жердин кыртышы да жакшы болгондуктан түшүмдүүлүк жакшы эле болуп жатат. Мындан эки-үч жыл мурун төө буурчактын баасы 25 сомдун тегереги, кээде ага да жетпей, 15 эле сомдон сатылчу. Бир гектардан орто эсеп менен 3 тоннадай алышты. Биз жакта картошка айдагандар жокко эсе эле болуп калды. Аны айдаган кыйындап, анан калса мурункудай казактар келип сатып албай калды.

Быйыл Таласта түрк ишкерлери төө буурчак тазалай турган "Рейба" аттуу завод ачышты. Аталган заводдун өкүлү Урмат Атагелдиев “Азаттыкка" курган маегинде быйыл Таласта төө буурчактын түшүмү мол болгонун айтып берди. Анан калса төө буурчак экспорттогон башка ири мамлекеттердеги түшүмдүүлүктүн аздыгынан улам Таласта төө буурчактын баасы бир топ көтөрүлдү:

- Быйыл аба ырайы ысык да, суук да болгон жок. Төө буурчакка өтө жагымдуу аба ырайы болду. Төө буурчак айдалган аянт да көбөйдү. Жылына болжол менен 70-80 миң тонна жыйналат. Ушул тушта түшүмдүн теңи сыртка экспорттолуп кетти. Төө буурчакты көп айдаган мамлекеттерде, мисалы Кытайда, Аргентинада түшүмдүүлүк аз болуп, табигый кырсыктардан айдоо аянттарын суу алганы, экспортко тыюу салганынан улам Таластагы төө буурчактын баасы көтөрүлдү. Андан сырткары алуучу фирмалардын жыл сайын көбөйүшү, атаандаштыктын жогорулашы дагы баага таасир берет.

"Рейба" заводун курган ишкерлердин бири - Меметакиф Тургут Түркиянын Мерсин шаарынан болот экен. Таластан төө буурчак ташыганына беш жыл болуптур. Кыргызстанда өндүрүлгөн буурчак Түркиядан сырткары Балтика, айрым Европа өлкөлөрүнө сатылат. Түрк ишкери жергиликтүү эл төө буурчак өстүргөнү менен тамакка дээрлик колдонбогонуна таң калууда:

- Түркияда буурчактын ар кыл түрүнөн жумасына бир канча жолу тамак жасалат. Ошончолук талап бар. Окумуштуулар, профессорлор буурчак адамдын ден соолугуна өтө пайдалуу экенин аныкташкан. Эттин кубаттуулугу канча болсо, төө буурчактыкы да ошончо. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө буурчак тамакка көп пайдаланылат. Борборазиялыктар да тамакка көбүрөөк колдонушса пайдалуу гана болмок.

Төө буурчакты буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да кеп кылып, баасынын көтөрүлүшүн азыркы бийликтин ийгилиги катары сыпаттаган:

- Мен Түркияга чейин барып, төө буурчакты алгыла деп өкмөт башчысы Эрдоган менен сүйлөшкөм. Анан жакшылап карасак, кеп өзүбүздө экен. Төө буурчакты сатууда ортомчулар толтура экен. Анын баарын бийликтегилер уюштуруп коюп, мына Акаевден баштап, Бакиевге чейин төө буурчактын сатылышынан керек болсо тең акчасын кармап калчу. Мына 30 сомго жетпеген төө буурчак азыр 80 сомдон ашты. Анткени коррупция жоюлду, ортодогу кызыл кулактар кетти. Чоңдор, кландар киришпей калды. Эгер кландар киришип, Атамбаевдин үй-бүлөсү да "отуруп алса" дагы деле 30-40 сом болмок. Башка кырк сому бирөөнүн чөнтөгүнө кетмек.

Таласта ошентип быйыл төө буурчак айдагандар маарып, оокаты тыңып, той-аш да көп болду. Мындан улам эмдиги жылы да төө буурчактын аянты көбөйүшү толук ыктымал. Бирок адистер жерди эс алдырбай айдаганда түшүмдүүлүк бара-бара азаярын, жер кыртышына доо кетерин белгилешет. Андыктан аз жерден көбүрөөк түшүм алуу ыкмаларына өтүүнү да эске алуу керек.

Мындан ары ток уурдаганга көмөктөшкөн энергетиктер да жазага тартылышы мүмкүн.
Мындан ары ток уурдаганга көмөктөшкөн энергетиктер да жазага тартылышы мүмкүн.

Кыргыз өкмөтү электр энергиясын уурдагандарга жазаны катаалдатканы жатат жана келерки жылдан тарта тарифтик саясатты өзгөртүү иштерин баштайт.

Бишкекте 18-декабрда энергетика тармагын реформалоо жана андагы ачык-айкындык, көзөмөлдөө маселелери боюнча талкуу болду.

Тариф саясаты кайрадан талкууда

Кыргызстан бир топ жылдардан бери эле энергетика тармагын коррупциядан арылтып, кризистен чыгаруу жолдорун издеп келет. Быйыл энергетика тармагына келген инвестициянын көбү эсептөөнү жакшыртууга жумшалды.

Энергетика министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов аталган тармактагы негизги проблема катары уурдоо, электр энергиясын берүүнүн үзгүлтүккө учурап жатышы, камсыз кылуунун сапатынын начардыгы жана кардарга багытталбаган саясат деп атады. Уурдоону азайтуу үчүн акылдуу эсептегичтер орнотулганын, жаза катаалдай турганын белгилеп өттү:

Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи
- Эсеп так болсо, уурулук азаят. Биз азыр уурдаган кишини кармаган күндө да биздин бөлүштүрүүчү компаниялар аны сот жообуна тарта албай жатат. Ошон үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип жатабыз. Ошол уурдаган керектөөчү да, ошого жардам берген энергетикалык компаниянын өкүлү болсо алар да кылмыш жообуна тартылат.

Өкмөт келерки жылдан тарта тарифтик саясатты өзгөртүү иштерин баштайт. Алгач атайын документ даярдалат, жумушчу топ түзүлөт, анан ал жер-жерлерде талкууланат. Анан өкмөт мыйзам түрүндө парламентке жөнөтүлөт. Электр энергияга баа канчага көтөрүлөт деген маселеге чекитти Жогорку Кеңеш коёт.

Батыркул Баетов тарифти жогорулатмайынча электр энергиясындагы каатчылыктан чыгуу кыйын экенин айтууда:

- Ар бир киловатт сааттан 54 тыйындан утулуп, карызга батып, жалаң насыя менен жашай берсек, анда бул система 90-жылдардагы Казакстандын системасындай караңгылыкка, 2000-жылдардагы Грузия менен Армениядагы эмерегин жаккан абалга келип калышыбыз ажеп эмес. Бүгүнкү күндө жалпы эскирүү элүү пайызга жетти. Бул өтө чоң көрсөткүч. 15 пайыз болсо кризистин алдындагы абал, 25 пайызга жеткенде кризис болот. Бизде болсо кризис эки эсе болуп жатат.

Энергетика тармагын реформалоо боюнча бир катар документтер жазылган, Улуттук стратегияда көрсөтүлгөн. Эгемендиктин алгачкы жылдарынан тартып эле ири суммадагы инвестиция келген.

Жоголбогон жоготуулар

Энергетика министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин теңтөрайымы Нурзат Абдырасулова реформа иштеринде эң ириде ачык-айкындуулук керек деп эсептейт:

- Ошол реформадагы жаңы кадамдар чындыгында эле бардык тараптан каралдыбы, жакшы такталдыбы, ошол кадамдар жакшы натыйжа алып келеби деген маселени коюп жатабыз. Андан сырткары коррупцияга жол берүү мыйзамдарда жана мыйзамдардын алдындагы документтерде болуп жатат. Андагы коррупцияга жол ачкан жагдайлардын баарын алып салмайынча, коррупция жоюлбайт. Андан сырткары чоң мамлекеттик сатып алуулар, корпоративдик башкаруу, тарифтер жана чет жактан келген насыялар боюнча да маселе бар.

“Түндүкэлектр” ишканасынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргымбаев энергетика тармагындагы чечимдер, жасалган иштер дагы деле ачык эмес деп эсептейт жана анын баамында, коррупцияны ооздуктоо аракети жетишсиз болууда. Ушундан улам элде ишеним аз:

- Негизи баасы бир сомбу, эки сомбу, же элүү тыйынбы деп так билбей туруп, элге ушул тарифти төлөгүлө деп көндүрө албайбыз. Азыр элдин көбүнүн эле колунда бар. Кептин баары элдин ишенбей жатканында. Көбүрөөк төлөсөк, аны энергетиканын ичиндегилер уурдайт, дагы көөп кетишет деген ой менен эл тарифти көтөрүүгө каршы болуп жатат. Биз буга чейин айтып келгендей, структураны өзгөртүү керек. Ага деле акча кетпейт. Мисалы, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларды бириктирүү керек.

Электр энергиясындагы жоготуу - негизги проблемалардын бири. Өткөн жылы электр энергиясындагы жалпы жоготуу 20 пайыздан ашкан. Быйыл болсо 16,5 пайыз болду. Кыргыз өкмөтү реформалардын негизинде 2017-жылга чейин жоготуулардын көлөмүн 12 пайызга түшүрүүнү пландап жатат. Азырынча мындай дымакка ишенгендер аз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG