Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Экономика

Sorry! No content for 21 Март. See content from before

шаршемби 19 Март 2014

Кенди иштетүүгө каршы чыккан тургундар компанияга тиешелүү трактордун айнектерин талкалап салган. Кадамжай району, Баткен облусу, 9-октябрь, 2013.
Кенди иштетүүгө каршы чыккан тургундар компанияга тиешелүү трактордун айнектерин талкалап салган. Кадамжай району, Баткен облусу, 9-октябрь, 2013.

Кадамжайдагы Шамбесай кенин иштетүүгө лицензия алган австралиялык “Z-Эксплорер” компаниясы жергиликтүү калктын каршылыгынан улам ишин убактылуу токтотту.

19-мартта Кадамжайдын Майдан айылынын жашоочулары Шамбесай кенин ишетүүгө каршы акцияга чыгышты. Мунун алдында “Z-Эксплорер” Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигине кайрылып, кендеги ишин токтото туруу өтүнүчүн келтирген болчу.

Шамбесай кенин иштетүүгө лицензия алган австралиялык “Z-Эксплорер” компаниясынын иши токтогондугу тууралуу Баткендин Кадамжай районун акими Акрамжан Мадумаров билдирди:

- Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинен “Z-Эксплорер” Шамбесай алтын кениндеги иштерин токтотот деген кат келди.

Жергиликтүү калк жана Майдан айылдык кеңешинин депутаттары кен иштетилсе анда боло турган жардыруулар, уу калдыктары сакталган жайлар Исфайрам дарыясына, ошол аймактын экологиясына коркунуч алып келет деп чочулоодо. Алар Шамбесай алтын кени Исфайрам дарыясына жана Майдан айылына өтө жакын жерге жайгашканын, бул дарыядан 150 миң адам суу ичээрин айтууда.

Исфайрам суусу.
Исфайрам суусу.
Былтыр аталган айылдын тургундары “Z-Эксплорер” компаниясынын өкүлдөрүн кенге жолотпой, күч менен сүрүп чыгаргандан кийин кырдаал курчуп кеткен. Компаниянын тракторунун айнектери талкаланып, кеңседеги кагаздар өрттөлгөн. Кадамжай райондук милициясы бул окуя боюнча кылмыш ишин да козгоп, бирок элдин сүрүнөн сурак иштери токтотулган болчу.

Район акими Мадумаров бардык иште элдин талабы эске алынуусу зарыл деп эсептейт:

- Жергиликтүү элдин пикирин да толук угушубуз керек. Биринчи кезекте экология маселесине көңүл бурушубуз керек. Шамбесай өзгөчө долбоор. Анын айылга жана дарыяга жакын болгондугу дегендей абалдар бар. Бирок мамлекет тоо-кен тармагын сөзсүз өнүктүрүш керек.

Шамбесай кенинин иштешине каршы акциялар Кадамжайда өткөн жылдан бери уланып келатат. Жергиликтүү калк менен тил табыша албаганына байланыштуу лицензияны токтото туруу өтүнүчү менен “Z-Эксплорер” компаниясы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикке кайрылган.

- “Z-Эксплорер” компаниясы Шамбесай алтын кенине байланыштуу жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатат. Учурда компания долбоорлоо иштерин гана жүргүзүүдө. Шамбесай кенинде эч кандай курулуш же айлана-чөйрөнү изилдөө, чалгындоо иштери аткарылбай турат. Компаниядан жогорудагыдай каршылык маселелери чечилгенге чейин кендеги иштерин баштабай турууну суранган, - дейт аталган компания кызматкери Жылдыз Акматова.

Кадамжайдын Майдан айылы.
Кадамжайдын Майдан айылы.
Шамбесай алтын кенинде 10 тоннага жакын алтын бар. “Z-Эксплорер” компаниясы кенди ачык жол менен казып алууну пландаштырган болчу. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик анын кайра качан иштери белгисиз экенин билдирүүдө.

Ошентип Кыргызстанда жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам дагы бир кен иштетүүчү компания ишин токтотту. Мындай тажрыйба Кыргызстандын башка аймактарында да кездешет. Бир четинен каршылык көрсөтүү акциялары экология, коопсуздук маселесине байланыштуу болсо, эчинчиден саясатка айлантып, соодалашуу аракети катары да мүнөздөлүп жүрөт.

Мисалы, Кеминдеги Талды-Булак-Сол жээк кенин кытайлык “Алтынкен” компаниясы иштетишине жергиликтүү тургундар макул эмес. Мындан сырткары Таласта жайгашкан Жерүй, Талды-Булак, Андаш кендерин иштетүүгө да жергиликтүү эл каршы болуп келет. Мындан улам адистер өкмөттүн тоо-кен тармагында бирдиктүү саясаты жоктугун сынга алууда.

Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев мындай дейт:

- 20 жылдан бери тоо өнөр жай тармагы боюнча биридктүү саясат жок. Адистер жок, адистерди тартпайт, алардын сөзүн укпайт. Бул тармакта чоң реформа болмоюн мындай көрүнүш улана берет.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапабевдин белгилешинче, тоо-кен тармагын иштетүү боюнча мыйзам кабыл алынгандан бери элдин нааразылыгы азайган. Ал өкмөт бул багытта эл менен чогуу иштеши керек деп эсептейт:

- Ал жерде уулуу заттар иштетилет, элдин ден соолугуна зыян тийет, жайыттар куурап, мал бага албай калабыз деп чочугандыктан ушундай каршылыкка чыгып атышат. Өкмөт түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөй жатат.

Кыргызстанда тоо-кен тармагы экономика үчүн өтө маанилүү тармак болуп саналат. Бирок акыркы мезгилде бул тармактагы коррупциялык аракеттер, лицензиянын жең ичинен берилиши сыяктуу көрүнүштөр элдин ишеничин кетирген. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикти буга чейин жетектеген төрт адамга кылмыш иши козголгон.
Нарын шаарынын борбордук аянтындагы эстелик, 18-март, 2014.
Нарын шаарынын борбордук аянтындагы эстелик, 18-март, 2014.

Нарын облусунун өнүктүрүүгө Орусия өкмөтүнөн 3,5 миллион доллар бөлүндү. «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» деп аталган бул долбоорду Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы облустук бийлик менен бирге ишке ашырмакчы.

3,5 миллион доллар кайда, кандай шарт менен кимдерге берилет? Дегеле бул кайтарымсыз каражат максаттуу жумшалабы?

Каражат үч районго гана жумшалат

Бөлүнгөн каражат облустун Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы райондорунда жашаган 30 миңдей жакыр калктын агро ишкерлигин өнүктүрүүгө, кесиптик окутууну жакшыртууга жана жергиликтүү демилгелерди чакан гранттык фонддор аркылуу колдоого, өнүктүрүүгө жумшалат. Учурда БУУнун Өнүктүрүүсү программасынын адистери «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» долбоорун бышыктап иштеп жатышат.

Эмне үчүн 3 район жана 3 тармак гана тандалганын БУУнун Өнүктүрүүсү программасынын Нарын облусундагы жетекчиси Бакыт Шерипбаев айтып берди:

- Долбоор марттан башталып жатат. Бул эки жылдык долбоор, негизги өнөктөш - өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү. Бардык райондорго жакырчылык боюнча изилдөө жүргүзүп, анан үч район тандалып алынды. Анан жогорудагы үч тармакка жумшалат. Биздин максат жок дегенде биз иштеген айылдардын жакырчылыгын он пайызга түшүрүү.

Долбоордун каражаты тандалган тармактарга кандай бөлүнөөрү жана кандай шарттагы айылдар кирээри азыр иштелип жатат. Ат-Башы районунун акими Жакып Субакожоев өз аймагына бөлүнгөн каражат натыйжалуу болуш үчүн чакан өндүрүүчү ишканалар курулса деген ойдо:

- Өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан буга чейин көп эле жолу жакыр үй-бүлөлөргө акча бөлүнүп жүрөт. Бирок алар жакырчылыктан чыга элек. Жакырларга акчалай түрдө бербей, ишканаларды түзүп берсе элге пайда болмок.

Негизи каражаттар пилоттук болуп тандалган райондордогу бир нече айылдарга бөлүнөт. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Марат Үрүстөмов долбоорду ишке ашырууда бардыгы ачык-айкын болуп, шарттары так жазылбаса эл арасында нааразылык чыгат деген ойдо:

- Эми бул жерде айрым шарттары так эмес экен. Ушул кедей деген сөздүн критерийлерин азырынча айта албай жатышат. Алар мисалы бир айыл өкмөттө жети айыл болсо экөөнү эле алабыз деп айтып жатат. Андай эмес, бир айыл өкмөттүн бардыгын камтыш керек. Болбосо нааразычылыктар чыгат.

Кайтарымсыз акчанын кайрымы кандай болот?

«Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» деп аталган бул долбоорго бардык райондор кирбей калганына нааразы болгондор да бар. Нарын районунун Дөбөлү айылдык кеңешинин депутаты Абдыбек Сопуев бул боюнча жергиликтүү депутаттар өкмөткө кайрылуу жөнөткөнү турганын айтат:

- Райондук кеңештин сессиясында карап, анан жогорку жактарга кайрылабыз. Кочкор мейли десек деле, биздин Нарын району башка райондор менен шарты бирдей эле. Анан биз неге кирбей калдык, бизге деле жардам керек.

Жергиликтүү активист Эркин Асаналиев болсо аталган долбоор ийгиликтүү иштээрине күмөнү бар:

- Кооптонуу бар, мындай каражаттар биринчи жолу келип отурган жок. Австралиянын кочкорлорун алып келип, өнүктүрөбүз деген... азыр ал акчадан дайын жок. Эми азыр акча ПРООН аркылуу келгенине каршымын, жергиликтүү бийлик өзү алып эле ишке ашырса болмок да атайын комиcсия түзүп, эл аралык уюмдарды ортомчу кылбай. Албетте бул каражатты алган уюмдун бардык чыгымдары дагы ушул акчанын эсебинен кетет. Мисалы эксперттерге, машине, окуулар дегендей. Санай берсек көп...

Ал эми өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов мындай пикирлерге кошулбайт. Ал бул долбоорду аягына чейин өзү тыкыр көзөмөлгө алаарын билдирди.

- Кудай буйурса, бул боюнча иштеп жатабыз. Мен өзүм бир тыйынына чейин керт башым менен жооп берем. Келген акчага облуска керектүү нерсени гана жасап калуубуз керек.

Кыскасы кайтарымсыз бөлүнгөн каражаттын тегерегинде ар кандай сөздөр жүрүүдө. Серепчилер акча каражатынын натыйжалуу керектелиши үчүн өкмөт тараптан катуу көзөмөл жүрүү зарыл экендигин белгилешет.

Орус өкмөтү Кыргызстандын Нарын облусун өнүктүрүү үчүн өткөн күздө 3, 5 миллион доллар бөлгөнү кабарланган. Бул тууралуу быйыл 21-февралда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» программасынын бет ачарында да билдирген. Бул долбоор БУУнун туруктуу өнүгүү боюнча "Рио+20" конференциясындагы макулдашууларды ишке ашыруу максатын көздөөрү жана Орусиянын стратегиялык өнөктөш катары Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүнүн бир багыты катары айтылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG