Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Экономика

Баткендеги "Халмион" базары. 17-июль, 2013-жыл.
Баткендеги "Халмион" базары. 17-июль, 2013-жыл.

Акыркы эки жылда Бишкектеги “Дордой”, Оштогу “Кара-Суу”, Баткендеги “Халмион” базарларындагы сатуучулар сырттан товар алып келип, аны кайра жакынкы коңшуларга сатуу күн өткөн сайын сээлдеп баратканын айтып, нааразы болушууда.

Кыргызстанга сырттан кирип, кайрадан жакынкы чет мамлекеттерге сатылган товарлардын көлөмү кескин азайды. Бул эң ириде негизги сатып алуучулары Казакстан менен Орусия болгон Бишкектеги “Дордой” базарында байкалууда. Байкоочулар муну Казакстан менен Орусиянын Бажы биримдигине мүчө болуусу менен байланыштырышууда. Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар бирикмесинин жетекчиси Сергей Пономаревдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча “Дордой” базарына мурунку жылдары күн сайын Кытайдан 150-200 чамалуу жүк ташуучу автоунаалар товар апкелсе, акыркы үч жылдан бери бул көрсөткүч дээрлик 3-4 эсеге азайган:

- Кыргызстан менен Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы Бажы-админстративдик тоскоолдуктар биздин сооданын күн санап азайуусуна алып келүүдө. Мисалы мурдагы жылдары бир эле "Дордойго" күн сайын Кытайдан товар ташыган 150-200 автоунаа кирип турган болсо, 2012-жылдан тартып, күнүнө товар алып келген автоунаалардын саны 40-50 чамалуу гана. Мунун себебинен Бажы төлөмдөрү да азайды, мисалы “Дордой” жылына 4 млрд. сом төлөп турчу, азыр бул бир нечеге аз.
"Дордой" базары.
"Дордой" базары.
Расмий маалыматтар боюнча “Дордой” базарындагы товарлардын 46% Казакстан, 42% Орусия алып кетип турчу, калганы гана жергиликтүү сатып алуучулардын үлүшүнө тийчү. Акыркы жылдары андай соода жоктугун базардагы соодагерлер өздөрү да айтып нааразы болушууда. "Дордойдогу" “Кербен” дүң базарында соодагерлер Казакстандан мурдагыдай дүңүнөн соода кылып кетүүчүлөр келбей жатканын айтып нааразы:

- Менин аты-жөнүм Жамийла Акматова, ушул “Кербен” базарында бир нече жылдан бери соода кылам. Мурда бизге Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан дүң соодагерлер келип, соодабызды жакшы жүргүзүп турчу. Акыркы жылдары такыр эле оптовиктер жок, жергиликтүү бирин-серин сатып алуучуларга гана соода кылып отурабыз. Мурда 100% соода кылсак, азыр 60% да жок.

Ушундай эле пикирди Нурбек аттуу соодагер да айтты:

- Үч жылдан бери бут кийим сатам, быйыл соода мурункудай эмес. Оптовиктер жок. Казакстандан мурда шейшембиден тартып жумага чейин автобустар менен дүң соодагерлер келчү, азыр ошолор жок. Алар бизге келип алганына караганда Кытайдан түз алганы утуштуу болуп калды окшойт..

Казакстан Кыргызстан менен чек арасын 2010-жылкы Апрель окуясында жапкан. Ошол боюнча чек ара мурункудай ачылган жок. Бүгүнкү күнгө чейин эки тарапка эл менен кошо товар агылган “Ак-Жол” бекетинен Казакстанга товар алып өтүү оор боюнча калууда. Казакстандын чек арачылары товарды мурдагыдай чаар баштыктар менен өткөрбөй, соодагерлер майда баштыктарга бөлүп салып же үстү-үстүнө кийип алып өтүүгө аргасыз. Ошол эле учурда казак чек арачылары менен жең ичинен сүйлөшүп, аларга акча төлөп алып өткөн атайын жүк ташуучу жигиттердин кызматы пайда болгон.
Чек арада чайналган соодагерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00


Чек аранын жабылышы түштүктөгү реэкспортко терс таасирин тийгизди

Кытай, Түркия, Араб эмираттары ж.б. мамлекеттерден алып келинген товарларды “Дордой” базары Казакстан, Орусияга кайра сатса, түштүктө "Кара-Суу" базары менен Баткендеги "Халмион" базары ушул эле товарларды Өзбекстан менен Тажикстанга, андан ары Ооганстанга экспорттогону менен белгилүү. Өткөн жылкы Сох чатагынан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен чек араларын жапкан болсо, быйыл январда кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышуудан кийин Кыргызстан Тажикстанга кирүүчү бардык чек ара бекеттерин жапкан. Мындан эң ириде соода аксап, "Кара-Суу" жана Баткендеги базарлардын иши сээлдеди. Көптөгөн ишкерлердин иши убактылуу токтоду.

Микрофонго сүйлөп берүүнү каалабаган карасуулук ишкердин айтуусунда, дээрлик январь айынан тартып, апрелге чейин Тажикстанга бир да автоунаа киргизилген жок. Айла кеткенде товарларды "Кара-Суу" базарында майдалап сатууга туура келген. Бул өз учурунда ишкердин Тажикстандагы гана эмес, Кытайдагы өнөктөштөрүнүн да көңүлүн калтырды. Анткени быйылкы жыл үчүн былтыр эле берилген буйрутмалар Кытайдан алынбай, алынгандары Тажикстандагы керектөөчүлөргө убагында жетпей калды. Маектештин айтуусунда, кыргыз-кытай чек арасынан кирген товарлардын ичинде кайра эле Тажикстанга, андан ары тажик ишкерлери тарабынан Ооганстанга чейин сатылуучулары бар.

"Халмион" менен "Ноогарданда" соода жок

Карасуу базарынан тышкары түштүктө Баткен облусунун Кыргызстан-Өзбекстан-Тажикстандын чектешкен жеринде бири-бирине жакын жайгашкан үч дүң базар бар. Бул базарлар аркылуу Кытай, Түркия жана башка мамлекеттерден келген товарлар Тажикстан менен Өзбекстанга сатылат. Базардагы сооданын кескин кыскаруусун соодагерлер кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасынын жабылышы менен байланыштырышат. Акыркы 15 жылда кошуна өлкөлөргө азык-түлүктөрдү реэкспорттогон онго чукул базарлар учурда соодасы солгундап кээ бири таптакыр иштебей турат. "Халмион" дүң базары Ош-Баткен автотрассасынын кошуна Өзбекстан менен чек ара бойлой кеткен бөлүгүндө орун алган. Кызыгы бул какыраган талаада орун алган чоң базардан 5 чакырым алыс эмес дагы бир "Ноогардан" дүң базары бар. Дагы 15 чакырымдай ары жакта "Торговый" деп аталган базар жайгашкан. Бул 3 транс чек аралык базарлардын эң башкы максаты - кошуна Өзбекстан, Тажикстан кардарларына кытай товарларын жеткирүү. Мындайча айтканда, Фергана өрөөнүндөгү "Кара-Суу" базарынан кийинки эле реэкспорт чордону.
"Халмион" базары.
"Халмион" базары.
Бул базарлардын негизги кардарлары кошуна өлкөлөрдүн алып сатарлары. Мында жалпысынан азык-түлүктөр, курулуш материалдары, кийим-кече, кездемелерден тартып, заманбап тиричилик техникаларына, анын ичинде уюлдук телефондорго чейин бар.

Тез арада курулуп, аймакта аты чыккан бул базарларда акыркы 2-3 айда соода кескин солгундаган. Мунун эки негизги себеби бар. Биринчиси - тажик-кыргыз, өзбек - кыргыз чек ара бекеттеринин жабылышы, экинчиси - акыркы айлардагы чет элдик валюталардын туруксуздугу.

"Халмион" базарында соодасы кызыбай турган Алима аттуу сатуучу түшкө чейин эч кандай соода кылбаганын жашырган жок, анткени алуучу жок. "Халмион" базарында соода анча-мынча жүрүп турса, анын жанында орун алган "Ноогардан" дүң базарында таптакыр эле токтоп калгандай. Базар жетекчиси Хабибахан Шакирова базардын өзөгүн түзгөн кездемелер катарында сатуучулар менен жыйын куруп жаткан экен.

- Кыргыз-өзбек чек ара өткөрүү бекеттеринин өткөн жылдын жай, күз айларында жабылганы кыйла сооданы басаңдаткан болчу, жаңы жылдан кийинки кыргыз-тажик чек араларынын жабылышы толугу менен сооданы токтотту, - деди акыркы кезде түзүлгөн кырдаал тууралуу.
Реэкспорттун көлөмү кыскарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00
Түз линк


Хабиба айым чек арадагы базарлардын маңызын түзгөн кытайдан келген ре-экспорт товарларынын баасын акыркы айлардагы валюталардын туруксуз курсу да өлгөндүн үстүнө көмгөн кылууда дейт:

- Доллардын кымбатташы бизге абдан оор тийди. Себеби, доллар кымбаттаганга чейин метри 50 сомдук кездемелердин азыркы баасы 70-80 сомго чыгып кетти.

Баткенде акыркы 15 жылда чек арадагы соода кыйла өскөн. Транс чек аралык
базарлардын саны 10го жакындайт. Бул жагдайды эске алып, Эл аралык уюмдар да чек ара соодасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылап келет.

Бажы биримдиги реэкспортту жок кылат

Жаш ишкерлер ассоциациясынын Оштогу бөлүмүнүн мүчөсү Шамшыбек Эргешов Кыргызстан Бажы биримдигине кирген соң, реэкспорттун көлөмү дагы азаят:

- Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин реэкспорт дагы кыскарып, а түгүл биротоло токтошу мүмкүн. Анткени Бажы биримдигинин өзүнчө эрежелери, тартиптери бар. Ошондуктан, азыр Казакстан биз менен чек арасын чылк жаап атпайбы. Эгер биз биримдикке кирсек, ага мүчө эмес мамлекеттерден келүүчү товарлардын бажы төлөмдөрү кымбат болот, бул товардын баасына таасирин тийгизет. Азыркы биздеги реэкспорт коңшу мамлекеттерге көчүшү мүмкүн.
Темир Сариев.
Темир Сариев.
Реэкспорттун азайып кетүүсүнө кыргыз-тажик чатагы менен Бажы биримдиги себеп болуп атканын кыргыз өкмөтү да мойнуна алууда. Экономика министри Темир Сариевдин айтуусунда, реэкспорттун азайуусу ишкерлердин Бажы биримдигине кирүү кызыкчылыгын жандандырууда:

- Акыркы үч айдан бери реэкспорттун көлөмү өтө азайып кетти. Буга түштүктөгү кыргыз-тажик жаңжалы, түндүктө Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин чек ара тартибин күчөтүп атканы себеп болууда. Бажы биримдигинин курамында турган Казакстандын чек ара бекеттери абдан катуу көзөмөлдө. Ошонун кесепетинен соодагерлери товар чыгара албай жатышат. Бүгүнкү күндө соодагерлер бажы биримдигине кирүүнү өздөрү көтөрө башташты.

Мамлекеттик Бажы кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылы Кыргызстандын жакынкы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусия менен товар алмашуусу, тагыраак айтканда, экспорту бир топ азайган. Алсак, 2012-жылы КМШ өлкөлөрүнө 869 млн. 213 миң доллардан ашуун болсо, өткөн жылы бул көрсөткүч 769 млн. 696 миң долларга түшкөн. Расмий эмес маалыматтар боюнча өткөн жылы Кытайдан Кыргызстанга 8 млрд. долларлык товар кирген, ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматында, бул көрсөткүч 2 млрд. долларга жетпейт.
"Дордой" базары.
"Дордой" базары.

“Алкан” базарынын айрым сатуучулары күркөлөрдүн ижара акысы 100 долларга кымбаттарын угуп, нааразылык акциясына чыгышты.

Аталган базардагы эки өтмөк толугу менен Вера Лебедева аттуу ишкердин жеке менчиги болуп саналат. Ал ижара акысын ушул айдан баштап 400 доллардан 500 долларга көтөрмөй болгон. Нааразы соодагерлердин бири Зухра ансыз да соода болбой жатканда ижара акынын кымбатташы кош сокку болорун айтты:

- Башында биз болгону 100 доллар гана ижара акы төлөчүбүз. Улам 50 доллардан кымбаттатып отуруп 400 долларга чыккан. Эми дагы 100 долларга көтөрөбүз деп жатышат. Сатуучулар соода болбой ижара акысын араң чыгарууда. Баарыбыздын моюнубузда насыя бар, аны да төлөш керек да. Биздин кожейке болсо соодагерлерди уккусу жок. Ижара акыны негизсиз эле кымбаттатып жатат. Буга баарыбыз каршыбыз.

"Алкан" базарынын жетекчилиги базар жаңы ачылганда соодагерлерди Алматыдан бери чакырып, ижара акысы арзан деп жарнама кылган экен. Бир жыл мурда Алматыдан келип соодасын баштаган Токтомуш Нааматов ижара кымбаттаса ал товарга да таасирин тийгизерин, андан кайра эле карапайым эл жабыр тартарын айтты:

- Мындан 3 жыл мурун бизди ижара акы болгону 2 миң сом деп Алматыдан чакырышкан. Тим эле жалдырап атып алып келишкен. Эми кардарлар көбөйө баштаганда ижара акыны асмандын башына чыгарышты. Төлөй албасаңар чыгып кеткиле, башкаларга беребиз деп бет тырмалык кылып жатышат.
"Дордой" базары.
"Дордой" базары.

Ал эми эки өтмөктөгү контейнерлердин баарын сатып алган ишкер Вера Лебедева ижара баасы базарга кеткен чыгымдардын, салыктын өлчөмү өскөндүктөн көтөрүлгөнүн айтууда. Ал азыркы соодагерлер иштебесе башкасын эртең эле таап алам деген ишенимде.

- Мен бул контейнерлерди сатып алгам. Булар менин жеке менчигим жана бизнесим. Алар менден ижарага алып иштетишет. Бүгүн алар, эртең башка адамдар иштеши мүмкүн. Же мен, же менин жээндерим өздөрү иштетиши мүмкүн да. Буга менин толук укугум бар. Кааласам ижара акыны көтөрөм. Булар аны түшүнбөй жатышпайбы.

Бирок көп өтпөй эле "Алкан" базарынын башчысынын орунбасары Таалайбек Борчубаев ижара акысы бир жылга чейин 400 доллар боюнча каларын, бул үчүн контейнерлердин ээси Лебедева тил кат жазып бергенин кабарлады.

- Контейнердин кожоюну менен сүйлөшүп, маселени чечтик. Ижара акысы ордунда эле калат. Лебедевага кырдаал курч болуп турат, ижара акыны көтөрбөйлү деп макулдаштык. Ансыз да четтен кардарлар келбей соодагерлер кыйналып жатышат. Болгону ортодо түшүнбөстүктөр орун алган.

Сөз болуп жаткан базар өлкөдөгү ири ишкерлердин бири Райкан Алкановдун жеке ээлиги экени белгилүү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG