Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Экономика

"Билайн" компаниясынын сим-карталары. Түркмөнстан. 8-март, 2013-жыл.
"Билайн" компаниясынын сим-карталары. Түркмөнстан. 8-март, 2013-жыл.

“Билайн” операторунун кызматын пайдалангандар 1-апрелден баштап бирдик жүктөө үчүн кошумча акча төлөй баштады. Компания болсо бааны көтөрбөгөнүн, бул ортомчу агенттиктердин иши экенин айтууда.

Бишкек шаарындагы күркө, дүкөндөрдүн дубалдарында 1-апрелден тарта “Билайнга” бирдик жүктөөнүн баасы 9 сом” деген кулактандыруу илинди. Бул оператордун кызматын пайдаланган жарандар үчүн күтүүсүз кабар болду. Бишкектик жеке ишкер Жылдыз Байсаеванын айтымында, анын дүкөнүнө мындай жарыяны “Билайн” компаниясынын кызматкери илип кеткен:

- Мурда бирдик жүктөгөнүбүз үчүн ар бир кардардан 5 сомдон алчубуз. Эми бирдик жүктөгөн ар бир кардардан дагы 4 сомдон кармап калышууда. Мындай үстөк акча кошуунун себебин айтышкан жок.

“Билайн” компаниясынын бирдик жүктөө кызматына болгон баалар бир кылка эмес. Мисалы, Ош шаарында 2 сом 80 тыйынга кымбаттаган. Оштук жеке ишкер Ашим Кочкоров бирдик жүктөгөн акысына мурда 3 сомдон алып келсе, азыр 5 сомдон алууга аргасыз болгонун “Азаттыкка” айтты:

- Бирдик жүктөөгө бааны биз көтөргөн жокпуз. “Билайн” компаниясынын кызматкерлери келип, тариф кымбаттады, кызмат акы үчүн 3 сомдон 5 сомго көтөргүлө деди. Азыр ошол 5 сомдун 2 сом 80 тыйынын компания алып жатат. Бизге болгону 2 сом 20 тыйын калат. Мурда бирдигин толтурган ар бир кардардан 3 сом түшчү.
"Билайн" бирдигинин баасын ортомчу фирмалар көтөргөнү айтылууда.
"Билайн" бирдигинин баасын ортомчу фирмалар көтөргөнү айтылууда.
Бирок “Билайн” компаниясынын маалымат кызматынын башчысы Татьяна Байло бул кабарды төгүндөп, бирдиктин кымбатташына “Билайндын” тиешеси жок деп ишендирди:

- Бирдик жүктөөнүн баасын ортомчу агенттиктер аныкташат. Ошондуктан алардын аракеттерине биз эч кандай комментарий бере албайбыз. Кимдир бирөөлөр сатылган бирдик үчүн ортомчу фирмаларга акы төлөөдөн “Билайн” оператору баш тартып жатканы себеп деген сөздөрдү чыгарышыптыр. Бирок “Билайн” компаниясы ортомчу фирмаларга сатып берген бирдик үчүн акы төлөөнү токтоткон жок. Сиздер “Билайн” компаниясынын бирдиктерин таратуучу ортомчу фирмалардан эмне үчүн бир эле учурда элден да, “Билайн” компаниясынан да акы алып жаткандарынын себебин сураңыздар.

Бирдик маселеси парламентте каралабы?

“Билайн” оператору менен кызматташкан “Киви”, “Кыртелсат” жана “Мобильник” фирмаларына кайрылып, комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. “Билайн” оператору жалпысынан бирдиктерди таратуучу 20 ортомчу фирма менен кызматташат. “Мобильник" фирмасынын атын атоону каалабаган кызматкери кызмат акынын кымбатташын “Билайн” уюлдук оператору келишим шарттарын өзгөрткөндүгү менен түшүндүрүп, ал тууралуу маалымат ачыкка чыкпай тургандыгын билдирди.

Кыргызстандагы ири уюлдук байланыш операторунун айланасында түзүлгөн бул жагдайга эми өкмөт кирише турган болду. Өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы агенттигинин баа саясатын аныктоо бөлүмүнүн башчысы Назира Алыкулова маселе жума күнү, 11-апрелде караларын билдирди:

- Биздин оюбузча буга тиешелүү органдар кийлигишүүсү керек. Биздин Монополияга каршы комитет ортомчу агенттиктер менен иштешүүнү чечти. Жакынкы күндөрдө алар менен жолугуп, бирдик жүктөөнүн акысы эмне себептен кымбаттаганын аныктайбыз.
"Билайн"компаниясынын бирдиктери 1-апрелден тарта кымбаттады.
"Билайн"компаниясынын бирдиктери 1-апрелден тарта кымбаттады.
Алыкулова 11-апрелде уюлдук компания жана аны менен кызматташкан ортомчу фирмалардын өкүлдөрүнө жолукканда жагдайга карата сунуштарды даярдарын кошумчалады.

“Билайн” компаниясындагы кошумча акы маселесине Жогорку Кеңеш да көңүл буруп жатканын Транспорт жана байланыш комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков тастыктады:

- Биз бул маселени комитетте карайбыз. Кайсы мыйзамга таянып, кызматтарды кымбаттатканын териштиребиз.

Кыргызстанда “Билайн” уюлдук операторунун кардары эки жарым миллиондон ашса, “Мегаком” компаниясыныкы эки жарым миллионго жакын. Ал эми кийинчерээк пайда болгон “О” уюлдук түйүнү 1 миллионго жакын кардарга кызмат кылат. Мындан төрт жыл мурда "Мегаком" компаниясы ар бир коңгуроо үчүн кардарлардан 60 тыйындан акы ала баштаганы Бакиев бийлигине каршы элдик толкундоолордун чыгышынын бир себеби болгон.
Орусиянын ири "Газпром" компаниясынын Санкт-Петербург шаарындагы жарнамасы, 14.11.2013
Орусиянын ири "Газпром" компаниясынын Санкт-Петербург шаарындагы жарнамасы, 14.11.2013

10-апрелде Бишкекте “Кыргызгазды” Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатуу тууралуу жыйынтык келишимге кол коюлду. “Газпром-Кыргызстан” ишканасы түзүлөт.

Келишимде Кыргызстанды газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, баасын арзандатуу жана ири өлчөмдө инвестиция салуу өңдүү шарттар каралган. Өлкөдөгү айрым оппозициялык күчтөр “Кыргызгаздын” 1 долларга сатылышын сындап келишет.

Келишимге кол коюлар алдында “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллерди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Анда Атамбаев бул күн тарыхта калаарын айтып, айрым каршылаш күчтөрдү “Кыргызгазды” сатуу максатын бурмалады деп айыптады:

- Президент Атамбаев, бийлик “Кыргызгазды” 1 долларга сатып атат деп көп сөз болду. Келишимге ылайык, Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүү үчүн 600 миллион доллар инвестиция салат. “Кыргызгаздын” 40 миллион доллар карызын төлөп берет. Мен эң негизгисин белгилеп коеюн: биз эми кышында газы жок калбайбыз. "Биз эми Орусиядан газ боюнча көз каранды болуп калдык", деп билдирип келгендерге айтып коеюн, тескерисинче, биз газ менен камсыздоо боюнча көз карандылыктан чыктык. Эми бизде газ дайыма болот.


​Азырынча газдын баасы канча болору белгисиз. “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер журналисттер менен жолугушууда, азыркы баадан ылдый болот деп ынандырды:

- Албетте, биз газдын баасы арзан болот деп турабыз. Мен азыр сиздерге баа канча болорун так айта албайм. Биз бул багытта дагы иштерди жасайбыз. Алдыда ушундай максат бар. Жакынкы күндөрү газдын баасын арзандатарыбызга ишенем.


Алексей Миллер Кыргызтанда газ чалгындоо, газ менен камсыз кылууну көбөйтүү пландары тууралуу дагы айтып берди:

- Кыргызстанда азыр аз гана өлчөмдө, 30 миллион метр кубдан кичине көбүрөөк гана газ алынат. Өзүн өзү газ менен камсыз кылуу жакшы ниет. Биз жакынкы күндөрү чалгындоо иштерин баштайбыз. Анан калса техникалык документтерди даярдап койгонбуз. Азыр Кыргызстандын 25 пайызы гана газ менен камсыз болгон. Биз алдыбызга газдаштырууну көбөйтүү боюнча милдет койдук. Кыргызстанда мындан 6-7 жыл мурун эле азыркыга караганда газ колдонуу алда канча көп эле.

"Кыргызгаз" "Газпромго" өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Кыргызстан буга чейин газды Өзбекстан менен Казакстандан алчу. “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин билдиришинче, келишимге ылайык, “Газпром” үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу боюнча милдеттенме алды:

- “Эксклюзивдүү импорт” деген бар. Эми газды “Газпромдон” гана алабыз. Булар ушундай жоопкерчилик алышты. Мисалы, алар Арменияда “Армгазды” сатып алгандан кийин газды 168 доллардан сатып жатышат, Беларуста деле ушундай. Эми биздин бааны күтүп туралы. Эми алар эртең эле акча алып келип каражат сала койбойт. Оболу долбоор даярдайбыз. Жергиликтүү бийлик биринчи кайсы жерге газ тартарыбызды такташабыз. Биздин өзүбүздүн планыбыз боюнча Бишкектеги конуштарга биринчи газ алып баралы деп жатабыз. Анткени кышында энергетиктерге эле күч келип жатат. Түштүктө көп маселе бар. Ал жактагы шаарларды газ менен камсыз кылуу керек. Анан айылдарга өтөбүз. Айылдарга газ тартуу шаарга караганда техникалык жактан жеңилирээк.

Кыргыз коомчулугунда “Кыргызгаздын” сатылышы боюнча бир топ кызуу талаш-талкуу болгон. Парламентте оппозициялык фракциялар мындай келишимди колдогон эмес. “Ата-Журт” фракциясынын ошол кездеги депутаты, азыр камакта отурган Акматбек Келдибеков стратегиялык мааниге ээ ишкананы толугу менен башка өлкөнүн ээлигине берилишин сынга алган эле:

- “Кыргызгаз” сыяктуу стратегиялык, мамлекеттүүлүктү түзгөн ишканаларды кайсы мыйзамдын негизинде сатабыз деп жатканыңарды мен түшүнбөй турам. Азыр болсо жөн отуруп эле муну 100% сатабыз деп жатасыңар. Кайсы мыйзамдын негизинде? Менчиктештириле турган ишканалар боюнча программага кирдиби? Андай программага да кирген эмес. Бүгүн "Кыргызгазды" бербесек болбойт, түтүктөр иштен чыгат, эртең газсыз калабыз деп келатканына 10 жылдан ашты. Бул жомок. Мунун ордуна аны капиталдык ремонттон өткөрүү керек болчу.

“Кыргызгаздын” сатылышын оппозициялык күчтөр азыркыга чейин сындап келет. Нааразылык акцияларда бийликке доомат иретинде такай кайталанат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG